Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Исаны туурап, сүйүү менен окут

Исаны туурап, сүйүү менен окут

Исаны туурап, сүйүү менен окут

«Эч ким эч качан бул кишидей сүйлөгөн эмес» (ЖКН. 7:46).

1. Исанын окутуусу элге кандай таасир эткен?

ИСАНЫН окутуусун угуу кандай гана жүрөк козгоорлук болгонун ойлоп көрсөңөр! Ыйык Китептен анын башкаларга күчтүү таасир калтырганын окуй алабыз. Алсак, Инжилдин жазуучусу Лука Назарет шаарында жашаган элдин Исанын «жагымдуу сөздөрүнө таң калганын» айткан. Матай да Исанын Тоодогу насаатын уккан адамдардын анын «окутуусуна абдан таң калышканын» жазган. Ал эми Жакан Исаны кармап келүүгө жиберилген, бирок кармабай келишкен сакчылардын: «Эч ким эч качан бул кишидей сүйлөгөн эмес»,— деп айтышканын баяндаган (Лк. 4:22; Мт. 7:28; Жкн. 7:46).

2. Иса кандай окутуу ыкмаларын колдонгон?

2 Ал сакчылар жаңылган эмес. Исанын тарыхтагы эң улуу Окутуучу болгону талашсыз. Анын окутуулары түшүнүктүү, жөнөкөй жана абдан жүйөлүү болгон. Ал мисалдарды, суроолорду чебер колдоно билген. Андан тышкары, угуучулары жогорку абалды ээлегендерби же карапайым кишилерби, окууларын аларга ылайыкташтырган. Ал окуткан чындыктар түшүнүүгө оңой болгон, бирок ошол эле учурда терең маанини камтыган. Анткен менен Иса ушулардан улам эле улуу Окутуучу болуп калган эмес.

Эң негизги сапат — сүйүү

3. Окутуучу катары Иса анын убагындагы диний жетекчилерден эмнеси менен айырмаланган?

3 Китепчилер менен фарисейлердин арасында билимдүү, окутууга жөндөмдүү, акылдуу кишилердин болгону шексиз. Анда Исанын окутканы алардыкынан эмнеси менен айырмаланган? Ошол убактагы диний жетекчилер карапайым элге сүйүү менен мамиле кылышкан эмес. Тескерисинче, аларды жек көрүп, «каргышка калган» адамдар катары көрүшкөн (Жкн. 7:49). Ал эми Исанын элге боору ооруган, анткени «алар койчусу жок койлордой чачырап, жүдөп калышкан эле» (Мт. 9:36). Ал жумшак, сезимтал жана боорукер болгон. Диний жетекчилерде Кудайга болгон сүйүү да жок болчу (Жкн. 5:42). Иса болсо Атасын сүйгөн жана анын эркин аткаруудан кубаныч тапкан. Диний жетекчилер өздөрүнүн пайдасы үчүн Кудайдын сөздөрүн бурмалашкан. Ал эми Иса «Кудай сөзүн» сүйгөн: аны башкаларга окутуп-үйрөткөн, түшүндүргөн, коргогон жана ага ылайык жашаган (Лк. 11:28). Ооба, Машаяк башкаларды окутууда, аларга мамиле кылууда, насааттоодо, дегеле бардык ишинде сүйүү көрсөткөн.

4, 5. а) Сүйүү менен окутуу эмне себептен маанилүү? б) Окутууда билим менен жөндөмдүүлүк да эмне үчүн маанилүү?

4 Биз жөнүндө эмне айтууга болот? Машаяктын жолдоочулары катары биз кызматыбызда жана жашообузда аны туурагыбыз келет (1 Пет. 2:21). Андыктан биздин максатыбыз — Ыйык Китептеги билимди башкаларга жеткирүү эле эмес, Жахабанын сапаттарын, айрыкча, сүйүүсүн чагылдыруу. Билимибиз көппү же азбы, окутууга абдан жөндөмдүүбүзбү же жокпу, кабар айткан адамдарга сүйүү көрсөткөнүбүз алардын жүрөгүн козгоодо маанилүү роль ойнойт. Ошол себептен шакирт даярдоо ишинде ийгиликке жетүү үчүн, Исаны туурап, сүйүү менен окутушубуз керек.

5 Албетте, мыкты окутуучулардан болуу үчүн айта турган нерселерибизди жакшы билишибиз жана ошол билимди башкаларга жеткире билишибиз керек. Иса шакирттерине билимге жана жөндөмдүүлүккө ээ болууга жардам берген. Жахаба бүгүнкү күндө бизге да өзүнүн уюму аркылуу бул жагынан көмөк кылууда (Оку: Ышайа 54:13; Лука 12:42). Ошентсе да башкаларды окутууда акылыбызды эле эмес, жүрөгүбүздү да катыштырышыбыз керек. Бизде билим, жөндөмдүүлүк, сүйүү болсо, эң сонун натыйжага жете алабыз. Анда окутууда кандай жолдор менен сүйүү көрсөтсөк болот? Иса жана анын шакирттери кантип көрсөтүшкөн? Келгиле, карап көрөлү.

Биз Жахабаны сүйүшүбүз керек

6. Жакшы көргөн адамыбыз жөнүндө кандай сезим менен айтып беребиз?

6 Биз өзүбүз жакшы көргөн нерселер тууралуу кубаныч менен айтып беребиз. Жүрөгүбүзгө жакын нерселер жөнүндө башкаларга айтып жатканда жанданып, шыктануу жана жылуу сезимдер менен сүйлөйбүз. Бул, өзгөчө, сүйгөн адамыбыз жөнүндө айтып жатканда байкалат. Адатта, ал тууралуу башкаларга айтууга дилгир болобуз. Аны мактайбыз, ардактап-сыйлайбыз, коргойбуз. Биз башкалардын да ал кишиге жана анын сапаттарына карата биздикиндей сезимде болушун каалагандыктан ошентебиз.

7. Кудайга болгон сүйүү Исага эмне кылууга түрткү берген?

7 Башкаларга Жахабага сүйүү өрчүтүүгө жардам берерден мурун, өзүбүз аны билишибиз жана сүйүшүбүз керек. Себеби чыныгы сыйынуу Кудайга болгон сүйүүгө негизделет (Мт. 22:36—38). Бул жагынан Иса жеткилең үлгү калтырган. Ал Жахабаны бүт жүрөгү, акылы, жаны жана күчү менен сүйгөн. Асманда Атасы менен, балким, миллиарддаган жылдар бою чогуу болгондуктан Иса аны жакшы билген. Мунун жыйынтыгы кандай болгон? «Атамды жакшы көрөм»,— деген ал (Жкн. 14:31). Исанын айткан сөздөрүнөн, кылган иштеринен Атасына болгон сүйүүсү айкын көрүнүп турган. Ал сүйүү ага дайыма Кудайга жаккан нерселерди жасоого түрткү берген (Жкн. 8:29). Ошондой эле Иса Атасын сүйгөндүктөн, Кудайдын өкүлдөрүбүз деп ырастаган эки жүздүү диний жетекчилерди ашкерелеген. Андан тышкары, башкаларга Жахаба жөнүндө айтып, аны таанып-билүүгө, сүйүүгө жардам берген.

8. Кудайга болгон сүйүү Исанын жолдоочуларына эмне кылууга түрткү берген?

8 Исага окшоп, анын биринчи кылымдагы жолдоочулары да Жахабаны сүйүшкөн жана ал сүйүү аларга жакшы кабарды кайраттуулук, ынталуулук менен таратууга түрткү берген. Колунда бийлиги бар диний жетекчилердин каршылык көрсөткөнүнө карабай, алар бүт Иерусалимге окууларын жайылтышкан. Шакирттер уккан-көргөндөрүн айтпай коё алышкан эмес (Элч. 4:20; 5:28). Алар Жахабанын коргоп-колдой турганын жана аларга батасын берерин билишкен. Чынында эле, Кудай аларга батасын берген! Ошондуктан Исанын өлгөнүнөн отуз жылга жетпеген убакыт өткөндөн кийин элчи Пабыл: «[Жакшы кабар] асман астындагы бардык жаратылгандарга жарыяланды»,— деп жаза алган (Кол. 1:23).

9. Кудайга болгон сүйүүбүздү кантип бекемдей алабыз?

9 Эгерде жакшы окутуучулардан болгубуз келсе, Кудайга болгон сүйүүбүздү арттыра беришибиз керек. Ан үчүн эмне кылсак болот? Кудай менен тиленүү аркылуу көбүрөөк сүйлөшсөк болот. Ыйык Китепти изилдөө, ага негизделген адабияттарды окуу, жыйналыш жолугушууларына баруу менен да Кудайга болгон сүйүүбүздү арттыра алабыз. Кудай жөнүндөгү билимибиз тереңдеген сайын, жүрөгүбүз ага болгон сүйүүгө толот. Сүйлөгөн сөзүбүздөн, ишибизден Кудайга болгон сүйүүбүз көрүнүп турса, башкалар муну байкап, Жахабага тартылышы мүмкүн (Оку: Забур 103:33, 34).

Окуткан нерселерибизди сүйүшүбүз керек

10. Жакшы окутуучу кандай болот?

10 Жакшы окутуучу өзү окуткан нерселерди сүйөт. Ал алардын чындык экенине, маанилүү жана баалуу экенине ишениши керек. Окутуучу окуткандарына кызыкдар болсо, шыктануу менен сүйлөйт. Бул аны менен окуп жаткандарга күчтүү таасир этет. Ал эми окутуучу өзү окуткан нерселерди чындап баалабаса, аны менен изилдеп жаткандар аларды кантип баалай алат? Кудайдын Сөзүн окутуучу катары үлгүлүү болгонуң маанилүү экенин унутпа. Иса: «Мыкты үйрөтүлгөн ар бир шакирт устатындай болот»,— деген (Лк. 6:40).

11. Иса өзү окуткан нерселерин эмне үчүн жакшы көргөн?

11 Иса өзү окуткан нерселерди жакшы көргөн. Ал башкалар менен бөлүшө турган баа жеткис нерсеге — асмандагы Атасы жөнүндөгү чындыкка, «Кудайдын сөздөрүнө» жана «түбөлүк өмүргө алып баруучу сөздөргө» — ээ экенин билген (Жкн. 3:34; 6:68). Иса үйрөткөн чындыктар, жарык сыяктуу, жаман менен жакшыны айкын кылган. Ал чындыктар жалган диний жетекчилерге алданган жана Ибилистин айынан кыйналып жүргөн момун адамдарга үмүт берип, аларды жубаткан (Элч. 10:38). Исанын чындыкка болгон сүйүүсү окутууларынан эле эмес, иштеринен да көрүнгөн.

12. Элчи Пабыл жакшы кабарга кандай караган?

12 Исага окшоп, анын шакирттери Жахаба жана Машаяк жөнүндөгү чындыкты ушунчалык сүйгөндүктөн жана баалагандыктан, каршылык көрсөткөндөр аларды кайратынан жаздыртып, чындыкты айта беришин токтото алышкан эмес. Пабыл Исанын Римдеги жолдоочуларына: «Жакшы кабар айтууга дилгирмин. Мен жакшы кабар таратуудан уялбайм, анткени ал — ишеними бар ар бир адамга... куткарылуу алып келе турган Кудайдын күчү»,— деген (Рим. 1:15, 16). Пабыл чындык жөнүндө башкаларга айтууну сыймык катары көргөн. Ал: «Бул ырайым мага... башка элдерге Машаяктын изилденгис байлыктары тууралуу жакшы кабар жарыялашым үчүн... көрсөтүлгөн»,— деп жазган (Эф. 3:8, 9). Ырас, Пабылдын башкаларды Жахаба жана анын ой-ниеттери жөнүндө ынтызарлык менен окутканын элестетүү кыйын эмес.

13. Жакшы кабарды баалоого бизде кандай себептер бар?

13 Кудайдын Сөзүндөгү жакшы кабар бизге Жаратканды таанып-билүүгө жана аны менен ынак мамиле түзүүгө жардам берет. Ал жакшы кабар жашоодогу маанилүү суроолорго канааттандырарлык жооп табууга көмөк кылат жана жашообузду өзгөртө турган, келечекке үмүт байлаткан, кыйын кезеңде кайрат берген күчкө ээ. Андан тышкары, ал түбөлүк созула турган маңыздуу жашоого жол көрсөтөт. Чынында эле, жакшы кабардан өткөн баалуу же маанилүү кабар жок. Ал баа жеткис белек бизге чоң кубаныч тартуулайт. Ал эми аны башкалар менен бөлүшкөнүбүздө кубанычыбыз ого бетер артат (Элч. 20:35).

14. Окутуп жаткан нерселерибизге болгон сүйүүбүздү кантип тереңдете алабыз?

14 Жакшы кабарга болгон сүйүүңдү тереңдетүү үчүн эмне кылсаң болот? Кудайдын Сөзүн окуп жатканда мезгил-мезгили менен тыным жасап, окугандарың тууралуу ой жүгүрт. Мисалы, Исаны жердеги кызматында коштоп жүргөнүңдү же элчи Пабыл менен бирге саякаттап жүргөнүңдү элестет. Жаңы дүйнөдө жашап жатканыңды жана ал учурда жашоонун азыркыдан кандай гана айырмаланарын элестетип көр. Жакшы кабарга ылайык жашоонун аркасында алган баталарың жөнүндө ойлон. Эгер жакшы кабарга болгон сүйүүңдү ысык бойдон сактасаң, сени менен окуп жаткандар муну байкабай койбойт. Ошол себептен окуп-билгендерибиз тууралуу кылдат ой жүгүртүп, окутуп жаткан нерселерибизге көңүл бурганыбыз абдан маанилүү (Оку: 1 Тиметей 4:15, 16).

Адамдарды сүйүшүбүз керек

15. Окутуучу өзү окутуп жаткандарды эмне үчүн сүйүшү керек?

15 Жакшы окутуучу изилдөөнү аны менен изилдеп жаткан адамдар өздөрүн эркин сезе алгыдай кылып өткөрөт. Ошондо алар үйрөнүүгө даяр болуп, ойлорун ээн-эркин билдире алышат. Адамдарды сүйгөн окутуучу өзү окуткан кишилерге чын дилден кам көргөндүктөн билими менен бөлүшөт. Ал окууларды алардын муктаждыктарына, түшүнүү деңгээлине ылайыкташтырат. Ошондой эле изилдеп жаткан кишилердин жөндөмдүүлүктөрүн, жагдай-шартын эске алат. Окутуучулар ушундай сүйүү көрсөтсө, окуп жаткандар муну байкайт жана окутуу да, үйрөнүү да жагымдуу болот.

16. Иса адамдарга кандай жолдор менен сүйүү көрсөткөн?

16 Иса дал ушундай сүйүүнү чагылдырган. Ал башкаларды куткаруу үчүн өзүнүн жеткилең адамдык өмүрүн курмандыкка берүү менен зор сүйүү көрсөткөн (Жкн. 15:13). Жерде кызмат кылып жүргөндө ал адамдарга денелик жактан, өзгөчө, рухий жактан талыкпай кам көргөн. Иса адамдардын ага келишин күткөн эмес, тескерисинче, жүздөгөн чакырым жөө басып, аларга өзү барып кабар айткан (Мт. 4:23—25; Лк. 8:1). Ал чыдамдуу, түшүнүктүү киши болгон. Шакирттеринин кайсы бир жагынан оңолушу керектигин байкаганда сүйүү менен кеңеш берген (Мр. 9:33—37). Иса шакирттерин жакшы кабарды таратууда ийгиликтүү боло аларына ишендирип, аларды бекемдеген. Исаныкындай сүйүү менен окуткан бир да киши болгон эмес. Ал шакирттерине сүйүү көрсөткөндүктөн, алар да ага сүйүү менен жооп кайтарууга жана анын осуяттарын аткарууга түрткү алышкан (Оку: Жакан 14:15).

17. Исанын жолдоочулары башкаларга болгон сүйүүсүн кантип көрсөтүшкөн?

17 Исадай болуп, анын шакирттери өздөрү кабар айткан адамдарга күчтүү сүйүү көрсөтүп, жылуу мамиле кылышкан. Алар куугунтукка чыдап, өмүрүн тобокелге салуу менен башкаларга кызмат кылышкан жана кабар айтуу ишинде ийгиликке жетишкен. Алардын өздөрү рухий жактан жардам берген адамдарга болгон сүйүүсү канчалык күчтүү болгон! Элчи Пабылдын төмөнкү сөздөрү, чыны менен эле, жүрөктү козгойт: «Балдарын бөпөлөп баккан энедей болуп, силерге жумшак мамиле кылганбыз. Силерге болгон назик сезимдерибизден улам жана силерди жакшы көрүп калгандыктан биз силерге Кудайдын жакшы кабарын эле эмес, жаныбызды да берүүгө даяр элек» (1 Тес. 2:7, 8).

18, 19. а) Кабар айтуу ишине катышуу үчүн эмне себептен курмандыктарга барууга даярбыз? б) Сүйүүбүздү башкалар байкай турганын көрсөткөн мисал келтиргиле.

18 Ошо сымал, бүгүнкү күндө Жахабанын Күбөлөрү дүйнөнүн бардык булуң-бурчтарында Кудай жөнүндө билүүнү жана ага кызмат кылууну каалагандарды издешүүдө. Биз акыркы 17 жыл бою кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишине жылына бир миллиарддан ашык саат жумшап келдик. Ал ишти дагы деле улантып жатабыз. Кабар айтуу ишине убактыбызды, күчүбүздү жана акча-каражатыбызды сарптоого туура келсе да, бул ишти даярдуулук менен аткарабыз. Исадай болуп, асмандагы мээримдүү Атабыздын адамдардын түбөлүк өмүргө алып баруучу билимге ээ болушун абдан каалаарын түшүнөбүз (Жкн. 17:3; 1 Тим. 2:3, 4). Сүйүү бизге жүрөгү таза адамдарга, биздей болуп, Жахабаны билүүгө жана аны сүйүүгө жардам берүүгө түрткү берет.

19 Көрсөткөн сүйүүбүз башкаларга байкалбай койбойт. Алсак, Кошмо Штаттарда жашаган пионер жакынынан айрылган адамдарды сооротуу үчүн аларга кат жазат. Бир киши ага мындай деп жооп жазган: «Башка бирөөнүн таптакыр тааныбаган эле кишиге оор учурда кыйынчылыкты көтөрүп кетүүгө жардам берүү үчүн кат жазганы мени аябай таң калтырды. Сиздин адамдарды жана аларды өмүр жолунда жетектеген Кудайды сүйөрүңүз айкын көрүнүп турат».

20. Сүйүү менен окутуу канчалык маанилүү?

20 Бир киши сүйүү менен жөндөмдүүлүктү шайкеш колдонуп, шедевр жаратууга болорун айткан. Башкаларды окутууда биз аларга Жахабаны акылы менен таанып-билүүгө жана жүрөгү менен сүйүүгө жардам берүүгө умтулабыз. Ооба, жакшы окутуучулардан болуу үчүн биз Кудайды, чындыкты жана адамдарды сүйүшүбүз керек. Ушундай сүйүү өрчүтсөк жана аны кызматта чагылдырсак, башкаларга берүүдөн кубаныч алабыз. Ал гана эмес, Исаны туурап жатканыбызды жана Жахабанын жактыруусуна ээ экенибизди билүү да бизге канааттануу тартуулайт.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Башкаларды окутууда...

Кудайды сүйүү

окуткан нерселерибизди сүйүү

окуткан адамдарыбызды сүйүү

...эмне үчүн маанилүү?

[Изилдөө суроолору]

[15-беттеги сүрөт]

Исанын окутуусу китепчилер менен фарисейлердикинен эмнеси менен айырмаланган?

[18-беттеги сүрөт]

Жакшы окутуу үчүн билим, жөндөмдүүлүк жана баарынан маанилүүсү, сүйүү керек