Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Иса жерде түбөлүк жашоого болгон үмүт тууралуу айтканбы?

Иса жерде түбөлүк жашоого болгон үмүт тууралуу айтканбы?

Иса жерде түбөлүк жашоого болгон үмүт тууралуу айтканбы?

«Кудай алардын көзүнөн бардык жашты аарчыйт. Мындан ары өлүм болбойт» (АЯН 21:4).

1, 2. Биринчи кылымдагы көптөгөн жүйүттөрдүн жер бетинде түбөлүк өмүр сүрүүгө үмүттөнүшкөнүн кайдан билебиз?

БАЙ, кадыр-барктуу бир жигит Исанын жанына чуркап келет да, алдына тизелеп: «Жакшы Устат, түбөлүк өмүрдү мурастоо үчүн эмне кылышым керек?» — деп сурайт (Мр. 10:17). Ал жигит асманда түбөлүк жашоо тууралуу сураганбы же жерде түбөлүк жашоо жөнүндөбү? Буга чейинки макалада талкуулаганыбыздай, Кудай андан жүздөгөн жылдар мурун жүйүттөргө тирилүүгө жана жер үстүндө түбөлүк өмүр сүрүүгө үмүт берген. Биринчи кылымдагы көптөгөн жүйүттөр да ошол үмүт менен жашашкан.

2 Исанын досу Марта каза болгон бир тууганы тууралуу: «Анын акыркы күнү, тирилүү убагында тирилерин билем»,— дегенде, кыязы, жерде жашоо үчүн тирилүү жөнүндө айткан (Жкн. 11:24). Ошол убактагы садукейлердин тирилүүгө ишенишпегени чын (Мр. 12:18). Бирок Жорж Фут Мур «Биздин замандын алгачкы кылымдарындагы иудаизм» деген китебинде мындай деп белгилейт: «Биздин заманга чейинки биринчи же экинчи кылымдарга таандык... жазуулар көрсөтүп тургандай, көптөр мурда каза болгон адамдардын белгиленген убакта кайрадан жерде жашоого тирилтилерине ишенишкен». Ооба, жогоруда айтылган жигит жер бетинде түбөлүк өмүрдү мурастагысы келген.

3. Бул макалада кайсы суроолор каралат?

3 Бүгүнкү күндө көптөгөн диндер жана Ыйык Китепти изилдеген окумуштуулар Иса жер үстүндө түбөлүк жашоо үмүтү тууралуу окуткан эмес дешет. Анын үстүнө, адамдардын көбү өлгөндөн кийин рухий чөйрөдө жашоого үмүттөнүшөт. Ошо себептен Грек Жазмаларынан «түбөлүк өмүр» деген сөз айкашын окуганда көптөр бул сөздөр дайыма асмандагы жашоого карата айтылат деп ойлошот. Бирок чынында ошондойбу? Иса «түбөлүк өмүр» деген сөздөр менен эмнени айткысы келген? Анын шакирттери эмнеге ишенишкен? Грек Жазмаларында жер бетинде түбөлүк өмүр сүрүү үмүтү жөнүндө айтылабы?

«Кайра жаратуу убагында» түбөлүк жашоо

4. «Кайра жаратуу убагында» эмне болушу керек?

4 Ыйык Китепте Исанын майланган жолдоочуларынын асмандан жер үстүнөн башкаруу үчүн тирилтилери айтылат (Лк. 12:32; Аян 5:9, 10; 14:1—3). Анткен менен Иса түбөлүк өмүр тууралуу ал топко карата эле айткан эмес. Иса бай жаш жигитти бүт мал-мүлкүн калтырып, анын жолдоочусу болууга чакырганда, ал капаланган бойдон кетип калган. Ошондо Исанын өзүнүн шакирттерине эмне дегенин карап көрөлү (Оку: Матай 19:28, 29). Ал элчилерине алардын падышалар катары бийлик кыларын жана «Ысрайылдын он эки уруусун» — асманда башкара тургандардын тобуна кирбеген жалпы адамзатты — соттой турганын билдирген (1 Кор. 6:2). Андан сырткары, ал анын жолун жолдогон «ар бир адамдын» сыйлык аларын айткан. Алар да «түбөлүк өмүрдү мурасташат». Мунун баары «кайра жаратуу убагында» болушу керек.

5. «Кайра жаратуу» дегенди эмне деп түшүндүрөт элеңер?

5 Иса «кайра жаратуу» деп эмнени айткысы келген? Бул сөз айкашы Ыйык Китептин «Биздин мезгилдин котормосунда» «жаңы дүйнө» деп, «Үмүт нурунун» котормосунда болсо «жаңы жашоо» деп берилген. Ал эми «Ыйык Инжил китебинде» «кылымдын калыбына келиши» деп которулган. Иса ал сөз айкашынын маанисин түшүндүрбөгөнүнө караганда, ал жүйүттөр кылымдар бою үмүттөнүп келген нерсе тууралуу айтса керек. Жүйүттөр эмнеге үмүттөнүп келген? Алар Адам ата менен Обо эне күнөө кетиргенге чейин Эйден багында өкүм сүргөн шарттын жер бетине кайрадан калыбына келтирилерине үмүттөнүшкөн. Кайра жаратууда Кудайдын «жаңы асманды жана жаңы жерди жаратууга» байланыштуу убадасы аткарылат (Ыш. 65:17).

6. Кой менен эчки жөнүндөгү мисалдан түбөлүк өмүргө болгон үмүт тууралуу эмнени билебиз?

6 Дүйнө түзүлүшүнүн аякташы тууралуу айтканда да Иса түбөлүк өмүр жөнүндө сөз кылган (Мт. 24:1—3). «Адам Уулу өзүнүн даңкы жана бүт периштелери менен келип, даңктуу тактысына отурат,— деген ал.— Ошондо анын алдына бүт элдер чогултулат жана койчу койлорду эчкилерден бөлгөндөй, ал да адамдарды экиге бөлөт». Ким жазага татыктуу болсо, «түбөлүккө жок кылынат, ал эми адил адамдар түбөлүк өмүргө ээ болушат». Түбөлүк өмүргө ээ болгон «адил адамдар» — Машаяктын рух менен майланган «биртуугандарына» берилгендик менен колдоо көрсөткөндөр (Мт. 25:31—34, 40, 41, 45, 46). Майлангандар асман Падышалыгында башкарууга тандалышкан. Демек, «адил адамдар» ошол Падышалыкка баш ийип жерде жашагандардан болууга тийиш. Ыйык Китепте Жахаба дайындаган Падышага баш ийгендердин «деңизден деңизге чейинки жерде» жана «дарыядан жердин акырына чейинки аймактарда» болору күн мурун айтылган (Заб. 71:8). Падышалыкка баш ийген ал адамдар жер үстүндө түбөлүккө ырахаттанып жашашат.

Жакандын Инжилинен эмнени билүүгө болот?

7, 8. Иса Никедимге кайсы эки үмүт тууралуу айткан?

7 Матайдын, Марктын, Луканын Инжилдеринде Исанын «түбөлүк өмүр» деген сөз айкашын жогоруда айтылып кеткен жагдайларда колдонгону жазылат. Ал эми Жакандын Инжилинде Исанын түбөлүк өмүр тууралуу айткан сөздөрү 17дей жолу кездешет. Келгиле, Исанын жер бетинде түбөлүк жашоого болгон үмүт жөнүндө эмне дегенин билүү үчүн, ошол жагдайлардын айрымдарына токтололу.

8 Жакан билдиргендей, Иса түбөлүк өмүр тууралуу алгач Никедим деген фарисейге айткан. Ал ага: «Кимде-ким кайрадан төрөлбөсө, Кудайдын падышалыгын көрбөйт»,— деген. Асман Падышалыгына кире тургандар «кайра төрөлүшү» керек (Жкн. 3:3—5). Бирок Иса сөзүн ошону менен эле бүтүргөн эмес: ал бүткүл адамзат ээ боло ала турган үмүт тууралуу да сөз кылган (Оку: Жакан 3:16). Иса анын майланган жолдоочуларынын — асманда, ал эми башкалардын жерде түбөлүк жашоого болгон үмүтү тууралуу айткан.

9. Иса самариялык аялга кайсы үмүт жөнүндө айткан?

9 Иерусалимде Никедим менен сүйлөшкөндөн кийин Иса түндүккө Галилеяны көздөй сапар тарткан. Жолдон ал Самариядагы Шекем шаарына жакын жайгашкан Жакыптын кудугунан бир аялды жолуктурган. Ал ага: «Ким мен берген суудан ичсе, эч качан суусабайт. Мен бере турган суу анын ичинде оргуштаган булакка айланат да, түбөлүк өмүр берет»,— деген (Жкн. 4:5, 6, 14). Ал сөз кылган суу Кудайдын жалпы адамзатка, анын ичинде жерде жашай турган адамдарга түбөлүк өмүр берүү үчүн көргөн чараларын билдирет. Аян китебинде Кудай өзү: «Ким суусаса, ага өмүр суусунун башатынан бекер суу берем»,— деп убадалаган (Аян 21:5, 6; 22:17). Ошентип, Иса самариялык аялга Падышалыктын майланган мураскорлору эле эмес, жерде жашоого үмүттөнгөн ишенимдүү адамдар да ээ боло ала турган түбөлүк өмүр тууралуу айткан.

10. Бетзада көлмөсүнөн бир кишини айыктыргандан кийин Иса каршылаштарына түбөлүк өмүр тууралуу эмне деген?

10 Кийинки жылы Иса Иерусалимге кайра барган. Ал жактан Бетзада деп аталган жасалма көлмөнүн жанынан бир оорулуу кишини айыктырган. Анын кылганын айыптаган жүйүттөргө Иса: «Уулу өз алдынча эч нерсе кыла албайт. Ал Атасынан көргөндү гана кылат»,— деген. Атасынын «сот бийлигинин баарын Уулуна тапшырганын» айткан соң, ал мындай деген: «Менин сөздөрүмдү угуп, мени жибергенге ишенген адам түбөлүк өмүргө ээ». Анан: «Мүрзөлөрдө жаткандардын баары анын [адам Уулунун] үнүн уга турган убак келет. Ошондо өлгөндөр мүрзөдөн чыгышат: жакшылык кылгандар өмүр сүрүү үчүн, жамандык кылгандар соттолуу үчүн тирилишет»,— деп айткан (Жкн. 5:1—9, 19, 22, 24—29). Аны куугунтуктаган жүйүттөргө Иса алардын жер бетинде түбөлүк өмүр сүрүүгө болгон үмүтүн орундатыш үчүн Кудай тарабынан дайындалганын, ошондой эле муну өлгөндөрдү тирилтүү менен кыларын айткан.

11. Исанын Жакан 6:48—51-аяттарда айткан сөздөрүндө жер үстүндө түбөлүк жашоого болгон үмүт камтылганын кайдан билебиз?

11 Иса Галилеядан миңдеген адамдарды кереметтүү түрдө нан менен тойгузгандан кийин, алар дагы нан берсе экен деп, анын артынан ээрчий башташкан. Бирок ал нандын башка түрү — «өмүр наны» — тууралуу сөз кылган (Оку: Жакан 6:40, 48—51). «Бул нан — менин денем»,— деген ал. Иса өз өмүрүн асмандагы Падышалыгында аны менен кошо башкара тургандар үчүн эле эмес, куткарылууга муктаж болгон жалпы «адамзаттын өмүрү үчүн берген». «Ким бул нандан жесе», башкача айтканда, Исанын курмандыгынын куткаруучу күчүнө ишеним көрсөтсө, ал түбөлүк өмүргө болгон үмүткө ээ болот. Ооба, Иса сөз кылган «түбөлүк жашоо» жүйүттөрдүн кылымдар бою сактап келген Машаяктын башкаруусу астында жер бетинде түбөлүк өмүр сүрүү үмүтүнө карата да айтылган.

12. Иса каршылаштарына өзүнүн «койлоруна» түбөлүк өмүр берерин айтканда кайсы үмүт тууралуу сөз кылган?

12 Кийинчерээк Иерусалимде Арналуу майрамында Иса каршылаштарына: «Силер ишенбей жатасыңар, анткени менин койлорум эмессиңер. Менин койлорум үнүмө кулак салышат. Мен аларды билем, алар мени ээрчишет. Мен аларга түбөлүк өмүр берем»,— деп айткан (Жкн. 10:26—28). Ал асмандагы жашоо тууралуу эле сөз кылганбы же жердеги бейиште түбөлүк жашоо жөнүндө да айтканбы? Иса ага чейин жолдоочуларын: «Коркпо, кичине отор, анткени асмандагы Атаңар силерге падышалыкты берүүнү туура көрдү»,— деп бекемдеген (Лк. 12:32). Бирок ошол Арналуу майрамында: «Менин бул короодон болбогон башка койлорум да бар. Мен аларды да алып келишим керек»,— деп да айткан (Жкн. 10:16). Демек, Иса каршылаштарына «кичине отордун» асманда жашоого болгон үмүтү жана миллиондогон «башка койлордун» жер бетинде түбөлүк жашоого болгон үмүтү жөнүндө айткан.

Ал үмүт тууралуу түшүндүрүү зарыл болгон эмес

13. «Мени менен Бейиште болосуң» деген сөздөр менен Иса эмнени айткысы келген?

13 Иса жаза устунунда азап чегип, өлүм алдында турганда адамзатка бекем үмүт берген сөздөрдү айткан. Анын жанында кадалган кылмышкер: «Иса, падыша болгонуңда мени эстей көр»,— деген. Иса ага: «Сага бүгүн айтамын, сен мени менен Бейиште болосуң»,— деп убада берген (Лк. 23:42, 43). Ал, кыязы, жүйүт болгон, ошондуктан ага бейиш жөнүндө түшүндүрүү зарыл болгон эмес. Ал келечекте жер бетинде түбөлүк жашоо үмүтү тууралуу билген.

14. а) Шакирттерге асманда жашоо үмүтү тууралуу айтылгандарды түшүнүү кыйын болгонун эмне көрсөтүп турат? б) Исанын жолдоочулары ал үмүт тууралуу айтылгандардын маанисин качан айкын түшүнүшкөн?

14 Ал эми Исанын асманда жашоого болгон үмүт тууралуу айткандарын түшүндүрүү зарыл эле. Иса шакирттерине асманга аларга орун даярдаш үчүн баратканын айтканда, алар анын сөздөрүнүн маанисин түшүнүшкөн эмес (Оку: Жакан 14:2—5). Кийинчерээк ал мындай деген: «Силерге айта турган сөзүм көп, бирок азыр анын баарын түшүнө албайсыңар. Ал эми жардамчы — чындык руху — келгенде, чындыкты толук түшүнүшүңөр үчүн, ал силерди жетектейт» (Жкн. 16:12, 13). Б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында Исанын жолдоочулары келечекте падыша болуу үчүн Кудайдын руху менен майлангандан кийин гана тактылары асманда боло турганын түшүнүшкөн (1 Кор. 15:49; Кол. 1:5; 1 Пет. 1:3, 4). Асмандагы мураска ээ болуу үмүтү Исанын жолдоочулары үчүн ачылыш болгон. Ал үмүткө Грек Жазмаларына кирген рухтун жетеги менен жазылган каттарда өзгөчө маани берилген. Бирок ал каттар адамзатка жер бетинде түбөлүк жашоого үмүттөнүүгө негиз береби?

Рухтун жетеги менен жазылган каттарда эмне делет?

15, 16. Эврейлерге жазылган катта жана Петирдин сөздөрүндө жер бетинде түбөлүк өмүр сүрүүгө болгон үмүт кандайча баса белгиленет?

15 Эврейлерге жазган катында элчи Пабыл ишенимдештерине «ыйык биртуугандар, асманга чакырылгандар» деп кайрылган. Бирок ал Кудайдын «болочок жерди» Исанын бийлигине бергенин да айткан (Эвр. 2:3, 5; 3:1). Грек Жазмаларында «жер» деп берилген грек сөзү дайыма адамдар жашаган жерге карата айтылат. Демек, «болочок жер» деген келечекте Иса Машаяктын башкаруусу астында боло турган жер бетиндеги дүйнө түзүлүшүн билдирет. Ошондо Иса Кудайдын: «Адил адамдар жерди мурастап, анда түбөлүк жашашат»,— деген убадасын орундатат (Заб. 36:29).

16 Элчи Петир да ыйык рухтун жетеги менен адамзаттын келечеги тууралуу мындай деп жазган: «Азыркы асман менен жер ошол эле сөз боюнча отко, ыймансыз адамдар жок боло турган сот күнүнө сакталып турат» (2 Пет. 3:7). Мамлекеттик бийликтерди билдирген «асман» жана ыймансыз адамзат коому эмне менен алмаштырылат? (Оку: 2 Петир 3:13). Алар «жаңы асман» — Кудайдын Падышалыгы — жана «жаңы жер» — чыныгы сыйынуучулардан турган адил адамзат коому — менен алмаштырылат.

17. Аян 21:1—4-аяттарда адамзаттын үмүтү кандайча сүрөттөлөт?

17 Ыйык Китептин акыркы китебинде жүрөк козгоорлук аян, адамзаттын жеткилеңдикке жеткирилгени тууралуу, жазылган (Оку: Аян 21:1—4). Буга ишенимдүү адамдар, Эйден багында адам баласы жеткилеңдиктен айрылгандан тартып, үмүттөнүп келишет. Адил адамдар жер бетиндеги бейиште карыбай чексиз өмүр сүрүшөт. Ал үмүт Эврей Жазмаларында да, Грек Жазмаларында да баса белгиленет жана ушул күнгө чейин Жахабанын ишенимдүү кызматчыларын бекемдеп келет (Аян 22:1, 2).

Түшүндүрө аласыңарбы?

• Иса «кайра жаратуу» жөнүндө сөз кылганда эмнени айткысы келген?

• Иса Никедимге эмне жөнүндө айткан?

• Жанында устунга кадалган кылмышкерге Иса кандай убада берген?

• Эврейлерге жазылган катта жана Петирдин сөздөрүндө жер бетинде түбөлүк өмүр сүрүүгө болгон үмүт кандайча баса белгиленет?

[Изилдөө суроолору]

[8-беттеги сүрөт]

Кой мүнөздүү адамдар жер бетинде түбөлүк жашашат

[10-беттеги сүрөт]

Иса адамдарга түбөлүк өмүр жөнүндө айткан