Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат

Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат

Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат

Бала чагынан марихуана, тамеки чегип жүргөн киши жаман адатын кантип таштаган? Мурун уюшкан кылмышкерлер тобунун мүчөсү болгон, башка расадагы адамдарды жек көргөн кишиге оңолууга эмне жардам берген? Келгиле, алардын айткандарына көңүл буралы.

КЫСКАЧА МААЛЫМАТ

АТЫ-ЖӨНҮ: ГЕНРИХ МААР

ЖАШЫ: 38

ӨЛКӨСҮ: КАЗАКСТАН

МУРУН: МАРИХУАНА ЖАНА ТАМЕКИ ЧЕКЧҮ

МУРУНКУ ЖАШООМ. Мен Казакстандын түштүгүндө — Ташкенттен 120 километрдей алыс жайгашкан жерде — төрөлгөм. Ал жер жайкысын кургак жана ысык келет. Абанын температурасы 45 градуска чейин жетет. Ал эми кышкысын 10 градуска чейин суук болот. Мындай климат жүзүм менен марихуана өстүрүүгө эң сонун шарт түзөт.

Ата-энем Германиядан, алар евангелист болчу, бирок динге карманышчу эмес. Ошентсе да мага Исанын үлгү катары калтырган тиленүүсүн үйрөтүп коюшкан эле. 14 жашымда апам менен эжем Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей башташкан, бирок ал көпкө созулган эмес. Бир жолу Жахабанын эки Күбөсү апама ыйык китептик изилдөө өтүп жатып, өзүбүздүн эски Ыйык Китебибизден Кудайдын аты Жахаба экенин окуп бергенин угуп калдым. Ошондо аябай таң калгам. Бирок апам изилдөөнү токтотуп койду, ошондон кийин менин да Ыйык Китепке болгон кызыгуум сууп калды. Мектептен мугалимибиз Жахабанын Күбөлөрүн секта деп атап, алар жөнүндө ар кандай жалган нерселерди айтып, жамандай берчү. Мурун эжем менен Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышына анда-санда барып калгандыктан, мугалимибизге анын айткандары туура эмес экенин айтчумун.

15 жашымда Ленинградга (азыркы Санкт-Петербург) окуганы жөнөдүм. Жатаканада чогуу жашаган балдарга, аз болсо да, Жахаба жөнүндө билгендеримди айтып берчүмүн. Бирок ал жерден чылым чеккенди үйрөнүп алдым. Казакстанга үйүмө барган сайын марихуананы жашыруун сатып алчумун. Аны табыш кыйынга деле турчу эмес. Ошондой эле аракты жана колдун шарабын ченебей иччүмүн.

Окуумду бүткөндөн кийин эки жыл аскерде кызмат өтөдүм. Бирок бала кезимде уккан ыйык китептик чындыктар дале болсо эсимде эле. Мүмкүнчүлүк боло калганда чогуу кызмат өтөгөн балдарга Жахаба жөнүндө айтып берип, Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө туура эмес бир нерселерди угуп калсам, Күбөлөргө болуша кетчүмүн.

Аскерден келгенден кийин Германияга көчүп кеттим. Иммигранттардын лагеринде жүргөндө Жахабанын Күбөлөрү чыгарган изилдөөгө арналган китеп колума тийип калды. Ошол китептен көзүмдү албай окуп чыгып, анда жазылгандардын чындык экенине ынандым. Бирок тамекини, марихуананы ташташ мен үчүн кыйын болду. Ошондон көп өтпөй Карлсруэ шаарына жакыныраак жерге көчүп бардым. Ал жерден Жахабанын Күбөсүнө жолугуп, аны менен Ыйык Китепти изилдей баштадым.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ. Ыйык Китеп Кудай жаздырган Китеп экенине мурун эле ишенчүмүн. Изилдөөгө арналган китепти окуп чыккандан кийин Ыйык Китепте жашоодогу бардык суроолорго жооп бар экенине көзүм жетти. Ошентсе да жаман адаттарымдан арылууга бир топ убакыт талап кылынды. Бирок, акыры, 2 Корунттуктар 7:1-аятта айтылган кеңешке ылайык иш кылууга түрткү алып, денем менен рухумду тазалоону, башкача айтканда, тамеки менен марихуананы таштоону чечтим.

Марихуананы бат эле таштадым, ал эми тамекиден алты ай дегенде араң арылдым. Мени менен Ыйык Китепти изилдеген Жахабанын Күбөсү бир күнү менден: «Жашооңдун маңызы эмнеде?» — деп сурады. Ошондон тартып жаман адатыман арылууга олуттуу карай баштадым. Тамекини таштоого буга чейин бир канча жолу аракет кылган элем. Эми болсо тамеки чегип алып Кудайдан кечирим сурагандын ордуна, тамекини колго алганга чейин Кудайга жардам сурап тиленүүнү чечтим. Ошентип, 1993-жылы тамекини таштай турган бир күндү белгилеп койдум. Жахабанын жардамы менен ошол күндөн тартып бир да жолу оозума тамеки алган жокмун.

КАНДАЙ ПАЙДА АЛЫП ЖАТАМ? Акчаны соруп, ден соолукту талкалай турган адаттан арылып, ден соолугум кыйла жакшырды. Бүгүнкү күндө Жахабанын Күбөлөрүнүн Германиядагы филиалында кызмат кылам. Бул мен үчүн чоң сыймык! Ыйык Китептеги даанышман кеңештерди жашоомдо колдонгондон бери чыныгы бакыттын даамын татып келем. Ооба, Кудай жөнүндө билим жашоомду маңыздуу кылды.

КЫСКАЧА МААЛЫМАТ

АТЫ-ЖӨНҮ: ТАЙТУС ШАНГАДИ

ЖАШЫ: 43

ӨЛКӨСҮ: НАМИБИЯ

МУРУН: УЮШКАН КЫЛМЫШКЕРЛЕР ТОБУНУН МҮЧӨСҮ БОЛГОН

МУРУНКУ ЖАШООМ. Мен Намибиянын түндүгүндө жайгашкан Охангвена районуна караштуу кыштакта чоңойгом. 1980-жылдары болгон согушта биздин айылдагыларды сабап, айрымдарын өлтүрүшкөн. Биздин айылда кыйын мушташкан, башкаларды токмоктогон балдарды чыныгы эркек деп коюшат. Ошон үчүн мен мушташканды үйрөнгөм.

Мектепти бүткөндөн кийин Свакопмунд шаарында жашаган таякемдикине кеттим. Ал жактан көп өтпөй уюшкан кылмышкерлер тобуна кошулдум. Биз шаарда териси кара кишилерди жактырбаган жерлерге — мейманканаларга жана кафе-барларга — атайын мушташканы барчубуз. Коопсуздук кызматкерлери жана полиция кызматкерлери менен далай жолу мушташканбыз. Түнкүсүн алдыман чыккан кишиге кол салууга даяр болуу үчүн жаныма дайыма чоң бычак алып жүрөр элем.

Бир жолу башка уюшкан топ менен мушташа кеткенде, мени аз жерден өлтүрүп коё жаздашкан. Алардын бири аркаман келип, башымды кыя чабайын дегенде, жолдошторумдун бири аны эс-учунан тандыра бир чаап, мени аман алып калган. Өмүрүм кылдын учунда турса да, мушташтан башым чыкчу эмес. Бирөө менен чатакташа кетсем, аял-эркегине карабай, уруп жиберчүмүн.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ. Биринчи жолу Жахабанын Күбөсүн жолуктурганымда, ал мага Забур китебинен бир нече аят окуп берип, ушундай сонун келечек жөнүндө Аян китебинде да жазылганын айтты. Ал мага ошол убадалар Аян китебинин кайсы бөлүмүндө жазылганын айтпагандыктан, Ыйык Китеп таап, ошол эле түнү Аян китебин башынан аягына чейин окуп чыктым. Мага баарынан Аян китебинин 21-бөлүмүнүн 3, 4-аяттарындагы: «Өлүм болбойт, кайгы да, өкүрүк да, оору да болбойт»,— деген убадалар абдан жакты. Жахабанын Күбөлөрү мага экинчи жолу келгенде, Ыйык Китепти изилдегенге макул болдум.

Жүрүм-турумумду жана ой жүгүртүүмдү өзгөртүү мен үчүн кыйынга турду. Бирок Элчилер 10:34, 35-аяттардан «Кудайдын беткарама эмес экенин» жана «Андан корккон жана адилдик боюнча иш кылган адам, кайсы гана элден болбосун, Ага жагарын» билдим. Ошондой эле Римдиктер 12:18-аяттагы: «Бардык адамдар менен тынчтыкта болууга колуңардан келишинче аракеттенгиле»,— деген кеңешке ылайык иш кылууга бүт күчүмдү жумшадым.

Өзүмдү өзүм кармоого аракет кылгандан тышкары, тамекини да ташташым керек эле. Көп жолу Жахабадан жардам сурап, ыйлап тиленген учурларым болгон. Башында ушул акыркы жолкусу деп тамеки чегип туруп, анан Жахабадан кечирим сурап койчумун. Мени менен изилдөө өткөргөн бир тууган тамекини колго алганга чейин тиленүү маанилүү экенин түшүнүүгө жардам берди. Ошондой эле тамеки чеккендердин жанына да турбашым керек эле. Андан тышкары, изилдөө өткөргөн бир туугандын кеңешине карманып, чогуу иштешкендерге тамеки чегүүнүн зыян экенин айта баштадым. Бул мага чын эле жардам берди. Анткени мага эч ким бекер тамеки бербей калды.

Акыры, тамекини таштап, жашоо мүнөзүмдү өзгөрттүм. Ыйык Китепти изилдеп, андагы кеңештерди колдоно баштагандан алты ай өткөндөн кийин чөмүлтүлүп, Жахабанын Күбөсү болдум.

КАНДАЙ ПАЙДА АЛЫП ЖАТАМ? Мен Жахабанын Күбөлөрү улутуна, расасына карабай бири-бирин сүйөрүн көргөндө, алардын чыныгы Кудайга сыйынарын түшүндүм. Чөмүлтүлө элек кезимде жыйналыштагы европеид расасындагы бир ишенимдеш мени үйүнө конокко чакырды. Мындай нерсе үч уктасам түшүмө кирчү эмес. Мен мурун териси ак киши менен чогуу тамак ичмек тургай, чогуу отурчу эмесмин. Ошондо мен өзүмдү бүткүл дүйнөлүк бир туугандыктын мүчөсүндөй сезгем.

Мурун коопсуздук кызматкерлери, полициялар менин ой жүгүртүүмдү, жүрүм-турумумду өзгөртүүгө аракет кылышкан, бирок андан эч майнап чыккан эмес. Мен Ыйык Китепти изилдөөнүн аркасында гана өзгөрүп, чыныгы бакытты таптым.

[21-беттеги сүрөт]

«Көп жолу Жахабадан жардам сурап, ыйлап тиленген учурларым болгон»