Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Адам ата менен Обо эне чын эле жашашканбы?

Адам ата менен Обо эне чын эле жашашканбы?

Адам ата менен Обо эне чын эле жашашканбы?

КӨПТӨР үчүн Ыйык Жазманын Башталыш китебиндеги Адам ата менен Обо эне жөнүндөгү баян жөн гана кызыктуу жомок. «Христиан динин туткандар Башталыш китебиндеги Адам ата менен Обо эне жөнүндөгү окуяларды имиш катары карап келишкен»,— делет «Тайм» журналынын редакторуна жиберилген катта. Католик, протестант жана иудей динин туткан көптөгөн илимпоздор да ушул айтылгандарга кошулушат. Алардын ою боюнча, Башталыш китебинде жазылгандардын көбү тарыхий жана илимий жактан так эмес.

Сен кандай деп ойлойсуң? Адам ата менен Обо эненин чынында эле жашашканына ишенесиңби? Алардын чынында эле жашашканына кандайдыр бир далилдер барбы? Башталыш китебинде баяндалган окуялар эмне себептен уламыш катары каралып калган?

Башталыш китебинде жазылгандар илимий жактан такпы?

Алгач, келгиле, эң биринчи адам кандай элементтерден жаратылгандыгы тууралуу билдирүүнү карап көрөлү. Бул жөнүндө Ыйык Китепте: «Кудай-Теңир топурактан адам жаратып, анын жүзүнө өмүр демин үйлөдү, ошондо ал тирүү жан болуп калды»,— деп жазылган (Башталыш 2:7). Бул айтылгандар азыркы күндөгү илимий ачылыштарга дал келеби?

«Наномедицина» деген китепте адамдын организминде 41 химиялык элемент бар экени айтылат. Алардын негизгилери: көмүртек, темир, кычкылтек жана башкалар. Ушул элементтердин баары топуракта кездешет. Ооба, Башталыш китебинде айтылгандай, адамдар «топурактан... жаратылган».

Кандайча ошол элементтерден тирүү адам жаралган? Бул суроого жооп алуу үчүн түзүлүшү эң татаал машиналардын бири болгон НАСА космос кемесин мисалга алалы. Бул кереметтүү техника 2,5 миллион тетиктен турат. Ошол сан жеткис тетиктерди бири-бири менен бириктирүү үчүн бир канча инженер көптөгөн жылдар бою эмгектенген. Эми адамдын дене түзүлүшүн карап көрөлү. Адамдын денеси 7 октильон атомдон, 100 триллион клеткадан, көптөгөн органдардан жана бери дегенде эле, 9 негизги органдар системасынан турат *. Түзүлүшү ушунчалык татаал, таңыркаткан «биологиялык машина» кандайча пайда болгон? Өзүнөн өзү элеби же аны кимдир бирөө жаратканбы?

Жансыз элементтердин жыйындысы кандайча тирүү жанга айланган? Ал өмүр учкунун кайдан алган? Окумуштуулар ушул суроолорго жооп бере албасын моюнга алышат. Ошол эле учурда адамды Кудай жараткан дегенге да кошулушпайт. Ал эми Жаратканга ишенгендер жогорудагы суроолорго жооп издеп түйшүктөнүшпөйт. Ооба, өмүрдүн булагы Кудайда *.

Башталыш китебинде Обо эне Адам атанын кабыргасынан жаратылганы айтылат. Бул билдирүүгө ишенүүгө болобу? (Башталыш 2:21—23). Аны уламыш деп төгүнгө чыгарардан мурун 2008-жылдын январь айында Калифорниядагы (АКШ) окумуштуулар тарабынан жасалган ачылыштарга көңүл бурсак. Алар клондоштуруу жолу менен кишинин клеткасынан эмбрион жарата алышкан. Так ушундай жол менен 20дай жаныбардын жаратылганы илимий факт болуп эсептелет. Алардын эң биринчиси жана көптөргө белгилүү болгону 1996-жылы койдун сүт бөлүп чыгаруучу безинен клондоштуруу жолу менен жаратылган Долли деген кой болгон *.

Окумуштуулар жүргүзүп жаткан тажрыйбалардын аягы эмне болору али алдыда. «Эгер адамдар кандайдыр бир организмдин клеткасын колдонуп, тирүү организмди жаратып жатышса, кудурети күчтүү Кудай адамдын бир органынан башка адамды жарата албайбы?» — деген суроо туулат. Кызыктуусу, кабырга сөөгү кайра өсүп чыгуу жана калыбына келүү жөндөмдүүлүгүнө ээ. Андыктан хирургдар калыбына келтирүү операцияларын жасоодо кабырга сөөгүн колдонушат.

Ыйык Китептин өзүндө кандай далилдер бар?

Айрымдар Адам ата менен Обо эне жөнүндө Ыйык Китептин бир эле жеринде эмес, ар кайсы жеринде айтылганына таң калышат. Бул Башталыш китебинде айтылгандардын тарыхий жактан так экенине кандай далил болуп бере алат?

Бул суроого жооп алуу үчүн, келгиле, Ыйык Китептеги биринчи Жылнаама китебинин бирден тогузга чейинки бөлүмдөрүндө жана Лука жазган Инжилдин үчүнчү бөлүмүндө жазылган жүйүттөрдүн санжырасына токтололу. Биринчи Жылнаама китебинде жүйүт элинин 48 мууну, ал эми Луканын Инжилинде 75 мууну жөнүндө кеп кылынат. Жылнаама китебинде ысрайыл элинин падышаларынын жана дин кызматчыларынын санжырасы саналып өтсө, Лука жазган Инжилде Иса Машаяктын санжырасы башынан аягына чейин так берилген. Эки китепте тең Сулаймандын, Дөөтүнүн, Жакыптын, Ыскактын, Ыбрайымдын, Нухтун жана Адам атанын ысымдары кездешет. Ошондой эле экөөндө тең тарыхта жашап өткөн адамдардын ысымдары жазылган жана эки санжыра тең Адам атадан башталат. Ооба, Адам атанын тарыхий инсан болгону күмөнсүз.

Ыйык Китепте жогоруда айтылгандар менен бир катар Адам ата менен Обо эненин уламыштардагы каармандар эмес, жер бетинде чынында эле жашап өткөн тарыхий инсандар экени кайра-кайра баса белгиленет. Төмөндө буга байланыштуу айрым мисалдар келтирилген:

• «[Кудай] бир кишиден бардык элдерди жараткан» (ЭЛЧИЛЕР 17:26).

• «Бир киши аркылуу дүйнөгө күнөө, күнөө аркылуу өлүм кирген... Өлүм Адамдан Мусага чейин... падыша катары бийлик кылып келген» (РИМДИКТЕР 5:12, 14).

• «Биринчи киши Адам тирүү жан болуп калды» (1 КОРУНТТУКТАР 15:45).

• «Адегенде Адам, андан кийин Обо жаратылган» (1 ТИМЕТЕЙ 2:13).

• «[Ыймансыздар] жөнүндө Адамдан кийин жетинчи болуп төрөлгөн Энох да пайгамбарлык кылган» (ЖҮЙҮТ 14).

Ыйык Китепте айтылган адамдардын арасынан эң эле ишенимдүү күбө Иса Машаяк Адам ата менен Обо эненин чынында эле жашаганын айткан. Ажырашууга байланыштуу суроо көтөрүлгөндө Иса: «Эң башында „Кудай адамдарды эркек-аял кылып жараткан. Ошондуктан адам ата-энесин калтырып, аялы экөө бир дене болот“... Андыктан Кудай кошконду адам ажыратпасын»,— деген (Марк 10:6—9). Эгер Адам ата менен Обо эне чынында эле жашаган эмес болсо, Иса нике жөнүндө кеп кылганда аларды мисал кылат беле? Жок. Иса Башталыш китебинде айтылгандарды төгүндөлгүс далил катары келтирген.

Бир сөздүктө: «Башталыш китебинин алгачкы бөлүмдөрүндө баяндалган окуялардын тарыхий жактан так экени Жаңы Келишимде тастыкталат»,— делет («The New Bible Dictionary»).

Ыйык Китепте айтылгандардын өз ара шайкештиги

Чиркөөгө баргандардын көбү Кудай жолунда жүрүү үчүн Адам ата менен Обо энеге ишенүүнүн зарылдыгы жок деп ойлошот. Бул, бир караганда, чындыктай туюлушу мүмкүн. Келгиле, мындай ой жүгүртүү эмнеге алып келерине токтолуп көрөлү.

Мисалга чиркөөгө баргандарга абдан тааныш болгон кун жөнүндөгү ыйык китептик окутууну алсак. Бул окутууга ылайык, Иса Машаяк адамдарды күнөөдөн куткаруу үчүн өзүнүн жеткилең өмүрүн кун катары берген (Матай 20:28; Жакан 3:16). Баарыбызга белгилүү болгондой, кун жоготулган нерсени кайра кайрып алуу үчүн анын баасына тете болгон баадагы төлөмдү билдирет. Мына ошол себептен Ыйык Китепте Исанын «ылайыктуу кун» экендиги баса белгиленет (1 Тиметей 2:6). «Кандайча ылайыктуу?» — деп сурашыбыз мүмкүн. Ыйык Китептен: «Адамдын айынан баары өлүмгө дуушар болуп жаткандай эле, Машаяк аркылуу баары өмүр алышат»,— дегенди окуйбуз (1 Корунттуктар 15:22). Исанын тил алчаак адамдар үчүн курмандыкка берген жеткилең өмүрү Эйден багында Адам ата күнөө кылганда айрылып калган жеткилең өмүргө ылайыктуу болгон (Римдиктер 5:12). Эгер Адам ата ойдон чыгарылган инсан болсо, Машаяктын курмандыгы эч кандай мааниге ээ болмок эмес.

Башталыш китебиндеги Адам ата менен Обо эне жөнүндөгү чындыкты четке кагуу Ыйык Китепте айтылгандардын өз ара шайкештигине шек келтирип, андагы негизги окутууларга * болгон ишенимди солгундатат. Ошондой эле көптөгөн суроолордун жоопсуз калышына жана ишенимдин негизсиз болушуна алып келет (Эврейлер 11:1).

Жашоонун маңызы барбы же жокпу?

Акыр-аягы: «Башталыш китебинде айтылгандарды четке кагуу менен жашоонун маңызы эмнеде экенин биле алабызбы?» — деген маанилүү суроого келип такалабыз. Белгилүү эволюционист жана атеист Ричард Докинздин айтымында, Ааламды «эч ким жараткан эмес, анын эч кандай маңыз-максаты жок, анда жамандык менен жакшылык деген түшүнүк да орун алган эмес, ааламда жанга баткан кайдыгерликтен башка эч нерсе жок». Адам баласынын табиятына каршы келген кандай гана пессимисттик көз караш.

Докинздин көз карашынан айырмаланып, Ыйык Китепте: «Биз кантип жаралганбыз? Жашоонун маңызы эмнеде? Жашоодо жамандык менен азап-кайгы эмне мынча көп? Жамандык качандыр бир убакта жок болобу?» — деген сыяктуу маанилүү суроолорго канааттандырарлык жооптор бар. Мындан тышкары, Ыйык Китепте Машаяктын куткаруу курмандыгына ишенгендердин баары Адам ата менен Обо эне жашаган Эйден багындай болгон кооз Бейиште түбөлүк жашай алары айтылат (Забур 36:29; Аян 21:3—5). Алдыда адам баласын кандай гана сонун келечек күтүп турат *!

Адам ата менен Обо эне жөнүндөгү билдирүү эволюция теориясына каршы келсе да, азыркы илимий ачылыштар ушул билдирүүнүн чындык экенин далилдөөдө. Ошондой эле Кудайдын жетеги менен жазылган, жашоону маңыздуу кылган Ыйык Китептеги башка билдирүүлөр менен да шайкеш келет.

Андыктан Ыйык Китепти изилдеп көрүүгө эмне үчүн болбосун? Жахабанын Күбөлөрү бул жагынан силерге жардам берүүгө ар дайым даяр.

[Шилтемелер]

^ 7-абз. АКШнын эсептөө системасы боюнча, октильон 27 нөлү бар санды, ал эми триллион 12 нөлү бар санды билдирет.

^ 8-абз. Көбүрөөк маалымат алуу үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Камкор Жараткан барбы?» жана «Жашоо кантип пайда болгон? Эволюция жолу мененби же жаратуу жолу мененби?» (ор.) деген китептерди карагыла.

^ 9-абз. Албетте, окумуштууларды өмүр берүүчүлөр дешке болбойт. Алар, болгону, тирүү клеткадан эле тирүү жанды жаратышкан.

^ 25-абз. Ыйык Китептеги негизги окутууларга Кудайдын эгедерлигине, адамдардын актыгына, жамандык менен жакшылыкка, өз алдынча чечим чыгарууга, өлгөндөрдүн абалына, никеге, убадаланган Машаякка, бейишке айланган жерге, Кудайдын Падышалыгына жана башка көптөгөн нерселерге байланыштуу окутуулар кирет.

^ 28-абз. Көбүрөөк маалымат алуу үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебиндеги «Кудай жерди кандай ой-ниет менен жараткан?» (3-бөлүм) жана «Кун — Кудайдын эң баалуу белеги» (5-бөлүм) деген темаларды карагыла.

[13-беттеги сүрөт]

Космос кемеси кандай чебер жасалса, адамдын денеси да ошондой чебер жаратылган

[15-беттеги сүрөт]

Иса Адам ата менен Обо эненин чын эле жашаганын айткан

[14-беттеги сүрөт]

Эгер Адам ата ойдон чыгарылган инсан болсо, Машаяктын куткаруу курмандыгы эч кандай мааниге ээ болмок эмес