Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эсиңердеби?

Эсиңердеби?

Эсиңердеби?

Силерге «Күзөт мунарасынын» акыркы сандары жактыбы? Төмөнкү суроолорго жооп бере аласыңарбы?

• Кудай сени кандай мааниде байытат?

Байыркы учурда Жахаба айрымдарды, мисалы, Ыбрайымды жана Сулайманды материалдык жактан байыткан. Бирок Исанын жолдоочулары үчүн маанилүү болгон жана Жахаба Кудай өзү табууга жардам берген байлыкка ишеним, тынчтык, канааттануу жана бакыт кирет (1.9. 3—7-бб., ор.).

• Исанын Петирди деңизге чөгүп бараткан жеринен куткарып калганынан эмнеге үйрөнсөк болот? (Мт. 14:28—31)

Эгер биз бир тууганыбызга ишеним жетишпей жатканын байкасак, ага каймана мааниде колубузду сунуп, ишенимин бекемдөөгө жардам бере алабыз (15.9. 8-б.).

• Жахаба бизди куткаруу үчүн кандай курмандыктарга барган?

Жахабага Уулунун азап чеккенин, шылдыңдалганын көрүү аябай кыйын болгон. Ошондой эле Уулунун кылмышкер катары өлүмгө кыйылышы да Жахабанын жүрөгүн сыздаткан. Бул Ыбрайымдын өз уулун курмандыкка берүүгө даяр болгону менен алдын ала көрсөтүлгөн (15.9. 28, 29-б.).

Накыл сөздөр 24:27де үйдү курууга байланыштуу кандай сабак камтылган?

Үйлөнгүсү келген киши ал жоопкерчиликти аркалоого даяр болушу керек. Бул өз ичине үй-бүлөнү багууга жана ага рухий жактан кам көрүүгө даяр болууну камтыйт (15.10. 12-б.).

• Ата-энелер үй-бүлөлүк сыйынуу кечин ийгиликтүү өткөрүү үчүн эмне кылса болот?

Үй-бүлө менен сыйынуу кечине белгилүү бир күндү жана убакытты белгилеп, ошого бекем кармангыла. Андан тышкары, күтүлбөгөн жагдайлар болуп кетиши мүмкүн экенин эске алып, башка да убакытты караштырып койгула (15.10. 29-б.).

• Жыйналыш жолугушууларында ыйык китептик баяндамаларды жаңдоо тилине которуп берген эже-карындаш эмне себептен баш кийим киет?

Баяндаманы жаңдоо тилине которууда заманбап техника колдонулгандыктан, котормочунун ролу жогорураак көрүнүшү ыктымал. Жаңдоо тилине которуп жаткан эже-карындаш, адатта, чоң экран аркылуу көрсөтүлөт, ал эми баяндамачы башкаларга атүгүл көрүнбөшү деле мүмкүн. Ушуларды эске алганда, жаңдоо тилине которуп жаткан эже-карындаштын өзүнүн негизги ролду ойнобой турганын көрсөтүп, баш кийим кийип алганы орундуу болоттур (15.11. 12-б.).

• Жахаба менен Иса сылык-сыпаа болуу жагынан кандай үлгү көрсөтүшөт?

Жахаба ааламдын Эгедери катары эң жогорку абалды ээлесе да, адамдарга жылуу-жумшак жана урмат-сый менен мамиле кылат. Ыйык Китептин түп нускасында жазылгандай, Жахаба Ыбрайымга жана Мусага кайрылганда буйрукту сылык өтүнүчкө айландырган эврей сөзүн колдонгон (Башт. 13:14; Чыг. 4:6). Ошондой эле Кудай адамдарды угат (Башт. 18:23—32). Иса да Атасын туураган. Ал адамдарга жардам берүүгө дилгир болгон жана көбүнчө аларга атынан кайрылган (15.11. 25-б.).

• Эмне себептен Исанын чыныгы жолдоочулары Ай жаңы жылын белгилешпейт?

Ай календары боюнча майрамдалчу жаңы жыл Азия календары боюнча маанилүү майрам болуп эсептелет. Майрам учурунда адамдар жолу болушу үчүн жана рухтарга урмат-сый көрсөтүш үчүн белгилүү бир иш-аракеттерди жасашат. Исанын жолдоочулары ата-бабаларын урматтап-сыйлашат, бирок көз жумган ата-бабалардын колдоосун же үй коломтосунун кудайларынын жактыруусун сурап кайрылууга байланышкан той-топурларга катышышпайт (1.12. 20—23-бб., ор.).