Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Иса Машаяктын кабары сага кандай таасир тийгизет?

Иса Машаяктын кабары сага кандай таасир тийгизет?

Иса Машаяктын кабары сага кандай таасир тийгизет?

«Мен болсо алар өмүргө, болгондо да чексиз өмүргө ээ болушу үчүн келдим» (ЖАКАН 10:10).

ИСА МАШАЯК жерге алыш үчүн эмес, бериш үчүн келген. Ал адамзатка баа жеткис белекти — Кудай жана анын эрки жөнүндөгү кабарды — калтырып кеткен. Исанын миллиондогон чыныгы жолдоочуларынын жашоосу тастыктап тургандай, ал кабарга ылайык жашагандар азыртадан эле жакшы жакка өзгөрүүдө *. Бирок Исанын жеткилең өмүрүн биз үчүн бергени баарынан баалуу белек болуп эсептелет. Биздин түбөлүк жыргалчылыгыбыз анын кабарынын өзөгү болгон ушул маанилүү бөлүгүн кандай кабыл аларыбыздан көз каранды.

Кудай менен Машаяк адамзатка эмнени берген? Иса душмандарынын колунан азаптуу өлүм менен өлөрүн билген (Матай 20:17—19). Ошентсе да көптөргө белгилүү болгон төмөнкү сөздөрдү айткан: «Кудай бул дүйнөнү ушунчалык сүйгөндүктөн, өзүнүн жалгыз Уулун ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди» (Жакан 3:16). Ал ошондой эле «көптөр үчүн жанын [өмүрүн] кун катары берүү үчүн келгенин» айткан (Матай 20:28). Иса эмне үчүн өмүрүнөн айрыларын эмес, өмүрүнүн берилерин айткан?

Кудай зор сүйүүсүнөн улам адамзатты тукум кууп өткөн күнөөдөн жана анын кесепети болгон жеткилеңсиздик менен өлүмдөн куткаруу үчүн чара караштырган. Ал адамзаттын күнөөсү үчүн өзүнүн жалгыз Уулун курмандык катары берген. Иса да даярдуулук менен макул болуп, өзүнүн жеткилең өмүрүн биз үчүн берген. Кудайдын адамзат үчүн берген ал зор белеги кун деп аталат *. Ал белектин аркасында биз түбөлүк өмүргө ээ боло алабыз.

Сен эмне кылышың керек? Кун жеке сага берилген белекпи? Бул өзүңдөн көз каранды. Мисалы, кимдир бирөө сага кооз кутучага оролгон белек берип жатат дейли. Бирок колуңду сунуп, аны алмайынча ал сеники эмес. Ошол сыяктуу эле, Жахаба сага белек тартуулоодо, тагыраак айтканда, кундан пайда алууну сунуш кылууда. Бирок ал белекти кабыл алмайынча, сеники болуп эсептелбейт. Ал белекти канткенде ала аласың?

Иса ага «ишенгендер» түбөлүк өмүргө ээ болорун айткан. Ишеним жашоону кандай өткөрөрүбүзгө таасир этет (Жакып 2:26). Исага ишенүү анын сөздөрүнө жана иштерине ылайык жашоону билдирет. Ан үчүн Исаны жана Кудайды жакшы билишибиз керек. Иса: «Түбөлүк өмүргө ээ болуу үчүн, жалгыз чыныгы Кудай сен жөнүндө жана сен жиберген Иса Машаяк жөнүндө билим алуу зарыл»,— деп айткан (Жакан 17:3).

Исанын мындан 2 000 жылдай мурун айткан кабары дүйнө жүзүндөгү миллиондогондордун жашоосун өзгөрттү. Ал кабар тууралуу жана андан канткенде өзүң, жакындарың азыр эле эмес, түбөлүккө пайда ала аларыңды билгиң келеби? Анда Жахабанын Күбөлөрүнө кайрылсаң болот. Алар сага жардам берүүгө кубанычта болушат.

Кийинки макалалардан айткан кабары жашооңду түп-тамыры менен өзгөртө ала турган Иса Машаяк жөнүндө дагы көп нерселерди биле аласың.

[Шилтемелер]

^ 3-абз. Өзүн Исанын жолдоочусу эсептегендердин баары эле Исанын чыныгы жолдоочусу эмес. Кудай жана анын эрки жөнүндөгү Иса окуткан чындыктарга ылайык жашагандарды гана анын чыныгы жолдоочулары деп айтууга болот (Матай 7:21—23).

^ 5-абз. Кун тууралуу көбүрөөк билүү үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебинин «Кун — Кудайдын эң баалуу белеги» деген 5-бөлүмүн карагыла.