Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ребека Жахабага жаккан нерсени кылууга даяр болгон

Ребека Жахабага жаккан нерсени кылууга даяр болгон

Балдарыңарды үйрөткүлө

Ребека Жахабага жаккан нерсени кылууга даяр болгон

РЕБЕКА деген ысым көп өлкөлөрдө бар. Ал ысым дүйнөдөгү эң белгилүү китеп Ыйык Китепте да кездешет. Сен Ребеканын ким болгонун билесиңби? ~ * Биз Ребека жөнүндө билишибиз керек, анткени анын үлгүсү бизге чыныгы Кудай Жахабага кызмат кылууга жардам берет.

Ыйык Китепте Ребека Жахабага сыйынган аялдардын экинчиси болуп эсептелет. Биринчиси ким болгонун билесиңби? ~ Ал — Ыбрайымдын аялы Саара. Саара картайып калганда Ыскакты төрөгөн. Ыскак Ыбрайым менен Сааранын жалгыз баласы болгон. Кел анда, Ребеканын Жахабага жагууга кантип умтулганын жана Ыскак менен кантип таанышканын билели.

Жахабанын Ыбрайым менен Саарага Харандан Канаан жерине барууга буйруганынан 60 жылдан ашуун убакыт өткөн. Ыбрайым менен Саара картайып калганда, Кудай аларга Ыскак деген уулдуу болорун убада кылган. Карыганда көргөн баласын алар аябай эле жакшы көрүшсө керек. Саара 127 жашка чыгып каза болгондо, Ыскак чоң киши болуп калган. Ал апасынын каза болгонуна аябай кайгырган. Атасы Ыбрайым уулунун Канаан жериндеги кыздарга үйлөнүшүн каалаган эмес. Анткени алар Жахабага сыйынышчу эмес. Ошондуктан Ыбрайым өзүнүн туугандары жашаган 800 километр алыс жайгашкан Харан жерине кулу Элиезерди Ыскакка колукту алып келүүгө жиберет (Башталыш 12:4, 5; 15:2; 17:17, 19; 23:1).

Ошентип, Элиезер колукту үчүн ар кандай белектерди 10 төөгө артып алып, Ыбрайымдын башка кулдары менен Харанга келет. Элиезер кечке жуук эл малына, үйүнө суу алыш үчүн кудукка келерин билгендиктен, кулдар менен кудукка келип токтойт. Андан соң Элиезер Кудайга: «Мен кайсы кызга: „Кумураңды эңкейтчи, суу ичип алайын“,— десем, ал: „Ич, төөлөрүңдү да сугарып берем“,— десе, анда ошол кыз Сен Өз кулуң Ыскакка дайындаган кыз экенин... билем»,— деп тиленет.

Анан баары Элиезер тиленгендей болот! Ребека деген чырайлуу кыз кудукка келет. Элиезер андан суу сураганда, кыз ага: «Төөлөрүңдүн да суусуну кангыча сузуп келип берейин»,— дейт. Анан ал кудукка кайра-кайра чуркап барып төөлөргө суу ташып жатканда, Элиезер аны «таң кала карап турат». Элестетсең, суусаган 10 төөнүн суусунун кандырыш үчүн, Ребека 1 000 литр суу ташыган!

Элиезер Ребекага кооз белектерди берет жана анын Ыбрайымдын тууганы Бетуелдин кызы экенин билет. Ребека Элиезерди жана анын досторун үйүнө түнөп кетүүгө чакырат. Анан алардан биринчи үйүнө барып, үйүндөгүлөрүнө аларды Канаан жериндеги Ыбрайым жибергенин айтат.

Ребеканын агасы Лабан карындашына Элиезер берген кымбат баалуу белектерди көргөндө жана Элиезердин ким экенин билгенде, аны үйгө киргизип, алдына тамак коёт. Бирок Элиезер: «Өз ишимдин жөнүн айтмайын жебеймин»,— дейт. Ал аларга мырзасы Ыбрайымдын аны эмне үчүн жөнөткөнүн айтып берет. Бетуел менен аялына жана уулуна Элиезердин айткандары жагып, алар кызын берүүгө макул болушат.

Тамактанган соң Элиезер өзү менен келген кишилер менен ал жерге түнөп калат. Эртеси күнү эртең менен Элиезер: «Эми мени мырзама коё бергиле»,— дейт. Бирок Ребеканын энеси менен агасы алардын «жок дегенде, он чакты күнгө» калышын суранышат. Алар Ребеканын оюн сурашканда, ал шар эле: «Барам»,— деп жооп берет. Анан ал Элиезер менен Канаанга кетет. Ошентип, Ребека Ыскактын аялы болуп калат (Башталыш 24:1—58, 67).

Кандай деп ойлойсуң, Ребекага ата-энесин, досторун эч качан көрбөй калышы мүмкүн экенин билсе да, аларды таштап, алыс жакка кетүү оңой болгонбу? ~ Ооба, оңой болгон эмес. Бирок Жахабага жаккан нерсени кылууга даяр болгону үчүн, Жахаба Ребекага батасын берген. Ребека биздин куткаруучубуз Иса Машаяктын чоң энелеринен болуп калган. Эгер Жахабага жаккан нерсени кылууга даяр болсок, ал бизге да батасын берет (Римдиктер 9:7—10).

[Шилтеме]

^ 3-абз. Макаланы балаңар менен окуй турган болсоңор, толкун сызык (~) турган жерден тыным жасап, анын оюн уккула.

СУРООЛОР:

▪ Ребека деген ким болгон жана Элиезер аны каяктан жолуктурган?

▪ Ыбрайым Ыскактын канаандык кыздарга үйлөнүшүн эмне үчүн каалаган эмес?

▪ Ребеканын жакшы колукту болору эмнеден көрүнгөн?

▪ Ребекадан кандай үлгү алсак болот?