Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Марк «кызмат кылышы үчүн... керек»

Марк «кызмат кылышы үчүн... керек»

Марк «кызмат кылышы үчүн... керек»

АНТИОХИЯДАГЫ жыйналышта кыйынчылыктар болгон, бирок элчи Пабыл менен Барнабанын ортосундагы келишпестик башка нерседен келип чыккан. Алар миссионердик саякатын баштоого камынып жатышкан, бирок өздөрү менен кошо кимди алууну чечүү керек болгондо «катуу талашып-тартыша» кетишкен (Элч. 15:39). Ошондо экөө эки жакка бөлүнүп, ар башка жолго түшүшкөн. Алар үчүнчү саякатчынын, Марктын, айынан араздашып кетишкен.

Марк деген ким эле? Эмне себептен эки элчи ал үчүн талашып-тартышышкан? Эмне үчүн ар бири өз көз карашына бекем карманган? Кийин алар оюн өзгөртүштү беле? Марктын окуясынан эмнеге үйрөнсөк болот?

Чоңоюп-өскөн жери Иерусалимде

Кыязы, бай жүйүт үй-бүлөсүнөн чыккан Марк Иерусалимде чоңоюп-өскөн. Алгач ал жөнүндө Исанын биринчи кылымдагы жолдоочуларынын жыйналышы тууралуу айтылгандардан билебиз. Болжол менен б.з. 44-жылы Жахабанын периштеси элчи Петирди Ирод Агрипа I отургузган түрмөдөн кереметтүү жол менен бошоткондо, Петир «Марк деп аталган Жакандын энеси Мариямдын үйүнө барган»; «ал жерге бир топ шакирт чогулуп, тиленип жатышкан эле» (Элч. 12:1—12) *.

Мындан көрүнүп тургандай, Иерусалимдеги бир туугандар жыйналышты Марктын апасынын үйүндө өткөрүшсө керек. Ал жерде «бир топ шакирттин» чогулганы анын үйүнүн чоң болгонунан кабар берет. Ошондой эле Мариямдын «Петир дарбазаны тыкылдатканда» эшикке чыккан Рода аттуу кызматчысы бар болчу. Бул маалыматтар Мариямдын колунда бар аял болгонун көрсөтүп турат. Андан тышкары, үй күйөөсүнүн эмес, анын үйү экени айтылат. Балким, Мариям жесир болгондур, ал эми Марк ошол кезде өтө эле жаш болсо керек (Элч. 12:13).

Тиленүү үчүн чогулгандардын арасында Марк да болушу мүмкүн эле. Ал Исанын шакирттерин жана анын кызматында болгон окуяларга күбө болгон башка адамдарды жакшы билген чыгар. Исаны биринчи жолу кармашканда, анын артынан ээрчүүгө аракет кылган, бирок аны да кармайын дешкенде, жарым-жартылай кийинген бойдон качып кеткен бала Марк болушу ыктымал (Мр. 14:51, 52).

Жыйналыштагы жоопкерчиликтери

Исанын жетилген жолдоочулары менен мамилелешүү Маркка оң таасир эткени шексиз. Ал рухий жактан өсө берген. Бул жоопкерчиликтүү бир туугандардын көз жаздымында калган эмес. Чамасы, б.з. 46-жылы Пабыл менен Барнаба ачарчылыктан жапа чеккендерге колдоо көрсөтүү үчүн Антиохиядан Иерусалимге барып, «жардам көрсөтүүгө байланышкан иштерди аткарышканда» Маркты байкашкан. Анан Антиохияга кайтмакчы болгондо Маркты ала кетишкен (Элч. 11:27—30; 12:25).

Үстүртөн окуган кишиге Пабыл, Барнаба жана Марк үчөөнүн ишенимдештер болгону эле болбосо, бири-бири менен эч кандай байланышы жоктой жана алар Маркты жөндөмдүүлүктөрүнө карап эле чакырып алышкандай көрүнүшү мүмкүн. Анткен менен Пабылдын каттарынын биринен Марк Барнабанын тууганы болгонун билүүгө болот (Кол. 4:10). Бул Марктын катыштыгы бар андан кийинки окуяларды түшүнүүгө жардам берет.

Бир жылдай өткөн соң, ыйык рух Пабыл менен Барнабага миссионердик сапарга чыгууга түрткү берген. Алар сапарынын башында Антиохиядан Кипрге жол тартышкан. Жакан Марк жардамчы болуп, алар менен жолго чыккан (Элч. 13:2—5). Балким, элчилер рухий иштерди алаксыбай аткара алышы үчүн, Маркка саякат учурундагы муктаждыктарга кам көрүү тапшырылгандыр.

Пабыл, Барнаба жана Марк жол бою кабар айтып Кипр аркылуу өтүшкөн, анан Кичи Азияга бет алышкан. Жакан Марк ошол жерден чыгарган чечими менен Пабылдын көңүлүн ооруткан. Билдирүүдө айтылгандай, алар Пергеге келишкенде, «Жакан аларды таштап, Иерусалимге кетип калган» (Элч. 13:13). Анын эмне үчүн ошенткени айтылбайт.

Эки жылдан кийин Пабыл менен Барнаба, ошондой эле Марк Антиохияга кайтып келишкен. Элчилер биринчи миссионердик саякатта жасалган иштерди эске алып, алдыдагы экинчи миссионердик саякат тууралуу сүйлөшүп жатышкан. Барнаба тууганын кошуп алгысы келген, бирок Пабыл муну уккусу да келген эмес, себеби Марк мурда аларды таштап кеткен. Макаланын башында айтылып өткөн келишпестик мына ушундан келип чыккан. Барнаба Маркты алып, мекени Кипрге кеткен, ал эми Пабыл Сирияга жөнөгөн (Элч. 15:36—41). Ооба, Пабыл менен Барнаба Марктын кетип калганына ар башка көз карашта болушкан.

Элдешүү

Марктын буга капа болгону күмөнсүз. Ошентсе да ал ишенимдүүлүк менен кызмат кыла берген. Ал окуядан 11 же 12 жылдай өткөндөн кийин, Марк Исанын алгачкы жолдоочуларынын тарыхында кайрадан пайда болот. Ал ким менен кызматташып жүрдү эле? Анын Пабыл менен кызматташып жүргөнү, балким, сени таң калтыраттыр.

Б.з. 60, 61-жылдары Пабыл Римде камакта отурганда азыр Ыйык Жазманын бөлүгү болуп эсептелген бир нече кат жазган. Колосалыктарга жолдогон катында ал мындай деген: «Мени менен камакта отурган Аристарх силерге саламын айтып жатат, ошондой эле Барнабанын тууганы Марк (ал силерге келсе, жылуу тосуп алышыңар керектиги айтылган болчу)... да салам айтууда... Ушулар гана Кудайдын падышалыгы үчүн мени менен кызматташып, мага жөлөк болушту» (Кол. 4:10, 11).

Кандай чоң өзгөрүү болгон! Бир учурда Пабылдын ачуусуна тийген Марк анын баалуу кызматташы болуп калган. Пабыл колосалыктарга Марктын барышы мүмкүн экенин билдирген. Эгер барса, ал Пабылдын өкүлү катары кызмат кылмак.

Пабыл мурун Маркка карата өтө эле сын көз карашта беле? Марк ал окуядан өзүнө сабак алганбы? Тигиндей да, мындай да болушу мүмкүн. Кандай болбосун, алардын элдешкени Пабылдын да, Марктын да рухий жактан жетилген бир туугандардан болгонун тастыктап турат. Алар өткөн-кеткенди сууга салып, кайрадан чогуу кызматташа башташкан. Бул ишенимдеши менен пикир келишпестиги бар бир туугандарыбыз үчүн кандай сонун үлгү!

Марк — саякатчы

Марктын ар кандай жерлерди басып өткөнү жөнүндө окуганыбызда анын көп саякаттаганын биле алабыз. Ал туулуп-өскөн Иерусалим шаарынан Антиохияга көчүп барган, ал жерден Кипрге жана Пергеге сапар улаган. Анан Римге жөнөгөн. Ал жактан Пабыл аны Колосага жиберүүнү каалаган. Анын саякаты ушу менен эле чектелген эмес.

Элчи Петир өзүнүн биринчи катын б.з. 62—64-жылдардын тегерегинде жазган. Ал: «Бабылдык айым жана уулум Марк силерге салам айтууда»,— деп жазган (1 Пет. 5:13). Демек, Марк бир канча жыл мурун апасынын үйүндө өткөрүлгөн жыйналышка катышкан элчи Петир менен ийиндеш кызмат кылуу үчүн Бабылга барган.

Болжолу, б.з. 65-жылы Римде экинчи жолу камакта отурганда Пабыл Тиметейге кат жазып, аны Эфестен чакырган. Катында: «Өзүң менен кошо Маркты ала кел»,— деп кошумчалаган (2 Тим. 4:11). Демек, ошол кезде Марк Эфесте болчу. Марктын, Пабылдын суранычы боюнча, Тиметей менен Римге жол тартканы шексиз. Ал убакта алыскы сапарга чыгуу оңой-олтоң болгон эмес, анткен менен Марк даярдуулук менен саякат жасаган.

Дагы бир чоң сыймык

Марк дагы бир чоң сыймыкка ээ болгон: Жахаба аны Инжилдердин бирин жаздыруу үчүн руху менен шыктандырган. Экинчи Инжилди жазган кишинин ысмы анын эч бир жеринде айтылбаса да, жүйүт элинин байыркы тарыхый билдирүүлөрүндө аны Марк жазганы жана маалыматты Петирден алганы айтылат. Чынында эле, Марк жазган окуялардын баарына Петир күбө болгон.

Марктын Инжилин изилдеген окумуштуулар анын ал китепти башка элдерге арнап жазганын айтышат, себеби ал жүйүт элинин салт-санааларын түшүндүрүп кеткен (Мр. 7:3; 14:12; 15:42). Ошондой эле жүйүт эместер түшүнбөй калышы мүмкүн болгон арамей сөздөрүн которгон (Мр. 3:17; 5:41; 7:11, 34; 15:22, 34). Андан тышкары, ал латын сөздөрүн көп колдонгон жана кеңири таралган грек сөздөрүн латын сөздөрү менен түшүндүргөн. Ал жүйүт тыйыны рим акчасы менен канча болорун жазган (Мр. 12:42, шилтеме). Мунун баары байыркы билдирүүгө, Марктын Инжили Римде жазылган дегенге, шайкеш келет.

«Кызмат кылышы үчүн ал мага керек»

Марк Римде жүргөндө Инжилди жазгандан тышкары, башка иштерди да кылган. Пабылдын Тиметейге: «Өзүң менен кошо Маркты ала кел»,— деп айтканын эстесеңер. Пабыл аны эмне үчүн чакырткан? «Анткени кызмат кылышы үчүн ал мага керек»,— деген ал (2 Тим. 4:11).

Хронология жагынан Марк жөнүндөгү Жазмадагы акыркы бул билдирүү бизге ал жөнүндө көп нерсени ачып берет. Марктын жыйналыштагы жоопкерчиликтери жөнүндө айтылган жерлердин биринде да анын элчи, көзөмөлчү же пайгамбар болгону айтылбайт. Ал кызматчы, башкача айтканда, башкаларга кызмат кылган киши болгон. Ооба, ошол мезгилде, Пабылдын өлөрүнө аз калганда, Марк элчиге жөлөк-таяк болуп бергени шексиз.

Ушундай маалыматтарды чогулта келгенде, биз Марктын жакшы кабарды дүйнөнүн ар кайсы бурчуна таратууга жигердүү катышкан, башкаларга кызмат кылуудан кубаныч тапкан киши болгонун билебиз. Чынында эле, Марк багынбаганы үчүн кандай сонун сыймыктарга ээ болгон!

Марк сыяктуу эле, бүгүн биз да Кудайдын кызматчылары катары Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды таратууга чечкиндүүбүз. Кээ бирлерибиз, Маркка окшоп, жакшы кабар айтуу үчүн башка жерлерге, атүгүл чет өлкөгө көчүп бара алдык. Көбүбүздө мындай мүмкүнчүлүк болбосо да, баарыбыз Маркты башка жол менен туурай алабыз. Ал ишенимдештерине кызмат кылуу үчүн талыкпай эмгектенгендей эле, биз да бир туугандарыбызга Кудайга кызмат кылууга жардам берүү үчүн даярдуулук менен күч жумшайбыз. Ошенте берсек, Жахабанын батасын ала берерибизге толук ишенсек болот (Накыл 3:27; 10:22; Гал. 6:2).

[Шилтемелер]

^ 5-абз. Марктын убагында эврей же чет тилинде экинчи ысым коюп алуу кеңири таралган эле. Марктын эврей ысмы Йоханан болчу, кыргызча Жакан. Ал эми латынча ысмы Маркус, башкача айтканда, Марк эле (Элч. 12:25).

[8-беттеги сүрөт]

Рим

[9-беттеги сүрөт]

Марк барган айрым шаарлар

Эфес

Колоса

Перге

Кипр

Иерусалим

Антиохия (Сирия)

Бабыл

ЖЕР ОРТОЛУК ДЕҢИЗ