Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Атанын, Уулдун жана ыйык рухтун атынан чөмүлтүлүү

Атанын, Уулдун жана ыйык рухтун атынан чөмүлтүлүү

Атанын, Уулдун жана ыйык рухтун атынан чөмүлтүлүү

«Ошондуктан баргыла да... шакирт даярдагыла. Аларды Атанын, Уулдун жана ыйык рухтун атынан чөмүлдүргүлө» (МТ. 28:19).

1, 2. а) Б.з. 33-жылынын Элүүнчү күн майрамында Иерусалимде кандай окуя болгон? б) Эмне үчүн көп киши чөмүлтүлүүгө түрткү алган?

ЧАР ТАРАПТАН агылып келген элдин көбүнөн Иерусалим уу-дуу болуп турган кез. Б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында салтанат кызуу уланып, көптөгөн меймандар ага катышып жатышкан. Бирок бир оокумда адаттан тыш окуя болгон. Ал окуядан кийин элчи Петирдин шыктандыра айткан сөзү угуучуларга зор таасир эткен. Анын сөздөрү жүйүттөрдүн жана алардын динин кабыл алгандардын жүрөгүн козгогондуктан, 3 000дей киши өкүнүп, сууга чөмүлтүлгөн. Ошентип, алар Исанын жолдоочуларынын жаңы уюшулган жыйналышына кошулушкан (Элч. 2:41). Иерусалимдин тегерегиндеги көлмөлөрдө ошончо кишинин чөмүлтүлүшү элди кандай дүңгүрөткөнүн элестетсеңер!

2 Көп кишинин чөмүлтүлүшүнө эмне түрткү болгон? Ошол күнү «асмандан катуу шамал болгондогудай добуш угулуп», үйдүн үстүнкү бөлмөсүндө отурган 120дай шакирт ыйык рухка толгон. Андан кийин динчил эркек-аялдар чогулуп, шакирттердин «ар кайсы тилдерде сүйлөй башташканын» көрүп, айран-таң калышкан. Петирдин баяндамасын, анын ичинде Исанын өлүмү жөнүндөгү курч сөздөрүн укканда көптөрдүн «жүрөгүнө канжар сайылгандай болгон». Алар эмне кылышы керек эле? Петир: «Өкүнгүлө жана... ар бириңер Иса Машаяктын атынан чөмүлтүлгүлө. Ошондо ыйык рух белегин аласыңар»,— деген (Элч. 2:1—4, 36—38).

3. Өкүнгөн жүйүттөр менен алардын динин кабыл алгандар Элүүнчү күн майрамында эмне кылышы керек эле?

3 Ошол убакта Петирдин сөзүн уккан жүйүттөрдүн жана алардын динин кабыл алгандардын диний абалы жөнүндө ойлонуп көрсөңөр. Алар ага чейин эле Жахабаны өздөрүнүн Кудайы катары кабыл алышкан. Ошондой эле Эврей Жазмаларынан ыйык рух, атап айтканда, жаратууда жана андан кийин колдонулган Кудайдын иш-аракет кылуучу күчү тууралуу билишкен (Башт. 1:2; Башк. 14:5, 6; 1 Шем. 10:6; Заб. 32:6). Бирок алардан дагы башка нерсе талап кылынган. Алар Кудайдын куткаруу чарасы Машаяк Иса экенин түшүнүп, аны кабыл алышы керек эле. Андыктан Петир алардын «Иса Машаяктын атынан чөмүлтүлүшү» керектигин баса белгилеген. Андан бир нече күн мурун тирилтилген Иса элчи Петирге жана башкаларга адамдарды «Атанын, Уулдун жана ыйык рухтун атынан чөмүлдүрүүнү» буйруган (Мт. 28:19, 20). Бул биринчи кылымда абдан маанилүү болгон, бүгүн да маанилүү. Анда бул эмнени билдирет?

Атанын атынан

4. Адамдардын Жахаба менен мамилелешүүсүндө кандай өзгөрүү болгон?

4 Жогоруда айтылгандай, Петирдин сөзүнө кулак каккандар ага чейин эле Жахабага сыйынып, аны менен мамиле түзүшкөн жана анын Мыйзамына карманууга аракет кылып келишкен. Алардын ар кайсы жерлерден Иерусалимге келишкенинин себеби да ошондо болчу (Элч. 2:5—11). Бирок Кудай адамдар менен болгон мамилелешүүсүнө чоң өзгөрүү киргизген. Ал жүйүттөрдү четке каккандыктан, алар анын өзгөчө эли болбой калышкан; анын жактыруусуна ээ болуу үчүн Мыйзамга кармануу талап кылынбай калган (Мт. 21:43; Кол. 2:14). Демек, Петирдин сөзүн уккандар Жахаба менен ынак мамиледе болууну каалашса, дагы башка нерсени кылышы керек эле.

5, 6. Биринчи кылымда көптөгөн жүйүттөр менен алардын динин кабыл алгандар Жахаба менен мамиле түзүү үчүн эмне кылышкан?

5 Алар Жахабага, аларга өмүр берген Кудайга, кайрылып келиши керек эле (Элч. 4:24). Ооба, Петирдин сөзүнө жооп кайтаргандар Жахабанын ырайымдуу Ата экенин мурдагыдан да айкын көрө алышкан. Жахаба аларды куткаруу үчүн Машаякты жиберген, атүгүл Петирдин: «Силер устунга кадаган Исаны Кудай өзү Мырза да, Машаяк да кылганын бүт Ысрайыл үйү жакшылап билип алсын»,— деген сөздөрү кимге карата айтылса, ошолорду да кечирүүгө даяр болгон. Ырас, Петирдин сөздөрүн кабыл алгандарда асмандагы Атасына аны менен мамиле түзүүнү каалагандардын баарына кылган жакшылыктары үчүн ыраазы болууга көп себептер бар болчу (Оку: Элчилер 2:30—36).

6 Жүйүттөр менен алардын динин кабыл алгандар Жахаба менен мамиле түзүү үчүн анын Иса аркылуу куткаруу чарасын караштырган Кудай экенин түшүнүшү керек эле. Андыктан алардын күнөөлөрү үчүн, анын ичинде Исаны четке кагышканы жана анын өлүмүнө түздөн-түз же кыйыр түрдө жооптуу болуп калышканына эмне себептен өкүнүшкөнүн түшүнүү кыйын эмес. Алардын ошондон кийин «элчилердин насааттарын түшүнүүгө... ынтызар» болгону да таң калыштуу эмес (Элч. 2:42). Эми алар «ырайым тактысына сүйлөө эркиндиги менен жакындай» алышкан (Эвр. 4:16).

7. Кандайча көптөр Кудайга болгон көз карашын өзгөртүп, Атанын атынан чөмүлтүлүүдө?

7 Бүгүн тек-тамыры ар башка миллиондогон адамдар Ыйык Китептен Жахаба жөнүндөгү чындыкты билип жатышат (Ыш. 2:2, 3). Айрымдар мурун атеист же деист * болушкан, бирок алар Жараткандын бар экенине жана аны менен ынак мамиледе болуу мүмкүн экенине ынанышты. Башкалары Троицага же ар кандай буркандарга табынып келишсе, азыр Жахабанын жападан жалгыз Кудуреттүү Кудай экенин билип, ага анын ысмынан кайрыла башташты. Бул Исанын анын шакирттери Атанын атынан чөмүлтүлүшү керек деген сөздөрүнө ылайык келет.

8. Адам атадан күнөө тукум кууп өткөнүн билбегендер Ата жөнүндө эмнени түшүнүшү керек?

8 Ошондой эле чындыкты кабыл алгандар Адам атадан аларга күнөө тукум кууп өткөнүн билишти (Рим. 5:12). Бул алар чындык катары кабыл алган жаңы нерсе болгон. Чындыкты тааныганга чейин алар өзүнүн ооруп жатканын билбеген кишиге окшош болушкан. Андай киши оорусунун айрым белгилерин сезиши этимал, мисалы, кез-кезде бир жери оорушу мүмкүн. Анткен менен дартына диагноз коюлбагандыктан, ал ден соолугум жакшы эле деп ойлошу ыктымал. Бирок чынында андай эмес (Салыштыр: 1 Корунттуктар 4:4). Эгер ал киши оорусунун так диагнозун билсечи? Анда анын жакшы белгилүү, текшерилген жана натыйжалуу дарылануу ыкмасын издеп таап, колдонгону акылдуулукка жатпайбы? Ошол сыяктуу эле, көптөр тукум кууп өткөн күнөө жөнүндө чындыкты билген соң, Ыйык Китеп койгон «диагнозду» түшүнүп, Кудайдын «дартка даба» сунуштап жатканын аңдашат. Ооба, Атадан алыстагандардын баары ага кайрылып келиши керек, себеби аларды Ал гана «айыктыра» алат (Эф. 4:17—19).

9. Жахаба аны менен тыгыз мамиледе болушубуз үчүн эмне кылган?

9 Эгер өмүрүңдү Жахаба Кудайга арнап, чөмүлтүлгөн болсоң, Аны менен ынак мамиледе болуу кандай сонун экенин билесиң. Ошондой эле Жахаба Атаңдын канчалык мээримдүү экенин баамдай аласың (Оку: Римдиктер 5:8). Адам менен Обо Кудайга каршы күнөө кылса да, Ал демилгени колго алып, алардын тукумдарына, анын ичинде бизге да аны менен тыгыз мамиледе болууга жол ачкан. Ан үчүн Кудайга өзүнүн сүйүктүү Уулунун азап тартканын жана өлүмгө дуушар болгонун көрүүгө туура келген. Бул анын жүрөгүн сыздатпай койгон эмес. Муну билүү бизге сүйүүбүздөн улам Кудайдын бийлигине баш ийүүгө жана анын осуяттарын аткарууга түрткү бербейби? Эгер мындай иш-аракеттерди кыла элек болсоң, анда өзүңдү Кудайга арноого жана чөмүлтүлүүгө сенде көп себептер бар.

Уулдун атынан

10, 11. а) Сен Исага канчалык карыздарсың? б) Исанын өзүн курмандыкка бергенине кандай сезимдесиң?

10 Петирдин калың элге эмне деп айтканына кайрадан көңүл буралы. Ал Исаны кабыл алуунун зарылдыгын баса белгилеген. Бул болсо «Уулдун... атынан чөмүлтүлүү» менен тыгыз байланышта. Ал ошол убакта эмне үчүн маанилүү болгон, бүгүн эмне үчүн маанилүү? Исаны кабыл алуу жана анын атынан чөмүлтүлүү деген Жараткан менен болгон мамилебизде анын ролун түшүнүүнү билдирет. Иса жүйүттөрдү «Мыйзамдын каргышынан бошотуу» үчүн жаза устунуна кадалган; бирок анын өлүмү андан да чоң пайда алып келген (Гал. 3:13). Иса бүт адамзат муктаж болгон куткаруу курмандыгын берген (Эф. 2:15, 16; Кол. 1:20; 1 Жкн. 2:1, 2). Ан үчүн ал адилетсиздикке, кордукка, кыйноого, акыры өлүмгө дуушар болгон. Сен анын курмандыгына канчалык ыраазысың? Өзүңдүн 1912-жылы айсберг менен кагылышып, чөгүп кеткен «Титаник» деген кемеде сапар тартып бараткан 12 жашар бала экениңди элестетсең. Сен куткаруучу кайыкка түшөйүн дейсиң, бирок анда орун жок экенин көрөсүң. Анан ошол кайыктагы бир киши аялын өөп, өзү кемеге кайра түшүп, сени өзүнүн ордуна отургузат. Сен кандай сезимде болот элең? Албетте, ага чексиз ыраазы болмоксуң! Дал ушул окуяны башынан өткөргөн баланын сезимдерин элестет *. Бирок Иса сен үчүн андан да көптү кылган. Ал сен түбөлүк жашашың үчүн өмүрүн берген.

11 Кудайдын Уулунун сен үчүн кылган жакшылыктары жөнүндө билгенде кандай сезимде болдуң эле? (Оку: 2 Корунттуктар 5:14, 15). Терең ыраазы болсоң керек. Бул сага өмүрүңдү Кудайга арноого жана өзүң үчүн эмес, сен үчүн өлгөн Машаяк үчүн жашоого түрткү берген. Уулдун атынан чөмүлтүлүү деген Исанын сен үчүн кылгандарын түшүнүүнү жана аны «өмүр Башчысы» катары кабыл алып, бийлигине баш ийүүнү билдирет (Элч. 3:15; 5:31). Мурда Жараткан менен эч кандай мамиледе болгон эмессиң, чыныгы үмүтүң да жок болчу. Бирок Иса Машаяктын төгүлгөн канына ишеним көрсөтүүнүн жана чөмүлтүлүүнүн аркасында сен асмандагы Атаң менен ынак мамиле түздүң (Эф. 2:12, 13). «Жалаң жаман иштерди ойлогондуктан силер бир кездерде Кудайга бөтөн жана душман болчусуңар,— деп жазган Пабыл.— Бирок азыр, анын алдында ыйык, кемчиликсиз... болушуңар үчүн, ал [Кудай] силерди Уулунун адамдык денеси, өлүмү аркылуу өзү менен элдештирди» (Кол. 1:21, 22).

12, 13. а) Кимдир бирөө сени таарынтканда, Уулдун атынан чөмүлтүлгөнүң сага кандай таасир этиши керек? б) Исанын атынан чөмүлтүлгөн кызматчы катары сенде кандай жоопкерчилик бар?

12 Уулдун атынан чөмүлтүлгөн болсоң да, күнөө кылууга жакын экениңди моюнга алаттырсың. Муну билүү сага күнүгө жардам берет. Мисалы, сени кимдир бирөө таарынтса, экөөңөрдүн тең күнөөкөр экениңерди эске аласыңбы? Экөөңөр тең Кудайдын кечиришине муктажсыңар, андыктан экөөңөр тең кечиримдүү болушуңар керек (Мр. 11:25). Мунун маанилүүлүгүн баса көрсөтүп, Иса мындай мисал келтирген: мырзасы кулунун он миң талант (60 миллион динар) карызын кечет. Бирок кийинчерээк ал кул башка кулга 100 динар карызын кечпей коёт. Анан Иса төмөнкү ойду баса белгилеген: өзүнүн бир тууганын кечирбегенди Жахаба да кечирбейт (Мт. 18:23—35). Ырас, Уулдун атынан чөмүлтүлүү деген Исанын бийлигине баш ийүүнү, анын үлгүсүнө, окууларына карманууну, анын ичинде башкаларды кечирүүгө даяр болууну билдирет (1 Пет. 2:21; 1 Жкн. 2:6).

13 Жеткилеңсиздиктин айынан Исаны толугу менен тууроо мүмкүн эмес. Ошентсе да Кудайга чын жүрөктөн арналгандыктан сен Исаны колуңан келишинче туурагың келет. Буга эски табиятты чечип, жаңысын кийүүгө аракет кылуу кирет (Оку: Эфестиктер 4:20—24). Досуңду урматтап-сыйласаң, андан үлгү алып, жакшы сапаттарын тууроого умтуласың. Ошо сыңары, Машаяктан үйрөнүп, аны тууроону каалаарың күмөнсүз.

14. Исанын асмандагы Падыша катары ээ болгон бийлигине баш иериңди кантип көрсөтө аласың?

14 Уулдун атынан чөмүлтүлүү деген эмнени билдирерин түшүнөрүңдү көрсөтүүнүн дагы бир жолу бар. «Кудай баарын анын [Исанын] бут алдына жыгып, ага баш ийдирген жана жыйналыштын пайдасы үчүн аны баарына башчы кылып койгон» (Эф. 1:22). Демек, сен Исанын Жахабага арналгандарды жетектөө жолун сыйлашың керек. Машаяк жергиликтүү жыйналыштагы жеткилеңсиз адамдарды, айрыкча, рухий жактан жетилген кишилерди — дайындалган аксакалдарды — колдонот. Алар «ыйыктарды туура жолго салуу үчүн... Машаяктын денесин бекемдөө үчүн» дайындалышкан (Эф. 4:11, 12). Жеткилеңсиз адамдар ката кетиришсе да, Иса асман Падышалыгынын Падышасы катары маселени өз убагында жана туура жол менен чече алат. Сен буга ишенесиңби?

15. Чөмүлтүлө элек болсоң, чөмүлтүлгөндөн кийин кандай баталарга ээ боло аласың?

15 Айрымдар өздөрүн Жахабага арнап, чөмүлтүлө элек. Эгер сен ал кадамдарды жасай элек болсоң, анда жогоруда айтылып өткөн нерселер сага Уулду кабыл алуу акылдуулукка жатарын жана ушундай жол менен ыраазычылыгыңды билдирсең болорун түшүнүүгө жардам бердиби? Уулдун атынан чөмүлтүлсөң, мол бата аласың (Оку: Жакан 10:9—11).

Ыйык рухтун атынан

16, 17. Ыйык рухтун атынан чөмүлтүлүү сен үчүн эмнени билдирет?

16 Ыйык рухтун атынан чөмүлтүлүү деген эмнени билдирет? Жогоруда айтылып өткөндөй, Элүүнчү күн майрамында Петирдин сөзүн уккандар ыйык рух жөнүндө жакшы билишкен. Чынында, алар Кудайдын өзүнүн ыйык рухун дагы деле колдонуп жатканынын далилин өз көзү менен көрүшкөн. Мисалы, Петир «ыйык рухка толуп... ар кайсы тилдерде сүйлөй баштагандардын» бири болчу (Элч. 2:4, 8). «Атынан» деген сөз кимдир бирөөнүн атын билдирбейт. Айталы, бүгүнкү күндө көп иштер «өкмөттүн атынан» жасалат, бирок бул өкмөттүн инсан экенин билдирбейт. Ал иштер өкмөттүн бийлиги менен аткарылып жатат деп түшүнөбүз. Анын сыңарындай, ыйык рухтун атынан чөмүлтүлгөн киши анын инсан эмес, Жахабанын иш-аракет кылуучу күчү экенин түшүнөрүн көрсөтөт. Ошондой эле ал ыйык рухтун Кудайдын ой-ниетиндеги ролун түшүнөрүн айгинелейт.

17 Ыйык Китепти изилдөөнүн аркасында сен ыйык рухтун эмне экенин түшүндүң. Алсак, Жазманын рухтун жетеги менен жазылганын билдиң (2 Тим. 3:16). Рухий жактан өскөн сайын асмандагы Атабыздын өзүнөн сурагандарга, анын ичинде сага ыйык рухун берерин жакшыраак түшүнө баштадың (Лк. 11:13). Балким, ыйык рухтун жашооңо тийгизген таасирин сезип жаткандырсың. Бирок ыйык рухтун атынан чөмүлтүлө элек болсоң, Иса Атасынын ыйык рух берерине ынандырганын унутпа. Ал рухту алганда сен мол батага ээ болосуң.

18. Ыйык рухтун атынан чөмүлтүлгөндөр кандай баталарды алышат?

18 Жахабанын бүгүн да Исанын жолдоочуларынын жыйналышын өзүнүн руху менен жетектеп жатканы айкын көрүнүп турат. Ал рух күнүмдүк иштерибизде да бизге жардам берет. Ыйык рухтун атынан чөмүлтүлүү ал рухтун жашообузга кандай таасир этерин түшүнүүнү жана анын жетегине ыраазычылык менен баш ийүүнү да билдирет. Бирок айрымдар Жахабага арналуубузга ылайык жашоого эмне жардам берет жана мунун ыйык рух менен кандай байланышы бар деп ойлошу мүмкүн. Муну эмки макалада карап чыгабыз.

[Шилтемелер]

^ 7-абз. Деисттер Кудайдын бар экенине ишенишет, бирок ал өзүнүн жаратууларына кайдыгер карайт деп ойлошот.

^ 10-абз. «Ойгонгула!» журналынын 1981-жылдын 22-октябрындагы санынын 3—8-беттерин карагыла, англ.

Эсиңердеби?

• Атанын атынан чөмүлтүлүү сен үчүн эмнени билдирет?

• Уулдун атынан чөмүлтүлүү деген эмнени билдирет?

• Атанын жана Уулдун атынан чөмүлтүлүүнүн маанисин түшүнөрүңдү кантип көрсөтө аласың?

• Ыйык рухтун атынан чөмүлтүлүү деген эмнени билдирет?

[Изилдөө суроолору]

[10-беттеги сүрөт]

Израиль музейинин (Иерусалим) уруксаты менен

[10-беттеги сүрөт]

Б.з. 33-жылынын Элүүнчү күн майрамынан кийин жаңы шакирттер Жахаба менен кандай мамиле түзүшкөн?