Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайга кызмат кылуу менен алек болуп, кубанычыңды сакта

Кудайга кызмат кылуу менен алек болуп, кубанычыңды сакта

Кудайга кызмат кылуу менен алек болуп, кубанычыңды сакта

ЖАХАБА сенин жадырап-жайнап, кубанычтуу жүрүшүңдү каалайт (Заб. 99:2). Анын кызматчысы катары сен көп ишти аткарып жаткандырсың. Балким, өмүрүңдү Кудайга арнаганга чейин иштериң мынчалык көп болгон эместир. Азыр болсо рухий жоопкерчиликтериң жана башка милдеттериң сен үчүн оор жүктөй сезилип жаткандыр. Аткарышың керек болгон иштердин баарын кыла албаганың үчүн өзүңдү күнөөлүү сезишиң да мүмкүн. Анда канткенде тең салмактуулукту сактап, «Теңирдин алдында кубана» аласың? (Нек. 8:10).

Оор учурда жашап жаткандыктан сен ар тараптан кысымга алынышың мүмкүн. Андыктан сенден жакшы уюшкандык талап кылынат. Буга байланыштуу элчи Пабылдын берген кеңеши учурдун талабына ылайык келет. Ал мындай деген: «Кандай жашап жатканыңарга жакшылап көңүл буруп, акылсыздардай эмес, акылдуулардай жашагыла. Убакытты пайдалана билгиле, анткени катаал күндөрдө жашап жатабыз» (Эф. 5:15, 16).

Бул даанышман кеңешти эске алып, канткенде ишке ашырууга мүмкүн болгон максаттарды коюп, өздүк изилдөөнү, үй-бүлөңө кам көрүүнү, кабар айтуу кызматын, жумушуңду жана башка маанилүү иштерди тең салмакташтыра аласың?

Өзүңдү Кудайга арнап, чөмүлтүлгөнүңдө кандай кубанганың эсиңдеби? Ал кубаныч Жахабаны жана анын ой-ниетин таанып-билүүдөн улам пайда болгон. Балким, андай түшүнүккө жана кубанычка ээ болуу үчүн бир канча ай бою кылдат изилдөө жүргүзгөндүрсүң. Бирок анын акыбети кайтканы шексиз. Анткени ал изилдөө жашооңду жакшы жакка өзгөрттү.

Ошол кубанычыңды сакташ үчүн мындан ары да рухий жактан тамактанышың керек. Эгерде Ыйык Китепти окууга жана изилдөөгө убакыт табуу кыйын болуп жатса, күн тартибиңди карап чык. Ыйык Китепти атүгүл бир нече эле мүнөт изилдеп, ой жүгүрткөнүң сени Жахабага жакындатат! Бул болсо кубанычыңа кубаныч кошот.

Кудайдын кызматчыларынын көбү абдан маанилүү иштерге анча маанилүү эмес иштердин эсебинен убакыт табышат. «Дүйнөлүк гезит-журналдарды окууга, телевизор көрүүгө, музыка угууга жана жакшы көргөн ишиме канча убакыт сарптайм?» — деп ойлонуп көр. Буларды тең салмактуулук менен кылганда гана жагымдуу болот (1 Тим. 4:8). Эгер убакытты туура эмес пайдаланып жатканыңды байкасаң, күн тартибиңе өзгөртүүлөрдү киргиз.

Үч баланын атасы, аксакал болуп кызмат кылган Адам аттуу ишенимдешибиз ага эмне жардам берерин айтып мындай дейт: «Мен жөнөкөй жашоо өткөрүүгө аракет кылам. Көп убакытты алган көңүл ачуулардан качам жана күтө билүүгө көп күч-аракет талап кылган буюм-тайымдарды албайм. Мен жеке кызыкчылыктарымдан таптакыр кечип салган жокмун, тек гана чарчатпаган, сергитерлик көңүл ачууларды тандайм».

Чыгарган чечимдериңдин жакшы натыйжалары жөнүндө ой жүгүртүү кайрадан кубанычка ээ болууга жана оң маанай сактоого жардам берет. Мисалы, үч баласы бар Мариуш деген аксакал мындай дейт: «Ыйык Китепти изилдей баштагандан тартып жашоодогу жакшы нерселерге көңүл буруп, келечекке ишенимдүү карап калдым. Мен дагы деле кыйынчылыктарга туш болом, алардын көбүн Жахаба гана билет. Бирок ал мени колдогондуктан, келечекке кубаныч менен карайм».

Мариуштун айтканынан көрүнүп тургандай, оң маанай бардык тынчсыздануулардан арылтпайт. Ошентсе да ал өзүңдү жакшы сезүүгө, жашоодогу кыйынчылыктарды оңой көтөрүп кетүүгө көмөк кылат. Ыйык Китепте: «Бактысыздын бардык күндөрү кайгылуу, ал эми жайдары адамда күндө той»,— делет (Накыл 15:15). Кудайдын сага буга чейин көрсөтүп келген сүйүүсү тууралуу да ой жүгүрт. Мындай ой жүгүртүү ага болгон сүйүүңдү бекемдеп, кубанычыңды арттырат (Мт. 22:37).

Жахабаны жана анын кызыкчылыктарын биринчи орунга коюу үй-бүлөгө зор кубаныч тартуулайт. Ал эми Кудайга жага турган сапаттарды чагылдыруу келишпестиктерди азайтат жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосундагы мамилени чыңдап, абдан жагымдуу кылат. Мунун аркасында үйүң бүт үй-бүлөң үчүн тынчтык жана биримдик өкүм сүргөн жай болот (Заб. 132:1).

Бүт үй-бүлө менен чогуу рухий иштер менен алек болуу чыныгы кубаныч берет. Мариуш мындай дейт: «Үй-бүлөбүз менен чогуу өткөргөн убакытты аябай баалайм. Келинчегим мага дайыма колдоо көрсөтүп турат. Ал, кызматта жүргөнүмдө болобу, жыйындардын алдында стадионду тазалоого катышканымдабы же баяндама менен башка жыйналыштарга барганымдабы, мүмкүн болсо, дайыма менин жанымда. Бул мага дем-шык берет».

Ыйык Жазмада Исанын жолдоочулары үй-бүлөсүнө материалдык жактан кам көрүшү керектиги айтылат (1 Тим. 5:8). Бирок жумушуң өтө көп убактыңды, күчүңдү алып жатса, Кудайга кызмат кылууда кубанычыңды жоготушуң мүмкүн. Бул жөнүндө Жахабага айтып тилен (Заб. 54:23). Айрымдар Кудайдын Падышалыгын биринчи орунга коюу үчүн башка жумуш табуу керек деген жыйынтыкка келишет. Исанын бир да жолдоочусу кирешелүү, бирок шайды оодарган жумуштун айынан алда канча маанилүү болгон рухий иштерге көңүл бөлбөй калышына жол бербеши керек (Накыл 22:3).

Орношо турган же учурда иштеп жаткан жумушуңдун жакшы-жаман жактарын кагаз бетине жазып алганың пайдалуу болоттур. Албетте, канааттандырарлык, айлыгы жакшы жумушта иштеген жакшы дечи. Бирок азыркы жумушуң үй-бүлөңдүн рухийлигин чыңдоого мүмкүнчүлүк береби? Баарын таразалап көрүп, Жахаба менен болгон мамилеңди башкы орунга коюуга өбөлгө түзгөн чечимдерди чыгар.

Эгер азыркы жумушуң рухий жактан өсүүгө тоскоолдук кылып жатса, жагдайыңды өзгөртүшүң кажет. Исанын көптөгөн жолдоочулары рухий иштерге көбүрөөк убакыт бөлүү үчүн жашоосунда чоң өзгөрүүлөрдү жасашкан. Польшадагы бир ишенимдешибиз мындай дейт: «Бир учурда жумушумду таштоого туура келген, себеби иш сапар менен ар кайсы жерлерге көп барчумун. Андыктан рухий иштерге жана үй-бүлөмө тийиштүү көңүл бурууга үлгүрчү эмесмин». Ал мурункусуна караганда алда канча аз убакытты жана күчтү алган жумуш тапкан.

Башкаларга жардам берүүдөн кубаныч ал

Иса: «Алганга караганда берген бактылуу»,— деп айткан (Элч. 20:35). Исанын жолдоочуларында берүүгө көп мүмкүнчүлүктөр бар. Кээде жылуу жылмаюу, кол кысуу же кимдир бирөөгө теократиялык дайындоосунда күжүрмөн эмгектенип жатканы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип коюу эле сенин да, анын да көңүлүн көтөрөт.

Элчи Пабыл ишенимдештерин: «Көңүлү чөккөндөрдү соороткула, алсыздарды колдогула»,— деп үндөгөн (1 Тес. 5:14). Көңүлү чөгүп жүргөндөргө кыйынчылыктарды көтөрүүгө күчү жетпечүдөй сезилиши мүмкүн. Аларга кол сунуп, жардамга келе аласыңбы? Эгер бир тууганыңдын Жахабага кызмат кылууда кубанычын жоготуп баратканын байкасаң, аны бекемдөөгө аракет кыл. Аны бекемдеп жатып өзүң да бекемделесиң. Кээ бир көйгөйлөрдү чечүү адамдын колунан келбейт. Анткен менен сен чын жүрөктөн боорукердик көрсөтсөң жана бир тууганыңды эч качан калтырбай турган Жахабага таянууга үндөсөң болот. Жахабага таянгандар, чынында эле, өкүттө калбайт (Заб. 26:10; Ыш. 59:1).

Кубанычын жоготкондой көрүнгөн бир тууганга жардам берүүнүн дагы бир жолу — аны кабар айтуу кызматына чакыруу. Иса 70 шакиртин кабар айтууга «эки-экиден» жөнөткөн (Лк. 10:1). Ошентүү менен анын эки кишинин бири-бирин бекемдешине шарт түзгөнүнө кошулбайсыңбы? Кимдир бирөөгө кайрадан кубанычка ээ болууга жардам берүү үчүн аны кызматка чакыра аласыңбы?

Жашоодо тынчсызданууга себептер болбой койбойт. Бирок Пабыл: «Теңир жолунда дайыма кубангыла. Дагы да айтам, кубангыла!» — деп чакырган (Флп. 4:4). Сен Кудайды жакшы көрүп, ага тил алгандыктан жана ал сага тапшырган ишти ынталуулук менен аткарып жаткандыктан, жашооң маңызга толгон. Бул сени шаттыкка бөлөөрү шексиз. Андан да маанилүүсү, Жахаба сен кабылып жаткан кыйынчылыктар менен күрөшүүгө, кысымга туруштук берүүгө жардам берет (Рим. 2:6, 7).

Биз ишенимдин көзү менен Жахаба убадалаган жаңы дүйнөнүн босогосунда турганыбызды көрүп жатабыз. Бизди канчалаган баталар жана зор кубаныч күтүп турат! (Заб. 36:34). Ошондуктан Жахабанын бүгүнкү күндө да бизге батасын мол төгүп жатканын көз жаздымда калтырбай, жадырап-жайнап жүрө берели. Ошондо Жахабага «кубаныч менен кызмат кыла» беребиз (Заб. 99:2).

[8-беттеги сүрөт]

ЭС АЛУУ жана КӨҢҮЛ АЧУУ

ҮЙГӨ жана ҮЙ-БҮЛӨГӨ КАМ КӨРҮҮ

ЖУМУШ

ЖЫЙНАЛЫШ ЖОЛУГУШУУЛАРЫ

ӨЗДҮК ИЗИЛДӨӨ

КЫЗМАТ

Кубанычты сактоо үчүн убактыңды кандай бөлүштүрүп жатканыңды карап чыгышың керектир

[10-беттеги сүрөт]

Башкаларга кубанычка кайрадан ээ болууга жардам бере аласыңбы?