Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Өзгөрүүлөргө карабай Кудайга жакканды кылалы

Өзгөрүүлөргө карабай Кудайга жакканды кылалы

Өзгөрүүлөргө карабай Кудайга жакканды кылалы

ЖАШООҢДО өзгөрүүлөр болуп, аларга көнүү кыйын болуп жатабы? Көпчүлүгүбүз ушундай жагдайга туш болуп келебиз же келечекте туш болушубуз мүмкүн. Андыктан байыркы убакта жашаган кишилердин мисалынан андай учурларда кайсы сапаттар бизге жардам берерин карап көрөлү.

Мисалы, Дөөтүнү алалы. Ал көптөгөн өзгөрүүлөрдү башынан өткөргөн. Шемуел аны падыша кылып майлаганда, ал жөнөкөй эле койчу бала болчу. Жаш болсо да ал пелиштиликтердин Голийат аттуу алп балбаны менен беттешүүгө чыккан (1 Шем. 17:26—32, 42). Жаш Дөөтү Шабул падышанын ак сарайында жашоого чакырылган жана аскер башы болуп дайындалган. Мындай өзгөрүүлөр Дөөтүнүн түшүнө да кирген эмес, ошондой эле ал келечекте жашоосу кандай өзгөрөрүн элестеткен да эмес.

Дөөтүнүн Шабул менен болгон мамилеси өтө курчуп бараткан эле (1 Шем. 18:8, 9; 19:9, 10). Ошондуктан жанын аман алып калуу үчүн Дөөтү бир нече жыл бою качып жүрүүгө аргасыз болгон. Атүгүл падыша болуп ысрайыл элин башкарып жатканда да, айрыкча, ойноштук кылгандан кийин жана ал күнөөсүн жаап-жашыруу үчүн киши өлтүргөндөн тартып, анын жашоосу чукул өзгөргөн. Анын күнөөлөрүнүн айынан үй-бүлөсүндө олуттуу кыйынчылыктар пайда болгон. Алсак, өзүнүн эле уулу Абышалом ага каршы козголоң чыгарган (2 Шем. 12:10—12; 15:1—14). Бирок кетирген күнөөлөрү үчүн өкүнгөндүктөн, Жахаба Дөөтүнү кечирген жана ал кайрадан Кудайдын жактыруусуна ээ болгон.

Сенин жашооңдо да өйдө-төмөн болушу мүмкүн. Начар ден соолукка, акча маселесине, үй-бүлөгө байланышкан кыйынчылыктардан, атүгүл өзүбүздүн иш-аракетибизден улам жашообуз өзгөрүшү ыктымал. Андай жагдайларга даяр болууга бизге кайсы сапаттар жардам берет?

Момундук кандайча жардам берет?

Момундук өз ичине тил алчаак болууну камтыйт. Чыныгы момундук өзүбүздүн ким экенибизди жана башкалардын ким экенин калыс баамдоого жардам берет. Момун болсок, башкалардын жакшы сапаттарын, ийгиликтерин көз жаздымда калтырбайбыз. Бул бизге аларды жана алардын кылган иштерин көбүрөөк баалоого өбөлгө түзөт. Ошо сыяктуу эле, момундук айрым нерселердин эмне себептен болуп жатканын жана аларды кантип көтөрүп кетсе болорун түшүнүүгө жардам берет.

Шабулдун уулу Жонатан буга жакшы мисал боло алат. Анын жашоосунда андан көз каранды болбогон окуялардан улам чоң өзгөрүүлөр болгон. Шемуел пайгамбар Шабулга Жахабанын падышалыкты андан тартып аларын билдиргенде бийликтин Жонатанга өтөрүн айткан эмес (1 Шем. 15:28; 16:1, 12, 13). Кудай ысрайыл элинин кийинки падышасы катары Дөөтүнү тандаган, демек, бийлик Жонатандын колуна өтмөк эмес. Шабулдун тил албастыгынын кесепети кандайдыр бир деңгээлде Жонатанга да таасир эткен. Атасынын иштери үчүн жооптуу болбосо да, ал анын ордуна такка отурмак эмес (1 Шем. 20:30, 31). Буга Жонатан кандай караган? Падыша болбой калганына ызаланып, Дөөтүгө ичи күйүп, көкүрөгүнө кек түйдү беле? Жок. Ал Дөөтүдөн бир топ улуу жана тажрыйбалуу болсо да, аны берилгендик менен колдогон (1 Шем. 23:16—18). Момундук ага Кудайдын батасы чынында кимге тийип жатканын баамдоого жардам берген. Ошон үчүн ал өзү жөнүндө «тийиштүүдөн артык» ойлогон эмес (Рим. 12:3). Жонатан Жахабанын андан эмнени күтөрүн түшүнгөн жана анын чечимин кабыл алган.

Албетте, өзгөрүүлөрдүн көбү кандайдыр бир кыйынчылыктарды туудурат. Бир эле учурда Жонатан ага жакын эки киши менен мамилелешкен. Алардын бири анын досу, Жахаба дайындаган болочок падыша Дөөтү болгон. Экинчиси Жахаба четке каккан, бирок дагы деле бийлик жүргүзүп жаткан атасы Шабул эле. Жонатан Жахабага жакканды кылууга аракет кылгандыктан, мындай жагдай анын жүрөгүн өйүп, кайгыга салса керек. Башыбызга түшкөн кыйынчылыктар бизди санаа тарттырып, кооптондурушу ыктымал. Анткен менен Жахабанын көз карашын түшүнүүгө аракет кылсак, өзгөрүүлөргө карабай ишенимдүүлүк менен кызмат кыла беребиз.

Мүмкүнчүлүктөрүбүздүн чектелүү экенин моюнга алуунун маанилүүлүгү

Момун киши өз мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелүү экенин моюнга алат. Дөөтү өз мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелүү экенин моюнга алган. Жахаба аны падыша болууга тандаса да, ал бир канча жыл бою падышалык такка отурган эмес. Ыйык Китепте Жахабанын Дөөтүгө мунун себебин түшүндүрүп бергени тууралуу сөз жүрбөйт. Бирок бир караганда көңүлдү чөктүрө тургандай бул жагдай аны бушайман кылган эмес. Ал мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелүү экенин моюнга алган жана буга жол берип жаткан Жахабанын баарын көзөмөлдөп турарын түшүнгөн. Ошондуктан, жадагалса өмүрү кылычтын мизинде турса да, Дөөтү Шабулду өлтүргөн эмес, шериги Абышайга да ага кол салууга жол берген эмес (1 Шем. 26:6—9).

Кээде жыйналышта биз түшүнбөгөн же көз карашыбыз боюнча туура, уюшкандыкта чечилбей жаткандай сезилген жагдай пайда болушу мүмкүн. Андайда мүмкүнчүлүктөрүбүздүн чектелүү экенин түшүнүп, Исанын жыйналыштын Башчысы экенин жана анын жетекчилик кылууга дайындалган аксакалдар кеңеши аркылуу иш жүргүзөрүн моюнга алабызбы? Жахабанын жактыруусунан айрылбашыбыз үчүн анын Иса Машаяк аркылуу жетекчилик беришин күтөбүзбү? Атүгүл биз үчүн оор болсо да, сабырдуулук көрсөтөбүзбү? (Накыл 11:2).

Жумшак мүнөздүүлүк туура маанай сактоого жардам берет

Жумшак мүнөздүүлүк бизге адилетсиз мамилени кыжырданбай, таарынбай, кек алууга умтулбай чыдамдуулук менен көтөрүүгө жардам берет. Жумшак мүнөздүү болуу оңой эмес. Бирок биз бул сапатты өрчүтүүгө умтулушубуз керек. Кызыктуусу, Ыйык Китепте: «Жумшак мүнөздүүлөр... жерди мурасташат»,— деп айтылат (Мт. 5:5). Жумшак мүнөздүүлүк момундук менен тыгыз байланышта, бирок ага жакшылык кылуучулук, боорукердик да кирет. Жумшак киши үйрөнүүгө, калыптанууга даяр болгондуктан рухий жактан өсөт.

Жумшактык жашообуздагы жаңы өзгөрүүлөргө ылайыкташууга кандайча жардам берет? Көптөрдүн өзгөрүүлөрдү терс маанай менен кабыл аларын байкаган чыгарсың. Чынында, өзгөрүүлөр Жахабадан дагы көп нерсеге үйрөнүшүбүзгө шарт түзөт. Муну Мусанын жашоосу тастыктап турат.

Кыркка таяп калган Муса көп жакшы сапаттарды өрчүткөн эле. Ал Кудайдын элинин жыргалчылыгына кызыкдар болгон жана жан аябастык рухун көрсөткөн (Эвр. 11:24—26). Бирок Жахаба тарабынан ысрайылдыктарды Мисирден алып чыгууга дайындалардан мурун Муса ага ого бетер жумшак болууга шарт түзгөн өзгөрүүлөргө туш болгон. Ага Мисирден качууга жана көрүнүктүү абалын таштап, Мидиан жеринде койчу болуп 40 жыл жашоого туура келген. Мунун натыйжасы кандай болгон? Бул өзгөрүүлөр анын инсандык сапатын мурдагыдан да жакшырткан (Сан. 12:3). Ал Жахабанын кызыкчылыктарын керт башынын кызыкчылыктарынан жогору коюуга үйрөнгөн.

Мусанын канчалык жумшак болгонун билүү үчүн Жахаба тоң моюн элди четке кагып, анын тукумунан күчтүү эл чыгарарын айтканда эмне болгонун карап көрөлү (Сан. 14:11—20). Муса ысрайыл элине болушкан. Анын сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, ал өз кызыкчылыгын эмес, Кудайдын ыйык ысмына тил тийбешин жана бир туугандарынын жыргалчылыгын ойлоп тынчсызданган. Ооба, Мусадай жумшак киши гана калың элди жетектеп, арачы боло алмак. Мириям менен Арун Мусага каршы чыгышкан, бирок, Ыйык Китепте айтылгандай, Муса «жер бетинде жашаган адамдардын ичинен эң жумшак адам» болгон (Сан. 12:1—3, «ЖД»; 9—15). Мүнөзү жумшак Муса алардын кемсинтерлик сөздөрүнө чыдаган көрүнөт. Эгер Муса жумшак болбосо, иштин жайы эмне менен бүтмөк?

Дагы бир жагдайга токтололу. Кээ бир ысрайылдыктарга Жахабанын руху түшүп, алар пайгамбарлык кыла башташкан. Мусанын кызматчысы Жашыя болсо алар туура эмес кылып жатышат деп ойлогон. Ал эми Муса момундук менен бул жагдайга Жахабанын көз карашы менен карап, бийлигимден кол жууп калам деп тынчсызданган эмес (Сан. 11:26—29). Эгер Муса жумшак болбосо, Жахаба караштырган бул өзгөрүүнү кабыл алат беле?

Муса жумшак мүнөздүү болгондуктан Кудай берген зор бийликти туура колдонуп, тапшырылган милдеттерди жакшы аткарган. Жахаба Мусаны Хореп тоосуна чыгууга жана ысрайыл элинин атынан анын алдында турууга чакырган. Ал Мусага периште аркылуу кайрылып, аны келишимдин арачысы кылып дайындаган. Мусанын жумшак мүнөздүүлүгү мындай чоң өзгөрүүнү кабыл алууга жана Кудайдын жактыруусунан айрылбоого жардам берген.

Биз жөнүндө эмне айтууга болот? Жумшак мүнөздүү болуу рухий жактан өсүшүбүз үчүн абдан маанилүү. Кудайдын элинин арасында сыймыктуу жоопкерчиликтерге жана бийликке ээ болгондордун баары жумшак болушу зарыл. Жумшактык өзгөрүүлөр болгондо бой көтөрүп кетпөөгө жана жагдайга карата туура көз карашта болууга жардам берет. Жагдайга кандай караарыбыздан көп нерсе көз каранды. Өзгөрүүнү кабыл алабызбы? Аны жакшырууга мүмкүнчүлүк катары көрөбүзбү? Өзгөрүүлөр жумшак мүнөздүүлүктү өрчүтүүгө эң сонун шарт түзүшү мүмкүн.

Жашообузда дайыма өзгөрүүлөр болуп турат. Кээде айрым нерселердин эмне себептен болуп жатканын түшүнүү кыйын. Жеке кыйынчылыктарыбыз жана жан дүйнөбүздү кыйнаган терс сезимдер жагдайга рухий көз караш менен кароого тоскоолдук кылышы ыктымал. Анткен менен момундук, мүмкүнчүлүктөрүбүздүн чектелүү экенин моюнга алуу жана жумшак мүнөздүүлүк сыяктуу сапаттар өзгөрүүлөрдү кабыл алууга жана Кудайдын жактыруусунан айрылбоого жардам берет.

[4-беттеги сүрөт]

Чыныгы момундук өзүбүздүн ким экенибизди калыс баамдоого жардам берет

[5-беттеги сүрөт]

Жумшак мүнөздүү болуу рухий жактан өсүшүбүз үчүн абдан маанилүү

[5-беттеги сүрөт]

Өзгөрүүлөр Мусага ого бетер жумшак мүнөздүү болууга жардам берген