Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Сага жаман мамиле жасалса...

Сага жаман мамиле жасалса...

Сага жаман мамиле жасалса...

«ӨЧ АЛМАЙЫНЧА жаным жай албайт». Көптөр ушинтип айтышат. Бизге жаман мамиле жасалганда, ызабыз келип, кыжырданганыбыз табигый нерсе. Бизде туураны туура эместен ажырата билүү сезими болгондуктан, адилетсиздиктин жоюлушун каалайбыз. Бирок анын кандай жол менен жоюлушун каалайбыз?

Башкалар бизге ар кандай жолдор менен жаман мамиле кылышы мүмкүн. Мисалы, бирөөнүн жаакка чапканы, түртүп жибергени, кордогон сөздөрү, кол көтөргөнү, бир нерсеңди тартып алганы жана дагы ушу сыяктуу мамилеси бизди капа кылышы мүмкүн. Эгер сага кимдир бирөө жаман мамиле кылса, кандай сезимде болосуң? Бул суроого көптөрдүн: «Ал мага кандай кылса, мен да ага ошондой кылам»,— деп жооп бериши бүгүнкү күндө таң калыштуу болбой калгандай сыяктанат.

Кошмо Штаттарда орто мектептин айрым окуучулары мугалимден кичине тил уккандыгы үчүн эле андан өч алуу максатында көбүртүп-жабыртып жалган жалаа менен сотко кайрылган учурлар болгон. Жаңы Орлеандагы мугалимдер союзунун президенти Бренда Митчел: «Окуучулар мугалимдерин жамандап арызданышканда, мугалимдердин аброюна доо кетет»,— деп билдирет. Алардын айыптоолору жалган экени далилденген күндө да мугалимдер кандайдыр бир деңгээлде кадыр-барктан кете түшөт.

Ал эми көптөгөн мекемелерде жумуш берүүчүсүнө кек сактаган жумушчулар кара санатайлык кылып, ишкананын компьютерде сакталган маанилүү маалыматтарын өчүрүп же өзгөртүп салышат. Башкалары жашыруун маалыматтарды бирөөлөргө айтып же сатып жиберишет. «Нью-Йорк таймс» гезитинде баса белгиленгендей, электрондук файлдарды уурдагандан тышкары, ишкананын мүлкүнө кол салуу да өч алуунун негизги ыкмаларынын бири болуп кала берүүдө. Андыктан өч алууну алдын алуу үчүн көптөгөн ишканалар коопсуздук кызматкерлерин жалдашууда. Ал кызматкер жумуштан бошотулган адамды офисине коштоп барып, буюм-тайымдарын жыйнап алгыча карап турат. Анан аны имараттан узатып чыгарып коёт.

Өч алуу жакын достордун, үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосунда кеңири тараган. Кимдир бирөө бизге катуу айтып алса же иши менен нааразы кылса, сүйлөгөн сөзүнө же кылган ишине жараша жооп беришибиз мүмкүн. Эгер досуң сага ачуусу менен бир тийсе, сен да ага өчөшө жооп кайтарасыңбы? Үй-бүлөңдө кимдир бирөө капа кылса, өч алуунун жолун издейсиңби? Жакындарыбызга ачуубуз келгенде кылган ишине жараша жооп берүүгө ийкемдүү келебиз.

Өч алуу акылсыздыкка жатат

Көп учурда өч алгысы келгендер ызасын суутууну каалашат. Алсак, Ыйык Китепте канаандык Шекем деген жигит Жакыптын кызы Динаны зордуктап койгондо, Динанын агаларынын «капа болуп, аябай ачууланышканы» айтылат (Башталыш 34:1—7). Жакыптын эки уулу — Шымон менен Леби — карындашына жамандык кылгандыгы үчүн Шекемден жана анын үйүндөгүлөрүнөн өч алуунун жолун издешет. Алар куулук менен канаандыктардын шаарына кирип барышат да, Шекемди баш кылып бардык эркектерди кырып салышат (Башталыш 34:13—27).

Кан төгүү менен көйгөй чечилди беле? Жакып уулдарынын кылыгын укканда аларды тилдеп: «Силер мени кайгыга салдыңар, бул жердин тургундарына... мени жек көрүндү кылдыңар. Менин элим аз. Алар мага каршы чогулуп, мени өлтүрүп, үй-жайым менен жок кылышат»,— деген (Башталыш 34:30). Ооба, Шымон менен Лебинин өч алганы көйгөйдү чечкендин ордуна, кастыкка алып келген: ошол жердин тургундарынын Жакыптын үй-бүлөсүнө кол салышы толук мүмкүн эле. Андыктан Кудай Жакыпка үй-бүлөсү менен Бейтел деген жерге көчүп кетүүнү буйруйт (Башталыш 35:1, 5).

Дина менен болгон окуядан маанилүү сабак алууга болот. Бирөөдөн өч алсаң, ал сенден кайра өч алат. Өч алуу менен баары тыйылып калбайт. Ооба, немис элинин «өч алуу өч алууну жаратат» деген макалында чындык бар.

Өч алуу айлампасы

Бизге жамандык кылган кишиге кек сактап, ага да кыянаттык кылуунун жолдорун ойлоо өзүбүзгө эле зыян. Бир китепте: «Кек сактоо жан дүйнөнү жабыркатат. Капа кылган адамды ичиңен жектеп, өч алуунун жолдорун ойлоно берүү убактыңды жана күчүңдү алат»,— деп белгиленет («How to Make Peace With Your Past and Get On With Your Life»). Ыйык Китепте таамай айтылгандай, «көрө албастык — сөөккө ириң» (Накыл сөздөр 14:30).

Чынында эле, эгер жек көрүү сезими жана башка жаман ойлор адамдын жан дүйнөсүн ээлеп алса, ал кантип жашоодон кубаныч алат? Бир жазуучу: «„Өч алсам, көксөм сууйт эле“ деп ойлосоң, анда көп жылдар бою өч алууну самап келгендердин жүзүн карап көр»,— деген ойду айткан.

Улутка жана динге бөлүнүүчүлүк күч алган өлкөлөрдө кандай кырдаал өкүм сүрүп жатканына көңүл бурсак. Бирөөнүн өлтүрүлүшү башка бирөөнүн өлтүрүлүшүнө алып келет. Ошентип, киши өлтүрүүнүн аягы тыйылбай, зөөкүрдүк күч алгандан күч ала берет. Алсак, террордук чабуулдан 18 өспүрүм өлгөндө, күйүткө баткан бир аял сай-сөөгү сыздай: «Биз алардан миң эсе өч алышыбыз керек!» — деген. Мына ушундайча мыкаачылык өкүм сүрүп, чыр-чатакка катыштыгы бар адамдардын саны уламдан-улам өсүүдө.

«Көзгө көз»

Айрымдар Ыйык Китепти бетине кармап, өч ала берсе болот деп ырасташат. Алар: «Ыйык Китепте „көзгө көз, тишке тиш“ деп айтылганы жалганбы?» — дешет (Лебилер 24:20). Бир караганда, «көзгө көз» деген мыйзам өч алууну колдогондой көрүнүшү мүмкүн. Чын-чынында, бул мыйзам таш боордук менен өч алууга бөгөт коюу үчүн берилген. Кандайча?

Эгер ысрайылдык киши башка ысрайылдыктын көзүн чыгара урса, Мыйзамга ылайык, ал так ошондой жазаланышы керек болчу. Бирок жабыр тарткан киши кол салган кишини же анын туугандарынын бирин жазалоого укуктуу болгон эмес. Мыйзам боюнча, ал киши чатакты калыстык менен чече турган, атайын дайындалган башкаруучуларга кайрылышы керек болчу. Ооба, бирөөгө атайлап жамандык кылган киши так ошондой жол менен жазаланчу. Муну билген ысрайылдыктар өч алууга барышчу эмес. Мындан тышкары, дагы бир маанилүү нерсе эске алынчу.

Жахаба Кудай «көзгө көз» деген мыйзамды бергенге чейин Муса пайгамбар аркылуу ысрайыл элине: «Бир тууганыңды ичиңден жек көрө бербе... Өз элиңдин уулдарына жамандык ойлобо, кек сактаба»,— деген (Лебилер 19:17, 18). Кудайдын Муса аркылуу берген мыйзамын Иса пайгамбар: «„Жахаба Кудайыңды бүт жүрөгүң менен, бүт жаның менен, бүт акылың менен сүй“. Бул — биринчи жана эң маанилүү осуят. Экинчиси ушуга эле окшош: „Жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй“»,— деген эки осуят менен жыйынтыктаган. Демек, Мусанын мыйзамындагы «көзгө көз, тишке тиш» деген түшүнүктү ушул осуяттардын негизинде кароо зарыл (Матай 22:37—40). Анда Кудайдын жолунда жүргөндөргө адилетсиз мамиле жасалса, алар эмне кылышы керек?

Тынчтыкка умтул

Ыйык Китепте Жахаба «тынчтыктын Кудайы» экени айтылат жана анын кызматчылары «тынчтыкты издеп, ага умтулууга» чакырылышат (Эврейлер 13:20; 1 Петир 3:11). Бирок мындан пайда барбы?

Иса пайгамбар жерде жүргөндө каршылаштары аны сабашкан, бетине түкүрүшкөн, куугунтукташкан. Ал тургай аны өзүнүн досу да сатып жиберген, шакирттери да таштап качып кетишкен (Матай 26:48—50; 27:27—31). Ошондой учурларда ал эмне кылган? Бул суроого жооп элчи Петирдин: «Кордошкондо, ал кордоо менен жооп кайтарган эмес. Азап тартканда эч кимди коркуткан эмес, тескерисинче, өзүн адилеттүү Сотко тапшырган»,— деген сөздөрүндө камтылат (1 Петир 2:23).

Ошондой эле элчи Петир: «Машаяк да силер үчүн азап тартып, анын изи менен так жүрүшүңөр үчүн, силерге үлгү калтырган»,— деген (1 Петир 2:21). Ооба, Исанын жолдоочулары аны бардык жагынан тууроого, анын ичинде адилетсиз мамилеге чыдоого чакырылат. Иса пайгамбар буга байланыштуу: «Душмандарыңарды сүйгөнүңөрдү жана силерди куугунтуктагандар үчүн тиленгениңерди токтотпогула. Ошондо асмандагы Атаңардын уулдары болосуңар»,— деген (Матай 5:44, 45).

Исадан үлгү алып жаткан адамдарга жаман мамиле кылынса же ошондой сезилип жатса, алар эмне кылышат? Накыл сөздөр 19:11-аятта: «Акыл-эстүү адам ачууга алдырбайт, бирөөнүн кылмышын кечирип коюу — ал үчүн даңк»,— делет. Ошондой эле Римдиктер 12:21-аятта: «Жамандыкка жеңилбе, аны дайыма жакшылык менен жең»,— деп жазылган. Исанын жолдоочулары так ушундай кеңештерге карманышат. Алар өч алууга үндөгөн дүйнөдө жашаган адамдардан кандай гана айырмаланышат! Ырас, Исаныкындай сүйүү өрчүткөндөр «бирөөнүн кылмышын кечирип коюуга» даяр, анткени сүйүү «таарынычтарын эсептей бербейт» (1 Корунттуктар 13:5).

А бирок бизге кимдир бирөө кол салса же кандайдыр бир жолдор менен жамандык кылганы жатса, унчукпай эле тура беришибиз керекпи? Албетте, жок. Элчи Пабылдын: «Жамандыкка жеңилбе, аны дайыма жакшылык менен жең»,— деген сөздөрү Исанын жолдоочулары унчукпай эле баарына чыдай бериши керек дегенди билдирбейт. Тескерисинче, алар өзүн өзү коргоого укуктуу. Маселен, сага же мүлкүңө зыян келтирилсе, милиция кызматкерлерине кайрылсаң болот. Эгер сага жумуштан же мектептен жаман мамиле кылынса, жетекчиңе же дагы башка тийиштүү кишилерге кайрыла аласың (Римдиктер 13:3, 4).

Бирок бул дүйнөдө адилеттик жок экенин эстен чыгарбоо маанилүү. Көптөр бүт өмүрүн акыйкаттыкты издөөгө коротушат, бирок акыр-аягы анын жок экенине көздөрү жетип, көңүл кайттыкка учурашат.

Шайтан адамдардын бири-бирин жек көрүп, өч алууга умтулуп, бөлүнүп-жарылганын көрүүдөн канааттануу алат (1 Жакан 3:7, 8). Андыктан Ыйык Китептеги: «Сүйүктүү биртуугандар, эч кимден өч албагыла, Кудайдын каарына орун бергиле. Анткени Ыйык Жазмада: „Өч меники, тиешесин мен берем, дейт Жахаба“»,— деп жазылган сөздөрдү эсибизге бек туталы (Римдиктер 12:19). Эгер баарын Жахабага тапшырсак, көңүлүбүздөгү кара ойдон, ачуудан арылып, жаман ишке барбайбыз (Накыл сөздөр 3:3—6).

[24-беттеги сүрөт]

«„Жахаба Кудайыңды бүт жүрөгүң менен, бүт жаның менен, бүт акылың менен сүй“... „Жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй“»

[25-беттеги сүрөт]

Сүйүү «таарынычтарын эсептей бербейт» (1 Корунттуктар 13:5)