Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Иса Машаяк Кудай жөнүндө эмнелерге окуткан?

Иса Машаяк Кудай жөнүндө эмнелерге окуткан?

Иса Машаяк Кудай жөнүндө эмнелерге окуткан?

«Атасын Уулу гана жакшы билет. Бирок башкалар да Атасы жөнүндө билиши үчүн, Уулу ал тууралуу айтууну каалайт» (ЛУКА 10:22, «АЗЫРКЫ АНГЛИС КОТОРМОСУ»).

КУДАЙДЫН тун Уулу жерге келгенге чейин асманда Атасы менен сансыз жылдар бою бирге болгон (Колосалыктар 1:15). Анын аркасында ал Атасынын ойлорун, сезимдерин жана жолдорун жакшы биле алган. Кийинчерээк жерге келгенде Иса адамдарды Атасы жөнүндөгү чындыкка окутууга ынтызар болгон. Биз Исанын айткандарынан Кудай жөнүндө көп нерселерди биле алабыз.

Кудайдын ысмы. Иса үчүн Кудайдын ысмы абдан маанилүү болгон. Кудайдын сүйүктүү Уулу башкалардын да Атасынын ысмын билишин жана колдонушун каалаган. Исанын өзүнүн ысмынын мааниси «Жахаба — куткаруу» дегенди билдирет. Ал өлөр алдындагы түнү Жахабага тиленип: «Сенин атыңды... ачып бердим»,— деген (Жакан 17:26). Адамдар Кудайдын ысмын билбей туруп же анын маанисин түшүнбөй туруп, Ал жөнүндөгү чындыктарды түшүнө албайт болчу. Андыктан Исанын эмне үчүн Кудайдын ысмын колдонгону жана аны башкаларга ачып бергени таң калыштуу эмес *.

Кудайдын зор сүйүүсү. Иса бир жолу Кудайга тиленип жатып: «Ата... сен мени дүйнө негизделгенге чейин эле сүйчүсүң»,— деген (Жакан 17:24). Асманда жүргөндө Атасынын сүйүүсүнө чулганган Иса жерге келгенде анын сүйүүсүнүн канчалык чексиз экенин ачып берүүгө умтулган.

Иса Атасынын сүйүүсүнүн абдан зор экенин көрсөткөн. Ал: «Кудай бул дүйнөнү ушунчалык сүйгөндүктөн, өзүнүн жалгыз Уулун ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди»,— деп айткан (Жакан 3:16). Бул аяттагы «дүйнө» деп которулган грек сөзү жерди эмес, адамзатты билдирет. Кудай адамзатты ушунчалык жакшы көргөндүктөн, аларды күнөө менен өлүмдүн кулчулугунан бошотуп, түбөлүк өмүр тартуулоо үчүн сүйүктүү Уулун берген. Биз Кудайдын сүйүүсүнүн канчалык зор экенин акыр-аягына чейин толук түшүнө албайбыз (Римдиктер 8:38, 39).

Иса Жахаба Кудайдын ар бир кызматчысын терең сүйөрүн айткан. Ал Жахабаны ар бир коюн жакшы билген, аларды жакшы көргөн койчуга салыштырган (Матай 18:12—14). Иса, жадагалса, кичинекей таранчынын да жерге кулап түшкөнү Жахабанын көз жаздымында калбай турганын айткан. Анан: «Силердин чачыңардын ар бир талы саналуу»,— деп кошумчалаган (Матай 10:29—31). Эгер Жахаба таранчыларды да байкап турса, анда өзүнүн кызматчыларына кантип кам көрбөй койсун? Ал атүгүл башыбызда канча тал чач бар экенин билсе, анда эмнеге муктаж болуп, эмнеге тынчсызданып жатканыбызды жана кандай кыйынчылыктарга кабылып жатканыбызды кантип билбей койсун?

Асмандагы Атабыз. Өткөн макаладан билгенибиздей, Иса — Кудайдын жалгыз Уулу. Андыктан ал Жахабага көбүнчө «Ата» деп кайрылчу. Ыйык Китепте Исанын 12 жашында ибадатканада отурганда Жахабаны «Атам» деп айтканы жазылган (Лука 2:49). Инжилдерде «Ата» деген сөз 190дой жолу кездешет. Иса Жахабага карата «Атаңар», «Атабыз», «Атам» деген сөздөрдү колдонгон (Матай 5:16; 6:9; 7:21). Ал муну менен жеткилеңсиз, күнөөлүү адамдар да Жахаба менен ынак мамиле өрчүтө аларын баса белгилеген.

Ырайымдуу жана кечирүүгө даяр. Жеткилеңсиз адамдар Жахабанын ырайымына муктаж экенин Иса жакшы билген. Адашкан уул жөнүндөгү мисалында ал Жахабаны өкүнгөн уулун кучак жайып тосуп алган боорукер, кечиримдүү атага салыштырган (Лука 15:11—32). Исанын сөздөрү бизди Жахабанын күнөөкөр адамдын жүрөгүндөгү кымындай өзгөрүүлөрдү да байкап, ырайым көрсөтүүгө даяр экенине ынандырат. Ооба, Жахаба өкүнгөндөрдү кечирүүнү абдан каалайт. Иса: «Силерге айтып коёюн, өкүнүүгө муктаж болбогон токсон тогуз адил адамга караганда өкүнгөн бир күнөөкөр үчүн асманда көбүрөөк кубаныч болот»,— деп айткан (Лука 15:7). Ушундай ырайымдуу Кудайга ким тартылбай коёт?

Тиленүүлөрдү угат. Иса асманда жүргөндө Жахабага өзүнүн ишенимдүү кызматчыларынын тиленүүлөрү жагымдуу экенин жана алардын тиленүүлөрүн угарын көргөн (Забур 64:3). Ошондуктан Иса жерде кызмат кылып жүргөндө адамдарга эмнелер жөнүндө жана кантип тиленүү керектигин үйрөткөн. Ал: «Окшош эле нерселерди кайра-кайра кайталай бербе»,— деп кеңеш кылган жана Кудайдын эркинин «асмандагыдай эле, жерде да аткарылышын» сурап тиленүүгө үндөгөн. Андан тышкары, күнүмдүк жашообузга зарыл нерселерди, күнөөлөрүбүздүн кечирилишин жана азгырыктарга каршы турууга жардам сурап тиленсек болорун айткан (Матай 6:5—13). Иса Жахабанын чын жүрөктөн, ишеним менен кайрылган кызматчыларынын тиленүүлөрүнө мээримдүү атадай болуп жооп берерин баса белгилеген (Матай 7:7—11).

Ооба, Иса адамдарды Жахаба жөнүндөгү чындыктарга окуткан, анын кандай Кудай экенин ачып берген. Ал, андан тышкары, Жахабанын жерге жана адамзатка байланыштуу ой-ниетин кандайча ишке ашырары тууралуу да окуткан. Бул анын кабарынын негизги темасы болгон.

[Шилтеме]

^ 4-абз. Кудайдын ысмы Ыйык Китептин түп нускасында 7 000дей жолу кездешет. Анын ысмы «Мен ким болууну кааласам, ошол болом» деген маанини туюнтат (Чыгуу 3:14, «ЖД»). Жахаба ой-ниетин ишке ашыруу үчүн ким болушу керек болсо, ошол боло алат. Анын ысмы дайыма сөзүнө турарына жана убадаларын сөзсүз аткарарына кепилдик берет.