Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Фактылар жана божомолдоолор. Иса жөнүндөгү чындык

Фактылар жана божомолдоолор. Иса жөнүндөгү чындык

Фактылар жана божомолдоолор. Иса жөнүндөгү чындык

КАНДАЙ ДЕП ОЙЛОЙСУҢ, ТӨМӨНДӨГҮ ЫРАСТООЛОР ФАКТЫБЫ ЖЕ БОЖОМОЛДООБУ?

Иса 25-декабрда төрөлгөн.

Иса төрөлгөндө, ага үч акылман келген.

Иса үй-бүлөдө жалгыз бала болгон.

Иса адам кейпин кийип келген Кудай болгон.

Иса жөн эле жакшы киши болгон эмес.

КӨПТӨР бул ырастоолордун баарын туура деп эсептешет. Башкалардын ою боюнча, муну так айтуу кыйын, атүгүл мүмкүн эмес. Балким, алар бул анча деле маанилүү эмес, эң негизгиси, Исага ишенсең эле болду деп ойлошоттур.

Бирок Ыйык Жазма бизди «Мырзабыз Иса Машаяк жөнүндө» «так билим» алууга үндөйт (2 Петир 1:8). Андай билимге Инжилдерди изилдөөнүн аркасында ээ боло алабыз. Аларда Иса жөнүндө чындык жазылгандыктан, жогорудагы ырастоолордун кайсынысы факт, кайсынысы божомолдоо экенин ажыратып билүүгө болот. Келгиле эмесе, Инжилдерде айтылгандарга токтололу.

АЙРЫМДАРДЫН ЫРАСТООСУ: Иса 25-декабрда төрөлгөн.

ФАКТЫБЫ ЖЕ БОЖОМОЛДООБУ? БОЖОМОЛДОО.

Ыйык Китепте Исанын кайсы айда, кайсы күнү төрөлгөнүнө байланыштуу так маалымат жок. Анда ал 25-декабрда төрөлгөн деген ырастоо кайдан келип чыккан? «Британ энциклопедиясына» ылайык, Исанын жолдоочулары аталымыш болгондор «анын туулган күнүн бутпарас римдиктердин... майрамы менен бирге белгилөөнү каалашкан. Ошол маал күн кайрадан узарып, бийиктей баштаган убакка дал келчү». Энциклопедияда Рождествого байланыштуу үрп-адаттардын «күнгө сыйынууга жана дыйканчылыкка байланыштуу кыштын орто ченинде белгиленген» майрамдарга негизделгени да айтылат.

Иса туулган күнүнүн 25-декабрда белгиленгенин туура көрөт беле? Баса белгилей кетчү нерсе, анын кайсы күнү төрөлгөнү белгисиз. Ыйык Жазманын бир да жеринде Исанын туулган күнүн белгилешибиз керектиги же 1-кылымдагы жолдоочуларынын анын туулган күнүн белгилегени жөнүндө айтылбайт. Тескерисинче, Ыйык Китепте Исанын кайсы күнү өлгөнү так жазылган жана ал жолдоочуларына ошол күндү белгилөөнү буйруган * (Лука 22:19). Ырас, Иса туулган күнүнүн эмес, кун катары өмүрүн берип өлгөн күнүнүн маанилүү экенин баса белгилегиси келген (Матай 20:28).

АЙРЫМДАРДЫН ЫРАСТООСУ: Иса төрөлгөндө, ага үч акылман (кээ бирөөлөрдүн айтымында, үч падыша) келген.

ФАКТЫБЫ ЖЕ БОЖОМОЛДООБУ? БОЖОМОЛДОО.

Балким, жаңы төрөлүп акырда жаткан Исага үч акылмандын белектерди берип жатканы тартылган сүрөттөрдү көргөндүрсүң. Бирок андай сүрөттөр жаңылыш түшүнүктү чагылдырат.

Исага урмат көрсөтүү үчүн чыгыштан кишилердин келгени чын. Бирок алар, чынында, астрологдор болушкан (Матай 2:1). Алар келгенде, Иса акырда жатты беле? Жок, ал маалда Исанын ата-энеси үйдө жашап жаткан. Мындан астрологдор Исанын төрөлгөнүнө бир нече ай болуп калганда келишкен деп жыйынтык чыгарууга болот (Матай 2:9—11).

Чыгыштан Исаны көргөнү канча киши келген? Экиби, үчпү же отузбу? Ыйык Жазмада бул тууралуу эч нерсе айтылбайт. Чыгыштан үч киши келген деген ырастоо, кыязы, Исага үч түрлүү белек берилгенинен улам пайда болгон * (Матай 2:11). Айрымдар ал үч акылман киши үч расанын өкүлдөрү болгон деп божомолдошот. Бирок Ыйык Китепте андай ой айтылбайт. Инжилдерди изилдеген бир окумуштуу ал божомолдоону «8-кылымда жашаган фантазиясы күчтүү бир тарыхчы» ойлоп тапканын айткан.

АЙРЫМДАРДЫН ЫРАСТООСУ: Иса үй-бүлөдө жалгыз бала болгон.

ФАКТЫБЫ ЖЕ БОЖОМОЛДООБУ? БОЖОМОЛДОО.

Исанын бир туугандары болгону тууралуу Инжилдерде ачык-айкын эле айтылат. Луканын Инжилинде Иса Мариямдын «тун уулу» экени жазылат, мындан Мариямдын дагы башка да балдары болгонун көрүүгө болот * (Лука 2:7). Ал эми Марк жазган Инжилде назареттиктер Исаны бир туугандарынан эч кандай деле өзгөчөлүгү жок деп эсептешкени айтылат. Алар: «Бул Жакыптын, Жусуптун, Жүйүттүн жана Симондун биртууганы... эле эмеспи. Карындаштары деле арабызда жүрүшөт го»,— дешкен (Марк 6:3; Матай 12:46; Жакан 7:5).

Көптөгөн теологдор Инжилдердеги билдирүүлөргө көз жумуп, Иса үй-бүлөдө жалгыз бала болгон деп ишенишет. Алардын айрымдары Марктын Инжилинде, чынында, Исанын бир туугандары эмес, атасынын же энесинин бир туугандарынын балдары жөнүндө айтылган деп ырасташат *. Башкалары болсо ал балдарды Мариям багып алган дешет. Ойлонуп көрсөңөр, эгер Иса Мариямдын жалгыз уулу болсо, анда назареттиктер жогорудагы сөздөрдү айтышат беле? Алардын айрымдары Мариямдын боюнда болуп, кийинки балдарын төрөгөнүн билишсе керек. Ооба, алар Мариямдын Исадан башка да балдары болгонун жакшы билишкен.

АЙРЫМДАРДЫН ЫРАСТООСУ: Иса адам кейпин кийип келген Кудай болгон.

ФАКТЫБЫ ЖЕ БОЖОМОЛДООБУ? БОЖОМОЛДОО.

Кудай адам кейпин кийип келип, адам болуп жашаган деген ырастоо Троицага ишенгендердин негизги окутуусу болуп эсептелет. Бул окутуунун пайда болгонуна көп убакыт болсо да, Иса жерде жашаган маалда мындай түшүнүк жок болгон. «Британ энциклопедиясында» мындай делет: «Жаңы Келишимде „Троица“ деген сөз да, Троица жөнүндөгү окуу да кездешпейт... Троица жөнүндөгү окуу далай жолу талашка салынып, бир нече кылым бою акырындык менен өрчүгөн».

Троицага ишенгендер Исаны адам кейпин кийип келген Кудай деп ырастоо менен Исанын аброюн төмөндөтүшөт *. Кандайча? Бир мисал карап көрөлү. Жумушчулар жумуш берүүчүсүнө бир өтүнүч менен кайрылышты дейли. Бирок ал алардын өтүнүчүн аткара албай турганын, себеби бийлик анын колунда эмес экенин айтат. Эгер анын айткандары чын болсо, ал бийлиги чектелүү экенин эстүүлүк менен моюнга алганын көрсөтмөк. Эгер бийлиги бар болуп туруп, бирок жумушчулардын өтүнүчүн аткаргысы келбегендиктен эле ушинтип жооп берип койсо, анда ал жалганчы болмок.

Эми, келгиле, Исанын асман Падышалыгында жогорку орундарды ээлегиси келген эки шакиртинин өтүнүчүнө эмне деп жооп бергенин карап көрөлү. Ал аларга: «Оң жана сол жагыма кимдердин отурарын мен чечпейм. Ал орундарды Атам кимдерге даярдаса, ошолор отурат»,— деп жооп берген (Матай 20:23). Эгер Иса чын эле Кудай болсо, анда шакирттерине калп айтып койгонбу? Жок, ал өзүнөн да жогору Бирөө бар экенин айтуу менен момун экенин жана Кудайга тең эмес экенин көрсөткөн.

АЙРЫМДАРДЫН ЫРАСТООСУ: Иса жөн эле жакшы киши болгон эмес.

ФАКТЫБЫ ЖЕ БОЖОМОЛДООБУ? ФАКТ.

Иса жөн эле жакшы киши болгон эмес. Ал: «Кудайдын Уулумун»,— деп айткан (Жакан 10:36). Албетте, ар ким эле: «Мен Кудайдын Уулумун»,— деп айтып коюшу мүмкүн. Эгер Исанын айткандары жалган болсо, ал жөн эле жакшы киши болмок тургай, чоң калпычы болуп калмак.

Иса чыны менен эле Кудайдын Уулу болгонун Кудай өзү тастыктаган. Ал эки жолу: «Бул — менин... Уулум»,— деп айткан (Матай 3:17; 17:5). Ыйык Китепте Кудайдын үнү асмандан угулганы айтылган саналуу эле окуялар бар. Бирок, көңүл бурарлык нерсе, алардын экөөндө Кудай Исаны өзүнүн Уулу экенин айткан. Исанын Кудайдын Уулу экенине мындан артык кандай далил керек?

Бул макаладан Иса жөнүндө мурун билбеген нерселериңди биле алдыңбы? Андай болсо Инжилде жазылгандарды тереңирээк изилдеп көргүң келбейт беле? Андай изилдөө кызыктуу жана пайдалуу болоруна шектенбесең болот. Иса айткандай, ал жөнүндө жана Кудай жөнүндө чындыкты билүү «түбөлүк өмүргө» алып барат (Жакан 17:3).

[Шилтемелер]

^ 13-абз. Иса Пасах күнү, эврейлердин календары боюнча, нисан айынын 14-күнүндө өлгөн (Матай 26:2).

^ 18-абз. Матай жазган Инжилде алардын «кымбат баалуу буюмдарын алып чыгып, ладан, мирра деген жыпарзаттарды жана алтын тартуу кылышканы» айтылат. Кызыктуусу, алар кымбат баалуу белектерди Исанын муктаж болуп турган ата-энесине өз учурунда тартуу кылышкан. Анткени ошондон көп өтпөй Жусуп менен Мариямга өлкөсүнөн качууга туура келген (Матай 2:11—15).

^ 21-абз. Исанын өмүрү Мариямдын жатынына керемет жолу менен көчүрүлгөн, ал эми Мариямдын башка балдары Жусуптан төрөлгөн (Матай 1:25).

^ 22-абз. Мындай ырастоо Мариям турмушка чыкпай кыз бойдон өткөн дегенге ишенгендердин арасында кеңири тараган. Аны б.з. 383-жылы Иероним жактап чыккан. Бирок Иероним кийинчерээк өзүнүн айткандарынын тууралыгына шектенсе да, көпчүлүккө, анын ичинде католик чиркөөсүнүн жетекчилерине анын ырастоосу сиңип кеткен.

^ 26-абз. Троица жөнүндө көбүрөөк билгиңер келсе, Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Троицага ишенүү керекпи?» (ор.) деген китепчени карагыла.

[14-беттеги кутуча]

Иса жөнүндө дагы эмнелерди биле элек болушуң мүмкүн?

Иса кандай киши болгон? Ал катаал, мерез, башкалардан обочолонгон киши болгонбу? Кээ бирөөлөр ошондой деп ойлошу мүмкүн. Ошондуктан алар Иса жөнүндө төмөнкүлөрдү билгенде таң калышы ыктымал.

• Ал үйлөнүү үлпөтүнө жана башка тойлорго барчу (Жакан 2:1—11).

• Башкаларды мактачу (Марк 14:6—9).

• Балдарды жакшы көрчү (Марк 10:13, 14).

• Көз жашын көрсөткөндөн уялчу эмес (Жакан 11:35).

• Адамдарга боор ооруган (Марк 1:40, 41).