Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба аларды «мээримдүү жүзү менен карайт»

Жахаба аларды «мээримдүү жүзү менен карайт»

Жахаба аларды «мээримдүү жүзү менен карайт»

АДАМДЫН бетинде 30дан ашуун булчуң бар. Жылмайганыңарда эле алардын он төртү иштейт! Андай булчуңдар болбосо, пикир алышуубуз кандай болмок? Жагымдуу болот беле? Айтыш кыйын. Бирок дүлөй кишилерге бет булчуңдары баарлашууну жандуу кылууга эле жардам бербейт. Алар жаңсоолор менен бирге ойлорду жана түшүнүктөрдү билдирүүдө чоң роль ойнойт. Көптөр жаңдоо тилинде атүгүл татаал ойлорду да майда-чүйдөсүнө чейин түшүндүрүүгө болоруна таң калышат.

Жакын арадан бери дүйнөнүн ар тарабындагы дүлөй кишилер адамдын жүзүнөн алда канча таасирдүү, алда канча жарык жүздү көрүүдө. Каймана мааниде айтканда, алар «Кудайдын жүзүн» көрүп жатышат (Башт. 33:10). Бул кокусунан эле болуп жаткан жок. Жахаба байыртадан бери эле дүлөй кишилерге зор сүйүүсүн көрсөтүп келет. Муну байыркы ысрайыл элинин тарыхы тастыктап турат (Леб. 19:14). Бүгүнкү күндө да анын дүлөй кишилерге көрсөткөн сүйүүсү айкын. «[Кудай] ар кандай адамдардын куткарылышын, чындыкты так таанып-билишин каалайт» (1 Тим. 2:4). Кудай жөнүндө чындыкты так таанып-билүү менен көптөгөн дүлөй кишилер, мындайча айтканда, анын жүзүн көрүп жатышат. Алар укпаса, андай билимге кантип ээ болуп жатышат? Бул суроого жооп алардан мурун, келгиле, дүлөй кишилер үчүн жаңдоо тили канчалык маанилүү экенин карап көрөлү.

Көздөрү менен «угушат»

Дүлөй кишилер жана жаңдоо тили жөнүндө көптөгөн жаңылыш ойлор бар. Келгиле, аларга байланыштуу айрым фактыларды биле кетели. Дүлөй кишилер машине айдай алышат. Аларга сүйлөп жаткан кишинин сөздөрүн эриндеринин кыймылын карап түшүнүү өтө кыйын. Жаңдоо тилинин Брайл ариби менен эч жалпылыгы жок, ошондой эле ал ойду жаңсоо, мимика жана дененин кыймылы аркылуу билдирүү өнөрү эмес. Дүйнө жүзүндө баары түшүнө турган жалпы бир жаңдоо тили жок. Андан сырткары, бир эле өлкөнүн ар тарабында жашаган дүлөй кишилердин жаңсаганы бири-бириникинен анча-мынча айырмаланып турат.

Алар окуй алышабы? Айрымдары окуганды жакшы билсе да, алардын басымдуу бөлүгүнө окуу бир топ кыйын. Эмне үчүн? Себеби кагаз бетиндеги сөздөр оозеки речтен алынат. Угууга жөндөмдүү кичинекей баланын тилди кантип үйрөнөрүн карап көрөлү. Төрөлгөндөн тартып бала жергиликтүү тилде сүйлөгөн адамдардын курчоосунда чоңоёт. Кыска убакыттын ичинде эле ал сөздөрдүн башын бириктирип, сүйлөм түзүп калат. Бала тилди атайын эмес, угуп жатып эле үйрөнүп алат. Ошентип, кулагы уккан балдар окуй баштаганда кагаз жүзүндөгү тамгаларды, белгилерди ага чейин угуп-билген тыбыштар жана сөздөр менен байланыштырат.

Өзүңдү чет өлкөдө сырттан эч нерсе угулбаган, айнектен жасалган бөлмөнүн ичинде турганыңды элестетсең. Сен ал жердин тилин эч качан уккан эмессиң. Ал жактагы кишилер күн сайын келип, сага айнектин сыртынан бир нерселерди айтып жаткан болот. Бирок алардын эмне деп жатканын уга албайсың. Болгону, эриндеринин кыймылдаганын көрөсүң. Түшүнбөй жатканыңды байкап, алар ошол эле сөздөрдү кагазга жазат да, айнекке такап, сага көрсөтөт. Алар сени эми түшүнөт болушу керек деп ойлойт. Бирок жазылгандарды түшүнөт белең? Андай жагдайда пикир алмашуу дээрлик мүмкүн эмес болмок. Эмне себептен? Анткени кагаздагы сөздөр сен өмүрү укпаган тилде жазылган. Дүлөй кишилердин көбү дал ушундай жагдайга туш болушат.

Жаңдоо тили — дүлөй кишилер үчүн сүйлөшүүнүн эң сонун жолу. Адам өзүнүн айланасында жаңсоолор менен кайсы бир нерселерди сүрөттөп түшүндүрөт. Анын колдорунун, денесинин кыймыл-аракеттери менен мимикасы жаңдоо тилинин грамматикасына ылайык келет. Ошентип, маалыматты көз аркылуу кабыл алууга мүмкүндүк берген көзгө көрүнгөн тил пайда болот.

Жаңсап жаткан дүлөй кишинин колдорунун, денесинин жана жүзүнүн дээрлик бардык кыймылы кандайдыр бир мааниге ээ. Мимика ойду жандуу билдирүү үчүн эле зарыл эмес: ал жаңдоо тилинин грамматикасынын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет. Маселен, суроо берип жатканда адам кашын өйдө көтөрсө, бул суроонун риторикалык экенин же «ооба», «жок» деген жоопту талап кыларын билдириши ыктымал. Ал эми кашын түйсө, «ким?», «эмне?», «каякта?», «качан?», «эмне үчүн?», «кантип?» деген суроолорду берип жатканын билдириши мүмкүн. Ооздун белгилүү бир кыймылы «айтылып» жаткан нерсенин өлчөмүн жана иш-аракеттин канчалык тез же канчалык жай жасалганын көрсөтүшү этимал. Адамдын бети-башын кыймылдатканы, ийиндерин көтөргөнү, көзүн ирмегени — баары ал билдиргиси келген ойдун маанисинин билинер-билинбес өзгөчөлүктөрүн көрсөтөт.

Булардын баары биригип маалыматты башкаларга көзгө жагымдуу, көңүлгө толумдуу кылып жеткирүүгө шарт түзөт. Ойду билдирүүнүн мындай түрдүү ыкмаларын колдонуу менен жаңдоо тилин жакшы билген дүлөй киши ар кандай ойлорду: поэтикалык, техникалык, романтикалык, күлкүлүү, конкреттүү же абстракттуу ой-түшүнүктөрдү билдире алат.

Жаңдоо тилиндеги адабияттардын таасири

Жахаба жөнүндөгү билим жаңдоо тилинде көрсөтүлгөндө, дүлөй киши, мындайча айтканда, жакшы кабарды уга алат жана ал кабардын Ээсине ишеним өрчүтө алат. Ошо себептен Жахабанын Күбөлөрү бүткүл дүйнө жүзү боюнча дүлөй кишилерге жакшы кабарды жеткирүүгө жана аларды пайдалуу материалдар менен камсыз кылууга талыкпай күч-аракет жумшашат (Рим. 10:14). Учурда дүйнө жүзү боюнча 58 жаңдоо тилиндеги котормо тобу бар жана DVDге жаздырылган адабияттар 40 жаңдоо тилинде чыгарылат. Мындай иш-аракеттердин натыйжасы кандай болууда?

Атасы да, энеси да дүлөй Жереми мындай дейт: «Атамдын өз бөлмөсүнө кирип алып, „Күзөт мунарасындагы“ макаланын бир нече эле абзацын түшүнөйүн деп, баш көтөрбөй бир канча саат изилдеп отурганы эсимде. Бир маалда ал бөлмөсүнөн чуркап чыгып, кубанычы койнуна батпай: „Түшүндүм! Түшүндүм!“ — деп жаңдады. Анан мага окугандарынын маанисин түшүндүрө баштады. Мен ал кезде 12де эле болчумун. Абзацтарга бир сыйра көз жүгүртүп: „Ата, мунун мааниси андай эмес окшойт. Бул жерде...“ — деп жаңсай баштаганымда, ал токтой тур деп белги берди да, жазылгандардын маанисин өз алдынча түшүнүү үчүн бөлмөсүнө кирип кетти. Ошондо атамдын көңүлү сууй түшкөнүн, ошондо да багынбай, кайра бөлмөсүнө баратканын көрүп сыймыктанганымды эч унутпайм. Бирок DVDге жаздырылган жаңдоо тилиндеги адабияттар чыгарыла баштагандан тартып, ал маалыматты алда канча жакшы түшүнүп калды. Атамдын Жахабага болгон сезимдери менен бөлүшүп жатканда жүзүнөн нур төгүлүп, кубанычка бөлөнгөнүн боло жүргөн нерсе катары көрбөйм».

Жахабанын Күбөсү болгон жубайлардын Чилиде жашаган Жессения деген кичинекей дүлөй кызга жолуккандагы окуясын да карап көрөлү. Жубайлар Жессениянын апасынан уруксат алып, ага DVDге жаздырылган чили жаңдоо тилиндеги «Ыйык китептик аңгемелерди» көрсөтүшкөн. Алар мындай деп жазышкан: «Аңгемени көрө баштаганда Жессения жыргап күлө баштады, анан ыйлап жиберди. Апасы эмне үчүн ыйлаганын сураганда, ал көргөндөрү ага аябай жакканын айтты. Ошондо апасы кызынын DVDден көргөндөрүнүн баарын түшүнгөнүн баамдады».

Венесуэланын айылында турган дүлөй аялдын бир баласы бар болчу жана экинчиси боюнда эле. Күйөөсү экөө дагы бир баланы багууга кудуретибиз жетпейт го деп, бойдон алдыруу жөнүндө ойлонуп жүрүшкөн. Алардыкына Жахабанын Күбөлөрү келип, ал тууралуу билбей эле, венесуэла жаңдоо тилиндеги DVDге жаздырылган «Кудай бизден эмне талап кылат?» деген китепченин 12-сабагын көрсөтүшкөн. Ал сабакта Кудайдын бойдон алдырууга жана киши өлтүрүүгө болгон көз карашы түшүндүрүлөт. Кийинчерээк ал аял Күбөлөргө ошол сабакты изилдегенине аябай ыраазы болгонун жана ошондон кийин бойдон алдырбоону чечишкенин айткан. Жаңдоо тилиндеги DVDдеги адабият баланын өмүрүн сактап калган!

Кулагы укпаган Лоррейн, Жахабанын Күбөсү, мындай дейт: «Ыйык Китепти изилдөө мен үчүн чоң мозаиканы чогулткандай болчу. Анын кээ бир бөлүктөрү жетишпегендиктен, бүтүндөй сүрөттү көрө алчу эмесмин. Бирок ыйык китептик чындык камтылган адабияттар жаңдоо тилинде чыга баштаганда, жетишпеген бөлүктөрдүн орду толду». 38 жылдан бери Жахабанын Күбөсү болгон кулагы укпаган Жорж мындай дейт: «Бир нерсени өз алдынча түшүнө алганың өзүн өзү сыйлоо сезимин жогорулатып, ишенимдүүлүк берет. Менин рухий жактан өсүшүмө жаңдоо тилиндеги DVDлер аябай чоң жардам берди деп ойлойм».

«Өз тилиңдеги жыйналышка эмне жетсин!»

Жахабанын Күбөлөрү жаңдоо тилиндеги адабияттарды чыгаргандан тышкары, толугу менен ал тилде өткөрүлгөн жыйналыштарды да уюштурушат. Ушул тапта дүйнө жүзү боюнча жаңдоо тилинде 1 100дөн ашуун жыйналыш бар. Ал жыйналыш жолугушууларында жаңдоо тилинде сөз сүйлөнөт жана ыйык китептик чындык дүлөй киши ой жүгүрткөн тилде, анын тилинде, ачылып берилет. Ошондой эле ал жакта сөз сүйлөп чыккан бир туугандар дүлөй кишилердин жашоо-турмушун, маданиятын эске алып, терең урмат-сый көрсөтүшөт.

Жаңдоо тилиндеги жыйналыштардын уюштурулушу пайда алып келдиби? Жахабанын Күбөсү катары 1955-жылы чөмүлтүлгөн Сирилдин мисалын карап көрөлү. Ал кагаз жүзүндөгү адабияттарды көп жылдар бою колунан келишинче изилдечү жана жыйналыш жолугушууларын калтырчу эмес. Кээде ага котормочулар жаңдоо тилине которуп беришчү, бирок андай мүмкүнчүлүк дайыма эле боло берчү эмес. Котормочулар жок болгондо, бир туугандар жыйналышта айтылып жаткандарды кагазга жазып, ага түшүндүрүүгө аракет кылышчу. 1989-жылы Кошмо Штаттардагы эң биринчи жаңдоо тилиндеги жыйналыш Нью-Йоркто уюшулганда, Сирилдин Жахабанын Күбөсү болгонуна 34 жылдай болуп калган. Сирил ошол жыйналыштын мүчөсү болгондо кандай сезимде болгон? «Мен чытырман токойдон, коюу караңгылыктан жарыкка чыккандай болдум. Өз тилиңдеги жыйналышка эмне жетсин!» — деген ал.

Жахабанын Күбөлөрүнүн жаңдоо тилиндеги жыйналыштарында дүлөй кишилер Кудай жөнүндө билим алуу жана ага сыйынуу үчүн үзгүлтүксүз чогулуп турушат. Ал жактан Кудайдын эли кубаныч алып, бекемделет. Бул дүйнөдөгү сүйлөп-уккан адамдардын арасында дүлөй кишилер өздөрүн бөлүнгөндөй сезиши мүмкүн, ал эми жыйналышта алар пикир алмашып, достук мамилелерди өрчүтө алышат. Андан тышкары, ал жерден үйрөнүп, рухий жактан өсүп, Жахабага кызмат кылууда ийгиликтерге жете алышат. Жахабанын көптөгөн дүлөй Күбөлөрү кабар айтуу ишинде толук убакытта кызмат кылып жатышат. Айрымдары дүлөй кишилерге Жахаба жөнүндө билүүгө жардам берүү үчүн башка өлкөлөргө көчүп барууда. Дүлөй эркек бир туугандар жакшы окутуучу, уюштуруучу жана кайтаруучу болууга үйрөнүп, көбү жыйналыштагы жоопкерчиликтерди аркалоодо.

Кошмо Штаттарда жаңдоо тилинде 100дөн ашуун жыйналыш жана 80дей топ бар. Бразилияда андай жыйналыштардын саны болжол менен 300, топтордун саны болсо 400дөн ашат. Ал эми Мексикада жаңдоо тилинде 300гө жакын жыйналыш уюшулган. Орусияда болсо 30дан ашуун жыйналыш жана 113 топ бар. Бул дүйнө жүзү боюнча кандай өсүш болуп жатканын көрсөткөн мисалдардын айрымдары гана *.

Жахабанын Күбөлөрү жаңдоо тилинде чоң жыйындарды да өткөрүшөт. Былтыр дүйнө жүзү боюнча ар кайсы жаңдоо тилинде 120дан ашуун жыйын өткөрүлгөн. Андай жыйындарда кулагы укпаган Күбөлөр өздөрүнүн өз убагында берилген рухий тамактан пайда алган бүткүл дүйнөлүк бир туугандыктын мүчөсү экенин сезе алышат.

Ленарддын кулагы укпайт, ал 25 жылдан бери Жахабанын Күбөсү. Ал мындай деп айтып берет: «Мен Жахабанын чыныгы Кудай экенин билчүмүн. Анткен менен анын азап-кайгыга эмне себептен жол берип жатканын жакшы түшүнчү эмесмин. Кээде ошонун айынан ага ачуум келчү. Бирок жаңдоо тилиндеги облустук жыйында айтылган бир баяндама ал маселени аябай жакшы түшүнүүгө жардам берди. Баяндама бүткөндөн кийин, аялым чыканагы менен түртүп: „Эми ыраазы болдуңбу?“ — деп сурады. Мен ишенимдүү түрдө „ооба!“ деп айта алдым. 25 жыл бою Жахабаны таштабаганыма аябай ыраазымын. Мен Жахабаны дайыма жакшы көрчүмүн, бирок аны толук түшүнчү эмесмин. Азыр түшүнөм!»

Алар чын жүрөктөн ыраазы

Дүлөй кишилер Жахабаны таанып-билип, анын жүзүнөн сүйүүсүн, боорукердигин, адилеттүүлүгүн, берилгендигин, мээримдүүлүгүн жана дагы көптөгөн сапаттарын «көрүп» жатышат.

Эл аралык бир туугандыктын мүчөсү болгон дүлөй Күбөлөр Жахабанын жүзүн барган сайын даана көрө беришет. Жахаба аларга сүйүү көрсөтүп, «мээримдүү жүзү менен карайт» (Сан. 6:25). Алар Жахабаны таанып-билгенине кандай гана ыраазы!

[Шилтемелер]

^ 21-абз. Кыргызстанда жаңдоо тилинде 1 жыйналыш, 5 топ бар.

[25-беттеги сүрөт]

Дүйнө жүзү боюнча жаңдоо тилинде 1 100дөн ашуун жыйналыш бар

[26-беттеги сүрөт]

Жахаба дүлөйлөрдү мээримдүү жүзү менен карайт