Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Иса Машаяктын таасирдүү кабары

Иса Машаяктын таасирдүү кабары

Иса Машаяктын таасирдүү кабары

«Капернаумдан чыккан акылмандын сөздөрү азыркы күнгө чейин көптөрдүн жүрөгүн козгоп, аң-сезимине терең таасир этип келет» * (ГРЕГГ ИСТЕРБРУК).

СӨЗДӨР зор күчкө ээ. Акылмандык менен жакшы тандалган сөздөр жүрөктү козгоп, үмүт байлатып, жашоону өзгөртө алат. Бирок бир да адамдын сөзү Исаныкындай күчкө ээ болгон эмес. Анын белгилүү насааттарын уккан бир киши: «Иса сөзүн аяктаганда, эл анын окутуусуна абдан таң калды»,— деп айткан (Матай 7:28).

Иса пайгамбардын сөздөрүн атүгүл бүгүнкү күндө да көптөгөн адамдар жакшы билишет. Анын терең маанини камтыган сөздөрүнүн айрымдары төмөнкүлөр:

«Бир эле учурда Кудайга да, байлыкка да кул боло албайсыңар» (Матай 6:24).

«Башкалардын өзүңөргө кандай мамиле жасашын кааласаңар, силер да аларга бардык жагынан ошондой мамиле жасагыла» (Матай 7:12).

«Падышага тиешелүүнү падышага, Кудайга тиешелүүнү Кудайга бергиле» (Матай 22:21).

«Алганга караганда берген бактылуу» (Элчилер 20:35).

Анткен менен Иса эсте каларлык сөздөрдү айтып коюудан да көптү кылган. Анын кабары Кудай жөнүндө чындыкты камтыгандыктан, жашоонун маңызын табууга жардам бергендиктен жана адамзатты азап-кайгыдан Кудайдын Падышалыгы гана арылтарын айкын көрсөткөндүктөн зор күчкө ээ болчу. Иса пайгамбардын кабарын кийинки беттерден тереңирээк карап чыгуунун аркасында анын сөздөрү дагы деле «көптөрдүн жүрөгүн козгоп, аң-сезимине терең таасир этип келатканын» көрөбүз.

[Шилтеме]

^ 2-абз. Галилея аймагындагы Капернаум Исанын шаары деп эсептелчү (Марк 2:1).