Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Өмүрүңдүн ар бир күнүндө Кудайды даңкта

Өмүрүңдүн ар бир күнүндө Кудайды даңкта

Өмүрүңдүн ар бир күнүндө Кудайды даңкта

ЗАБУРЧУ Дөөтү Жахабага: «Сенин ырайымыңды эртерээк угайын... Мага жүрө турган жолумду көрсөт»,— деп тиленген (Заб. 142:8). Ойгонгонуңда жана жаңы күндү тартуулаганы үчүн Жахабага ыраазычылык билдиргениңде, Дөөтүдөй болуп, сен да андан туура чечим чыгарууга жана туура иш кылууга жетекчилик беришин сурайсыңбы? Ошентериңе шек жок.

Жахабанын арналган кызматчылары катары биз ичебизби, жейбизби, дегеле эмне кылбайлы, «баарын Кудайды даңкташ үчүн кылгыбыз» келет (1 Кор. 10:31). Биз өткөргөн күнүбүз менен Жахабага даңк алып келишибиз же ага тил тийгизишибиз мүмкүн экенин түшүнөбүз. Ошондой эле Ыйык Китептен Шайтандын Машаяктын бир туугандарын жана Кудайдын бардык кызматчыларын «күндүр-түндүр» айыптап жатканын билебиз (Аян 12:10). Андыктан Шайтандын куру жалаасына жооп кайтарууга жана асмандагы Атабызга «күнү-түнү» ыйык кызмат кылып, анын жүрөгүн сүйүнтүүгө чечкиндүүбүз (Аян 7:15; Накыл 27:11).

Келгиле, өмүрүбүздүн ар бир күнүн кантип Кудайды даңктап өткөрсөк болорунун эки жолун кыскача карап чыгалы. Биринчи жолу — чындап маанилүү нерселерди жашообузда алдыңкы орунга коюу, ал эми экинчиси — башкалардын камын ойлоо.

Убадабызга ылайык жашоо

Өзүбүздү Жахабага арноо менен биз ага кызмат кылууну чын дилден каалаарыбызды көрсөткөнбүз. Ошондой эле Жахабага «күн сайын», түбөлүккө, анын жолу менен жүрүүгө убада бергенбиз (Заб. 60:6, 9). Анда канткенде ошол убадабызга ылайык жашаган болобуз? Кантип күн сайын Жахабаны бүт жүрөгүбүз менен сүйөрүбүздү далилдей алабыз?

Ыйык Жазмада Жахабанын бизден кандай жоопкерчиликтерди аткарууну талап кылары айкын көрсөтүлгөн (Мыйз. 10:12, 13). 22-беттеги «Кудай тапшырган жоопкерчиликтер» деген кутучада алардын бир нечеси саналып өтөт. Ал жоопкерчиликтердин баары абдан маанилүү, анткени аларды Кудай тапшырган. Алардын бир нечесин бир учурда аткарууга туура келсе, кайсынысын биринчи аткаруу керектигин кантип аныктайбыз?

Биз ыйык кызматыбызды башкы орунга коёбуз. Ага Ыйык Китепти изилдөө, тиленүү, жыйналыш жолугушууларына баруу жана кабар айтуу кирет (Мт. 6:33; Жкн. 4:34; 1 Пет. 2:9). Бирок эртеден кечке эле рухий иштер менен алек боло албайбыз. Жумушка, сабакка жана үй жумуштарына да убакыт бөлүү керек. Ошентсе да биз дүйнөлүк жумушту жана башка иштерди ыйык кызматыбызга, айталы, жыйналыш жолугушууларына катышууга тоскоол болбогудай кылып уюштурабыз. Мисалы, өргүүнү райондук көзөмөлчүнүн катышуусун, бир күндүк атайын жыйынды, райондук жана облустук жыйындарды калтырбагыдай кылып пландаштырабыз. Кээде бир нече жоопкерчиликти бир убакта аткарса болот. Маселен, Падышалык залын үй-бүлөбүз менен эриш-аркак жууп-тазалоону, жумушта же мектепте түшкү тыныгуу маалын чогуу иштешкендерге же классташтарга күбөлөндүрүү үчүн колдонууну максат кылып алсак болот. Ооба, бизге кандай гана чечим чыгарууга туура келбесин, жумуш табууга, кайсы мектепте окууну чечүүгө же досторду тандоого байланыштуу болобу, жашообуздагы эң маанилүү нерсенин — сүйүктүү Атабыз Жахабага болгон сыйынуунун — көңүлүбүздүн борборунда болушун каалайбыз (Нас. 12:13).

Башкалардын камын ойлоо

Жахаба башкаларга кам көрүшүбүздү жана аларга жакшылык кылышыбызды каалайт. Ал эми Шайтан адамдарды өз көмөчүнө күл тартууга үндөйт. Анын дүйнөсү «өзүн өзү сүйгөн», «ырахатты сүйгөн» жана «денеге сепкен» адамдарга толгон (2 Тим. 3:1—5; Гал. 6:8). Көптөрдүн кылган иштери башкаларга кандай таасир этери менен иши да жок. «Күнөөкөр дененин иштери» бардык жерге кулач жайган (Гал. 5:19—21).

Жахабанын ыйык рухуна жетектелип, башкаларга сүйүү, боорукердик менен мамиле кылууга жана жакшылык кылууга дилгир болгондор андай адамдардан кандай гана айырмаланат! (Гал. 5:22). Кудай Сөзү башкалардын кызыкчылыгын өзүбүздүкүнөн жогору коюуга чакырат. Ошондуктан биз башкаларга терең кызыгуу көрсөтөбүз, ошол эле учурда алардын жеке иштерине кийлигишпейбиз (1 Кор. 10:24, 33; Флп. 2:3, 4; 1 Пет. 4:15). Биз биринчи кезекте ишенимдештерибиздин камын ойлойбуз. Анткен менен ишенимдешибиз болбогондорго да жардам көрсөтүүгө умтулабыз (Гал. 6:10). Бүгүн жолуктурган адамдарга кантип жакшылык кылсаң болорун ойлонуп көрсөң кандай? (23-беттеги «Аларга көңүл бур» деген кутучаны кара.)

Башкаларга көңүл буруу үчүн сөзсүз эле өзгөчө бир убакты же белгилүү бир жагдайды күтүүнүн кереги жок (Гал. 6:2; Эф. 5:2; 1 Тес. 4:9, 10). Биз күнүгө башкалардын жагдай-шартынан кабардар болууга аракет кылып, зарыл болсо, бизге ыңгайсыз болгонуна карабай, жардамга келүүгө даярбыз. Аларга колдо бар нерселерибизди берешендик менен берүүнү каалайбыз: убактыбызды арнайбыз, материалдык каражаттарыбыз, тажрыйбабыз жана акылмандыгыбыз менен бөлүшөбүз. Жахаба, эгер биз башкаларга берешендик көрсөтсөк, бизге да берешендик көрсөтөрүн убадалайт (Накыл 11:25; Лк. 6:38).

«Күнү-түнү» ыйык кызмат кылуу

Жахабага «күнү-түнү» ыйык кызмат кылуу чынында эле мүмкүнбү? Ооба, мүмкүн. Сыйынуубузга байланыштуу бардык иштерди үзгүлтүксүз жана кылдат аткарсак, ошенте алабыз (Элч. 20:31). Кудай Сөзүн күнүгө окуп, ой жүгүртүү менен, үзгүлтүксүз тиленүү менен, жыйналыш жолугушууларынын баарына катышуу жана күбөлөндүрүүгө ар бир мүмкүнчүлүктү колдонуу менен жашообузду ыйык кызматка арнай алабыз (Заб. 1:2; Лк. 2:37; Элч. 4:20; 1 Тес. 3:10; 5:17).

Жеке ар бирибиз Жахабага ошентип ыйык кызмат кылып жатабызбы? Ошондой болсо, ага жагууну жана Шайтандын айыптоолоруна жооп кайтарууну каалаарыбыз күнүмдүк жашообуздун бардык тармагында айкын көрүнөт. Биз эмне кылбайлы жана кандай гана жагдайга туш болбойлу, Жахабага даңк алып келүүнү каалайбыз. Сүйлөгөн сөзүбүздө, жүргөн-турганыбызда жана чечим чыгарганыбызда анын принциптерине жетектелүүгө умтулабыз. Жахабага толук таянуу менен жана кызматыбызга бүт күч-кубатыбызды жумшоо менен анын сүйүү менен көрсөткөн камкордугуна, колдоосуна ыраазы экенибизди далилдейбиз. Ал эми жеткилеңсиздиктин айынан Жахабанын нормаларын бузуп алганыбызда анын кеңешин кабыл алып, оңдоп-түзөө чарасын четке какпайбыз (Заб. 31:5; 118:97; Накыл 3:25, 26; Кол. 3:17; Эвр. 6:11, 12).

Эмесе, келгиле, өмүрүбүздүн ар бир күнүн Кудайды даңктап өткөрөлү. Ошондо жаныбыз сергип, түбөлүккө асмандагы Атабыздын мээримине чулганабыз (Мт. 11:29; Аян 7:16, 17).

[22-беттеги кутуча]

Кудай тапшырган жоопкерчиликтер

• Үзгүлтүксүз тиленүү (Рим. 12:12).

• Ыйык Китепти окуп-изилдөө жана анда жазылгандарды жашообузда колдонуу (Заб. 1:2; 1 Тим. 4:15).

• Жахабага жыйналышта сыйынуу (Заб. 34:18; Эвр. 10:24, 25).

• Үй-бүлөбүзгө материалдык, рухий жана эмоциялык жактан кам көрүү (1 Тим. 5:8).

• Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды таратуу жана шакирт даярдоо (Мт. 24:14; 28:19, 20).

• Ден соолугубузга, рухий жана эмоциялык саламаттыгыбызга кам көрүү; буга сергитерлик эс алууну пландаштыруу да кирет (Мр. 6:31; 2 Кор. 7:1; 1 Тим. 4:8, 16).

• Жыйналыштагы жоопкерчиликтерибизди аткаруу (Элч. 20:28; 1 Тим. 3:1).

• Үйүбүздү жана Падышалык залыбызды жакшы абалда күтө билүү (1 Кор. 10:32).

Аларга көңүл бур

• Жашы өр тартып калган бир туугандарга (Леб. 19:32).

• Денелик же эмоциялык жактан кыйналып жаткандарга (Накыл 14:21).

• Жыйналыштагы сенин жардамыңа абдан муктаж болуп жаткандарга (Рим. 12:13).

• Өз үй-бүлөңдөгүлөргө (1 Тим. 5:4, 8).

• Өмүрлүк жары кайтыш болгон ишенимдештериңе (1 Тим. 5:9).

• Жыйналышыңдагы күжүрмөн эмгектенип жаткан аксакалдарга (1 Тес. 5:12, 13; 1 Тим. 5:17).