Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эсиңердеби?

Эсиңердеби?

Эсиңердеби?

Силерге «Күзөт мунарасынын» акыркы сандары жактыбы? Төмөнкү суроолорго жооп бере аласыңарбы?

• Энесинин ичинде жатканда эле өлүп калган бала тирилеби?

Бала жатында жатканда эле тирүү жан болуп эсептелет. «Кудай үчүн баары мүмкүн» болгондуктан ал адамды, жашоосунун кайсы мезгилинде болбосун, тирилте алат (Мр. 10:27). Бирок Ыйык Китепте энесинин ичинде жатканда эле өлүп калган балдарды Кудай тирилтер-тирилтпеси жөнүндө эч нерсе айтылбайт (15.4. 12, 13-б.).

• Кумурскаларга, тоо дамандарына, чегирткелерге жана геккон кескелдиригине байкоо салуу аркылуу эмнеге үйрөнсөк болот?

Ушул төрт жандыктын иш-аракетинен ички туюм (инстинкт) менен шартталган акылмандыкты көрүүгө болот. Алардан Кудайдын акылмандыгына күбө боло алабыз (Накыл 30:24—28) (15.4. 16—19-бб.).

• Жахабанын Күбөлөрү үчүн 100 жыл мурун кандай маанилүү окуя болгон?

Күзөт Мунарасы, Ыйык Китеп жана Түшүндүрмө баракчалар Уюмунун башкы башкармалыгы 1909-жылы Питсбургдан (Пенсильвания штаты) Бруклинге (Нью-Йорк) көчүрүлгөн. Башкармалык азыркыга чейин ошол жерде иш алпарат (1.5. 22—24-бб., ор.).

• Ыйык Китеп эмне себептен унчукпоого чакырат?

Унчукпоо кадырлап-сыйлоонун, эстүүлүктүн жана кыраакылыктын белгиси. Ошондой эле ой жүгүртүүгө шарт түзөт (Заб. 36:7; 62:7; Накыл 11:12) (15.5. 3—5-бб.).

• Жон Уиклиф, Уильям Тиндал, Роберт Моррисон жана Адонирам Жадсондордо кандай жалпылыктар болгон?

Алардын баары Ыйык Китепти сүйүшкөн жана аны элдер түшүнгөн тилдерге которушкан. Жон Уиклиф менен Уильям Тиндал Ыйык Китепти англис тилине, Моррисон кытай тилине, ал эми Жадсон бирман тилине которгон (1.6. 8—11-бб., ор.).

• Жүйүт падышаларынын канчасы Кудайдын үйүнө карата күчтүү сүйүү көрсөткөн?

Баш-аягы Жүйүттө 19 падыша бийлик кылган. Алардын төртөө гана — Аса, Жошапат, Хиския жана Жошия — Кудайдын үйүнө күчтүү сүйүү көрсөтүшкөн (15.6. 7—11-бб.).

• Жердеги майлангандардын баары рухий тамакты даярдоого катышабы?

Жок. Кудайдын руху менен майлангандардын баары ишенимдүү жана акылдуу кул тобуна кирет, бирок рухий тамакты даярдоо ишине Жетектөөчү Кеңештин курамына киргендер гана катышат (15.6. 22—24-бб.).

• Өспүрүм баланы өз алдынча жашоого кантип даярдоого болот?

Балаңар өз алдынча жашап кете алышы үчүн аны өз алдынча туура чечим чыгарууга үйрөткүлө. Ан үчүн ага «акыл жөндөмүн» өрчүтүүгө жардам берүү кажет (Рим. 12:1, 2). Ыйык китептик принциптерди жашоодо колдонуу менен сен бойго жеткен балаңды жоопкерчиликтүү болууга, туура чечим чыгарууга үйрөтөсүң жана туура эмес иштерден алыс болууга жардам бересиң (Флп. 4:5; Гал. 6:7; Кол. 3:21). Ошондой эле ыйык китептик принциптерди колдонуу менен үй-бүлөңдү бактылуу кыла аласың (июль—сентябрь, 11, 12-б.).

• Сүйүү көрсөтүү жагынан Иса диний жетекчилерден айырмаланган деп эмне үчүн айта алабыз?

Диний жетекчилер карапайым элди сүймөк турсун, аларды басынтып турушчу. Ошондой эле Кудайды да сүйүшчү эмес. Иса болсо Атасын сүйгөн жана элге боору ооруган (Мт. 9:36). Ал жумшак, сезимтал жана боорукер болгон (15. 7. 15-б.).