Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Машаяктай тил алчаак жана кайраттуу болгула

Машаяктай тил алчаак жана кайраттуу болгула

Машаяктай тил алчаак жана кайраттуу болгула

«Кайраттуу болгула! Мен дүйнөнү жеңдим» (ЖКН. 16:33).

1. Иса Машаяк Кудайга канчалык тил алган?

ИСА МАШАЯК дайыма Кудайдын эркин аткарган. Асмандагы Атасына тил албоо анын оюна да келген эмес (Жкн. 4:34; Эвр. 7:26). Анткен менен жерде жүргөндө ага Атасына тил алуу оңойго турган эмес. Себеби Иса жерде кызмат кыла баштагандан тартып, Шайтан баш болгон анын душмандары ишенимдүүлүгүнөн жаздыруу үчүн кысым көрсөтүүгө, аны азгырууга, куулук менен алдоого аракет кылышкан (Мт. 4:1—11; Лк. 20:20—25). Душмандарынын ага каршы жасаган иш-аракеттери Исанын жан дүйнөсүн кыйнаган, аны денелик жактан жапа чектирген. Акыры, алар аны жаза устунуна кадап өлтүрүшкөн (Мт. 26:37, 38; Лк. 22:44; Жкн. 19:1, 17, 18). Бирок катуу азап тартканына карабай, Иса «өлгөнгө чейин тил алчаак» бойдон калган (Оку: Филипиликтер 2:8).

2, 3. Исанын азап чеккенине карабай тил алчаак болгонунан эмнеге үйрөнө алабыз?

2 Иса жерде жүргөндө ага чейин эч качан дуушар болбогон кыйынчылыктарда да тил алчаак болууга үйрөнгөн (Эвр. 5:8). Балким, бизде: «Жахабага кызмат кылууга байланыштуу Иса билбеген нерсе бар беле?» — деген суроо пайда болоттур. Себеби ал Жахаба менен сан жеткис кылымдар бою чогуу жашаган жана жаратуу убагында Кудайдын «сүрөтчүсү» болгон (Накыл 8:30). Ошентсе да Иса жерде жүргөндө азап тартканына карабай туруктуу болуу менен Кудайга толук баш иерин далилдеген. Андан тышкары, анын асмандагы Атасы менен болгон мамилеси мурункудан да бекемделген. Биз Исадан эмнеге үйрөнө алабыз?

3 Иса жеткилең киши болсо да, эч качан өзүнө таянган эмес. Ал тил алчаак бойдон калуу үчүн Кудайга жардам сурап тиленген (Оку: Эврейлер 5:7). Биз да тил алчаак бойдон калуу үчүн момун болуп, дайыма тиленишибиз керек. Элчи Пабыл ишенимдештерин «өзүн басынткан жана өлгөнгө чейин... тил алчаак болгон» Машаяк Исаныкындай ой жүгүртүүгө ээ болууга чакырган (Флп. 2:5—8). Исанын жашоосу адамдардын бузулган дүйнөдө да тил алчаак боло аларын көрсөткөн. Бирок Иса жеткилең болгон, ал эми биз жеткилең эмеспиз. Анда жеткилеңсиздигибизге карабай тил алчаак боло алабызбы?

Жеткилеңсиздикке карабай тил алчаак боло алабыз

4. Өз алдынча чечим чыгаруу эркиндиги менен жаратылганыбыз эмнени билдирет?

4 Кудай Адам менен Обону аң-сезимдүү кылып жаратып, өз алдынча чечим чыгаруу эркиндигин берген. Алардын урпактары болгондуктан биз да ошондой эркиндикке ээбиз. Бул эмнени билдирет? Биз жакшы же жаман иш кылууну өзүбүз тандайбыз, башкача айтканда, Кудайга тил алар-албасыбызды өзүбүз чечебиз. Бирок мындай эркиндикке ээ болгонубуз чоң жоопкерчилик артат: биздин чыгарган чечимдерибиз өмүргө же өлүмгө алып барат. Андан сырткары, кандай чечим чыгарганыбыз жакындарыбызга да таасир этет.

5. Бардыгыбызга эмне менен күрөшүүгө туура келет жана канткенде ийгиликке жете алабыз?

5 Биз тукум кууп өткөн жеткилеңсиздиктин айынан тил албоого жакын келебиз. Ошондуктан Кудайдын мыйзамдарына баш ийүү бизге дайыма эле оңойго тура бербейт. Алсак, Пабылга тил алуу үчүн күрөшүүгө туура келген. Ал мындай деп жазган: «Дене мүчөлөрүмдө башка мыйзам бар экенин көрүп турам. Бул мыйзам акылымдагы мыйзамга каршы күрөшүп, мени дене мүчөлөрүмдөгү күнөөнүн мыйзамына туткун кылып келет» (Рим. 7:23). Албетте, эч кандай курмандыкка барууга туура келбесе, кыйын же ыңгайсыз болбосо, тил алуу оңой. Бирок «дене кумары, көз кумарынан» улам тил алуу кыйынга турган учурларда кандай иш кылабыз? Туура эмес каалоолордун пайда болушуна жеткилеңсиздиктин же бизди курчап турган «дүйнөнүн рухунун» таасири себеп болот. Ал таасир аябай күчтүү болушу мүмкүн (1 Жкн. 2:16; 1 Кор. 2:12). Ага туруштук берүү үчүн, кыйынчылыкка же азгырыкка туш болгонго чейин жүрөгүбүздү даярдап, кандай болбосун, Жахабага тил алууга чечкиндүү болушубуз керек (Заб. 77:8). Ыйык Китепте жүрөгүн даярдаганы үчүн кыйынчылыктарда Кудайга тил алчаак бойдон калган көптөгөн кишилердин үлгүсү жазылган (Эзра 7:10; Дан. 1:8).

6, 7. Өздүк изилдөөнүн акылдуу чечим чыгарууга кандайча жардам берерин мисал менен түшүндүргүлө.

6 Жүрөгүбүздү даярдоонун бир жолу — Ыйык Китепти жана ага негизделген адабияттарды кылдат изилдөө. Мындай жагдайды элестетип көрсөң: өздүк изилдөөгө арналган кечте Жахабадан анын Сөзүнөн окуп-билгендериңди иш жүзүндө колдонууга жардам бериши үчүн ыйык рух сурап тилендиң дейли. Ал эми кийинки күнү кечинде бир кино көрүүнү пландаштырып койгонсуң. Ал кино жөнүндө башкалардан жакшы пикир уккансың, бирок анда адеп-ахлаксыздык жана зордук-зомбулук камтыларын да билесиң.

7 Анан Пабылдын Эфестиктер 5:3төгү: «Араңарда бузуктук, ар кандай ыпыластык же ачкөздүк жөнүндө сөз да болбосун, анткени бул ыйыктарга жарашпайт»,— деген кеңеши жөнүндө ой жүгүртөсүң. Ошондой эле анын Филипиликтер 4:8деги (оку) кеңешин эстейсиң. Ой жүгүртүп жатып өзүңө: «Эгер мен андай телеберүүлөрдүн жүрөгүмө жана акылыма терс таасир этерин билип туруп эле аларды көрө турган болсом, Исадай болуп, Кудайга толук баш ийген боломбу?» — деген суроо бересиң. Ушундай жагдайда сен эмне кылат элең? Эмнеси болсо да, ал кинону көрүүгө ашыгат белең?

8. Жахабанын адеп-ахлак нормаларына эмне үчүн бекем карманышыбыз керек?

8 Биз рухий жактан бекембиз, ошондуктан жаман чөйрө, анын ичинде зордук-зомбулук, адеп-ахлаксыздык камтылган көңүл ачуу залакасын тийгизбейт деп ойлоп, Жахабанын адеп-ахлак нормаларын баркка албай койгонубуз туура эмес болуп калар эле. Анын ордуна, өзүбүздү жана балдарыбызды Шайтандын таасиринен коргошубуз керек. Мисалы, кайсы бир коркунучтуу жугуштуу оору жүрүп жатат дейли. Андайда эмне кылат элек? Албетте, андан сактануу үчүн бүт күчүбүздү жумшамакпыз. Болбосо, саламаттыгыбызга доо кетип, атүгүл өмүрүбүзгө коркунуч туулмак. Ал эле эмес, бизден ал илдетти жуктуруп алып, башкалар да жапа чегип калмак. Анда өзүбүздү Шайтандын айла-амалдарынан коргош үчүн бүт күч-аракетибизди жумшашыбыз керек эмеспи? (Эф. 6:11).

9. Жахабага күн сайын тил алууга эмне үчүн чечкиндүү болушубуз керек?

9 Дээрлик күн сайын бизге Жахабага тил алар-албасыбызга байланыштуу чечим чыгарууга туура келет. Эгер өмүр алууну кааласак, Кудайга баш ийип, анын адил принциптерине ылайык жашашыбыз керек. Машаяктан үлгү алып, атүгүл «өлгөнгө чейин тил алчаак» болуу менен чыныгы ишенимге ээ экенибизди көрсөтөбүз. Ал эми ишенимдүүлүгүбүз үчүн Жахаба бизге сыйлык берет. Иса: «Акырына чейин чыдаган адам куткарылат»,— деп убадалаган (Мт. 24:13). Бирок акырына чейин чыдоо үчүн бизден Исадай кайраттуу болуу талап кылынат (Заб. 30:25).

Иса — кайраттуулуктун мыкты үлгүсү

10. Биз кандай кысымга туш болобуз жана андайда эмне кылышыбыз керек?

10 Бизди курчап турган дүйнөдөгү адамдардын маанайынан жана жаман иштеринен оолак болуу үчүн кайраттуу болушубуз керек. Биз, Исанын жолдоочулары, жаман иш кылууга, жалган диндин каада-салттарына катышууга азгырылышыбыз мүмкүн же акча-тыйынга байланыштуу кыйынчылыктарга кабылышыбыз ыктымал. Көптөрүбүз болсо үй-бүлө жактан каршылыктарга дуушар болобуз. Ал эми кээ бир өлкөлөрдөгү билим берүү мекемелеринде эволюция теориясына мурдагыдан да көбүрөөк басым жасалууда жана атеизмге өзгөчө маани берилүүдө. Мындай кысымга туш болгондо кол куушуруп, эчтеке кылбай отура берүү акылдуулукка жатпай калмак. Тескерисинче, аларга каршы туруп, өзүбүздү коргош үчүн иш-аракет кылышыбыз зарыл. Исанын үлгүсүнөн бул жагынан канткенде ийгиликке жете аларыбызды билебиз.

11. Исанын үлгүсү жөнүндө ой жүгүртүү бизге кайраттуу болууга кандайча жардам берет?

11 Иса өзүнүн жолдоочуларына: «Дүйнөдө азап чегесиңер, бирок кайраттуу болгула! Мен дүйнөнү жеңдим»,— деген (Жкн. 16:33). Иса дүйнөнүн таасирине эч качан алдырган эмес. Ошондой эле дүйнөнүн таасирине ага тапшырылган кабар айтуу ишин токтотуп коюшуна, чыныгы сыйынууга жана таза жүрүм-турумга байланыштуу нормаларды баркка албай калышына жол берген эмес. Биз да ошентишибиз керек. Кудайга шакирттери үчүн тиленип жатып Иса: «Мен дүйнөгө таандык болбогондой эле, алар да дүйнөгө таандык эмес»,— деп айткан (Жкн. 17:16). Машаяктын кайраттуулугу жөнүндө окуп-изилдеп, ал тууралуу ой жүгүртсөк, кайраттуулукка үйрөнүп, бул дүйнөдө өзүбүздү таза сактайбыз.

Исанын кайраттуулугунан үлгү алгыла

12—14. Исанын кайраттуулугун көрсөткөн мисалдарды айтып бергиле.

12 Исанын жердеги кызматынан көрүнүп тургандай, ал абдан кайраттуу киши болгон. Ал Кудай берген бийлигин колдонуп, эр жүрөктүк менен «ибадатканага кирип, андагы соодагерлер менен сатып алуучулардын баарын кууп чык[кан]. Акча алмаштыруучулардын үстөлдөрүн, көгүчкөн саткандардын отургучтарын көңтөрүп салган» (Мт. 21:12). Ошондой эле жердеги жашоосунун акыркы түнү жоокерлер Исаны кармаганы келгенде, ал алдыга чыгып: «Эгер мени издеп жүрсөңөр, анда буларды коё бергиле»,— деп шакирттерин коргогон (Жкн. 18:8). Ошондон көп өтпөй эле Петирге кылычын кынына салышын айткан. Муну менен ал куралдарга эмес, Жахабага таянарын көрсөткөн (Жкн. 18:11).

13 Андан тышкары, Иса өзүнүн убагындагы таш боор жалган диний жетекчилерди тайманбастык менен ашкерелеп, алардын жалган окууларын айыптаган. Ал аларга мындай деген: «Китепчилер жана фарисейлер, эки жүздүүлөр, силерге кайгы! Анткени башкалардын асман падышалыгына киришине тоскоолдук кылуудасыңар... Мыйзамдагы орчундуураак нерселерге: адилеттүүлүккө, кайрымдуулукка жана ишенимдүүлүккө маани бербейсиңер... Чөйчөк менен табактын сыртын тазалайсыңар, бирок алардын ичи талап-тоноочулук менен чектен чыгуучулукка толгон» (Мт. 23:13, 23, 25). Исанын шакирттери да кайраттуу болушу керек эле, себеби жалган диний жетекчилер аларды куугунтуктап, атүгүл айрымдарын өлтүрүшмөк (Мт. 23:34; 24:9).

14 Иса жин-перилерге да кайраттуулук менен каршы турган. Бир жолу ал жин бийлеп алган, эч ким чынжыр менен да байлап коё албаган бир кишини жолуктурган. Ошондо ал эч коркпостон кишини бийлеп алган көп жиндерди кууп чыккан (Мр. 5:1—13). Азыркы убакта биз андай кереметтерди жасай албайбыз. Ошентсе да кабар айтуу жана окутуу ишине катышууда «ишенбегендердин акылын сокур кылып койгон» Шайтанга каршы күрөшүшүбүз керек (2 Кор. 4:4). Исаныкындай эле, биздин «куралдарыбыз адамдардыкындай эмес, алар — чептерди талкалаган», башкача айтканда, көптөрдүн кан-жанына сиңип калган жалган окуулардан эркиндикке чыгарган «Кудай берген күчтүү куралдар» (2 Кор. 10:4). Бул рухий куралдарды колдонуу жагынан Исадан көп нерсеге үйрөнө алабыз.

15. Исанын кайраттуулугу эмнеге негизделген эле?

15 Иса жөн эле эрдемсине берген эмес, анын кайраттуулугу бекем ишенимге негизделген болчу. Биздики да ошондой болушу керек (Мр. 4:40). Бекем ишенимге канткенде ээ боло алабыз? Бул жагынан да Исанын үлгүсү жардам берет. Ал Жазмадан так билим алган жана анда жазылгандарга толугу менен ишенген. Андан сырткары, анын кылычы кадимки кылыч болгон эмес, ал рухтун кылычын, Кудайдын Сөзүн, колдонгон. Иса адамдарды окутууда айткандарын дайыма Жазмага негиздеген. Ал: «Ыйык Жазмада... деп жазылган»,— деген сыяктуу сөздөрдү көп айта турган *.

16. Бекем ишенимге ээ болуу үчүн эмне кылышыбыз керек?

16 Исанын жолдоочусу болуунун аркасында туш болгон сыноолорго туруштук берүүгө күчтүү ишеним жардам берет. Ан үчүн Ыйык Китепти күн сайын окуп, жыйналыш жолугушууларына үзгүлтүксүз барып, ишенимдин негизи болгон чындыкты акылыбызга терең сиңиришибиз керек (Рим. 10:17). Ошондой эле окуп-билгендерибиз жүрөгүбүздөн терең орун алышы үчүн, алар тууралуу ой жүгүртүшүбүз кажет. Биздин ишенимибиз «тирүү» болгондо гана кайраттуулук менен иш кыла алабыз (Жкп. 2:17). Ыйык рух сурап тиленишибиз да маанилүү, анткени ишеним рухтун жемишине кирет (Гал. 5:22).

17, 18. Бир жаш бир тууганыбыз мектепте кантип кайраттуулук көрсөткөн?

17 Китти деген жаш бир тууганыбыз бекем ишеним кайраттуу болууга жардам берерине өз тажрыйбасынан ынанган. Кичинекей кезинде эле ал «жакшы кабар таратуудан уялбашы» керек экенин билчү жана классташтарына күбөлөндүрүү берүүнү аябай каалачу (Рим. 1:16). Бирок жыл сайын мектептен кабар айтууга жакшы эле аракет кылса да, кайраттуулук жетишпегендиктен, айта алчу эмес. Кийин жогорку класстарда ал башка мектепке которулган. Ошондо: «Мурун коё берип жиберген мүмкүнчүлүктөрүмдү сөзсүз колдоном»,— деп бел байлаган. Китти Жахабадан кыраакылык, Исаныкындай кайраттуулук жана кабар айтууга мүмкүнчүлүк түзүп беришин сурап тиленген.

18 Ал жаңы мектепке барган күнү мугалим окуучулардан өздөрүн тааныштырып кетишин суранган. Алардын айрымдары кайсы динди тутарын жана туткан динине аябай деле бекем карманбай турганын айтышкан. Ошондо Китти тиленүүсүнө ылайык, кабар айтууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн түшүнгөн. Анын кезеги келгенде, ал ишенимдүү түрдө: «Мен Жахабанын Күбөсүмүн жана сыйынууга, жүрүм-турумга байланыштуу карманган нормаларым Ыйык Китепке негизделет»,— деген. Ал сүйлөп жатканда, айрым окуучулар жактырбагандай түр көрсөтүшкөн. Бирок башкалары кунт коюп угуп, суроолорду беришкен. Атүгүл мугалими Киттинин өз ишенимине бекем карманганы башкаларга мыкты үлгү экенин айткан. Китти, Исадан үлгү алып, кайраттуулук көрсөткөнүнө абдан кубанган.

Машаяктай ишенимдүү жана кайраттуу болгула

19. а) Чыныгы ишенимге ээ болуу деген эмнени билдирет? б) Канткенде Жахабаны кубандыра алабыз?

19 Элчилер да кайраттуу болуш үчүн бекем ишеним керек экенин түшүнүшкөн. Алар Исадан: «Ишенимибизди арттыра көр»,— деп өтүнүшкөн (Оку: Лука 17:5, 6). Чыныгы ишенимге ээ болуу деген Кудайдын бар экенине ишенип коюуну эле билдирбейт. Бул Жахаба менен болгон мамилебиздин кичинекей бала менен боорукер, мээримдүү атанын ортосундагы мамиледей бекем, ынак болушу керектигин билдирет. Сулайман рухтун жетеги менен: «Уулум! Эгерде сенин жүрөгүң акылдуу болсо, анда менин жүрөгүм да кубанат. Сенин оозуңдан туура сөздөр чыкканда, ички дүйнөм кубанат»,— деп жазган (Накыл 23:15, 16). Ооба, адил принциптерди кайраттуулук менен жактаганыбыз Жахабаны кубандырат. Муну билүү ого бетер кайраттуу болууга дем берет. Андыктан, келгиле, Исаны туурап, дайыма адилдикке бекем карманалы!

[Шилтемелер]

Түшүндүрө аласыңарбы?

• Жеткилеңсиздигибизге карабай тил алчаак болууга эмне жардам берет?

• Чыныгы ишеним эмнеге негизделет жана ал кайраттуу болууга кандайча жардам берет?

• Тил алчаак жана Машаяктай кайраттуу болгонубуздун натыйжасы кандай болот?

[Изилдөө суроолору]

[13-беттеги сүрөт]

Азгырыктарды четке кагыш үчүн жүрөгүңдү даярдап жатасыңбы?

[15-беттеги сүрөт]

Исадай болуп, ишенимибиздин негизинде кайраттуу боло алабыз