Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эч качан жок болбой турган сүйүү өрчүткүлө

Эч качан жок болбой турган сүйүү өрчүткүлө

Эч качан жок болбой турган сүйүү өрчүткүлө

«Сүйүү баарын көтөрөт... Сүйүү эч качан жок болбойт» (1 КОР. 13:7, 8).

1. а) Сүйүү көбүнесе кандайча чагылдырылып келет? б) Көптөр кимди жана эмнени сүйүшөт?

СҮЙҮҮ туурасында көп эле нерсе айтылып келет. Бул сапат ырларда көркөмдөлүп, даңкталып-даңазаланат. Сүйүү — адам баласы муктаж болгон нерселердин эң маанилүүсү. Анткен менен ал көбүнесе китептердеги, кинолордогу ойдон чыгарылган махабат баяндарында эле чагылдырылат жана дүкөн-базарлар андай материалдарга жык толгон. Бирок, өкүнүчтүүсү, адамдарда Кудайга жана жакындарга болгон нагыз сүйүү жетишпей келет. Биз акыркы күндөр тууралуу Ыйык Китепте күн мурун айтылган бул сөздөрдүн аткарылып жатканын өз көзүбүз менен көрүүдөбүз. Анда адамдар «өзүн өзү... акчаны... Кудайдын ордуна ырахатты сүйүшөрү» айтылган (2 Тим. 3:1—5).

2. Ыйык Китеп туура эмес сүйүү өрчүтүүгө байланыштуу кандай эскертүү берет?

2 Адамдар сүйүү көрсөтүүгө жөндөмдүү, бирок Кудайдын Сөзү бизди туура эмес сүйүү өрчүтүп алуудан сак болуу керектигин эскертет. Ыйык Китепте андай сүйүү адамдын жүрөгүндө тамыр алганда эмне болору да айтылат (1 Тим. 6:9, 10). Элчи Пабылдын Димас тууралуу эмне деп жазганы эсиңдеби? Ал Пабыл менен чогуу жүрсө да, дүйнө сунуш кылган нерселерди сүйүп, аны таштап кеткен (2 Тим. 4:10). Элчи Жакан Исанын жолдоочуларын дал ошол тузактан сак болууга чакырган (Оку: 1 Жакан 2:15, 16). Дүйнөнү, андагы убактылуу нерселерди жана иштерди сүйүү менен Кудайды жана ал берген нерселерди сүйүүнүн ортосунда эч кандай жалпылык жок.

3. Бизге эмне оңойго турбайт жана ошондон улам кандай суроолор туулат?

3 Биз бул дүйнөгө таандык болбосок да, анда жашап жатабыз. Ошондуктан бизге дүйнөнүн сүйүүгө карата бузулган көз карашына каршы туруу оңой эмес. Бурмаланган, туура эмес сүйүү өстүрүп, кылтакка илинип калуудан этият болгонубуз абдан маанилүү. Анда принципке негизделген сүйүүнү кимге карата өрчүтүшүбүз жана көрсөтүшүбүз зарыл? Бизге баарын көтөргөн жана эч качан жок болбой турган сүйүү өрчүтүүгө эмне жардам берет? Мындай сүйүү бизге азыр кандай пайда алып келет жана ал келечегибизге кандай таасир этет? Бул суроолорго туура жооп алуу үчүн Кудайдын көз карашын жакшы билишибиз кажет.

Жахабага болгон сүйүү өрчүтүү

4. Кудайга болгон сүйүүбүз кантип өсөт?

4 Өрчүтүү деген бир нерсенин өсүшүнө кам көрүүнү билдирет. Дыйканды элестетсең. Ал жерди даярдап, үрөн сээп, үрөн өсүп чыгышы үчүн, күжүрмөн эмгектенет (Эвр. 6:7). Ошо сыяктуу эле, биз Кудайга болгон сүйүүбүздү өстүрүшүбүз керек. Ан үчүн эмне кылуу талап? Падышалык жөнүндөгү чындыктын үрөнү себилген жүрөгүбүздүн топурагы жакшы болушу үчүн, тыным албай эмгектенишибиз зарыл. Буга Кудайдын Сөзүн дилгирлик менен изилдөө жардам берет. Мунун аркасында Кудай жөнүндөгү билимибиз көбөйөт (Кол. 1:10). Жыйналыш жолугушууларына үзгүлтүксүз баруу жана аларга катышуу да билимибизди арбытат. Билимибизди тереңдетиш үчүн ар бирибиз талыкпай күч-аракет жумшап жатабызбы? (Накыл 2:1—7).

5. а) Жахабанын негизги сапаттарын кантип биле алабыз? б) Кудайдын адилеттүүлүгү, акылмандыгы жана күчү тууралуу эмнелерди айта аласың?

5 Жахаба Сөзү аркылуу өзүнүн кандай Кудай экенин ачып берет. Жазманы изилдеп, Жахабаны барган сайын жакшыраак таанып-билүүнүн аркасында анын сапаттарына: адилеттүүлүгүнө, күчүнө, акылмандыгына жана эң негизгиси, эбегейсиз зор сүйүүсүнө болгон ыраазычылыгыбыз артат. Ал адилеттүүлүгүн бардык жолдорунда жана жеткилең мыйзамында чагылдырат (Мыйз. 32:4; Заб. 18:8). Биз Жахабанын кайсы гана жаратуусу жөнүндө ой жүгүртпөйлү, анын теңдешсиз акылмандыгына таңданабыз (Заб. 103:24). Аалам Жахабанын кубаттуу энергиянын жана чексиз күчтүн булагы экенинен да кабар берип турат (Ыш. 40:26).

6. Кудай бизге сүйүүсүн кантип көрсөткөн жана бул сага кандай таасир этет?

6 Ал эми Кудайдын эң негизги сапаты — сүйүүсү — тууралуу эмне айтууга болот? Ал аябагандай зор жана бардыгыбызга таасир этет. Жахаба сүйүүсүн адамзатты куткаруу үчүн кун караштыруу менен көрсөткөн (Оку: Римдиктер 5:8). Бул чара дүйнөдөгү адамдардын баары үчүн караштырылган, бирок Кудайдын сүйүүсүнө жооп кайтарып, анын Уулуна ишеним арткандар гана андан пайда алат (Жкн. 3:16, 36). Кудайдын Исаны күнөөлөрүбүздү жууй турган элдештирүүчү курмандык катары бергени бизге анын сүйүүсүнө жооп кайтарууга түрткү бериши керек.

7, 8. а) Кудайга болгон сүйүүбүздү көрсөтүү үчүн эмне кылуу талап? б) Кудайдын эли эмнелерге карабай анын осуяттарын аткарып жатат?

7 Кудайдын биз үчүн кылган бардык жакшылыктарына ыраазы экенибизди билдирип, ага болгон сүйүүбүздү кантип көрсөтө алабыз? Рухтун жетеги менен жазылган сөздөрдө мындай маанилүү жооп камтылган: «Кудайды сүйүү — бул анын осуяттарын аткаруу. Анын осуяттарын аткаруу оор эмес» (1 Жкн. 5:3). Ырас, Жахаба Кудайга болгон сүйүү бизге анын осуяттарын аткарууга түрткү берет. Анын ысмы жана Падышалыгы тууралуу күбөлөндүргөнүбүздүн бир себеби мына ушунда; мындан башкалар да пайда ала алат. Муну сүйүүгө толгон жүрөгүбүз түрткү бергендиктен кылганыбыз Кудайдын осуяттарын таза ниет менен аткарып жатканыбызды айгинелейт (Мт. 12:34).

8 Жер шарынын чар тарабындагы бир туугандарыбыз адамдардын Падышалык жөнүндөгү кабарды этибарга албаганына, четке какканына карабай, Кудайдын осуяттарын туруктуулук менен аткарып келатышат. Алар кызматын толугу менен аткарыш үчүн изден тайбай, бүт күч-кубатын жумшап жатышат (2 Тим. 4:5). Кудайга болгон сүйүү бизге ал жөнүндө башкаларга айтууга, ошону менен бирге анын башка да осуяттарынын баарын аткарууга түрткү берет.

Мырзабыз Иса Машаякты эмне себептен сүйөбүз?

9. Иса эмнелерди башынан өткөргөн жана ага аларды көтөрүүгө эмне жардам берген?

9 Кудайды сүйгөндөн тышкары, бизде анын Уулуна сүйүү өрчүтүүгө көптөгөн себептер бар. Исаны эч качан көрбөсөк да, ал тууралуу көбүрөөк билген сайын ага болгон сүйүүбүз тереңдейт (1 Пет. 1:8). Иса эмнелерди башынан өткөргөн? Атасынын эркин аткарып жатып, ал себепсиз жек көрүндү болгон, куугунтукталган, ак жерден айыпталган жана кордолуп-кемсинтилген. Ал башка да кордуктарды көргөн (Оку: Жакан 15:25). Исага мунун баарын көтөрүүгө асмандагы Атасына болгон сүйүү жардам берген. Ошондой эле сүйүүсүнөн улам ал өз өмүрүн курмандыкка берип, көптөр үчүн кун төлөгөн (Мт. 20:28).

10, 11. Машаяктын бизге кылган жакшылыктарына жооп кайтаруу үчүн эмне кылууга чечкиндүүбүз?

10 Исанын кылгандары бизди кайдыгер калтырбайт. Анын бизге кылган жакшылыктары тууралуу ойлонгонубузда, ага болгон сүйүүбүз өсөт. Исанын жолдоочулары катары биз ал тапшырган ишти — Падышалык жөнүндө кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишин — аткара беришибиз үчүн аныкындай сүйүү өрчүтүүгө жана аны иш жүзүндө көрсөтүүгө чечкиндүүбүз (Мт. 28:19, 20).

11 Биз Машаяктын бүт адамзатка көрсөткөн сүйүүсүнө жооп кайтарууну каалагандыктан, дүйнөнүн акыры келгиче, тапшырмабызды аягына чыгарууга өзүбүздү милдеттүү эсептейбиз (Оку: 2 Корунттуктар 5:14, 15). Машаяк көрсөткөн сүйүү Кудайдын адамзатка болгон ой-ниетинин аткарылышы үчүн абдан маанилүү болгон. Анын бизге калтырган үлгүсүнө тыгыз кармануу менен биз да Кудайдын ой-ниетинин аткарылышына салым кошо алабыз. Ан үчүн Кудайга болгон сүйүүбүздү мүмкүн болушунча толук өрчүтүшүбүз керек (Мт. 22:37). Исанын окутууларына, осуяттарына кармануу менен аны жакшы көрөрүбүздү жана ага окшоп, Кудайдын эгедерлигин эч бир кыйынчылыкка карабай жактоого чечкиндүү экенибизди көрсөтөбүз (Жкн. 14:23, 24; 15:10).

Сүйүүнүн эң мыкты жолу менен жүрүү

12. Пабыл «эң мыкты жол» деген сөздөр менен эмнени айткысы келген?

12 Элчи Пабыл Машаяктан үлгү алган. Машаяктын изи менен так жүргөндүктөн ал сүйлөө эркиндиги менен бир туугандарын андан үлгү алууга чакырган (1 Кор. 11:1). Пабыл Корунттагы ишенимдештерин айыктыруу, ар кандай тилдерде сүйлөө сыяктуу биринчи кылымда көрсөтүлгөн рух аркылуу берилүүчү жөндөмдүүлүктөргө ээ болууга үндөсө да, аларды андан да маанилүү нерсеге умтулууга чакырган. 1 Корунттуктар 12:31де ал: «Мен болсо силерге эң мыкты жолду көрсөтүп жатам»,— деп айткан. Бул аяттын контекстинен көрүнүп тургандай, ал мыкты жол сүйүү жолу эле. Ал кандай мааниде мыкты болгон? Пабыл сөздөрүнүн маанисин чечмелеп берген (Оку: 1 Корунттуктар 13:1—3). Эгер ал укмуштуу жөндөмдүүлүктөргө ээ болсо, улуу иштерди жасаса, бирок анда сүйүү жок болсо, ал ким болмок? Эч ким. Кудайдын рухунун жетеги менен ал ушул маанилүү чындыкты ачып берген. Муну бизге жеткириш үчүн ал кандай гана күчтүү сөздөрдү колдонгон!

13. а) 2010-жылдын жылдык аяты кайсы? б) Кандай мааниде сүйүү эч качан жок болбойт?

13 Пабыл андан ары сүйүүгө аныктама берип, эмне сүйүүгө жатарын, эмне жатпай турганын айтып өткөн (Оку: 1 Корунттуктар 13:4—8). Бир саамга токтоп, сүйүүнүн талаптарына канчалык деңгээлде жооп берип жатканыңды текшерип көр. 7-аяттын жана 8-аяттын башындагы: «Сүйүү баарын көтөрөт... Сүйүү эч качан жок болбойт»,— деген сөздөргө көңүл бурсаң. Бул 2010-жылдын жылдык аяты болот. 8-аятта эмне делгенин байкасаң. Пабыл айткандай, Исанын жолдоочуларынын жыйналышы жаңы уюшулган учурда болгон пайгамбарлык кылуу, ар кандай тилдерде сүйлөө сыяктуу рух аркылуу берилүүчү жөндөмдүүлүктөрдүн баары жок болмок. Алар токтомок. Бирок сүйүү дайыма болот. Жахаба — сүйүү жана ал түбөлүктүү Кудай. Ошондуктан сүйүү эч качан жок болбойт. Ал түбөлүктүү Кудайдын сапаты катары түбөлүккө болот (1 Жкн. 4:8).

Сүйүү баарын көтөрөт

14, 15. а) Сүйүү сыноолорду көтөрүп кетүүгө кандайча жардам берет? б) Жаш бир тууганыбыз эмне себептен багынып берген эмес?

14 Исанын жолдоочуларына башына түшкөн бардык сыноолорду, оор кыйынчылыктарды жана көйгөйлөрдү көтөрүп кетүүгө эмне жардам берет? Эң негизгиси, принципке негизделген сүйүү. Мындай сүйүү кайсы бир материалдык нерседен баш тартуудан да көптү билдирет. Ал Машаяк үчүн актыгыбызды сактоого, атүгүл өлүмгө баш байлоого даяр болууну билдирет (Лк. 9:24, 25). Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда жана андан кийин концлагерлерде, эмгек лагерлеринде жана абактарда азап чеккен Күбөлөрдүн кантип ишенимдүүлүгүн сактаганы тууралуу ойлонуп көрсөң.

15 Бул Вилхелм аттуу германиялык жаш бир туугандын окуясынан айкын көрүнүп турат. Ал багынып бербестен, атууга кетип, нацисттик аскерлер тарабынан өмүрү кыйылганга чейин ишенимдүүлүгүн сактаган. Үй-бүлөсүнө жолдогон акыркы катында ал: «Биз баарынан мурун, Жол башчыбыз Иса Машаяк осуят кылгандай, Кудайды сүйүшүбүз керек. Кудай үчүн бекем турсак, ал бизге сыйлык берет»,— деп жазган. Кийинчерээк «Күзөт мунарасына» анын үй-бүлөсүнүн бир мүчөсүнүн: «Оор учурларда да биздин үй-бүлө үчүн Кудайга болгон сүйүү баарынан маанилүү болчу»,— деген сөздөрү жазылган. Учурда Арменияда, Эритреяда, Түштүк Кореяда жана башка жерлерде түрмөлөрдө отурган бир туугандарыбыз да ушундай маанай чагылдырып жатышат. Ал ишенимдештерибиз Жахабага болгон сүйүүсүндө бек турууда.

16. Малавидеги бир туугандарыбыз эмнелерге дуушар болушкан?

16 Көптөгөн жерлерде бир туугандарыбыздын ишеними жана туруктуулугу ар кандай жолдор менен сыналып келет. Малавидеги Жахабанын Күбөлөрү 26 жыл бою мамлекет тарабынан тыюу салууга, катуу каршылыктарга жана башка нечендеген ырайымсыздыкка дуушар болуп келишкен. Бирок алардын туруктуулугунун акыбети кайтпай койгон эмес. Куугунтуктар күч алганда, ал өлкөдө 18 000дей Күбө бар болчу. Отуз жыл өткөн соң ал сан 38 393кө жетип, эки эседен да көбүрөөк өскөн. Мындай өсүш башка жерлерде да болуп келет.

17. Диний жактан бөлүнгөн үй-бүлөдө жашагандар эмнелерге туш болушат жана алар ырайымсыз мамилеге кантип чыдап келишет?

17 Бирок Исанын жолдоочусуна үй-бүлөсү тарабынан каршылык көрсөтүлгөндө жалпы Кудайдын элине ачык кол салынгандагыдан да оор болушу ыктымал. Кысым үй-бүлө мүчөлөрү же жакын туугандар тарабынан көрсөтүлүшү мүмкүн. Иса мындай болору тууралуу алдын ала айткан жана анын сөздөрүнүн калетсиздигине көптөр ынанууда (Мт. 10:35, 36). Өспүрүмдөргө ишенимдеш эмес ата-энеси каршылык көрсөтүп келет. Айрым бир туугандарды атүгүл үйүнөн кууп чыгарышат, бирок аларды боорукер Күбөлөр кабыл алышат. Башкаларынан таптакыр кечишет. Аларга ырайымсыз мамилеге чыдоого эмне жардам берет? Бир туугандыкка болгон сүйүү эле эмес, эң алды, Кудайга жана анын Уулуна болгон чыныгы сүйүү (1 Пет. 1:22; 1 Жкн. 4:21).

18. Баарын көтөргөн сүйүү Исаны жолдогон жубайларга кандайча жардам берет?

18 Жашоодо баарын көтөргөн сүйүү көрсөтүү керек болгон жагдайлар арбын. Алсак, сүйүү жубайларга Исанын: «Кудай кошконду адам ажыратпасын»,— деген сөздөрүнө кулак кагууга түрткү берет (Мт. 19:6). Исаны жолдогон жубайлар «жашоосунда жаңы кыйынчылыктар пайда болгондо» алардын нике түйүнүндө Жахабанын негизги орунду ээлээрин эстен чыгарбашы керек (1 Кор. 7:28). Анын Сөзүндө сүйүүнүн «баарын көтөрөрү» айтылат. Эгер жубайлар ошол сапатка «кийинишсе», алар бири бирине болгон берилгендигин чыңдап, никесин бекем сактай алышат (Кол. 3:14).

19. Табигый кырсык болуп өткөндөн кийин Кудайдын эли эмне кылган?

19 Сүйүү табигый кырсык болгон учурларда да бизге баарын көтөрүп кетүүгө жардам берет. Жер титирөө Перунун түштүгүн кыйратканда жана Катрина куюну Кошмо Штаттардын түштүк-чыгыш тарабына бүлгүн түшүргөндө да, сүйүүнүн күчү айкын болгон. Ал каргашалар канчалаган бир туугандарыбызды үй-жайынан, оокат-мүлкүнөн ажыраткан. Сүйүү дүйнө жүзүндөгү бир туугандарга жабыр тарткандарга зарыл нерселерди жөнөтүүгө түрткү берген. Ыктыярдуу кызматчылар болсо алардын үйлөрүн кайра тургузууга, Падышалык залдарын калыбына келтирүүгө көмөктөшүшкөн. Мындай иштер бир туугандардын бири бирине ар учурда, кандай жагдай болбосун, сүйүү көрсөтөрүн жана кам көрөрүн далилдеп турат (Жкн. 13:34, 35; 1 Пет. 2:17).

Сүйүү эч качан жок болбойт

20, 21. а) Эмне үчүн сүйүү баарынан жогору турат? б) Эмне себептен сүйүү жолу менен жүрүүгө чечкиндүүсүң?

20 Бүгүнкү күндө биз Жахабанын элинин арасында жүрүп, сүйүүнүн эң мыкты жолу менен жүрүүнүн акылдуулукка жатарын көрүүдөбүз. Чынында эле, сүйүү бардык учурда, бардык жагдайда жогору турат. Элчи Пабылдын бул чындыкты кандайча баса көрсөткөнүн байкасаң. Алгач ал рух аркылуу берилүүчү жөндөмдүүлүктөрдүн жок болорун жана Исанын жолдоочуларынын жыйналышынын өсүп, жетилгендикке жетерин айткан. Анан: «Ошентип, үч нерсе: ишеним, үмүт, сүйүү калат. Бирок сүйүү баарынан жогору турат»,— деп корутундулаган (1 Кор. 13:13).

21 Акыр-аягы, биз ишенген нерселер орундалганда, аларга ишенүү зарыл болбой калат. Бардык нерсе жаңы болгондо, азыр чыдамсыздык менен күтүп жаткан убадалардын аткарылышына үмүт артпай калабыз. Ал эми сүйүү тууралуу эмне айтууга болот? Сүйүү эч качан жок болбойт. Ал кала берет. Түбөлүк жашай турганыбызды эске алганда, биз Кудайдын көп кырдуу сүйүүсүн барган сайын айкыныраак көрүп, барган сайын тереңирээк түшүнө беребиз. Эч качан жок болбой турган сүйүүнүн эң мыкты жолу менен жүрүп, Кудайдын эркин аткара берсең, түбөлүк жашайсың (1 Жкн. 2:17).

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Эмне себептен туура эмес сүйүү өрчүтүп алуудан сак болушубуз керек?

• Сүйүү эмнелерди көтөрүп кетүүгө жардам берет?

• Кандай мааниде сүйүү эч качан жок болбойт?

[Изилдөө суроолору]

[27-беттеги сүрөт]

2010-жылдын жылдык аяты: «Сүйүү баарын көтөрөт... Сүйүү эч качан жок болбойт» (1 Кор. 13:7, 8).

[25-беттеги сүрөт]

Кудайга болгон сүйүү бизге күбөлөндүрүү берүүгө түрткү берет

[26-беттеги сүрөт]

Жок болбой турган сүйүү Малавидеги бир туугандарыбызга сыноолорду көтөрүп кетүүгө жардам берген