Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китепти изилдөө аркылуу тиленүүлөрүңдү жакшырт

Ыйык Китепти изилдөө аркылуу тиленүүлөрүңдү жакшырт

Ыйык Китепти изилдөө аркылуу тиленүүлөрүңдү жакшырт

«Оо Теңир, жалынам Сага! Өз кулуңдун сыйынуусуна... кулак сала көр» (НЕК. 1:11).

1, 2. Ыйык Китепте жазылган айрым тиленүүлөрдү карап чыгуу эмне үчүн пайдалуу?

ТИЛЕНҮҮ жана Ыйык Китепти изилдөө — чыныгы сыйынуунун ажырагыс бөлүгү (1 Тес. 5:17; 2 Тим. 3:16, 17). Албетте, Ыйык Китеп тиленүү китеби эмес. Ошентсе да анда көптөгөн тиленүүлөр жазылган; алардын көбүн Забур китебинен табууга болот.

2 Ыйык Китепти окуп-изилдегениңде андан сен кабылган жагдайга ылайык келген тиленүүлөрдү табышың ыктымал. Чынында, өзүңдүн тиленүүлөрүңө Ыйык Жазмада жазылган тиленүүлөрдөгү, даңктоо ырларындагы ойлорду кошсоң, алардын сапаты жакшырат. Тилегине жооп алган адамдардан жана алардын тиленүүлөрүнөн эмнеге үйрөнө аласың?

Кудайдын жетекчилигин изде жана ага ылайык иш кыл

3, 4. Ыбрайымдын кулу кандай тапшырма алган жана Жахабанын анын тиленүүсүнө жооп бергенинен эмнени биле алабыз?

3 Ыйык Китепти изилдөөнүн аркасында Кудайдан дайыма жетекчилик сурап тиленүү маанилүү экенин биле аласың. Уруу аксакалы Ыбрайым өзүнүн башкы кулун — кыязы, Элиезерди — Месопотамияга Ыскакка Кудайдан корккон колукту алып келүүгө жөнөткөндө болгон окуяга токтолуп өтөлү. Кыздар кудуктан суу алганы келатканда, ал кул мындай деп тиленген: «Теңирим,.. мен кайсы кызга: „Кумураңды эңкейтчи, суу ичип алайын“,— десем, ал: „Ич, төөлөрүңдү да сугарып берем“,— десе, анда ошол кыз Сен Өз кулуң Ыскакка дайындаган кыз экенин жана Сен менин мырзама ырайым кылганыңды билем» (Башт. 24:12—14).

4 Ребека анын төөлөрүнө суу бергенде, Ыбрайымдын кулу тиленүүсүнө жооп алган. Анан Ребека аны менен Канаанга жөнөп, Ыскактын сүйүктүү жубайы болгон. Албетте, Кудай сага өзгөчө бир белги бербейт. Анткен менен ага тиленсең жана анын рухуна жетектелүүгө чечкиндүү болсоң, ал сени жашооңдо багыттайт (Гал. 5:18).

Тиленүү көп тынчсызданбоого жардам берет

5, 6. Жакыптын Эйсапка жолугарда айткан тиленүүсүнөн эмнени билүүгө болот?

5 Тиленүү көп кабатыр болбоого көмөк кылат. Жакып өзүнүн эгиз бир тууганы Эйсаптан коркуп, мындай деп тиленген: «Теңирим,.. Сенин Өз кулуңа кылган бардык ырайымың менен жакшылыгыңа татыксызмын... Мени бир тууганым Эйсаптын колунан куткар, анткени мен андан корком, ал келип, мени жана балдарымды энелери менен кошо өлтүрүп койбосун. Сен мага: „Мен сени колдоп, укум-тукумуңду деңиз кумундай көбөйтүп, көптүгүнөн санап чыккыс кылам“,— деп айткансың» (Башт. 32:9—12).

6 Жакып тиленгенден кийин өзүнүн үй-бүлөсүн коргош үчүн алдын ала чара көргөн жана Эйсап менен элдешкенде тиленүүсүнө жооп алган (Башт. 33:1—4). Анын жалынуусун кылдат окуп чык, ошондо Жакыптын тек гана жардам сурап тиленбегенин билесиң. Ал убадаланган Тукумга ишенерин көрсөткөн жана Кудайдын мээримдүүлүгүнө ыраазычылыгын билдирген. Сенин да жүрөгүңдө кандайдыр бир коркунуч барбы? (2 Кор. 7:5). Ошондой болсо, Жакыптын жалынуусу тиленүүнүн көп тынчсызданбоого жардам берерин эсиңе салышы мүмкүн. Бирок тиленүүлөр өтүнүчтү эле камтыбастан, ишенимди да чагылдырышы керек.

Акылмандык сурап тилен

7. Муса эмне үчүн Жахабанын жолдорун билүүнү каалаарын айтып тиленген?

7 Жахабага жагууга болгон каалоо сага акылмандык сурап тиленүүгө түрткү бериши керек. Муса Кудайдын жолдорун билүүнү каалаарын айтып тиленген. «Сен мага: “[Мисирден] бул элди баштап бар...” — дегенсиң,— деп өтүнгөн ал.— Эгерде мен Сенин алдыңда ырайым тапкан болсом, анда өтүнөм... Сенин алдыңда ырайым табышым үчүн, мага Өз жолуңду ач» (Чыг. 33:12, 13). Кудай анын тиленүүсүнө жооп берип, ага өзүнүн жолдорун жакшы билүүгө жардам берген; ал билим Мусага Жахабанын элин жетектөө үчүн абдан зарыл болгон.

8. 1 Падышалар 3:7—14-аяттар тууралуу ой жүгүртүүдөн кандай пайда ала аласың?

8 Дөөтү да: «Теңир, мага Өз жолуңду көрсөт»,— деп тиленген (Заб. 24:4). Анын уулу Сулайман болсо Ысрайылдын падышасы катары өзүнүн жоопкерчиликтерин аткара алышы үчүн Кудайдан акылмандык сураган. Сулаймандын тиленүүсү Жахабага жаккандыктан, ал ага сураган нерсесин эле эмес, байлык да, атак-даңк да берген (Оку: 1 Падышалар 3:7—14). Эгер сага кандайдыр бир жоопкерчилик тапшырылса жана аны аткаруу колуңан келбечүдөй сезилсе, акылмандык сурап тиленип, момун болууга аракет кыл. Ошондо Кудай сага жоопкерчиликтериңди сүйүү менен, туура аткара алышың үчүн зарыл билимге жана акылмандыкка ээ болууга жардам берет.

Чын жүрөктөн тилен

9, 10. Сулаймандын ибадаткананын салтанаттуу ачылышында айткан тиленүүсүнөн кандай маанилүү ойду байкадың?

9 Тилегиң кабыл болушу үчүн, ал чын жүрөктөн чыгышы керек. 1 Падышалар китебинин 8-бөлүмүндө жазылгандай, б.з.ч. 1026-жылы Сулайман Иерусалимде Жахабанын ибадатканасынын салтанаттуу ачылышына чогулган калың элдин алдында чын жүрөктөн тиленген. Келишим сандыгы Ыйыктын ыйыгына коюлуп, ибадаткана Жахабанын булутуна толгондон кийин, Сулайман Кудайды даңктаган.

10 Сулаймандын тиленүүсүн изилдеп чык жана анда айтылгандарды жүрөгүңө түйүп ал. Ал адам баласынын жүрөгүн бир гана Жахаба билерин белгилеген (1 Пад. 8:38, 39). Ал тиленүү Кудайга чын жүрөгү менен кайрылган күнөөкөр үчүн үмүт бар экенин көрсөтүп турат. Кудайдын элин душман басып алган күндө алар бүт жүрөгү менен Жахабага таянса, ал алардын үнүн укмак (1 Пад. 8:48, 58, 61). Андыктан сенин тиленүүлөрүң да чын жүрөктөн чыгышы зарыл.

Забурлар тиленүүлөрүңдү жакшыртууга жардам берет

11, 12. Убактылуу Кудайдын ыйык жайына бара албаган лебинин ырынан эмнени билдиң?

11 Забурларды изилдөө тиленүүлөрүңдүн сапатын жакшыртууга жана Кудайдын жообун күтүүгө жардам берет. Сүргүндө жүргөн лебинин кандайча чыдамдуулук көрсөткөнүн карап көрөлү. Ал Жахабанын ыйык жайына убактылуу бара албаса да: «Жаным, эмнеге чөгүп, эмнеге онтоп жатасың? Кудайга таян [«Кудайды күт», «ЖД»], анткени мен Аны — Куткаруучумду, Кудайымды дагы даңктайм»,— деп ырдаган (Заб. 41:6, 12; 42:5).

12 Ал лебиден эмнеге үйрөнө аласың? Эгерде адилдик үчүн түрмөдө отургандыктан убактылуу ишенимдештериң менен алар сыйынган жерде жолуга албай жатсаң, Кудайды, ал сага жардам бериш үчүн иш-аракет кылгыча, чыдамдуулук менен күт (Заб. 36:5). Кызматта өткөргөн кубанычтуу күндөрүң жөнүндө ой жүгүрт жана Кудай анын эли менен кайрадан бирге болушуңа өбөлгө түзгүчө, аны күтүп, чыдамдуулук сурап тилен.

Ишеним менен тилен

13. Жакып 1:5—8-аяттарга ылайык, эмне себептен ишеним менен тиленишиң керек?

13 Жагдай-шартың кандай болбосун, дайыма ишеним менен тилен. Эгер актыгың сыналып жатса, шакирт Жакыптын кеңешине ылайык иш кыл. Жахабага кайрыл жана анын кыйынчылыкты көтөрүп кетүү үчүн зарыл болгон акылмандык бере аларына эч шектенбе (Оку: Жакып 1:5—8). Кудай сенин жүрөгүңдү өйүгөн кыйынчылыктарыңдын баарын билет жана руху аркылуу сага жетекчилик берип, соорото алат. «Эч шектенбей», толук ишеним менен жүрөгүңдөгүнү ага төк. Ошондой эле Кудайдын рухунун жетекчилигине баш ийип, анын Сөзүндөгү кеңештерге кулак как.

14, 15. Анна ишеним менен тиленип, ишеним менен иш кылган деп эмне үчүн айта алабыз?

14 Леби болуп кызмат кылган Элкананын эки аялынын бири Анна ишеним менен тиленип, ишеним менен иш кылган. Элкананын бир нече бала төрөгөн экинчи аялы Пенина бала көрө элек Аннаны ыза кылчу. Анна жыйын чатырына барып, эгер уул төрөсө, аны Жахабага берерин убадалаган. Ал эриндерин эле кыбыратып үндөбөй тиленип жаткандыктан, башкы дин кызматчы Эйли аны мас деп ойлогон. Анын мас эмес экенин билгенде ал: «Ысрайылдын Кудайы сураганыңды берсин»,— деген. Анна тиленгенинин натыйжасы кандай болорун так билбесе да, ага жооп аларына бекем ишенген. Ошондуктан анын «жүзү мурдагыдай капалуу болбой калган»: ал санаа тартпай калган (1 Шем. 1:9—18).

15 Көз жарып, Шемуелди эмчектен чыгаргандан кийин Анна аны, жыйын чатырында ыйык кызмат кылышы үчүн, Жахабага берген (1 Шем. 1:19—28). Убакыт бөлүп, анын ошондо айткан тиленүүсү тууралуу ой жүгүртсөң, тиленүүлөрүңдүн сапатын жакшырта аласың. Ошондой эле Жахабанын жооп берерине шектенбей тиленүүнүн башыңа түшкөн кыйынчылыктан улам сарсанаа болбоого жардам берерин түшүнөсүң (1 Шем. 2:1—10).

16, 17. Некемиянын ишеним менен тиленип, ишеним менен иш кылганынын натыйжасы кандай болгон?

16 Биздин заманга чейин 5-кылымда жашаган адил киши Некемия да ишеним менен тиленип, ишеним менен иш кылган. Ал мындай деп жалбарган: «Оо Теңир, жалынам Сага! Өз кулуңдун сыйынуусуна жана Сенин атыңдын алдында коркуп турууну сүйгөн Өз кулдарыңдын сыйынуусуна кулак сала көр, Теңир! Эми Өз кулуңду колдой көр, аны мына бул адамдын ырайымына ээ кыла көр». «Бул адам» деген ким эле? Ал Персия падышасы Артакшашта болгон; Некемия анын шарап сунуучусу болчу (Нек. 1:11).

17 Ал Бабыл туткунунан бошотулган жүйүттөрдүн «башына өтө оор күн түшүп, кордук көрүп жатышканын» жана «Иерусалимдин дубалдары уратылганын» уккандан кийин бир нече күн бою ишеним менен тиленген (Нек. 1:3, 4). Артакшашта падыша ага Иерусалимдин дубалдарын кайра тургузуу үчүн ал жакка барууга уруксат бергенде, Некемия тиленүүлөрүнө өзү күтпөгөн сонун жооп алган (Нек. 2:1—8). Көп өтпөй эле шаар дубалы калыбына келтирилген. Некемия чыныгы сыйынууну биринчи орунга койгондуктан жана ишеним менен тиленгендиктен, анын үнү Кудайга жеткен. Сенин тиленүүлөрүң тууралуу да ушуну айтууга болобу?

Кудайды даңктаганды жана ага ыраазычылык билдиргенди унутпа

18, 19. Жахабанын кызматчылыры кандай себептерден улам аны даңкташы жана ага ыраазычылык билдириши кажет?

18 Тиленгенде Жахабаны даңазалоону жана ага ырахмат айтууну унутпа. Буга бизде аябагандай көп себептер бар! Мисалы, Дөөтү Жахабанын падышалыгын даңктап-мактоого куштар болгон (Оку: Забур 144:10—13). Сенин тиленүүлөрүңдөн Жахабанын Падышалыгын жарыялоо сыймыгын баалаарың көрүнүп турабы? Забурчунун сөздөрү сага чын жүрөктөн тиленүү аркылуу Кудайга жыйналыш жолугушуулары жана жыйындар үчүн ыраазычылык билдирүүгө түрткү бериши мүмкүн (Заб. 26:4; 121:1).

19 Кудай менен болгон баа жеткис мамилеңди жогору баалагандыктан сен чын дилден төмөнкүдөй ойлорду айтып тиленүүгө түрткү алышың ыктымал: «Теңирим, Сени элдердин арасында даңазалайм, Сени уруулар арасында даңктап ырдайм. Анткени Сенин ырайымың асманга чейин жетет, Сенин чындыгың булуттарга чейин жетет. Кудайым, даңкың асмандан да жогору көтөрүлсүн, Сенин даңкың бүт жер үстүндө болсун!» (Заб. 56:10—12). Кандай гана жүрөк толкуткан сөздөр! Забурлардагы жан дүйнөнү козгогон ушу сыяктуу сөздөр сенин тиленүүлөрүңө таасир этип, аларды жакшыртарына кошулбайсыңбы?

Кастарлоо сезими менен тиленүү

20. Кудайга болгон берилгендигин Мариям кантип көрсөткөн?

20 Тиленүүлөрүңдөн Кудайды кастарлаарың айкын көрүнүп турушу керек. Мариямдын Машаяктын энеси болорун билгендеги кастарлоо сезими менен айткан сөздөрү Аннанын Шемуелди жыйын чатырына алып келгендеги айткан сөздөрүнө окшошуп кетет. Мариямдын: «Менин жаным Жахабаны даңазалайт. Жандүйнөм Куткаруучу Кудайым менен шаттанат»,— деген сөздөрүнөн анын Кудайды терең урматтаганы көрүнүп турат (Лк. 1:46, 47). Ушу сыяктуу сезимдерди чагылдыруу менен тиленүүлөрүңдү жакшырта аласыңбы? Кудайдан корккон дал ошол Мариямдын Иса Машаяктын энеси болууга тандалганы таң калыштуу эмес!

21. Исанын тиленүүлөрү анын Кудайды терең урматтаарын жана ага бекем ишенерин кандайча көрсөткөн?

21 Иса терең урмат-сый жана бекем ишеним менен тиленген. Алсак, Лазарды тирилтердин алдында «Иса асманды карап: „Ата, мени укканың үчүн ыраазымын. Мени дайыма угарыңды билем“»,— деген (Жкн. 11:41, 42). Сенин тиленүүлөрүңдөн Кудайды терең урматтаарың жана ага ишенериң айкын көрүнүп турабы? Исанын кастарлоо сезими менен айткан үлгүлүү тиленүүсүн талдап чыксаң, ал тиленүүдө Жахабанын ысмынын ыйыкталышы, анын Падышалыгынын келиши жана эркинин аткарылышы башкы орунду ээлерин байкайсың (Мт. 6:9, 10). Өзүңдүн тиленүүлөрүң жөнүндө ойлонуп көрсөң. Алар Жахабанын Падышалыгынын кызыкчылыктарына, анын эркин аткарууга жана ыйык ысмынын ыйыкталышына абдан кызыкдар экениңди далилдеп турабы? Далилдеп турушу керек.

22. Жахабанын сага жакшы кабарды жарыялоого кайраттуулук берерине эмне себептен шектенбесең болот?

22 Кудайдын кызматчылары куугунтукталганда же башка сыноолорго дуушар болгондо, адатта, Жахабадан кайраттуулук менен кызмат кылууга жардам беришин сурап жалынышат. Синедрион Петир менен Жаканга «Исанын атынан... окутпоону буйрук кылганда», алар кайраттуулук менен ал буйрукка баш ийбей турганын айтышкан (Элч. 4:18—20). Эркиндикке чыгарылганда болгон окуяны ишенимдештерине айтып беришкен. Ошондо ал жактагылардын бардыгы Кудайдан анын сөзүн тайманбастык менен жарыялоого күч беришин сурап жалбарышкан. Алардын тилеги аткарылып, «ыйык рухка толуп, Кудайдын сөзүн кайраттуулук менен айта башташкан». Бул кандай гана жүрөк козгоорлук болгон! (Оку: Элчилер 4:24—31). Натыйжада, көп сандаган адамдар Жахабанын кызматчысы болушкан. Ооба, тиленүү сага да жакшы кабарды эр жүрөктүк менен жарыялоого күч берет.

Тиленүүлөрүңдү жакшырта бер

23, 24. а) Ыйык Китепти окуп-изилдөөнүн аркасында тиленүүлөрдү жакшыртса болорун көрсөткөн башка мисалдарды келтир. б) Тиленүүлөрүңдү жакшыртуу үчүн эмне кыласың?

23 Ыйык Китепти окуп-изилдөөнүн аркасында тиленүүлөрдү жакшыртса болорун көрсөткөн башка да көптөгөн мисалдар бар. Маселен, тиленгениңде, Жунустай болуп, «Куткарылуу Теңирде» экенин билдирсең болот (Жун. 2:1—10). Олуттуу күнөө кетиргендиктен бушайман болуп жүрсөң жана аксакалдардан жардам издеп жатсаң, Дөөтүнүн забурларда чагылдырган сезимдери сага жекече тиленүү аркылуу өкүнгөнүңдү билдирүүгө көмөк кылат (Заб. 50:1—12). Жеремиядан үлгү алып, тиленгенде Жахабаны даңазаласаң болот (Жер. 32:16—19). Эгер өмүрлүк жар издеп жатсаң, Эзра китебинин 9-бөлүмүндөгү тиленүүнү изилдөө жана Кудайга жалынуу сага «Мырзабыздын жолдоочусу» менен гана турмуш курууга ого бетер чечкиндүү болууга жардам берет (1 Кор. 7:39; Эзра 9:6, 10—15).

24 Ыйык Китепти окуп, изилдеп, каза бер. Тиленүүлөрүңө кошсо боло турган ойлорду байкаганга аракет кыл. Жалындуу тиленүүлөрүңдө Жазмадагы ойлорду айтып, Кудайга ыраазылычылык билдир жана аны даңкта. Ыйык Китепти изилдөө менен тиленүүлөрүңдү жакшырта берсең, Жахаба Кудайга мурдагыдан да жакындайсың!

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Эмне себептен Кудайдын жетекчилигин издеп, ага ылайык иш кылышыбыз зарыл?

• Акылмандык сурап тиленүүгө бизге эмне түрткү бериши керек?

• Забурлар кандайча тиленүүлөрүбүздү жакшыртууга өбөлгө түзөт?

• Эмне себептен ишеним жана кастарлоо сезими менен тиленишибиз керек?

[Изилдөө суроолору]

[8-беттеги сүрөт]

Ыбрайымдын кулу Кудайдан жетекчилик сурап тиленген. Сен да ошентесиңби?

[10-беттеги сүрөт]

Үй-бүлөлүк сыйынуу тиленүүлөрүңдү жакшыртууга жардам берет