Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Дагы бирди ичсемби?»

«Дагы бирди ичсемби?»

«Дагы бирди ичсемби?»

АЛЕН 11 жашында эле ичкиликке бериле баштаган *. Ал достору менен токойго барып, телевизордон көргөн каармандарын туурап ойночу. Алар каармандарды туурап ойношсо да, спирт ичимдиктерин чындап эле ичишчү.

Ал эми Тони башында күнүнө бир-эки стакандан иччү. Бирок бара-бара ичкенин көбөйтүп, 40 жаштарында күнүнө беш-алты стакандан иче баштаган. Акыры, ичкиликке ушунчалык берилип, канча ичкенин билбей калган деңгээлге жетип калган.

Ален аракты ташташ үчүн башкаларга жардам сурап кайрылган; Тони болсо үй-бүлөсүнүн жана досторунун жардамын четке каккан. Өкүнүчтүүсү, Тони бир нече жыл мурун аябай көп ичип алып, жол кырсыгынан каза тапкан; ал эми Ален тирүү.

Спирт ичимдиктерин атүгүл бир эле жолу катуу ичкен киши өзүнө эле зыян келтирбестен, башкаларга да залакасын тийгизип, бир нерсенин ичинен чыгышы мүмкүн *. Ичимдикти көп ичүү көп учурда адамдын башкаларды сөз менен жей беришине, зордук-зомбулук көрсөтүшүнө, кылмыш кылышына, киши өлтүрүшүнө, жол кырсыгына же жумуштан кандайдыр бир кырсыкка кабылышына жана ден соолугунан ажырашына алып барат. Ошондой эле үй-бүлөсүнө, балдарына зыянын тийгизет, аларды эмоциялык жактан жабыркатат. Ичкиликтин айынан коом да жылына миллиондогон суммадагы чыгымга учурап, зыян тартат.

Ошентсе да Кошмо Штаттардагы Саламаттыкты сактоо улуттук институту билдиргендей, «бат-баттан ичкендердин баарын эле аракеч деп айтууга болбойт жана күнүгө ичпегендер деле ичкиликке берилип кетиши мүмкүн». Көптөр өздөрү байкабай эле ичкиликке берилип кетишет. Айрымдар дайыма ичпесе да, бир ичкенде катуу ичиши мүмкүн.

Канча ичүү өтө көп ичкендикке жатат? «Дагы бирди» ичүү ашык болуп каларын кантип аныктоого болот? (Накыл сөздөр 23:29, 30). Кийинки макалаларда буга байланыштуу пайдалуу маалымат каралат.

[Шилтемелер]

^ 2-абз. Айрым ысымдар өзгөртүлүп берилди.

^ 5-абз. Ичкиликке берилип кетүү ыктымалдыгы аялдарга караганда эркектерде төрт эсе жогору болсо да, бул катар макалалардагы маалымат эркектерге да, аялдарга да пайдалуу.