Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китептин Мадагаскарга жетиши

Ыйык Китептин Мадагаскарга жетиши

Ыйык Китептин Мадагаскарга жетиши

МАДАГАСКАР — аянтынын чоңдугу боюнча дүйнө жүзүндө төртүнчү орунда турган эң ири арал. Ал Африканын түштүк-чыгыш жээгинен болжол менен 400 километр алыстыкта жайгашкан. Мадагаскардын жергиликтүү калкы малагасилер Жахабанын ысмын көптөн бери билишет. Анткени алар 170 жылдан ашуун убакыт бою колдонуп келаткан малагаси тилиндеги Ыйык Китепте Кудайдын ысмы көп жолу кездешет. Ыйык Китептин малагаси тилине которулушун өз ишин берилгендик менен аткарган котормочулардын туруктуулугунун жана кажыбас эмгегинин жемиши дешке болот.

Ыйык Китепти малагаси тилине которуу иши эң алгач Маврикий аралына жакын жерде башталган. 1813-жылы Маврикий аралынын британдык губернатору Роберт Фаркуаранын демилгеси менен Инжил малагаси тилине которула баштаган. Ал кийинчерээк Мадагаскардын королу Радама Iге Лондон миссионердик коомунан Мадагаскарга мугалимдерди чакыртууну сунуштаган.

1818-жылы 18-августта уэльсттик эки миссионер Дейвид Жоунз менен Томас Беван Маврикийден порттуу шаар Туамасинага (Мадагаскар) келишкен. Алар ал жактагы адамдардын абдан динчил экенин, ата-бабаларынын арбактарына сыйынышарын жана каада-салттарга бекем карманышарын байкашкан. Ал кезде малагаси эли малай-полинезия тилинен келип чыккан ары көркөм, ары бай келген тилде сүйлөчү.

Дейвид менен Томас ал жактан чакан мектеп ачышып, көп өтпөй Маврикийдеги үй-бүлөсүн Туамасинага көчүрүп келишет. Өкүнүчтүүсү, алар безгек оорусуна чалдыгып, Дейвид 1818-жылы аялы менен кызынан ажырайт. Эки айдан кийин ал оорудан Томас аялы, бала-бакырасы менен кошо каза болот. Бир гана Дейвид Жоунз тирүү калат.

Бирок Дейвид күйүткө алдырган эмес, ал Кудай Сөзүн малагаси тилине которууга чечкиндүү болгон. Маврикийге барып, ден соолугун чыңдап алгандан кийин Дейвид малагаси тилин үйрөнүүгө киришет. Бул ал үчүн оңой иштерден болгон эмес. Тилди өздөштүргөн соң Жакандын Инжилин которууга бел байлайт.

Дейвид 1820-жылы октябрь айында Мадагаскарга кайтып барат. Ал Мадагаскардын борбор шаары Антананаривуга жайгашып, миссионердик жаңы мектеп ачат. Бирок мектеп керектүү нерселер менен жабдылган эмес эле; окуу куралдары, доска, жазуу үстөлү жок болчу. Ошентсе да окутуу программасы абдан мыкты болгон жана балдар билим алууга ынтызар болушкан.

Жети ай жалгыз иштегенден кийин Дейвидге жаңы шерик Дейвид Гриффитс кошулган. Алар Ыйык Китепти малагаси тилине которуу үчүн бүт жанын беришкен.

Которуу ишине кадам ташталат

1820-жылдарга чейин малагаси жазуу формасы сурабе деп аталчу. Ал жазуу формасында араб тамгалары колдонулчу. Бирок аны элдин баары эле окуй алчу эмес. Андыктан миссионерлер жазуу маселеси боюнча Радама Iге кайрылышат. Ошондо ал латын алфавитин өздөштүрүүгө жана аны араб тамгаларынын ордуна колдонууга уруксат берет.

Ошентип, 1823-жылы 10-сентябрда Ыйык Китеп которула баштаган. Дейвид Жоунз Башталыш китеби менен Матай Инжилин, Дейвид Гриффитс болсо Чыгуу китеби менен Лука Инжилин которууга киришишет. Экөө тең күжүрмөн эмгектенишет. Которуу ишинен тышкары, алар мектепте эки маал сабак беришчү. Ошондой эле чиркөө кызматына даярданып, аны үч тилде өткөрүшчү. Анткен менен которуу иши алар үчүн биринчи орунда турчу.

Ал эки миссионер 12 окуучусунун жардамы менен 18 айдын ичинде эле Грек Жазмаларын толугу менен жана Эврей Жазмаларынын бир топ китебин которушкан. Кийинки жылы Ыйык Китеп толугу менен которулуп бүткөн. Бирок анын оңдоп-жакшыртчу жактары бар болгондуктан, Англиядан эки тилчи, Дейвид Жонс менен Жозеф Фриман, жардамга келишкен.

Тоскоолдуктарды жеңүү

Ыйык Китеп малагаси тилине которулуп бүткөндө, Лондон миссионердик коому тарабынан биринчи басма машинесин орнотууга Чарлз Ховенден Мадагаскарга жиберилет. Ховенден 1826-жылы 21-ноябрда Мадагаскарга келет. Тилекке каршы, ал безгек оорусун жугузуп алып, келгенине бир ай өтүп-өтпөй жарык дүйнө менен кош айтышат. Басма машинесин иштетүүнү андан башка эч ким билчү эмес. Кийинки жылы шотландиялык тажрыйбалуу уста Жеймс Камерон басма машинесинин бөлүктөрүнүн арасынан аны иштетүүнүн көрсөтмөсү жазылган нускаманы таап алат. Ал көп убара-түйшүктөрдүн аркасында басма машинесин орнотуп, 1827-жылы 4-декабрда Башталыш китебинин биринчи бөлүмүн жарым-жартылай басып чыгарат *.

1828-жылдын 27-июлунда король Радама I көз жумат. Ошондо Ыйык Китептин малагаси тилине которулушуна тоскоолдук кылган дагы бир нерсе пайда болот. Король Радама Ыйык Китептин которулушун жан-дили менен колдочу. Дейвид Жоунз ал тууралуу: «Король Радама абдан боорукер жана адамгерчиликтүү киши. Ал элинин билим алышына абдан кызыкдар жана элинин билим, маданият жагынан өнүгүп-өсүшүн алтын менен күмүштөн да артык көрөт»,— деген. Бирок король Радаманын ордуна такка отурган аялы Ранавалуна I Ыйык Китептин которулушун колдогон эмес.

Ранавалуна I такка отургандан көп өтпөй Англиядан келген бир киши ага Ыйык Китепти которуу сунушу менен кайрылган. Бирок ханыша анын сунушун четке каккан. Башка жолкусунда миссионерлер ханышага элге дагы көп нерсени, анын ичинде грек жана эврей тилдерин үйрөтүү керектигин айтышканда, ханыша: «Эч кандай эврей, грек тилиңерди билбейм, андан көрө элимди пайдалуу нерсеге, мисалы, самын жасаганга үйрөтпөйсүңөрбү»,— деген. Камерон Ыйык Китептин малагаси тилине которулушу аягына чыкпай калышы мүмкүн экенин түшүнүп, ханышанын айтканы тууралуу ойлонуп көрүүгө бир жума сураган.

Бир жумадан кийин Камерон аралдагы заттардан эки кичинекей самын жасап, падыша сарайынын өкүлдөрүнөн ханышага берип жиберген. Миссионерлер коомго пайда алып келген ушу сыяктуу иштерди кылып, ханышанын жүрөгүн жумшартышкан. Ошонун аркасында алар Ыйык Китептин дээрлик баарын, Эврей Жазмаларынын бир нече китебинен башкасынын баарын, которуп жетишишкен.

Күтүлбөгөн буйрук

Миссионерлердин сунушун четке каккан ханыша 1831-жылы май айында күтүлбөгөн буйрук чыгарат: өлкөнүн жарандарына христиан динин кабыл алып, чөмүлтүлүүгө уруксат берет. Бирок буйрук күчүнө киргиче эле, кайра жокко чыгарылат. Мадагаскардын тарыхы жазылган бир эмгекте мындай делген: «Ханышаны элдин чөмүлтүлүшү Британияга берилгендик сактоого ант берүүгө барабар деп ынандырган бийлик башындагылар элдин көбүнүн чөмүлтүлүп жатканын көргөндө кайра чочулай башташкан» («History of Madagascar»). Ошондуктан христиан динин кабыл алып, чөмүлтүлүүгө байланыштуу буйрук чыккандан алты ай өткөндөн кийин эле, 1831-жылы буйрук кайра жокко чыгарылган.

Ханышанын башкалардын айтканына оой берерин көргөндүктөн жана каада-салттарга бекем карманган бийлик башындагылардын таасири күчөгөндүктөн, миссионерлер Ыйык Китепти эртерээк басып чыгарууну көздөшкөн. Ал учурда Ыйык Жазманын Грек Жазмалары басылып чыгарылып, миңдеген нускасы таратылган. Бирок 1835-жылы 1-мартта ханыша Ранавалуна I христианчылыкка тыюу салып, ага байланыштуу адабияттардын баарын бийликтегилерге өткөрүүнү буйрук кылган.

Ханышанын буйругуна ылайык, Ыйык Китепти басып чыгарып жаткандар да ишин токтотууга тийиш болгон. Ошондуктан Ыйык Китеп басылып чыгарылышы үчүн бир нече миссионерге күнү-түнү эмгектенүүгө туура келген. Натыйжада 1835-жылы июнь айында Ыйык Китеп толугу менен басылып бүткөн. Акыры, Ыйык Китеп малагаси тилинде жарык көргөн.

Тыюу салууга байланыштуу буйрук күчүнө кире электе миссионерлер Ыйык Китепти тез аранын ичинде таратууга, ал эми 70 нускасын жашырууга жетишишкен. Ушинтүү менен алар акылдуулук кылышкан. Себеби бир жылдан кийин эки миссионерден башкасынын баары аралдан кетүүгө аргасыз болушкан. Бирок Кудайдын Сөзү Мадагаскарда кеңири тарала берген.

Ыйык Китепти сүйгөн эл

Мадагаскар эли Кудай Сөзүн эне тилинде окуй алышканына кандай гана кубанышкан! Албетте, ал Ыйык Китептин айрым жерлери так которулган эмес, ошондой эле ал которулган тил эскирип калган. Ошентсе да Мадагаскарда ар бир үйдө Ыйык Китеп бар жана мадагаскарлыктардын көбү аны күнүгө окушат. Белгилей кетчү нерсе, ал котормонун Эврей Жазмаларында Кудайдын ысмы көп кездешет. Кудайдын ысмы Грек Жазмаларынын алгачкы котормолорунда да кездешет. Мына ошондуктан Мадагаскар элинин көпчүлүгү Кудайдын ысмын билишет.

Грек Жазмаларынын алгачкы нускалары басылып чыкканда Мадагаскар элинин кубанычын көрүп, басмакананын жетекчиси Баркер: «Мен пайгамбар деле эмесмин, бирок бул өлкөдө Кудай Сөзү эч качан жок кылынбайт деп ишенимдүү түрдө айта алам»,— деген. Чынында эле, анын айткандары туура чыккан. Кудай Сөзүнүн малагаси тилине которулушуна безгек оорусу да, тилди үйрөнүү кыйынчылыгы да, ханышанын буйругу да тоскоолдук кыла алган эмес!

Малагаси тилинде азыр андан да мыкты котормо бар. 2008-жылы «Ыйык Жазманын Жаңы дүйнө котормосу» жарык көргөн. Бул котормону абдан чоң жетишкендик деп айтууга болот, анткени ал түшүнүүгө оңой, жөнөкөй тилде которулган. Ошон үчүн учурда Мадагаскарда Кудай Сөзү мурдагыдан да терең тамырлаган (Ыш. 40:8).

[Шилтемелер]

^ 14-абз. 1826-жылдын апрель-май айларында Маврикийде Ыйык Китептеги он осуят жана Исанын үлгү иретинде берген тиленүүсү малагаси тилинде биринчилерден болуп басылып чыккан. Бирок алар король Радаманын үй-бүлөсүнө жана башка бийлик өкүлдөрүнө гана берилген.

[31-беттеги сүрөт]

Малагаси тилиндеги «Жаңы дүйнө котормосу» Кудайдын ысмын даңазалайт