Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудай берген теңдешсиз билим

Кудай берген теңдешсиз билим

Кудай берген теңдешсиз билим

«Машаяк Иса жөнүндөгү теңдешсиз билим үчүн, чынында эле, бардыгын жоготуу деп эсептейм» (ФЛП. 3:8).

1, 2. Исанын кээ бир жолдоочулары кандай чечим чыгарышат жана эмне үчүн?

РОБЕРТ кичинекей кезинде эле мектепте алдыңкы окуучулардын бири болчу. Сегиз жашында бир мугалими атайын үйүнө келип, анын жашоодо көп нерсеге жете аларын айткан. Мугалими кийин андан жакшы доктур чыгарына үмүттөнөрүн билдирген. Роберт орто мектепте аябай жакшы окуп, көп ийгиликтерди жасагандыктан, өзү жашаган өлкөдөгү эң мыкты жогорку окуу жайларынын каалаганына тапшыра алмак. Бирок ал жалпы пионер болуп кызмат кылуу үчүн, көптөрдүн ою боюнча, жашоодо бир келчү андай мүмкүнчүлүктөн баш тарткан.

2 Роберттикиндей эле, Исанын көптөгөн жолдоочуларында — жаштарда да, чоңдордо да — бул дүйнө түзүлүшүндө көп нерсеге жетүүгө мүмкүнчүлүктөр бар. Бирок алардын айрымдары рухий максаттарга жетүү үчүн андай мүмкүнчүлүктөрдү толугу менен пайдаланбоону чечишет (1 Кор. 7:29—31). Исанын жолдоочуларына, Робертке окшоп, кабар айтуу ишин жашоодо биринчи орунга коюуга эмне түрткү берет? Аларга биринчи кезекте Жахабага болгон сүйүү түрткү берет. Андан тышкары, алар Кудай берген билимдин теңдешсиз экенин түшүнүшөт. Эгер чындыкты тааныбасаңар, жашооңордун кандай болмоктугу тууралуу ойлонуп көрдүңөр беле? Жахабадан билим алуунун аркасында алып жаткан эң сонун баталар жөнүндө ой жүгүртүү бизге жакшы кабардын канчалык баалуу экенин унутпоого жана аны жарыялоодо ынталуу болууга жардам берет.

Кудайдан билим алуу — чоң сыймык

3. Жахабанын жеткилеңсиз адамдарды окутууну каалаарына эмне үчүн шектенбесек болот?

3 Жахаба — жакшылык кылуучу Кудай. Ошондуктан ал жеткилеңсиз адамдарды окутууну каалайт. Ышайа 54:13тө Исанын майланган жолдоочулары тууралуу: «Сенин уулдарыңдын баарын Теңир үйрөтөт, уулдарыңда улуу тынчтык болот»,— деген пайгамбарлык айтылган. Бул сөздөр Машаяктын «башка койлоруна» карата да колдонулат (Жкн. 10:16). Ал биздин күндөрдө аткарылып жаткан пайгамбарлыктан айкын көрүнүп турат. Ышая пайгамбар аян аркылуу ар кайсы улуттагы адамдардын чыныгы сыйынууга агылып келип жатканын көргөн. Ал алардын бири бирине: «Келгиле, Теңирдин тоосуна чыгып, Жакыптын Кудайынын үйүнө кирели, Ал бизге Өз жолдорун үйрөтөт, ошондо биз Анын жолдору менен жүрөбүз»,— деп айтып жатканын жазган (Ыш. 2:1—3). Кудайдан билим алуу кандай чоң сыймык!

4. Жахаба андан билим алууну каалагандардан эмне талап кылат?

4 Кудайдан билим алуу үчүн бизден эмне талап кылынат? Биз момун жана үйрөнүүгө ынтызар болушубуз керек. Забурчу Дөөтү: «Теңир кең пейил, адилет... момундарга Өз жолунда жүргөндү үйрөтөт»,— деп жазган (Заб. 24:8, 9). Ал эми Иса мындай деген: «Ата, асман-жердин Жаратканы, сени эл алдында даңктайм, анткени бул нерселерди даанышмандар менен акылдуулардан жашырып, наристелерге ачып бердиң» (Лк. 10:21). Бул бизге «момундарга ырайым кылган» Кудайга жакындоого түрткү бербейби? (1 Пет. 5:5).

5. Эмненин аркасында гана Кудайды таанып-билдик?

5 Биз, Жахабанын кызматчылары, чындыкты акылдуу же жөндөмдүү болгондуктан таанып-билдикпи? Жок. Кудайды өз акылыбыз менен эч качан таанып-биле алмак эмеспиз. Иса: «Мени жиберген Атам жакындатпаса, мага эч ким келе албайт»,— деген (Жкн. 6:44). Ооба, кабар айтуу иши жана ыйык руху аркылуу Жахаба кой мүнөздүү адамдарды — «бардык элдердин асылдарын» — өзүнө жакындатууда (Акай 2:7, МАК). Жахаба өз Уулуна жакындаткан адамдардын арасында болгонуңарга ыраазы эмессиңерби? (Оку: Жеремия 9:23, 24).

Адамдардын жашоосун өзгөрткөн билим

6. «Кудайдын билими» адамдарга канчалык күчтүү таасир этүүдө?

6 Ышаянын пайгамбарлыгында адамдардын жакшы жакка өзгөрүшү каймана маанидеги сөздөр менен көркөм сүрөттөлгөн. Ал пайгамбарлык биздин күндөрдө аткарылып жатат. Мурун зордук-зомбулукка жакын болгондор азыр тынчтыкка умтулушууда (Оку: Ышайа 11:6—9). Расасы, улуту, уруусу жана маданияты башка болгондуктан бир кезде бири-бири менен касташып келгендер биримдикте жашоого үйрөнүшүүдө. Каймана сөз менен айтканда, алар «кылычтарын соко кылып» жатышат (Ыш. 2:4). Ушундай чоң өзгөрүүлөр эмнеден улам болууда? Адамдар «Кудайдын билимин» алып, аны жашоосунда колдонушууда. Кудайдын кызматчылары жеткилең эмес болушса да, чыныгы эл аралык бир туугандыкты түзүшөт. Дүйнө жүзү боюнча жүргүзүлүп жаткан кабар айтуу ишинин жемиши Кудай берген билимдин баа жеткис экенин күбөлөндүрүп турат (Мт. 11:19).

7, 8. а) Кудай берген билим адамдарды кайсы «чептерден» эркиндикке чыгарууда? б) Жахаба берген билимдин ага даңк алып келерин кайсы мисал көрсөтүп турат?

7 Элчи Пабыл Кудайдын кызматчыларынын кызматын рухий согушка салыштырып, мындай деп жазган: «Биздин согуш куралдарыбыз адамдардыкындай эмес, алар — чептерди талкалоо үчүн Кудай берген күчтүү куралдар. Биз туура эмес түшүнүктөрдү жана Кудай жөнүндөгү билимге каршы турган менменсингендиктин баарын талкалайбыз» (2 Кор. 10:4, 5). Кудай берген билим адамдарды кайсы «чептерден» эркиндикке чыгарууда? Мисалы, жалган окуулардан, ырым-жырымдардан, адамдык философиялардан эркиндикке чыгарууда (Кол. 2:8). Ал билим адамдарга жаман адаттарынан арылууга жана Кудайга жаккан сапаттарды өрчүтүүгө жардам берет (1 Кор. 6:9—11). Ошондой эле үй-бүлөлүк жашоону жакшыртат. Үмүтсүз адамдарга жашоонун маңызын табууга да көмөк кылат. Бүгүнкү күндө адамдар мына ушундай билимге муктаж.

8 Төмөнкү окуя көрсөтүп тургандай, Жахаба адамдарга чынчылдык сапатын да өрчүтүүгө жардам берет (Эвр. 13:18). Индияда бир аял Ыйык Китепти изилдөөгө макул болуп, убакыттын өтүшү менен чөмүлтүлбөгөн жарчы болот. Бир күнү Падышалык залын куруу ишинен үйүнө кайтып келатып, автобекеттин жанынан 800 доллар (АКШ) турган алтын зергер буюмун таап алат. Ал акча-тыйынга муктаж болсо да, аны полиция участогуна алып барып берет. Ошондо полиция кызматкери көргөн көзүнө ишенбейт! Башка полиция кызматкери ал эжеден: «Эмне үчүн бул зергер буюмун кайтарып берүүнү чечтиңиз»,— деп сурайт. Ал ага: «Ыйык китептик билим мени өзгөртүп, чынчыл болууга үйрөттү»,— деп жооп берет. Полиция кызматкери аябай таң калып, ал эже менен участокко барган аксакалга: «Бул штатта 38 миллиондон ашуун киши жашайт. Эгер он эле кишиге бул аялдай болууга жардам берсеңер, аябай чоң жетишкендик болмок»,— дейт. Кудайдын билиминин миллиондогондордун жашоосун өзгөртүп жатканын билүү бизге Жахабаны даңктоого түрткү бербейби?

9. Адамдар эмненин аркасында жашоосунда чоң өзгөрүүлөрдү жасап жатышат?

9 Кудайдын Сөзү адамдардын жашоосуна күчтүү таасир эткендиктен жана Жахаба ыйык руху аркылуу жардам бергендиктен, көптөр жашоосунда чоң өзгөрүүлөрдү жасап жатышат (Рим. 12:2; Гал. 5:22, 23). Колосалыктар 3:10до: «Жаратуучусунун бейнеси боюнча так билимдин негизинде жаңыланып турган жаңы табиятты кийгиле»,— делет. Кудайдын Сөзү Ыйык Китепте камтылган кабар адамдын ички дүйнөсү кандай экенин көрсөтүп, анын ой жүгүртүүсүн, көз карашын өзгөртө алат (Оку: Эврейлер 4:12). Ыйык Жазмадан так билим алып, жашоосун Жахабанын адил нормаларына ылайык келтирүү менен адам Кудайдын досу боло алат жана түбөлүк өмүр сүрүү үмүтүнө ээ болот.

Жахаба бизди келечекке даярдайт

10. а) Эмне себептен бизди келечекке Жахаба гана даярдай алат? б) Жакында бүт жер жүзүндө кандай укмуштуу окуялар болот?

10 Бизди келечекке Жахаба гана даярдай алат, анткени ал алдыда эмне күтүп турганын, адамзаттын келечеги кандай болорун билет (Ыш. 46:9, 10). Ыйык китептик пайгамбарлыкта «Теңирдин улуу күнү жакын» экени айтылган (Сеп. 1:14). Ошол күнү Накыл сөздөр 11:4төгү: «Каар төгүлө турган күнү байлык жардам бербейт, ал эми адилдик өлүмдөн куткарат»,— деген сөздөрдүн калетсиздиги айкын болот. Жахаба Шайтандын дүйнөсүнө чыгарган сот өкүмүн ишке ашыра турган убак келгенде, аман калар-калбасыбыз Кудай менен болгон мамилебизден көз каранды болот. Акча пайдасыз болуп калат. Жезекиел 7:19да: «Алар өздөрүнүн күмүштөрүн көчөгө ыргытышат, алтындары алар үчүн таза эмес нерсе сыяктуу болуп калат»,— делет. Муну билгенибиз бизге азыр акылдуулук менен иш кылууга жардам берет.

11. Кудайдын билими бизди келечекке кантип даярдайт?

11 Кудайдын билими жашоодогу маанилүү нерселерди алдыңкы орунга коюуга жардам берип, бизди Жахабанын күнүнө даярдайт. Элчи Пабыл Тиметейге: «Азыркы дүйнө түзүлүшүндөгү байларга буйрук кыл: өздөрү жөнүндө жогору ойлошпосун жана өзгөрүлмө байлыкка эмес,.. Кудайга таянышсын»,— деп жазган. Биз бай болбосок да, Кудайдын жетеги менен жазылган бул кеңешти колдонуудан пайда ала алабыз. Ан үчүн эмне кылышыбыз зарыл? Материалдык байлык топтобой, «жакшылык кылышыбыз» жана «жакшы иштерге бай» болууга умтулушубуз керек. Рухий иштерди жашообузда биринчи орунга коюу менен «келечекке жакшы негиз боло турган... кенч жыйнаган» болобуз (1 Тим. 6:17—19). Мындай жан аябастык көрсөтүү акылдуулукка жатат, анткени Иса: «Адам бүт дүйнөгө ээ болуп, бирок жанынан айрылса, анда ага эмне пайда?» — деген (Мт. 16:26, 27). Жахабанын күнүнө абдан жакын калгандыктан, ар бирибиз: «Байлыкты каякка жыйнап жатам? Мен Кудайдын кулумунбу же байлыктынбы?» — деп ойлонуп көргөнүбүз дурус (Мт. 6:19, 20, 24).

12. Айрымдар кызматыбызды жактыра бербесе да, эмне үчүн кабар айтууну токтотпошубуз керек?

12 Исанын жолдоочулары кылышы керек болгон Кудайдын Сөзүндө айтылган «жакшы иштердин» эң эле маанилүүсү адамдардын өмүрүн куткаруучу Падышалык жөнүндө кабар айтуу жана шакирт даярдоо иши болуп эсептелет (Мт. 24:14; 28:19, 20). Бирок биринчи кылымдагыдай эле, айрымдар биздин кызматыбызды жактыра бербеши мүмкүн (Оку: 1 Корунттуктар 1:18—21). Ошентсе да бул айткан кабарыбыздын баалуулугун кемитпейт жана убакыт барда ар бир адамга жакшы кабарга ишеним өрчүтүүгө мүмкүнчүлүк берүүнүн маанилүүлүгүн төмөндөтпөйт (Рим. 10:13, 14). Биз башкаларга Кудайдын билиминен пайда алууга жардам берүү менен өзүбүз да мол бата алабыз.

Курмандыктарга баргандар мол бата алышат

13. Элчи Пабыл жакшы кабар үчүн кандай курмандыктарга барган?

13 Исанын жолдоочусу болгонго чейин элчи Пабыл Жүйүт түзүлүшүнүн убагында чоң ийгиликке жеткире турган билимге ээ болгон. Кыязы, 13 жаш чамасында ал туулуп-өскөн Тарс шаарынан Иерусалимге барып, кадыр-барктуу Мыйзам окутуучу Гамалеилден билим алган (Элч. 22:3). Убакыттын өтүшү менен Пабыл замандаштарына караганда көбүрөөк ийгиликке жеткен. Эгер ал ошол бойдон кете берсе, иудаизмдеги атактуу кишилерден боло алмак (Гал. 1:13, 14). Бирок жакшы кабарды кабыл алып, аны башкаларга жарыялай баштаганда ал ошонун баарынан баш тарткан. Пабыл ошондой чечим чыгарганына өкүнгөнбү? Жок. Ал мындай деп жазган: «Мырзам Машаяк Иса жөнүндөгү теңдешсиз билим үчүн, чынында эле, бардыгын жоготуу деп эсептейм... Баарын жоготтум жана ага ээ болуу үчүн баарын таштанды деп эсептейм» (Флп. 3:8).

14, 15. «Кудайдын кызматташтары» катары кандай баталарды алып жатабыз?

14 Пабыл сыяктуу эле, бүгүнкү күндө да Исанын көптөгөн жолдоочулары жакшы кабар үчүн курмандыктарга барышат (Мр. 10:29, 30). Ошентүү менен биз бир нерседен айрылып жатабызбы? Көбүбүз макаланын башында айтылып өткөн Робертке кошулат болушубуз керек. Ал мындай деп ой бөлүшөт: «Мен кымындай да өкүнбөйм. Толук убакыттуу кызмат мага кубаныч жана канааттануу тартуулайт, ошондой эле Жахабанын кандай сонун Кудай экенин „татып көрүүгө“ жардам берет. Рухий максаттарга жетүү үчүн кандай курмандыктарга барбайын, Жахаба дайыма мага батасын ал курмандыктардан да ашыра төгүп келет. Ошондуктан, чындап келгенде, мен эч кандай курмандыктарга барган жокмун, тескерисинче, алып эле келатам!» (Заб. 33:9; Накыл 10:22).

15 Эгер кабар айтуу жана окутуу ишине катышып келатсаң, Жахабанын канчалык жакшы Кудай экенин татып көрүүгө сенде да көп мүмкүнчүлүктөр болгону шексиз. Башкаларга жакшы кабар айтып жатып, анын сага руху аркылуу жардам бергенин сезген учурларың болду беле? Жахаба жүрөгүн ачкан адамдардын жакшы кабарды укканда жүзүнөн нур жанып кубанганына күбө болдуң беле? (Элч. 16:14). Жахаба сага кызматыңды кеңейтүүгө жолтоо болгон кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам берди беле? Ал сага оор убактарда колдоо көрсөтүп, күч-кубатың такыр калбай калгандай сезилгенде, кызматыңды улантууга күч берди беле? (Флп. 4:13). Жахабанын кызматыбызды аткарууга жардам берип жатканын сезгенибизде, ал бизге мурдагыдан да жакын болуп, аны менен болгон мамилебиз ого бетер бекемделет (Ыш. 41:10). Жахабанын билимин башкаларга жеткирүүдө «Кудайдын кызматташтары» болуу биз үчүн чоң бата эмеспи? (1 Кор. 3:9).

16. Башкаларды Кудайдын билимине окутуудагы күч-аракеттериңе, курмандыктарыңа карата кандай ойдосуң?

16 Көптөр жашоосунда кандайдыр бир көрүнүктүү иштерди жасоого умтулушат. Бирок, өзүбүз күбө болуп жаткандай, азыркы дүйнөдөгү атүгүл укмуштуу жетишкендиктер да, адатта, бат эле унутта калат. Ал эми Жахабанын өзүнүн ысмынын ыйыкталышына байланыштуу жүргүзүп жаткан бүгүнкү күндөгү иштери Кудайдын элинин тарыхында түбөлүккө унутулгус болуп кала берери шексиз (Накыл 10:7; Эвр. 6:10). Андыктан, келгиле, тарыхтагы эң маанилүү ишке катышууну, башкаларды Жахабанын билимине окутууну, сыймык катары көрүп, аны жогору баалайлы.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Жахаба андан билим алууну каалагандардан эмне талап кылат?

• Кудай берген билим адамдардын жашоосун кандайча жакшыртат?

• Башкаларга Кудайдын билиминен пайда алууга жардам берүү менен кандай баталарга ээ болуп жатабыз?

[Изилдөө суроолору]

[23-беттеги сүрөт]

Жахабадан билим алгандар чыныгы эл аралык бир туугандыкты түзүшөт

[24-беттеги сүрөт]

«Кудайдын кызматташтары» болуу чоң бата эмеспи?