Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбоого умтулгула»

«Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбоого умтулгула»

«Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбоого умтулгула»

«Мырзабыз Иса Машаяктын түбөлүк өмүргө алып бара турган кайрымдуулугун күтүү менен бирге Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбоого умтулгула» (ЖҮЙ. 21).

1, 2. Жахаба бизге сүйүүсүн кантип көрсөтөт жана кандай иш кылбайлы, ал бизди баары бир деле сүйө берет деп айта алабызбы?

ЖАХАБА КУДАЙ бизге болгон сүйүүсүн көптөгөн жолдор менен көрсөтүп келет. Анын сүйүүсүнүн эң зор далили — ал караштырган куткаруу курмандыгы. Адамзатка болгон сүйүүсү ушунчалык күчтүү болгондуктан Жахаба сүйүктүү Уулун жерге жиберип, биз үчүн өлүшүнө жол берген (Жкн. 3:16). Эмне үчүн? Себеби ал биздин түбөлүк жашашыбызды жана анын сүйүүсүнөн түбөлүк пайда алышыбызды каалайт.

2 Бирок, кандай иш кылбайлы, Жахаба бизди баары бир деле сүйө берет деп айта алабызбы? Жок. Анткени Жүйүт жазган каттын 21-аятынан мындай дегенди окуйбуз: «Мырзабыз Иса Машаяктын түбөлүк өмүргө алып бара турган кайрымдуулугун күтүү менен бирге Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбоого умтулгула». «Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбоого умтулгула» деген сөздөр биз тараптан да иш-аракет кылуу талап кылынарын көрсөтүп турат. Анда Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбоо үчүн эмне кылышыбыз зарыл?

Канткенде Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбайбыз?

3. Исанын сөздөрүнө ылайык, ага Атасынын сүйүүсүнөн айрылбоо үчүн эмне маанилүү болгон?

3 Бул суроонун жообун Исанын жердеги жашоосунун акыркы түнүндө айткан сөздөрүнөн билебиз. Ал мындай деген: «Мен Атамдын осуяттарын аткарып, анын сүйүүсүнөн айрылбаганымдай эле, силер да менин осуяттарымды аткарсаңар, сүйүүмдөн айрылбайсыңар» (Жкн. 15:10). Ооба, Иса Жахабанын жактыруусунан айрылбоо үчүн Анын осуяттарын аткаруу керек экенин билген. Эгерде бул Кудайдын жеткилең Уулу үчүн маанилүү болгон болсо, анда биз үчүн ого бетер маанилүү болушу керек эмеспи?

4, 5. а) Жахабаны сүйөрүбүздү көрсөтүүнүн негизги жолу кайсы? б) Жахабанын осуяттарын аткаруу керек деген ойдон чочулоого эмне үчүн негиз жок?

4 Баарынан мурда, Жахабаны сүйөрүбүздү анын тилин алуу менен көрсөтөбүз. Элчи Жакан муну мындайча түшүндүргөн: «Кудайды сүйүү — бул анын осуяттарын аткаруу. Анын осуяттарын аткаруу оор эмес» (1 Жкн. 5:3). Бүгүнкү дүйнөдө кимдир бирөөгө баш ийүү керек деген ойдун өзү эле көпчүлүккө жага бербейт. Бирок «анын осуяттарын аткаруу оор эмес» деген сөздөргө көңүл бурсаңар. Жахаба бизден күчүбүз жетпеген, оор нерселерди талап кылбайт.

5 Мисалы, жакын досуңдан ал көтөрө албай турган жүктү көтөрүүнү суранат белең? Албетте, жок. Жахаба бизден алда канча боорукер жана күчүбүздүн бардык нерсеге жете бербесин жакшы түшүнөт. Ыйык Китепте айтылгандай, Жахаба «биздин топурак экенибизди билет» (Заб. 102:14). Ал бизден колубуздан келбегенди эч качан талап кылбайт. Ошондуктан Жахабанын осуяттарын аткаруу керек деген ойдон чочулоого негиз жок. Тескерисинче, асмандагы Атабызга тил алуу менен аны чындап сүйөрүбүздү жана анын сүйүүсүнөн айрылгыбыз келбей турганын көрсөтө аларыбызды түшүнөбүз.

Жахаба берген өзгөчө белек

6, 7. а) Абийир деген эмне? б) Абийирдин Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбоого кандайча жардам берерин мисал менен түшүндүргүлө.

6 Бизге азыркы татаал дүйнөдө Кудайга тил алууга байланышкан көптөгөн чечимдерди чыгарууга туура келет. Ал чечимдердин Кудайдын эркине шайкеш келерин кантип биле алабыз? Жахаба бизге ага баш ийүүгө жардам бере турган белекти — абийир белегин — берген. Абийир деген эмне? Ал — иш-аракеттерибизге, көз карашыбызга жана чечимдерибизге баа берүүгө көмөк кылган жөндөмдүүлүк. Абийирибиз ички дүйнөбүздөгү сот сыяктуу ролду аткарып, бизге чечим чыгарардын алдында таразалоого, кылган иштерибиз тууралуу ой жүгүртүүгө, алардын жакшы же жаман, туура же туура эмес экенин аныктоого жардам берет (Оку: Римдиктер 2:14, 15).

7 Абийирибиз бизге кандайча жардам берет? Бир мисал алып көрөлү. Саякатчынын ээн талаа, эрме чөлдө кетип баратканын элестетсеңер. Ал жакта бирөө жарымдын изи да, жол да, эч кандай жол белги да жок. Ошентсе да ал көздөгөн жерине ишенимдүү баратат. Ага багытынан жазбоого эмне жардам берүүдө? Компас. Ал — бетинде дүйнөнүн төрт тарабы тамгалар менен белгиленген жана магнит жебеси дайыма түндүктү көрсөтүп турган шайман. Компас болбосо, саякатчы адашып кетмек. Ошол сымал, абийир болбосо, адам жашоодо «адашып», адеп-ахлактуулукка жаткан туура чечимдерди чыгара алмак эмес.

8, 9. а) Эмне үчүн абийирибиз кээде туура эмес «иштеши» мүмкүн? б) Абийирибиздин бизге чындап пайдасы тийиши үчүн, эмне кылышыбыз зарыл?

8 Бирок, компас сыяктуу эле, биздин абийирибиз да туура «иштебей» калышы мүмкүн. Эгер саякатчы компастын жанына магнит коё турган болсо, анын жебеси түндүктү көрсөтпөй калат. Ошо сыяктуу эле, биз жүрөгүбүздүн каалоолоруна жетелене берсек эмне болот? Өзүмчүл каалоолорубуз абийирибизге күчтүү таасир этип, ал тескери жетекчилик бере башташы мүмкүн. Ыйык Китеп: «Адамдын жүрөгү өтө анткор, өтө бузулган»,— деп эскертет (Жер. 17:9; Накыл 4:23). Андан сырткары, саякатчынын так, ишеничтүү картасы болбосо, компасынын пайдасы аз же такыр эле жок болот. Анын сыңарындай, биз Кудайдын Сөзүндө, Ыйык Китепте, камтылган ишеничтүү, өзгөрүлгүс жетекчиликке карманбасак, абийирибиздин пайдасы дээрлик тийбейт (Заб. 118:105). Тилекке каршы, азыркы дүйнөдө көптөр жүрөгүнүн каалоолоруна жетеленип, Кудайдын Сөзүндөгү нормаларды көп деле же такыр баркка алышпайт (Оку: Эфестиктер 4:17—19). Мына ошондуктан канчалаган адамдар, абийирге ээ болсо да, төбө чачты тик тургузган иштерге барышат (1 Тим. 4:2).

9 Биз алардай болууну эч качан каалабайбыз! Абийирибиздин бизге чындап пайдасы тийиши үчүн, аны Кудайдын Сөзү аркылуу үйрөтүп, тарбиялай беришибиз зарыл. Ыйык Китептин негизинде үйрөтүлгөн абийирибизди угуп, өзүмчүл каалоолорубуздун аны басып салышына жол бербешибиз керек. Ошондой эле сүйүктүү рухий бир туугандарыбыздын абийирин эске алышыбыз кажет. Ишенимдештерибиздин абийири биздикинен да сезимталыраак болушу мүмкүн экенин эстен чыгарбай, аларды мүдүрүлтүп албоого бүт күч-аракетибизди жумшайбыз (1 Кор. 8:12; 2 Кор. 4:2; 1 Пет. 3:16).

10. Жахабаны сүйөрүбүздү көрсөтүүнүн кайсы үч жолун карап чыгабыз?

10 Келгиле, Жахабаны сүйөрүбүздү жана ага баш иерибизди көрсөтүүнүн үч жолун карап көрөлү. Албетте, алардын ар биринде абийир кандайдыр бир багыт берет, бирок ал туура «иштеши» үчүн биринчи кезекте Ыйык Китептеги рухтун жетеги менен жазылган жүрүм-турум нормаларына жетектелиши керек. Жахабаны сүйөрүбүздү жана ага баш иерибизди: 1) Жахаба сүйгөн адамдарды сүйүү менен, 2) бийликти урматтоо менен, 3) Кудайдын көз алдында дайыма таза болуу менен көрсөтө алабыз.

Жахаба сүйгөн адамдарды сүйгүлө

11. Эмне үчүн Жахаба сүйгөн адамдарды сүйүшүбүз керек?

11 Биринчиден, биз Жахаба сүйгөн адамдарды сүйүшүбүз керек. Башкалар менен мамилелешүү жагынан адамдар кандайдыр бир мааниде кебезге окшош. Биз айланабыздагы нерселерди сиңирип алууга жакын келебиз. Достук мамилелердин жеткилеңсиз адамдар үчүн канчалык кооптуу, канчалык пайдалуу болушу мүмкүн экенин Жаратканыбыз жакшы билет. Ошондуктан ал бизге: «Акылдуу адамдар менен мамилелешкен адам акылдуу болот, ал эми акылсыз адамдар менен достошкон адам бузулат»,— деген даанышман кеңеш берет (Накыл 13:20; 1 Кор. 15:33). Эч кимибиздин «бузулгубуз» келбейт. Ар бирибиз «акылдуу болууну» каалайбыз. Жахаба чексиз акылман Кудай болгондуктан, кимдир бирөөнүн акыл үйрөтүшүнө муктаж эмес. Ошондой эле аны эч ким буза албайт. Ошентсе да ал дос тандоодо бизге эң сонун үлгү көрсөтөт. Анда Жахаба кандай адамдар менен достошот?

12. Жахаба кандай досторду тандайт?

12 Жахаба уруу аксакалы Ыбрайымды «Менин досум» деп атаган (Ыш. 41:8). Ал Кудайга берилген, адил жана тил алчаак, бир сөз менен айтканда, күчтүү ишеним менен жашаган киши болгон (Жкп. 2:21—23). Жахаба мына ушундай досторду тандайт. Ал бүгүнкү күндө да ошондой адамдар менен дос болот. Эгер Жахаба ушундай досторду тандап жатса, акылдуу адамдар менен мамилелешип, акылдуу болушубуз үчүн биз да ушундай досторду тандаганыбыз канчалык маанилүү?!

13. Жакшы досторду тандоого бизге эмне жардам берет?

13 Анда жакшы досторду тандоого эмне жардам берет? Ыйык Китепте жазылган мисалдарды карап чыгуу. Мисалга Рут менен кайненеси Нааминин, Дөөтү менен Жонатандын жана Тиметей менен Пабылдын достугун алалы (Рут 1:16, 17; 1 Шем. 23:16—18; Флп. 2:19—22). Алардын ынак достордон болгонунун эң негизги себеби: алар Жахабаны чындап сүйүшкөн. Жахабаны сендей жакшы көргөн досторду таба аласыңбы? Жыйналыштан андай досторду таба аларыңа толук ишенсең болот. Алар сени рухий жактан бузбайт. Кайра, Жахабага тил алышыңа, рухий жактан өсүшүңө жана «рухка себишиңе» көмөк кылат (Оку: Галатиялыктар 6:7, 8). Андай достор сага Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбоого жардам берет.

Бийликти урматтагыла

14. Эмнеден улам бийликти урматтоо кыйынга турат?

14 Жахабага болгон сүйүүбүздү көрсөтүүнүн экинчи жолу — бийликти урматтоо. Биз бийликти урматташыбыз керек. Бул эмне үчүн кээде кыйынга турат? Биринчиден, бийлиги бар адамдар жеткилеңсиз. Андан тышкары, өзүбүз да жеткилең эмеспиз. Биз төрөлгөнүбүздөн эле тил албоого жакын келебиз.

15, 16. а) Жахаба өз элине кам көрүүгө дайындаган адамдарды урматтоо эмне себептен маанилүү? б) Ысрайылдыктардын Мусага каршы чыгарган козголоңуна Жахабанын кандай караганынан эмнени биле алабыз?

15 Балким: «Эгер ушунчалык кыйын болсо, анда эмне үчүн бийликти урматташыбыз зарыл?» — деп ойлойттурсуңар. Бул суроонун жообу өз ичине эгедерликке байланыштуу талаш маселени камтыйт. Эгедериңер, башкаруучуңар катары кимди тандайсыңар? Жахабаны тандай турган болсок, анын бийлигин урматташыбыз керек. Урмат көрсөтпөсөк, аны Башкаруучубуз деп чын ыкластан айта алабызбы? Мындан тышкары, Жахаба көп учурда бийлигин өз элине кам көрүүгө дайындаган жеткилеңсиз адамдар аркылуу жүргүзөт. Эгер андай адамдарга каршы чыксак, Жахаба ага кандай карайт? (Оку: 1 Тесалоникалыктар 5:12, 13).

16 Маселен, ысрайылдыктар наалып, Мусага каршы чыкканда, Жахаба алардын козголоңун өзүнө каршы чыгарылгандай кабыл алган (Сан. 14:26, 27). Андан бери Кудай өзгөргөн жок. Демек, ал бийлик берген адамдарга каршы чыксак, ага каршы чыккан болобуз!

17. Жыйналышта бийликке ээ болгондорго карата кандай көз караш өрчүтүшүбүз керек?

17 Элчи Пабыл жыйналыштагы жоопкерчиликтүү бир туугандарга карата туура көз караш өрчүтүшүбүз керектигин көрсөтүп, мындай деп жазган: «Араңарда жетекчиликти колго алгандарга тил алып, баш ийгиле. Себеби алар силер үчүн жооп бере тургандар катары жаныңарга күндүр-түндүр кам көрүшөт. Алар үшкүрүнө эмес, кубаныч менен кам көрүшү үчүн, баш ийгиле, анткени алардын үшкүрүнө кам көргөнү силерге зыян алып келет» (Эвр. 13:17). Ооба, жоопкерчиликтүү бир туугандарга дайыма баш ийүүгө үйрөнүү үчүн көп күч-аракет талап кылынат. Бирок биз Кудайдын сүйүүсүнөн айрылгыбыз келбейт. Бул талыкпай күч-аракет жумшашыбызга арзыбайбы?

Жахабанын көз алдында дайыма таза болгула

18. Жахаба эмне себептен биздин таза болушубузду каалайт?

18 Жахабаны сүйөрүбүздү көрсөтүүнүн үчүнчү жолу — анын көз алдында дайыма таза болууга умтулуу. Ата-энелер, адатта, балдарынын таза болушуна көп күч-аракет жумшашат. Эмне себептен? Мунун бир себеби: тазалык баланын саламаттыгы, жыргалчылыгы үчүн абдан маанилүү. Ошондой эле бала таза болсо, бул анын жакшы үй-бүлөдөн экенин, ата-энесинин сүйүүсүн, камкордугун айгинелеп турат. Жахаба да ушундай себептерден улам биздин таза болушубузду каалайт. Ал тазалыктын биздин жыргалчылыгыбыз үчүн абдан маанилүү экенин билет. Андан сырткары, тазалыгыбыз ал тууралуу, асмандагы Атабыз тууралуу, көп нерсени айтып турарын билет. Бул абдан маанилүү, себеби мунун аркасында башкалар азыркы ыпылас дүйнөдөгү адамдардан канчалык айырмаланарыбызды байкап, биз кызмат кылган Кудайга жакындашы мүмкүн.

19. Тазалыктын маанилүү экенин кайдан билебиз?

19 Биз кайсы жактардан таза болушубуз керек? Бардык жагынан. Байыркы Ысрайылда Жахаба өзүнүн элине тазалыкты сактоо маанилүү экенин билдирген (Леб. 15:31). Мусанын мыйзамында акыр-чикирди жок кылууга, идиш-аякты, колу-бутту жана кийим-кечени жууп-тазалоого байланыштуу көрсөтмөлөр камтылган (Чыг. 30:17—21; Леб. 11:32; Сан. 19:17—20; Мыйз. 23:13, 14). Ысрайылдыктарга алардын Кудайы Жахабанын ыйык экени эскертилген. Ыйык деген «таза», «аруу», «касиеттүү» дегенди билдирет. Ыйык Кудайга кызмат кылгандар да ыйык болушу керек (Оку: Лебилер 11:44, 45).

20. Биз кайсы жактардан таза болушубуз керек?

20 Андыктан сыртыбыздан да, ичибизден да таза болууга тийишпиз. Биз ойлорубузду таза сактоого аракет кылабыз. Ошондой эле дүйнө адеп-ахлаксыздыктын сазына барган сайын батып баратса да, биз Жахабанын адеп-ахлактык тазалыкка байланыштуу нормаларына бекем карманабыз. Баарынан маанилүүсү, жалган диндин ыпылас нерселеринен оолак болуп, сыйынуубузду таза сактайбыз. Ышайа 52:11деги: «Кеткиле, кеткиле, ал жерден чыккыла, таза эмес нерселерге тийбегиле!.. Алардын чөйрөсүнөн чыккыла, өзүңөрдү тазалагыла»,— деген рухтун жетеги менен жазылган эскертүүнү эсибизден чыгарбайбыз. Бүгүнкү күндө асмандагы Атабыз таза эмес деп эсептеген жалган сыйынууга байланыштуу нерселердин баарынан алыс болуп, өзүбүздү рухий жактан таза сактайбыз. Мына ошо себептен, мисалы, дүйнөдө кеңири таралган жалган диндин майрам-салтанаттарына таптакыр катышпайбыз. Ооба, тазалыкты сактоо оңой эмес. Бирок Жахабанын эли тазалыкты сактоого чечкиндүү, анткени бул аларга Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбоого жардам берет.

21. Канткенде Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбайбыз?

21 Жахаба анын сүйүүсүнөн айрылып калышыбызды эч каалабайт. Бирок жеке ар бирибиз ал сүйүүдөн айрылып калбоо үчүн бүт күч-аракетибизди жумшашыбыз керек. Исанын үлгүсүнө кармансак жана Жахабага болгон сүйүүбүздү осуяттарын аткаруу менен далилдесек, Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбайбыз. Ошондо бизди эч нерсе «Кудайдын Мырзабыз Машаяк Иса аркылуу көрсөткөн сүйүүсүнөн ажырата албасына» толук ишене алабыз (Рим. 8:38, 39).

Эсиңердеби?

• Абийир бизге Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбоого кандайча жардам берет?

• Эмне үчүн Жахаба сүйгөн адамдарды сүйүшүбүз керек?

• Бийликти урматтоо эмне себептен маанилүү?

• Кудайдын эли үчүн тазалыкты сактоо канчалык маанилүү?

[Изилдөө суроолору]

[20-беттеги кутуча]

ЖҮРҮМ-ТУРУМДУ ЖАКШЫРТУУГА ЖАРДАМ БЕРГЕН КИТЕП

2008-жылы облустук жыйында «Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбоого умтулгула» деп аталган 224 беттүү китептин жарык көргөнү кулактандырылган. Жаңы китеп кандай максатта чыгарылган? Анда биринчи кезекте Исанын жолдоочуларынын жүрүм-турумуна көңүл бурулат. Ошондой эле ал Жахаба бекиткен нормаларды терең түшүнүүгө жана аларды сүйүүгө жардам берет. «Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбоого умтулгула» деген китепти кылдат изилдөө менен Жахабанын нормаларына карманып жашоо бүгүнкү күндө жашоонун эң мыкты жолу экенине жана келечекте түбөлүк өмүргө алып барарына дагы көбүрөөк ынанабыз.

Андан тышкары, ал китеп Кудайга баш ийүү оор эмес экенин, тескерисинче, муну менен аны канчалык терең сүйөрүбүздү көрсөтө аларыбызды түшүнүүгө көмөк кылат. Ал китеп бизге: «Жахабага эмне үчүн баш ием?» — деп ойлонууга түрткү берет.

Кимдир бирөө ката кетирип, Жахабанын сүйүүсүнөн айрылганда, адатта, көйгөй ыйык китептик окууга эмес, жүрүм-турумга байланыштуу болот. Ошондуктан Жахабанын бизге күндөлүк жашообузда жетекчилик берген мыйзамдары менен принциптерине сүйүү өрчүткөнүбүз жана алар үчүн ыраазычылыгыбызды арттырганыбыз кандай гана маанилүү! Бул жаңы китептин Жахабанын дүйнө жүзүндөгү кызматчыларына туура иш кылууга чечкиндүү болууга, Шайтандын жалганчы экенин далилдөөгө жана баарынан маанилүүсү, Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбоого жардам берерине толук ишенебиз! (Жүй. 21).

[18-беттеги сүрөт]

«Мен Атамдын осуяттарын аткарып, анын сүйүүсүнөн айрылбаганымдай эле, силер да менин осуяттарымды аткарсаңар, сүйүүмдөн айрылбайсыңар»

[20-беттеги сүрөт]

«Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбоого умтулгула»