Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жашырылган кенчтин табылышы

Жашырылган кенчтин табылышы

Жашырылган кенчтин табылышы

ТАБЫЛАТ деп күтпөгөн жерден кенч таап алган учуруң болду беле? Эстонияда жашаган Жахабанын Күбөсү Эво Лод 2005-жылы 27-мартта кенч таап алган. Ал улгайып калган ишенимдеши Алма Вардъянын эски сарайын бузууга жардам берип жаткан эле. Сарайынын дубалын бузуп жатып алар мамынын бир жак капталы оюлуп, оюлган жер тактайча менен жабылып турганын байкашат. Тактайчаны чыгарышканда тереңдиги 15 см, туурасы 10 см, узундугу 1,5—2 метр болгон оюкту көрүшөт. Ошол оюкта кенч жашырылыптыр (1). Ал эмне болгон кенч эле? Кенчти ал жакка ким жашырган?

Ал оюкка калың кагаздарга кылдаттык менен оролгон нерселер жашырылыптыр. Кагаздарды ачканда Жахабанын Күбөлөрүнүн адабияттары, көбүнчөсү, 1947-жылдан берки «Күзөт мунарасынын» изилдөө макалалары чыккан (2). Алар кол менен көчүрүлүп жазылган эстон тилиндеги журналдар экен (3). Ошондой эле жашырылган материалдар аркылуу аларды ким жашырганын билүүгө мүмкүн болгон. Көрсө, ал Алманын күйөөсү Вилем Вардъянын суракка алынгандыгына байланыштуу маалыматтар экен. Андан тышкары, алардын арасынан Вилемдин түрмөдө өткөргөн жылдары жөнүндөгү маалыматтар табылган. Вилем түрмөгө эмне үчүн отурган?

Вилем Вардъя Эстониядагы Тарту шаарындагы жыйналышта, кийинчерээк Отепя шаарындагы жыйналышта жоопкерчиликтүү кызматчы болчу. Кыязы, ал ыйык китептик чындыктарды Экинчи дүйнөлүк согуш башталганга чейин эле билген. Вардъя бир тууган 1948-жылы 24-декабрда коммунисттер тарабынан диний иштери үчүн камакка алынган. Жашыруун полициялар аны суракка алып, башка бир туугандардын ысымдарын айтышын талап кылып сабашкан. Сотто ага өзүн коргоого жол берилген эмес. Ошентип, аны Орусиянын түрмөсүнө он жылга кесип жиберишкен.

Вилем Вардъя 1990-жылы 6-мартта көз жумган. Ал өмүрү өткөнчө ишенимдүүлүгүн сактаган. Аялы журналдардын жашырылып жатканын билген да эмес. Сыягы, ал аялынын журналдардын каякта жашырылганын билбей эле койгонун туура көргөн, анткени аялы суракка алынып калса, кандайдыр бир кыйынчылыктардан алыс болмок. Ал адабияттарды эмне үчүн катып койгон? Себеби КГБнын кызматкерлери Жахабанын Күбөлөрүнүн үйлөрүнө күтүлбөгөн жерден кирип келип, диний адабияттарды тинтип издешчү. Вардъя бир тууган КГБнын кызматкерлери адабияттарды таап, алып кеткенде бир туугандар рухий тамаксыз калбасын деп катса керек. Ошондой эле адабияттар мындан мурунураак 1990-жылы жайында Эстониянын түштүгүндө жайгашкан Тартуда табылган болчу. Аларды да Вилем Вардъя жашырып койгон.

Ошол материалдарды эмне үчүн кенч дешке болот? Анткени кол менен жазылып, кылдаттык менен жашырылган журналдар ошол учурдагы Жахабанын Күбөлөрүнүн рухий тамакты абдан баалаганын айкын көрсөтүп турат (Мт. 24:45). Сен азыркы учурда алып жаткан рухий тамакты баалайсыңбы? Эстон тилинде жана 170тен ашуун башка тилдерде чыккан «Күзөт мунарасы» Жахабадан алып жаткан рухий тамактардын бири болуп эсептелет.