Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Исаны туурап, кайраттуулук менен кабар айт

Исаны туурап, кайраттуулук менен кабар айт

Исаны туурап, кайраттуулук менен кабар айт

«Силерге Кудайдын жакшы кабарын... жарыялоо үчүн... кайраттандык» (1 ТЕС. 2:2).

1. Падышалык жөнүндөгү жакшы кабар эмне үчүн ушунчалык жагымдуу?

ЖАКШЫ жаңылык угуу кандай жагымдуу! Жаңылыктардын эң эле жакшысы — Падышалык жөнүндөгү жакшы кабар. Ал кабар бизди азаптардын, оору-сыркоонун, кайгы-капанын жана өлүмдүн жок болоруна ынандырат. Андан сырткары, түбөлүк өмүргө жол ачат, Кудайдын ой-ниетин ачып берет жана аны менен ынак мамиледе болуу үчүн эмне кылуу керектигин көрсөтөт. Силер Иса айткан кабарды уккандардын бардыгы кубанса керек деп ойлошуңар мүмкүн. Бирок, тилекке каршы, андай болгон эмес.

2. Исанын: «Бөлүү үчүн келдим»,— деген сөздөрүн түшүндүргүлө.

2 Иса шакирттерине мындай деген: «Мени жерге тынчтык алып келди деп ойлобогула, тынчтык эмес, кылыч алып келдим. Анткени мен баланы атасынан, кызды энесинен, келинди кайненесинен бөлүү үчүн келдим. Ооба, адамга өз үйүндөгүлөрү душман болот» (Мт. 10:34—36). Чынында эле, адамдардын көбү жакшы кабарды кабыл ала бербейт, ал тургай аны четке кагышат. Айрымдар атүгүл ал кабарды жарыялап жаткан жакын туугандарын да душманындай көрүшөт.

3. Кабар айтуу тапшырмасын аткарууда бизге эмне керек?

3 Биз да Иса айткан чындыктарды жарыялап жатабыз. Көптөр ал кабарга Исанын убагындагы адамдардай жооп кайтарышат. Бирок ушундай болушу керек эле. Анткени Иса шакирттерине: «Кул кожоюнунан жогору эмес. Эгер мени куугунтукташса, силерди да куугунтукташат»,— деген (Жкн. 15:20). Көптөгөн өлкөлөрдө ачык эле куугунтукталбасак да, жек көрүндү болобуз жана бизге кош көңүл мамиле кылышат. Андыктан жакшы кабарды кайраттуулук менен айтууда туруктуу болушубуз үчүн бизге ишеним жана эр жүрөктүк керек (Оку: 2 Петир 1:5—8).

4. Кабар айтуу үчүн Пабылга эмне себептен кайраттуулук керек болгон?

4 Балким, сага кабар айтуу кээде оңойго турбайттыр же кызматтын кээ бир түрлөрүнө катышуу коркунучтуудай сезилеттир. Эгер ошондой болсо, көптөгөн ишенимдүү жарчылардын да ушундай сезимде болорун унутпа. Элчи Пабыл чындыкты жакшы түшүнгөн, кайраттуу, тайманбас жарчы болгон, бирок кабар айтуу ал үчүн да кээде кыйынга турган. Тесалоникадагы ишенимдештерине ал мындай деп жазган: «Өзүңөргө белгилүү болгондой, адегенде Филипиде азап чегип, кордук көрдүк, бирок силерге Кудайдын жакшы кабарын зор күрөш менен жарыялоо үчүн Кудайыбыздын жардамы менен кайраттандык» (1 Тес. 2:2). Филипиде бийлик башындагылар Пабыл менен анын шериги Сыласты сабатып, түрмөгө камашкан жана буттарына кишен салышкан (Элч. 16:16—24). Ошентсе да Пабыл менен Сылас андан ары кабар айта берүү үчүн «кайраттанышкан». Канткенде биз да ошенте алабыз? Бул суроого жооп алуу үчүн, келгиле, Кудайдын байыркы убактагы кызматчыларына Жахаба жөнүндөгү чындыкты кайраттуулук менен айтууга эмне жардам бергенин жана аларды кантип туурасак болорун карап көрөлү.

Кастыкка карабай кайраттуу болгондор

5. Эмне үчүн Жахабага берилгендик менен кызмат кылгандардын баарына кайраттуулук керек болгон?

5 Эр жүрөк, кайраттуу болуу жагынан Иса Машаяк эң мыкты үлгү калтырган. Ошондой болсо да адамзат тарыхынын башталышынан тартып Жахабага берилгендик менен кызмат кылгандардын баарына кайраттуулук керек болгон. Эмне үчүн? Жахаба Эйдендеги козголоңдон кийин Кудайга кызмат кылгандар менен Шайтанга кызмат кылгандардын ортосунда кастык болорун күн мурун айткан (Башт. 3:15). Ал кастык Абылды, адил кишини, өзүнүн бир тууганы өлтүргөндө айкын болгон. Кийинчерээк Топон сууга чейин жашаган Энох деген ишенимдүү кишиге да кастык көрсөтүлгөн. Энох Кудайдын ыймансыздарды соттоо үчүн түмөндөгөн периштелери менен келерин пайгамбарлык кылган (Жүй. 14, 15). Албетте, ал кабарды эч ким уккусу келген эмес. Адамдар Энохту жек көрүшкөн. Эгер Жахаба аны өлүм уйкусу менен уктатып койбосо, кыязы, алар аны мыкаачылык менен өлтүрүшмөк. Энох кандай гана зор кайраттуулук көрсөткөн! (Башт. 5:21—24).

6. Мусага фараон менен сүйлөшүү үчүн эмне себептен кайраттуулук керек болгон?

6 Ошондой эле фараон менен сүйлөшкөндө Мусанын кандай кайраттуулук көрсөткөнүн ойлоп көрсөң. Ошол учурда фараонду кудайлардын өкүлү эле эмес, кудай катары, атап айтканда, Ра деген күн кудайынын уулу катары көрүшчү. Башка фараондордой эле, ал да өзүнүн сөлөкөтүнө сыйынса керек. Фараондун сөзү мыйзам болчу; ал катаалдык менен бийлик кылган. Күчтүү, текебер жана өжөр фараонго эч ким «тигинт» же «минт» деп айта алчу эмес. Мына ушундай кишинин алдына Муса, жөнөкөй эле койчу, чакырылбаганына жана жаман көрүнгөнүнө карабай, кайра-кайра барган. Муса эмнени алдын ала айткан? Мисир жерине бүлгүн түшүрө турган чоң каргаша болорун айткан. Ал эмнени талап кылган? Фараондон бир нече миллион кулуна өлкөдөн кетүүгө уруксат беришин талап кылган! Мусага кайраттуулук керек беле? Албетте, керек болгон! (Сан. 12:3; Эвр. 11:27).

7, 8. а) Байыркы убактагы ишенимдүү кишилер кандай сыноолорду баштан өткөрүшкөн? б) Исанын убагына чейин жашаган ал кишилерге таза сыйынууну кайраттуулук менен колдоого эмне жардам берген?

7 Андан кийинки кылымдарда да пайгамбарлар жана Кудайдын башка ишенимдүү кызматчылары таза сыйынууну кайраттуулук менен жактай беришкен. Шайтандын дүйнөсү аларга ырайымсыз мамиле кылган. Пабыл жазгандай, «аларды ташбараңга алышкан, сыноолорго дуушар кылышкан, араалашкан, кылычтап өлтүрүшкөн; алар кой-эчкилердин терисин кийип тентип жүрүшкөн, жокчулукка, кыйынчылыкка кабылышкан, кордук көрүшкөн» (Эвр. 11:37). Кудайдын ал берилген кызматчыларына бекем бойдон калууга эмне жардам берген? Пабыл бул аяттарга чейин бир нече аят мурунураак Абылга, Ыбрайымга, Саарага жана башкаларга туруктуу болууга эмне күч бергенин белгилеген. Ал: «Убадалардын аткарылышын көрүшпөсө да, алар [ишеними аркылуу] убадаланган нерселерди алыстан гана көрүп кубанышкан»,— деген (Эвр. 11:13). Арийне, байыркы убакта чыныгы сыйынууну кайраттуулук менен жактаган Илияс, Жеремия сыяктуу пайгамбарлар жана башка ишенимдүү кишилер Жахабанын убадаларынан көзүн албагандыктан, туруктуу болушкан (Тит 1:2).

8 Исанын убагына чейин жашаган ал ишенимдүү кишилер жаркын, кереметтүү келечекке көзүн багытташкан. Алар тирилтилгенден кийин Машаяк Исанын жана анын 144 000 кошо башкаруучусунун дин кызматчылык кызматынын аркасында жеткилеңдикке жетишет жана «жок болуу кулчулугунан бошотулушат» (Рим. 8:21). Андан тышкары, Жеремияны жана Кудайдын байыркы убактагы башка кызматчыларын Жахабанын Жеремияны: «„Алар сага каршы күрөшөт, бирок сени жеңе алышпайт, анткени сени куткарыш үчүн, Мен сени мененмин“,— дейт Теңир»,— деп ынандырганы кайраттандырган (Жер. 1:19). Ошо сыңары, Кудайдын келечекке байланыштуу убадалары жана анын рухий жактан коргойм деген ынандыруусу тууралуу ой жүгүртсөк, биз да бекемделебиз (Накыл 2:7; оку: 2 Корунттуктар 4:17, 18).

Сүйүү Исага кайраттуулук менен кабар айтууга түрткү берген

9, 10. Иса а) диний жетекчилердин, б) жоокерлердин, в) башкы дин кызматчынын, г) Пилаттын алдында кантип кайраттуулук көрсөткөн?

9 Биз үчүн үлгү болгон Иса кайраттуулукту ар кандай жолдор менен көрсөткөн. Мисалы, таасирдүү, бийлиги бар кишилерге жек көрүндү болсо да, Иса башкалардын көңүлүнө карап, Кудай адамдардын билишин каалаган нерселердин эч бирин жымсалдап, жаап-жашырган эмес. Ал күч-бийлиги бар диний жетекчилерди адилсингени, жалган нерселерге окутканы үчүн эр жүрөктүк менен ашкерелеген. Иса аларды айыптап, туура эмес иштерин бетине ачык эле айткан. Бир жолу ал мындай деген: «Китепчилер жана фарисейлер, эки жүздүүлөр, силерге кайгы! Анткени акталган мүрзөлөргө окшошсуңар. Алар сыртынан кооз көрүнгөнү менен, ичи өлгөндөрдүн сөөктөрүнө жана ар кандай ыпыластыкка толгон. Анын сыңарындай, силер да сыртыңардан адил болуп көрүнөсүңөр, бирок ичиңер эки жүздүүлүк менен мыйзамсыздыкка толгон» (Мт. 23:27, 28).

10 Жоокерлер Гетсемани багына Исаны кармаш үчүн барганда, ал тайманбастан өзүнүн ким экенин билдирген (Жкн. 18:3—8). Кийинчерээк ал Синедрионго алып барылган жана башкы дин кызматчы аны суракка алган. Башкы дин кызматчынын аны өлтүрүүгө шылтоо издеп жатканын билсе да, Иса эч коркпостон өзүнүн Машаяк жана Кудайдын Уулу экенин айткан. Ошондой эле анын «Кудурети Күчтүүнүн оң жагында отурганын жана асмандагы булуттар менен келатканын көрүшөрүн» кошумчалаган (Мр. 14:53, 57—65). Андан көп өтпөй Иса Пилаттын алдына алып барылган. Ал аны бошотуп коё алмак. Бирок Иса ага каршы коюлган айыптарга эчтеке деп жооп берген эмес (Мр. 15:1—5). Ушул жагдайлардын бардыгында Иса абдан кайраттуу болушу керек эле.

11. Кайраттуулук менен сүйүүнүн кандай байланышы бар?

11 Иса Пилатка: «Мен чындык жөнүндө күбөлөндүрүү үчүн төрөлүп, ошол үчүн дүйнөгө келгем»,— деген (Жкн. 18:37). Жахаба Исага жакшы кабар айтуу тапшырмасын берген. Иса ал ишти аткаруудан ырахат алган, анткени ал асмандагы Атасын сүйгөн (Лк. 4:18, 19). Иса адамдарды да сүйгөн. Ал алардын жашоосунун оор экенин түшүнгөн. Ошо сыяктуу эле, Кудайга жана жакындарыбызга болгон күчтүү сүйүү бизге да кайраттуулук, тайманбастык менен кабар айтууга түрткү берет (Мт. 22:36—40).

Ыйык рух кайраттуулук менен кабар айтууга күч берет

12. Алгачкы шакирттерге эмне кубаныч тартуулаган?

12 Исанын өлүмүнөн кийинки жумаларда анын шакирттери Жахабанын аларга башка адамдарды да кошуп жатканын көрүп кубанышкан. Элестетсең, бир эле күндүн ичинде Элүүнчү күн майрамын белгилөө үчүн Иерусалимге ар кайсы жерден келген 3 000дей жүйүт жана прозелит чөмүлтүлгөн! Ал окуядан улам Иерусалимдеги эл уу-дуу болсо керек. Ыйык Китепте: «Ар бир адамды коркуу сезими чулгай баштады. Элчилер болсо көптөгөн керемет-жышаандарды көрсөтүп жатышты»,— делет (Элч. 2:41, 43).

13. Шакирттер эмне үчүн кайраттуулук сурап тиленишкен жана анын жыйынтыгы кандай болгон?

13 Каны кайнап турган диний жетекчилер Петир менен Жаканды түрмөгө камап, бир түн кармашкан жана аларга Иса жөнүндө айтпоону буйрук кылышкан. Бошотулгандан кийин ал экөө бир туугандарга эмне болгонун айтып беришкен жана баары көрсөтүлгөн каршылык тууралуу Кудайга айтып: «Жахаба... өз кулдарыңа сөзүңдү зор кайраттуулук менен айтууга күч бере көр»,— деп жалынышкан. Анын жыйынтыгы кандай болгон? «Баары ыйык рухка толуп, Кудайдын сөзүн кайраттуулук менен айта башташкан» (Элч. 4:24—31).

14. Кабар айтуу ишинде ыйык рух бизге кандайча жардам берет?

14 Шакирттерге Кудайдын сөзүн кайраттуулук менен айтууга Жахабанын кубаттуу ыйык руху жардам бергенине көңүл бурсаң. Демек, биз башкаларга, анын ичинде кабарыбызга каршы болгондорго чындык жөнүндө айтуу үчүн кайраттуулукка өзүбүздөн өзүбүз эле ээ болуп калбайбыз: бизди Жахаба кайраттуу кылат. Эгер андан ыйык рухун сурасак, ал сөзсүз берет. Кандай гана каршылыктарга дуушар болбойлу, биз Жахабанын жардамы менен аларды жеңүү үчүн зарыл болгон кайраттуулукка ээ боло алабыз (Оку: Забур 137:3 *).

Исанын жолдоочулары кайраттуулук менен кабар айтышууда

15. Кандайча чындык бүгүнкү күндө адамдарды бөлүүдө?

15 Чындык, мурунку убактардай эле, биздин күндөрдө да адамдарды бөлүүдө. Айрымдар биздин сыйынуубуз тууралуу жакшы ойдо болсо, башкалары аны түшүнүшпөйт жана баалашпайт. Дагы бирөөлөр бизди сындашат, шылдыңдашат, атүгүл, Иса алдын ала айткандай, жек көрүшөт (Мт. 10:22). Кээде массалык маалымат каражаттары аркылуу биз тууралуу жалган маалыматтарды таратып, кара ниеттик менен бизге каршы үгүт жүргүзүшөт (Заб. 108:1—3). Ошого карабай Жахабанын эли дүйнө жүзү боюнча жакшы кабарды кайраттуулук менен жарыялоодо.

16. Кайраттуулугубуз биз кабар айткан адамдардын көз карашын өзгөртүшү мүмкүн экенин кайсы окуя көрсөтүп турат?

16 Биздин кайраттуулук көрсөткөнүбүз адамдардын Падышалык жөнүндөгү кабарга карата көз карашын өзгөртүшү ыктымал. Кыргызстандагы бир эже мындай деген: «Кабар айтып жүргөнүмдө, бир үй ээси мага: „Мен Кудайга ишенем, бирок христиандардын Кудайына ишенбейм. Эгер ушул үйгө дагы келчү болсоң, итимди коё берем!“ — деген. Короосунда чоң бульдог байланып туруптур. Бирок „Падышалык жөнүндө кабар“ аттуу сериядагы №37 „Жакында жалган дин жок кылынат!“ деген баракчаны таратуу боюнча өнөктүк жүргүзүлүп жаткан убакта ошол үйгө кайра барууну чечтим. Себеби ал үйдөн башка бирөөлөр чыгып калабы деп ойлодум. Бирок эшикти баягы киши ачса болобу! Дароо Жахабага тилендим да, ага мындай дедим: „Саламатсызбы, үч күн мурун сиз менен сүйлөшкөнүбүз эсимде, итиңиз да эсимде. Бирок сиздикине кирбей өтүп кете алган жокмун, анткени мен да, сизге окшоп, жалгыз чыныгы Кудайга ишенем. Кудай жакында ага тил тийгизген диндерди жок кылат. Бул тууралуу ушул баракчадан көбүрөөк биле аласыз“. Таң калыштуусу, ал киши баракчаны алды. Анан мен башка үйгө кеттим. Бир нече мүнөттөн кийин ал киши баракчаны көтөрүп алып аркаман чуркап келди да: „Мен муну окуп чыктым. Кудайдын каарына калбашым үчүн эмне кылышым керек?“ — деди». Аны менен изилдөө башталып, ал жыйналыш жолугушууларына бара баштаган.

17. Бир ишенимдешибиздин кайраттуулугу коркунучка алдырып жүргөн кызыгуучуну кандайча бекемдеген?

17 Биздин кайраттуулугубуз башкаларга да кайраттуу болууга жардам берет. Орусияда бир эже автобуста кетип баратып, бир жүргүнчүгө журнал сунуштайт. Ал киши ордунан тура калып, бир туугандын колунан журналды жулуп алат да, бырыштырып туруп жерге ыргытып жиберет. Анан ага кыйкырып, тилдеп, дарегин талап кылат жана ал айылда экинчи кабар айтпоону эскертет. Ишенимдешибиз Жахабадан жардам сурап тиленет жана Исанын: «Денени өлтүр[ө]... тургандардан коркпогула»,— деген сөздөрүн эстейт (Мт. 10:28). Ал коркпой эле акырын ордунан туруп, ага: «Мен сизге дарегимди айтпайм, бул айылда кабар айтканымды да токтотпойм»,— дейт. Анан автобустан түшүп калат. Ошол автобуста ал бир тууган менен Ыйык Китепти изилдеп жаткан аял да кетип бараткан; ишенимдешибиз аны билген эмес. Ал аял адамдардан коркуу сезимине алдыргандыктан, жыйналыш жолугушууларына барбай жүргөн. Бирок бир тууганыбыздын кайраттуулугун көргөндөн кийин ал кызыгуучу жолугушууларга бара баштоону чечкен.

18. Исага окшоп, кайраттуулук менен кабар айтууга сага эмне жардам берет?

18 Кудайдан алыстаган азыркы дүйнөдө Исадай болуп кабар айтуу үчүн кайраттуулук талап кылынат. Сага кайраттуулук менен кабар айтууга эмне жардам берет? Көзүңдү келечекке багытта. Кудайга жана жакындарыңа болгон сүйүүңдү ысык бойдон сакта. Жахабадан кайраттуулук сурап тилен. Жалгыз эмес экениңди эч качан унутпа, анткени Иса дайыма сени менен болот (Мт. 28:20). Ыйык рух сага күч берет. Жахаба сага батасын берип, колдойт. Андыктан: «Жахаба — менин жардамчым; мен коркпойм. Адам мага эмне кыла алат?» — деп кайраттуулук менен айта алабыз (Эвр. 13:6).

[Шилтемелер]

^ 14-абз. Забур 137:3 («ЖД» [138:3]): «Сени чакырган күнү мени уктуң. Мага күч берип, жанымды кайраттандырдың».

Эмне деп жооп бересиңер?

• Кудайдын кызматчыларына эмне үчүн кайраттуулук керек?

• Кайраттуу болуу жагынан...

Исага чейин жашаган ишенимдүү кишилерден

Иса Машаяктан

Исанын алгачкы шакирттеринен

бүгүнкү күндөгү ишенимдештерибизден

...эмнеге үйрөнө алабыз?

[Изилдөө суроолору]

[21-беттеги сүрөт]

Иса тайманбастык менен диний жетекчилердин бетин ачкан

[23-беттеги сүрөт]

Жахаба бизге кабар айтууга кайрат берет