Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ичимдикке карата туура көз карашка ээ болуу

Ичимдикке карата туура көз карашка ээ болуу

Ичимдикке карата туура көз карашка ээ болуу

БИРИНЧИ макалада сөз кылынган Тони ичкиликке берилип кеткенин мойнуна алганда, жашоосу, балким, такыр башкача болмок. Бирок ага ичкиликтин кесепетин тартпачудай көрүнгөн, ошондуктан көйгөйдөн арылуу үчүн эч кандай чара көргөн эмес. Эмне үчүн ал өзүнүн оор абалда экенин аңдаган эмес?

Тунук ой жүгүртүүгө ага, биринчиден, ичкиликти көп ичүү тоскоолдук кылган. Тони аракеч экенин мойнуна албаганы менен, анын тулку-боюн, акыл-эсин жана эмоциялык абалын жөнгө салып турган негизги органы — мээси — ичкиликтин айынан жабыркаган. Ал канчалык көп ичкен сайын, өзүнүн абалына туура баа берүү жөндөмү ошончолук төмөндөй берген.

Экинчиден, Тониге тунук ой жүгүртүүгө ичкиликти таштагысы келбегени тоскоолдук кылган. Буга чейинки макалаларда сөз кылынган Ален да башында ичкиликке берилип кеткенин моюнга алчу эмес. Ал: «Мен аракты жашырып иччүмүн, өзүмдү актап, көп ичип жатканымды тана берчүмүн. Менин максатым, иши кылып эле ичкенимди токтотпош керек болчу»,— деген. Тони менен Алендин ичкиликке берилип кеткенин башкалар көрүп турса да, өздөрү аны мойнуна алышчу эмес. Ичкенин токтотуу үчүн алар иш-аракет кылыш керек болчу. Кандай иш-аракет кылышы керек эле?

Иш-аракет кыл!

Көптөр Исанын: «Эгерде оң көзүң сени күнөөгө түртсө, аны оюп алып, ыргытып жибер. Себеби бүт денең гээнага ыргытылгандан көрө, мүчөлөрүңдүн биринен айрылганың жакшы»,— деген сөздөрүнө ылайык иш кылгандыктан, ичкиликти таштай алышкан (Матай 5:29).

Албетте, Исанын сөздөрү өзүбүздү майып кылышыбыз керектигин билдирбейт. Анын каймана мааниде айткан сөздөрү Кудай менен болгон мамилебизге коркунуч туудурган нерселерди жок кылууга чечкиндүү болушубуз керектигин билдирет. Мындай кылуу аябай эле кыйын болушу мүмкүн. Бирок бул бизге ичкиликке берилип кетүүгө алып бара турган ой жүгүртүүдөн жана жагдайлардан качууга жардам берет. Андыктан башкалар сенин ичимдикке жакын болуп баратканыңды айтышса, дароо тийиштүү иш-аракет кыл *. Эгер ичкениңди азайтуу мүмкүн болбой жатканын байкасаң, анда спирт ичимдиктерин такыр эле оозуңа албай койгонуң оң. Бул оор болсо да, турмушуңду талкалап алгандан көрө, чечкиндүү иш-аракет кылганың жакшы.

Аракеч болбосоң да, ичкиликке жакын эмессиңби? Эгер ошондой болсо, ичкиликке карата туура көз карашка ээ болуу үчүн эмне кылсаң болот?

Жардамды кайдан алууга болот?

1. Кудайга бат-баттан жана чын жүрөктөн тиленүү жардам берерине ишен. Ыйык Жазмада Жахаба Кудайга жагууну каалагандардын баарына мындай кеңеш берилет: «Бардык өтүнүчүңөрдү тиленүү жана жалынуу аркылуу Кудайга ыраазычылык менен билдиргиле. Ошондо Кудайдын ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турган тынчтыгы жүрөгүңөр менен акылыңарды Машаяк Иса аркылуу сактайт» (Филипиликтер 4:6, 7). Андай тынчтыкка ээ болуу үчүн эмне жөнүндө тиленишиң керек?

Адегенде ичимдикти көп ичүүгө байланыштуу көйгөйүң бар экенин чынчылдык менен моюнга ал. Ичкиликти таштоо өзүңөн көз каранды. Аракты ташташ үчүн кандай иш-аракет кылгың келерин Кудайга айтып тилен. Ошондо ал аракетиңе батасын берип, андан да олуттуу көйгөйлөрдөн качууга жардам берет. «Өз кылмыштарын жашырган адам ийгиликке жетпейт, ал эми өз кылмыштарын мойнуна алып, аларды таштаган адамга ырайым кылынат» (Накыл сөздөр 28:13). Иса пайгамбар да: «Азгырылышыбызга жол бербе жана Карөзгөйдөн сакта»,— деп тиленүүгө үндөгөн (Матай 6:13). Канткенде тиленүүлөрүңө ылайык иш кылган болосуң жана аларга кантип жооп ала аласың?

2. Кудай Сөзүнө кайрыл. «Кудайдын сөзү тирүү жана күчтүү... жүрөктөгү ойлорду, ниеттерди айкын кылат» (Эврейлер 4:12). Көптөргө ичкиликтен арылууга Ыйык Китепти күнүгө окуу жана окугандары тууралуу ой жүгүртүү жардам берген. Кудайдан корккон забурчу мындай деп жазган: «Кудайсыздардын кеңешмесине барбаган... адам бактылуу. Ал Кудайдын мыйзамынан кубаныч алат, Анын мыйзамы тууралуу күнү-түнү ойлонот... Ал эмне иш кылбасын, бардык ишинде ийгиликке жетишет» (Забур 1:1—3).

Ален Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдөөнүн аркасында аракты таштай алган. Ал: «Мага ичкиликти таштаганга жардам берген Ыйык Жазма жана андагы принциптер болбогондо эмгиче өмүрүм менен кош айтышмакмын»,— дейт.

3. Өзүңдү кармай билүүгө үйрөн. Ыйык Жазмада Исанын биринчи кылымдагы жолдоочуларынын жыйналышында ичкиликке берилип кеткендердин «Кудайыбыздын руху аркылуу жуулушканы» айтылат (1 Корунттуктар 6:9—11). Алар кандайча «рух аркылуу жуулушкан»? Кудайдын рухунун жардамы менен алар өзүн өзү кармай билүү сапатын өрчүтүүнүн аркасында аракечтиктен арылып, жосунсуз той-тамашаларга аралашпай калышкан. Ыйык Жазмада: «Шарап ичип мас болбогула, анткени бул адепсиздикке алып барат. Тескерисинче, рухка толгула»,— делет (Эфестиктер 5:18; Галатиялыктар 5:21—23). Иса Машаяк болсо: «Асмандагы Атаңар өзүнөн сурагандарга ыйык рухун берет»,— деп айткан. Андыктан «сураганыңарды токтотпогула, ошондо силерге берилет» (Лука 11:9, 13).

Жахаба Кудайга жагууну каалагандар Ыйык Жазманы окуп-изилдөөнүн жана чын жүрөктөн, бат-баттан тиленүүнүн аркасында өзүн кармай билүүгө үйрөнө алышат. Ошондуктан көңүлүңдү чөгөрбөй, Кудай Сөзүндөгү: «Ким рухка сепсе, ал рухтан түбөлүк өмүрдү оруп алат. Жакшылык кылып жатып багынбайлы, анткени алсырап эле калбасак, убагы келгенде оруп алабыз»,— деген кеңешке ылайык иш кыл (Галатиялыктар 6:8, 9).

4. Жакшы таасир эткен адамдар менен мамилелеш. «Акылдуу адамдар менен мамилелешкен адам акылдуу болот, ал эми акылсыз адамдар менен достошкон адам бузулат» (Накыл сөздөр 13:20). Мурун чогуу ичип жүргөн досторуңа аракты таштоону чечкениңди айт. Албетте, Ыйык Жазмада айтылгандай, алар сенин «шарапкорлукка, жосунсуз той-тамашаларга, ичкилик ичүү мелдештерине» берилбей калганыңа «таң калып... жамандашы» мүмкүн (1 Петир 4:3, 4). Кандай болсо да, аракты ташташыңа тоскоолдук кылгандар менен мамилеңди үзгөнүң акылдуулукка жатат.

5. Өзүңө чек кой. Ыйык Жазмада: «Бул дүйнө түзүлүшүнүн силерди калыпташына жол бербегиле, тескерисинче, Кудайдын жакшы, өзүнө жаккан жана жеткилең эрки эмне экенине ынанышыңар үчүн, акылыңарды жаңылантып, өзгөрүлгүлө»,— делет (Римдиктер 12:2). Эгер өзүңө чек коюуда мурунку досторуңдун же «бул дүйнө түзүлүшүнүн» таасирине эмес, Кудай Сөзүндөгү принциптерге жетектелсең, Кудайга жаккандай жашоо өткөрүүдөн канааттануу аласың. Бирок ден соолугуңа зыян болбошу үчүн канча ичүү керектигин кантип аныктай аласың?

Ичимдик канча өлчөмдө болбосун, акылыңды тумандатып, тунук ой жүгүртүүңө тоскоолдук кылып жатса, анда бул сен үчүн өтө эле көп. Өзүңдүн чегиңди так аныктап албастан, «мас болгуча ичпейм» дегениң жаңылыштык болуп калар эле. Андыктан канча көтөрө аларыңды так аныктап, ошондон көп ичпегенге аракет кыл. Өзүңө так-айкын чек коюп алганың аракка берилип кетүүдөн сактайт.

6. «Жок» деп айтууга үйрөн. «„Ооба“ деген сөзүңөр „ообаны“, „жок“ деген сөзүңөр „жокту“ билдирсин» (Матай 5:37). Ичимдик сунуштагандарга сылыктык менен «жок» деп айтканга үйрөн. Ыйык Китепте: «Сөзүңөр дайыма жагымдуу, туз менен татытылгандай болсун, ошондо ар бир адамга кантип жооп берүү керектигин билесиңер»,— делет (Колосалыктар 4:6).

7. Жардам изде. Аракты таштоого көмөк кылып, рухий жактан колдоо көрсөтө ала турган досторуңа жардам сурап кайрыл. «Жалгыз болгонго караганда, экөө болгон жакшы, анткени алар өздөрүнүн эмгеги үчүн жакшы сыйлык алышат. Анткени бирөө жыгылса, экинчиси тургузат» (Насаатчы 4:9, 10; Жакып 5:14, 16). Кошмо Штаттардагы Ичимдикти кыянат пайдалануу жана аракечтик боюнча улуттук институту да: «Аракты таштоо аябай оор болушу мүмкүн. Ошондуктан үй-бүлөңдөн, досторуңдан колдоо көрсөтүшүн суран»,— деген кеңеш берет.

8. Чечкиндүүлүгүңдөн жазба. «Сөздү угуучулардан гана болбой, аткаруучулардан болгула. Ал эми ким эркиндикке чыгаруучу жеткилең мыйзамды кунт коюп изилдеп, ага ылайык жашаса, ал унутчаак угуучу эмес, аткаруучу болуп, ошонун натыйжасында бактылуу болот»,— деп айтылат Ыйык Китепте (Жакып 1:22, 25).

Жаман адаттан арылуу

Көп ичкендердин баары эле аракеч болуп кетпейт. Бирок айрымдар бат-баттан же көп ичкендиктен ичкиликке бериле башташат. Спирт ичимдиктери адамдын өзүн эле эмес, психикасын да көз каранды кылып алгандыктан, анын кишенинен бошонуу үчүн эрктин күчтүү болушу жана рухий жактан жардам көрсөтүлүшү жетишсиз. «Аракты жаңы таштаганда дене-боюм сыздап катуу ооругам,— деп эскерет Ален.— Ошондо мага рухий жардамдан сырткары, медициналык жардам да керек экенин түшүндүм».

Ооба, көптөргө ичкиликтен арылып, кайра ичип албаш үчүн рухий жардамдан тышкары, медициналык жардам керек болот *. Айрымдарга ичкиликти таштаганда пайда болуучу жан сыздаткан оор абал менен күрөшүү үчүн ооруканага жатууга туура келет же кайра ичип алуу каалоосун басуу үчүн догдурлар аларга дары жазып беришет. Иса пайгамбар да: «Дарыгерге дени сак адамдар эмес, оорулуулар муктаж»,— деген (Марк 2:17).

Кудайдын көрсөтмөсүнө баш ийүүнүн пайдасы

Ыйык Жазмадагы пайдалуу кеңештерди бизге жакшылык гана каалаган, биздин азыр эле эмес, түбөлүккө бактылуу болушубузду ниет кылган чыныгы Кудай берген. Алендин ичкиликти таштаганына жыйырма төрт жыл болду. Ал мындай деп эскерет: «Өзгөрө аларымды, Жахабанын мени туура жолго салууну каалаарын билүү мен үчүн аябай жагымдуу болду...» Ален көз жашын араң кармап, бир саамга токтоп калат да, мукактана сөзүн мындай деп улайт: «...Жахабанын мени түшүнөрүн, мага кам көрөрүн, керектүү жардам берерин билүү мен үчүн таң калыштуу болгон».

Эгер сен да ичкиликтин кулчулугунан бошоно албай жүрсөң, ага багынып берүүгө же эч кандай үмүт жок деп тыянак чыгарууга шашпа. Ален жана башка көптөгөн адамдар да ушундай эле көйгөй менен күрөшүп келишкен. Алардын айрымдары бул адатын ооздуктоого үйрөнүшсө, башкалары ичкиликти биротоло таштай алышкан. Алар буга такыр өкүнүшпөйт, аларды туурасаң, сен да өкүнбөйсүң.

Аракты ченеми менен ичүүнү чечесиңби же андан такыр эле баш тартасыңбы, Кудайдын сүйүү менен: «Оо, сен Менин осуяттарымды уксаң кана! Анда сенин тынчтыгың дарыядай болмок, сенин чындыгың деңиз толкунундай болмок!» — деп айткан сөздөрүн эсиңден чыгарба (Ышайа 48:18).

[Шилтемелер]

^ 7-абз. 8-беттеги «Ичкиликке берилип бараткан жокмунбу?» деген кутучаны карагыла.

^ 24-абз. Жардам берүүгө багытталган көптөгөн борборлор, ооруканалар жана дарылоо программалары бар. «Күзөт мунарасы» журналы дарылануунун тигил же бул ыкмасын жактабайт. Дарылануу ыкмасы ыйык китептик принциптерге каршы келер-келбесин текшерүү зарыл. Кандай ыкма менен дарыланарын ар ким өзү чечүүгө тийиш.

Ичкиликке берилип бараткан жокмунбу?

Өзүңө мындай суроолорду берип көрсөң болот:

• Мен адаттагыдан көбүрөөк иче баштаган жокмунбу?

• Кийинки күндөрү бат-баттан иче баштаган жокмунбу?

• Ичимдиктин күчтүүрөктөрүнө өтө баштаган жокмунбу?

• Стрессти жазыш үчүн же көйгөйлөрүм тууралуу ойлонбош үчүн ичип жаткан жокмунбу?

• Үйүмдөгүлөр же досторум акыркы күндөрү көп иче баштаганымды айтып жатышкан жокпу?

• Ичкенимдин айынан үйүмдө, жумушумда же эс алып жүргөндө көйгөйлөр пайда болуп жаткан жокпу?

• Жума сайын ичип жаткан жокмунбу?

• Башкалар ичпей жатса, өзүмдү ыңгайсыз сеземби?

• Башкалардан канча ичеримди жашырамбы?

[8-беттеги сүрөт]

Эгер ушул суроолордун бирине же бир нечесине «ооба» деп жооп берсең, бул ичимдикти ченеми менен ичүүгө чара көрүшүң керектигин көрсөтүп турат.

Ичимдикке байланыштуу туура чечимдерди чыгаруу

Ичерден мурун минтип ойлонуп көр:

• Ичкеним туура болобу же ичпей эле коюшум керекпи?

Кеңеш: бир ичкенден кийин өзүңдү токтото албасаң, таптакыр ичпей эле койгонуң оң.

Канча ичсем болот?

Кеңеш: ичимдик акылыңды тумандата электе канча көтөрө аларыңды аныктап ал.

Качан ичсем болот?

Кеңеш: машине айдаарда, этияттыкты талап кылган жумуштарды аткарарда, Кудайга сыйынууга байланыштуу иштер менен алек болордо, кош бойлуу кезде, дарыланып жүргөндө ичпе.

Кайсы жерде ичсем болот?

Кеңеш: мүдүрүлтүп алышың мүмкүн болгон адамдардын көзүнчө жана жашырынып жалгыз ичпе.

Кимдер менен ичсем болот?

Кеңеш: өзүңө жакшы таасир эткен жакын адамдарың менен ичсең болот. Ичкиликке жакын адамдар менен ичпей эле койгонуң акылдуулукка жатат.

[10-беттеги кутуча]

Кудайдын Сөзү ичкиликке берилип кеткендерге жардам бере алат

Таиландда жашаган Супот мурун аракеч болчу. Башында ал кечинде эле иччү. Бара-бара эртең менен да, түштө да иче баштаган. Анан мас болуш үчүн гана ичип калган. Ошол күндөрдүн биринде ал Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштаган. Аракечтер Жахаба Кудайга жакпай турганын билгенде Супот ичкенин токтоткон. Бирок бир нече убакыт өткөндөн кийин кайра эле эски адатына берилип кеткен. Ошондо анын үй-бүлөсү аябай кайгырган.

Анткен менен Супот Жахабаны жакшы көрчү жана ага жаккандай жашагысы келчү. Ага достору талыкпай колдоо көрсөтүп, анын үй-бүлөсүн Супотко дайыма кам көрүүгө жана ошонусунан жазбоого үндөшчү. Супотко 1 Корунттуктар 6:10догу: «Аракечтер... Кудайдын падышалыгын мурастабайт»,— деген ачык-айкын эскертүү өзүнүн жаман адатынын олуттуу экенин аңдоого жардам берген. Ал ичкиликти таштоого бүт күч-аракетин жумшашы керектигин түшүнгөн.

Ошентип, Супот ичкиликти таптакыр таштоого чечкиндүү болгон. Ал Кудайдын ыйык рухунун күчү менен, үй-бүлөсүнүн жана жыйналыштын жардамы менен рухий жактан өсүп, жаман адатынан арылган. Ал кийин өзүн Кудайга арнап, чөмүлтүлгөндө, анын үй-бүлөсү аябай кубанган. Супот азыр Кудай менен ынак мамиледе болгондуктан өзүн бактылуу сезет жана убактысын башкаларга Кудайды таанууга жардам берүүгө жумшоодо.