Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Дүйнөнү өзгөрткөн адам

Дүйнөнү өзгөрткөн адам

Дүйнөнү өзгөрткөн адам

Бул жарык дүйнөдө кандай гана адамдар жашап кеткен эмес. Нечендегендер сөөгү сөпөт болуп, ошо бойдон унутта калган. Бирок адамзат тарыхына, атүгүл күнүмдүк турмушубузга зор таасир тийгизген инсандар да аз эмес.

ЭРТЕҢ менен туруп, жумушка жөнөйүн деп жатасың дейли. Адегенде светти күйгүзөсүң. Автобуста кетип баратканда окуш үчүн жаныңа китеп же журнал алып аласың. Бир аз сыркоолоп калсаң, дары ичесиң. Бул кадимки турмуштагы боло жүргөн эле иштер. Бирок күндөлүк иштер менен алек болуп жатканда айрым залкар адамдардын жашообузга тийгизген таасири жөнүндө көп деле ойлонбошубуз мүмкүн.

Майкл Фарадей. 1791-жылы төрөлгөн англис физиги Майкл Фарадей электр кыймылдаткычын жана механикалык энергияны электр энергиясына айланткан машинени ойлоп тапкан. Анын ачылыштары электр энергиясынын кеңири колдонулушуна жол ачкан.

Цай Лин. Кытай императорунун падыша сарайында кызмат кылган Цай Лин, болжолу, б.з. 105-жылы кагазды ойлоп чыгарган. Ошондон тартып кагаз кеңири колдонула баштаган.

Иоганн Гутенберг. Ал болжол менен 1450-жылдары терүү ыкмасы бар басма станокту ойлоп тапкан. Анын ачылышынан кийин адабияттарды басып чыгаруу өтө кымбатка турбай калган. Бул ар кандай темада миңдеген макалалардын басылып чыгышына жол ачкан.

Александр Флеминг. Бул англис окумуштуусу 1928-жылы пенициллин деп аталган антибиотикти ачкан. Азыр антибиотиктер инфекцияга каршы күрөшүүдө кеңири колдонулууда.

Ооба, айрым адамдардын жасаган ачылыштары миллиарддагандардын жашоосун жана ден соолугун кандайдыр бир деңгээлде жакшыртты.

Анткен менен дүйнөгө алда канча зор таасир тийгизген бир адам болгон. Ал эч кандай илимий же медициналык ачылыштарды жасаган эмес. Ал карапайым эле үй-бүлөдө чоңоюп, мындан 2 000 жылдай мурун жашап өткөн. Бирок ал аркасында чыныгы үмүт менен сооронуч тартуулай турган күчтүү кабар калтырып кеткен. Ал айткан кабар дүйнө жүзүндөгү элдердин жашоосуна канчалык күчтүү таасир эткенин эске алганда көптөр анын, чынында эле, дүйнөнү өзгөрткөн адам экенине кошулушат.

Ал Иса Машаяк болгон. Ал эмне жөнүндө кабар айтты эле? Анын кабары сенин жашооңо кандай таасир эте алат?