Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Өзүбүздү эмне себептен Жахабага арнашыбыз керек?

Өзүбүздү эмне себептен Жахабага арнашыбыз керек?

Өзүбүздү эмне себептен Жахабага арнашыбыз керек?

«Түндө мен ыйык кызмат кылган Кудайдын периштеси жаныма келди» (ЭЛЧ. 27:23).

1. Чөмүлтүлө тургандар кандай кадамдарды жасашат жана буга байланыштуу кандай суроолор туулат?

«ИСА МАШАЯКТЫН курмандыгынын негизинде күнөөлөрүң үчүн өкүнүп, Жахабага анын эркин аткаруу үчүн өзүңдү арнадыңбы?» Бул — чөмүлтүлө тургандарга арналган баяндаманын соңунда берилүүчү эки суроонун бири. Исанын жолдоочулары эмне себептен өздөрүн Жахабага арнашы керек? Кудайга арналганыбыз бизге кандай пайда алып келет? Эмне үчүн Кудайга арналбай туруп, ага жаккыдай сыйына албайбыз? Бул суроолорго жооп алуу үчүн алгач арналуу эмнени билдирерин карап чыгалы.

2. Жахабага арналуу деген эмнени билдирет?

2 Кудайга арналуу деген эмнени билдирет? Элчи Пабылдын Кудай менен болгон мамилесин кандайча сүрөттөгөнүнө көңүл бурсаңар. Кырсыкка учураганы жаткан кемедеги көп кишинин алдында Пабыл Жахабаны: «Мен ыйык кызмат кылган Кудай»,— деп атаган (Оку: Элчилер 27:22—24). Исанын чыныгы жолдоочуларынын баары Жахабага кызмат кылып, ага таандык болушат. Ал эми дүйнө «Карөзгөйдүн бийлиги астында жатат» (1 Жкн. 5:19). Исанын жолдоочулары тиленүү аркылуу өздөрүн Жахабага арнашканда, ага таандык болуп калышат. Арналуу — адамдын Кудайга жекече берген анты. Арналгандан кийин адам сууда чөмүлтүлөт.

3. Исанын чөмүлтүлгөнү эмнени билдирген жана анын жолдоочулары аны кантип туурашат?

3 Иса Машаяк Кудайдын эркин аткарууга байланыштуу жекече чечим чыгаруу менен бизге үлгү калтырган. Ал Кудайга арналган ысрайыл элинде төрөлгөндүктөн, ошондо эле ага арналган болчу. Ошентсе да ал чөмүлтүлгөндө Мыйзамда талап кылынгандан да көптү кылган. Кудай Сөзүндө жазылгандай, ал: «Мына,.. сенин эркиңди аткаруу үчүн келдим, Кудайым»,— деп айткан (Эвр. 10:7; Лк. 3:21). Демек, Исанын чөмүлтүлүүсү өзүн Атасына анын эркин аткаруу үчүн арнаганын билдирген. Анын жолдоочулары да, андан үлгү алып, чөмүлтүлүшөт. Бирок алар сууда чөмүлтүлүү менен өздөрүн тиленүү аркылуу Кудайга арнаганын эл алдында көрсөтүшөт.

Арналуу бизге кандай пайда алып келет?

4. Дөөтү менен Жонатандын достугунан милдеттенме тууралуу эмнени билүүгө болот?

4 Кудайга арналуу — олуттуу чечим. Ал кандайдыр бир милдеттенме алуудан да көптү билдирет. Анда кандайча арналуу бизге пайда алып келет? Муну түшүнүү үчүн адамдардын алака-мамилелеринде милдеттенменин эмнеси менен пайдалуу экенин карап көрөлү. Мисалга достукту алалы. Дос күтүүнү кааласаң, дос болуу жоопкерчилигин көтөрө билишиң керек. Бул өз ичине милдеттенме алууну камтыйт — сен досуңа кам көрүүгө өзүңдү милдеттүү сезесиң. Ыйык Китепте жазылган эң көрүнүктүү достук мамилелердин бири — Дөөтү менен Жонатандын достугу. Алар атүгүл өз ара достук келишимин түзүшкөн (Оку: 1 Шемуел 17:57; 18:1, 3). Ушинтип ант беришип достошкондор чанда болсо да, достор бири-биринин алдында милдетин же жоопкерчилигин сезе билгенде гана мамилеси чың болот (Накыл 17:17; 18:24).

5. Канткенде кул жакшы кожоюнуна таандык болуудан өмүр бою пайда ала алмак?

5 Кудайдын Ысрайылга берген Мыйзамында милдеттенме алуунун пайдалуу экенин көрсөткөн дагы бир мамиле тууралуу айтылат. Эгер кул жакшы кожоюнуна өмүр бою таандык болуп, анын далдаасында коргологусу келсе, аны менен эч качан күчүн жоготпой турган келишим түзө алмак. Мыйзамда мындай делет: «Эгерде кулу: „Мен кожоюнумду да, аялымды да, балдарымды да жакшы көрөм, эркиндикке чыкпайм“,— десе, анда кожоюну аны башкаруучулардын алдына алып келип, эшиктин же кашектин жанына тургузуп, кулагын шибеге менен тешсин, ошондо ал ага өмүр бою кул болуп калат» (Чыг. 21:5, 6).

6, 7. а) Милдеттенме адамдарга кандай пайда алып келет? б) Милдеттенме Жахаба менен болгон мамилебизге кандай таасир этет?

6 Адам нике курганда да өзүнө чоң милдет алат. Ал кагаз бетиндеги расмий келишимдин талаптарын эмес, тирүү адамга берген убадасын аткарууга милдеттенме алат. Аял менен эркек никеге турбай эле чогуу жашашса, өздөрү да, балдары да өздөрүн чындап коопсуз сезе алышпайт. Ал эми ак никеге туруп, бири бирине берилгендик көрсөткөн өмүрлүк жарлар Жазмадагы принциптерге жетектелип, пайда болгон кыйынчылыктарды сүйүү менен чечүүгө аракет кылышат (Мт. 19:5, 6; 1 Кор. 13:7, 8; Эвр. 13:4).

7 Байыркы учурда адамдар өз ишин жүргүзүүдө жана бирөөгө жалданып иштөөдө келишим түзүүдөн пайда алышкан (Мт. 20:1, 2, 8). Бүгүнкү күндө деле ошондой. Маселен, кайсы бир ишти баштаар алдында же ишканага орношордо кагаз жүзүндө макулдашып же келишим түзүп алганыбыз өзүбүзгө эле пайда алып келет. Эгер милдеттенме алуу достошууга, никелешүүгө жана жумушка байланыштуу мамилелерди чыңдаса, анда Жахабага толук арналганыбыздын аны менен болгон мамилебизди бекемдеп, алда канча чоң пайда алып келери айдан ачык! Келгиле, байыркы учурда адамдардын Жахабага арналуудан кандай пайда алышканын жана арналуу эмне себептен милдеттенме алуудан да көптү билдиргенин карап көрөлү.

Кудайга арналуудан ысрайылдыктар кандай пайда алышкан?

8. Кудайга арналуу ысрайыл эли үчүн эмнени билдирген?

8 Бүтүндөй ысрайыл эли Жахабага ант бергенде ага арналган эл болуп калган. Жахаба аларды Синай тоосунун этегине чогултуп: «Мени угуп, Менин келишимимди сактасаңар, анда бүт элдердин ичинен силер Менин энчим болосуңар»,— деген. Ошондо эл бир добуштан: «Теңир эмнени айтса, ошонун баарын аткарабыз»,— деп жооп кайтарган (Чыг. 19:4—8). Арналуу ысрайыл эли үчүн кайсы бир нерсени аткарууга милдеттенме алуудан да көптү туюндурган. Ал Жахабага таандык болууну билдирген, ал эми Жахаба аларга өзүнүн өзгөчө «энчиси» катары мамиле кылган.

9. Ысрайылдыктар Кудайга арналганынан кандай пайда алышкан?

9 Жахабага таандык болуу ысрайылдыктарга пайда алып келген. Ал, мээримдүү ата-эне чүрпөсүнө кам көргөндөй, аларга берилгендик менен кам көргөн. Кудай Ысрайылга: «Аял эмчектеги баласын унутмак беле? Өзүнүн курсагынан чыккан уулун аябай коймок беле? Эгерде ал унутса да, Мен сени унутпайм»,— деп айткан (Ыш. 49:15). Жахаба аларга Мыйзам аркылуу жетекчилик берген, пайгамбарлары аркылуу бекемдеп-кайраттандырган, периштелери аркылуу калкалаган. Забурчу: «Ал Өз сөзүн Жакыпка, Өз көрсөтмөлөрү менен мыйзамдарын Ысрайылга жарыя кылды. Ал башка эч бир элге мындай кылган жок»,— деп жазган (Заб. 147:8, 9; оку: Забур 33:8, 20; 47:15). Жахаба илгери ага таандык элге кам көргөндөй эле, бүгүнкү күндө ага арналгандарга кам көрөт.

Эмне себептен өзүбүздү Кудайга арнашыбыз керек?

10, 11. Биз Кудайдын аң-сезимдүү жана ишенимдүү жаратууларынан турган үй-бүлөсүндө төрөлдүк беле? Түшүндүргүлө.

10 Арналуу жана чөмүлтүлүү тууралуу ойлонуп жаткан Исанын жолдоочусу: «Эмне үчүн Кудайга өзүмдү арнамайынча ага кызмат кыла албайм?» — деп ойлонушу мүмкүн. Кудайдын көз алдында чынында кандай абалда экенибизди эске алганыбызда анын себебин айкын түшүнөбүз. Адам ата күнөө кетиргендиктен, бирибиз да Кудайдын үй-бүлөсүндө төрөлгөн эмеспиз (Рим. 3:23; 5:12). Андыктан Кудайга арналуу — анын үй-бүлөсүнө кабыл алынуу үчүн зарыл талап. Мунун себебин карап көрөлү.

11 Эч кимибиздин атабыз, Кудай башта ниет кылгандай, бизге түбөлүк өмүр тартуулай албайт (1 Тим. 6:19). Биз жарык дүйнөгө Кудайдын уулдары болуп келген эмеспиз, себеби эң биринчи түгөй күнөө кетиргенде, адамзат тукуму мээримдүү Атасынан жана Жаратканынан ажырап калган (Салыштыр: Мыйзам 32:5). Ошондон тартып адамзат Жахабанын аң-сезимдүү жана ишенимдүү жаратууларынан турган үй-бүлөсүнө кире албай, Андан алыс жашап келет.

12. а) Кандайча жеткилеңсиз адамдар Кудайдын үй-бүлөсүнүн мүчөсү боло алышат? б) Чөмүлтүлгөнгө чейин кандай кадамдарды жасашыбыз керек?

12 Ошого карабастан ар бирибиз Кудайдан бизди анын кызматчыларынан турган үй-бүлөсүнө кабыл алышын сурансак болот *. Бул биздей күнөөкөр пенделер үчүн мүмкүнбү? Элчи Пабыл: «Кудайдын душманы болуп туруп Уулунун өлүмү аркылуу Аны менен элдешкенбиз»,— деп жазган (Рим. 5:10). Чөмүлтүлүү менен биз Кудайдын алдында жакшы атка ээ болуу үчүн андан таза абийир сураган болобуз (1 Пет. 3:21). Бирок чөмүлтүлгөнгө чейин бир нече кадам жасашыбыз кажет. Биз Кудай жөнүндө билим алышыбыз, ага таянууга үйрөнүшүбүз, өкүнүшүбүз жана өзгөрүшүбүз керек (Жкн. 17:3; Элч. 3:19; Эвр. 11:6). Кудайдын үй-бүлөсүнө кабыл алынуу үчүн дагы эмне талап кылынат?

13. Жахабанын үй-бүлөсүнө мүчө болушу үчүн адам эмне себептен өмүрүн ага арноону убада кылышы керек?

13 Кудайга сыйынбаган адам анын кызматчыларынан турган үй-бүлөсүнө мүчө болушу үчүн, адегенде Жахабага өзгөчө убада бериши керек. Мунун эмне себептен зарыл экенин түшүнүү үчүн жетим балага боорукердик көрсөтүп, аны бүлө кылып алгысы келген кадырлуу атаны элестетсең. Ал ата жакшы киши катары белгилүү. Бирок баланы асырап алардан мурун ал анын убада беришин каалайт. Ошондуктан: «Сени уул кылып алардан мурун мени өз атаңдай жакшы көрүп, урматтап-сыйлаарыңа ынангым келет»,— дейт. Бала буга макул болуп, өзгөчө убада бергенде гана, ал киши аны өзүнүн үй-бүлөсүнө кабыл алат. Бул акылдуулукка жатат, чынбы? Ошо сыңары, Жахаба өмүрүн ага арноого убада бергендерди гана өзүнүн үй-бүлөсүнө кабыл алат. Ыйык Китепте: «Өзүңөрдү тирүү, ага арналган жана ага жага турган курмандык катары бергиле»,— делет (Рим. 12:1, «Жаңы англис Ыйык Китеби»).

Сүйүүнүн жана ишенимдин белгиси

14. Арналуу кандай мааниде сүйүүнүн белгиси?

14 Жахабага арналууга убада берүү менен адам аны чын жүрөктөн сүйөрүн айгинелейт. Бул кандайдыр бир мааниде никелешүү убадасына окшош. Исаны жолдогон жигит болочок колуктусуна бардык учурда, турмуштун ысыгында да, суугунда да, берилгендигин сактоого убада берүү менен ага болгон сүйүүсүн көрсөтөт. Бул — тек гана бир ишти кылууга берилген убада эмес, адамга берилген убада. Исанын жолдоочусу никелешүү убадасын бермейинче, сүйгөн кызы менен бирге жашай албай турганын билет. Ошо сыяктуу эле, арналуу убадасын бермейин, Жахабанын үй-бүлөсүнүн мүчөсү болуунун аркасында келчү баталарга ээ боло албайбыз. Ошон үчүн биз жеткилеңсиз болсок да, Кудайга таандык болгубуз келгендиктен жана эч нерсеге карабай ишенимдүүлүгүбүздү сактоого чечкиндүү болгондуктан, ага арналабыз (Мт. 22:37).

15. Арналуу кандайча ишенимдин белгиси?

15 Биз Кудайга арналуу менен ишенимибизди иш жүзүндө көрсөтөбүз. Эмне үчүн минтип айтууга болот? Жахабага болгон ишенимибиз ага жакындасак, өзүбүзгө эле жакшы болоруна кымындай да шек санабоого жардам берет (Заб. 72:28). Биз «туура жолдон адашкан, бузулган муундун» арасында жашап жаткандыктан, Кудайдын жолунда жүрүү дайыма эле оңой-олтоң боло бербесин билебиз. Анткен менен Кудайдын күч-кубат берем деген убадасына бекем ишенебиз (Флп. 2:15; 4:13). Ооба, жеткилең эмес экенибизди эч кимибиз тана албайбыз, бирок ката кетирсек да, Жахабанын бизге ырайымдуулук менен мамиле кыларына күмөн санабайбыз (Оку: Забур 102:13, 14; Римдиктер 7:21—25). Актыгыбызды сактоого чечкиндүү болгонубуз үчүн Жахабанын бизди сыйлыксыз калтырбай турганына толук ишенебиз (Аюб 27:5).

Кудайга арналуу бактылуу кылат

16, 17. Жахабага арналуу эмне үчүн бактылуу кылат?

16 Жахабага арналуу бизди бакытка бөлөйт, себеби бул өзүбүздү берүү менен байланыштуу. Иса: «Алганга караганда берген бактылуу»,— деп төгүндөлгүс чындыкты айткан (Элч. 20:35). Ал жерде кызмат кылып жүргөндө берүү бакыт тартуулаарын өзү татып көргөн. Башкаларга өмүр жолуна түшүүгө жардам берүү үчүн ал, зарыл болсо, эс алуудан, тамактан, атүгүл өз кызыкчылыгынан кече турган (Жкн. 4:34). Иса Атасынын жүрөгүн кубантуудан ырахат алган. «Мен ар дайым ага жакканды жасайм»,— деген ал (Жкн. 8:29; Накыл 27:11).

17 Ошентип, Иса: «Ким менин артымдан ээрчигиси келсе, өзүнөн баш тартсын»,— деп айтканда жолдоочуларын канааттануу тартуулаган өмүр жолуна багыттаган (Мт. 16:24). Исанын айткандарына ылайык иш кылуу бизди Жахабага жакындатат. Өзүбүздү бизге мындан артык кам көрө ала турган кимдин колуна тапшыра алабыз?

18. Жахабага арналуубузга ылайык жашоо эмне үчүн өзүбүздү кимдир бирөөгө же кайсы бир нерсеге арноого караганда алда канча бактылуу кылат?

18 Жахабага арналып, анын эркин аткаруу менен арналуубузга ылайык жашоо өзүбүздү кимдир бирөөгө же кайсы бир нерсеге арноого караганда алда канча бактылуу кылат. Алсак, көптөр өмүрүн байлык топтоого арнашат. Бирок бул чыныгы бакытка ээ кылбайт, канааттануу да тартуулабайт. Ал эми өзүн Жахабага арнагандар чексиз бактылуу болушат (Мт. 6:24). «Кудайдын кызматташтары» болуу сыймыгы аларды, албетте, бактылуу кылат, бирок алар өздөрүн кызматка эмес, жакшылыкты унутпаган Кудайга арнашат (1 Кор. 3:9). Алардын жан аябастыгын Кудайдан артык ким баалай алат?! Ал атүгүл улгайган ишенимдүү кызматчыларынын жаш чагын кайрып берет, себеби аларды түбөлүккө өзүнүн камкордугуна бөлөөнү каалайт (Аюб 33:25; оку: Эврейлер 6:10).

19. Жахабага арналгандар кандай сыймыкка ээ?

19 Өмүрүңдү Жахабага арноонун аркасында аны менен ынак мамиледе боло аласың. Ыйык Китепте: «Кудайга жакындагыла, ошондо ал силерге жакындайт»,— делет (Жкп. 4:8; Заб. 24:14). Кийинки макалада Жахабага таандык болууну тандоо эң мыкты чечим деп эмне себептен толук ишеним менен айтса болорун карайбыз.

[Шилтемелер]

^ 12-абз. Исанын «башка койлору» Миң жылдыктын аягында гана Кудайдын уулдары болушат. Бирок алар өздөрүн Кудайга арнагандыктан ага «Ата» деп кайрыла алышат жана Жахабанын кызматчыларынан турган үй-бүлөсүнүн мүчөсү катары эсептелишет (Жкн. 10:16; Ыш. 64:8; Мт. 6:9; Аян 20:5).

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Кудайга арналуу эмнени билдирет?

• Кудайга арналганыбыз бизге кандай пайда алып келет?

• Исанын жолдоочулары эмне үчүн өздөрүн Жахабага арнашы керек?

[Изилдөө суроолору]

[6-беттеги сүрөт]

Арналуубузга ылайык жашоо чексиз бакыт тартуулайт