Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба момун адамдарды баалайт

Жахаба момун адамдарды баалайт

Кудайга жакында

Жахаба момун адамдарды баалайт

Сандар 12:1—15

ТЕКЕБЕРДИК, көрө албастык, даңк сүйүүчүлүк. Мындай сапаттарды бул дүйнөдө ийгиликке жеткен адамдар чагылдырышат. Ушундай сапаттары бар адамдар Кудайга жакындай алышабы? Жахаба Кудай момун адамдарды баалайт. Бул тууралуу Сандар китебинин 12-бөлүмүндө баяндалган окуядан биле алабыз. Окуя ысрайылдыктар Мисир жеринен чыккандан кийин Синай чөлүндө болгон.

Эжеси Мириям менен агасы Арун «[Мусаны] жемелешкен» (1-аят). Алар нааразычылыгын Мусанын өзүнө айтпастан, элге айтып наалышкан. Мунун баарын, кыязы, Мириям баштаган. Ал Мусанын аялы Куш жеринен болгондуктан наалыган. Мириям урмат-сыйдын баары өзүнө эмес, Мусанын бөтөн жерлик аялына көрсөтүлөт деп көрө албастык кылса керек.

Мириямдын наалышына ошол эле себеп болгон эмес. Мириям менен Арун: «Теңир Мусага эле сүйлөдү беле? Ал бизге деле сүйлөбөдү беле?» — дешкен (2-аят). Алар көбүрөөк бийликке жана адамдардын урмат-сыйына ээ болууну каалагандыктан наалышкан эмеспи?

Ыйык Китепте Мусанын өзүн коргоп бир нерсе дегени айтылбайт. Сыягы, ал үн катпастан, алардын айткандарын көтөргөн. Ыйык Китепте анын «жер үстүндөгү бардык адамдардын ичинен эң момун» болгону айтылат * (3-аят). Ооба, Муса, чынында эле, алар менен талашып тартышкан эмес. Жахаба жагдайды көрүп, Мусага өзү болушкан.

Жахаба Мусаны өзү дайындагандыктан, Арун менен Мириямдын наалыганы Жахабага тийген. Кудай алардын катасын бетине айтып, Муса менен эң жакын мамиледе экендигин билдирип: «Мен аны менен... оозмо-ооз, ачык сүйлөшөм»,— деген. Анан Мириям менен Арундан: «Силер... Мусаны жемелегенден кантип корккон жоксуңар?» — деп сураган (8-аят). Алардын Мусага каршы чыкканы Жахабага каршы чыкканга тете болгон. Алар Мусаны сыйлабагандыгы үчүн Кудайдын каарына калышмак.

Баарын баштаган Мириям пес оорусуна чалдыгат. Арун болсо ошол замат Мусадан Мириям үчүн суранып, жалбарып жиберет. Карасаңар, ошол тапта Мириямдын сак-саламаттыгы өзү каршы сөз айткан адамдан көз каранды болуп калган. Муса момундук менен Арундун суранычын аткарып, Жахабага жалынып, эжеси үчүн сыйынган. Мириям айыккан, бирок уятка калып, кошуундун сыртында жети күн жашаган.

Ушул окуядан Жахаба Кудай кандай сапаттарды жактырып, кандай сапаттарды жактырбай турганын билдик. Андыктан өзүбүздөн текебердик, көрө албастык жана даңк сүйүүчүлүк сыяктуу жаман сапаттарды байкасак, алардан арылышыбыз керек. Болбосо, Кудайга жакындай албайбыз. Ооба, Жахаба момун адамдарды жакшы көрөт. Ал: «Момундар жерди мураска алышат да, тынч турмушка ыракаттанышат»,— деп убадалайт (Забур 36:11; Жакып 4:6).

[Шилтемелер]

^ 7-абз. Момундук адилетсиздикти унчукпай, өч албай көтөрүүгө жардам берген сапат.