Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Иса башкы периште Микеилби?

Иса башкы периште Микеилби?

Окурмандардын суроолору

Иса башкы периште Микеилби?

▪ Ооба. Кимдир бирөөгө бир нече ат коюу көптөгөн маданияттарда кездешет. Ыйык Китепте жазылган адамдар тууралуу да ушуну айтууга болот. Мисалы, уруу башчысы Жакыптын Ысрайыл деген экинчи аты болгон (Башталыш 35:10). Ал эми Элчи Петирдин Шымон, Симон, Петир, Кейфа жана Симон Петир деген беш ысмы бар болчу (Матай 10:2; 16:16; Жакан 1:42; Элчилер 15:7, 14). Микеил Исанын башка ысмы экенин кайдан билебиз? Келгиле, Ыйык Китептеги айрым билдирүүлөргө токтололу.

Микеил деп аталган күчтүү рухий жаратуу жөнүндө Ыйык Китепте беш жолу сөз кылынат. Даниел китебинде Микеил жөнүндө үч жолу айтылат. Даниел 10:13, 21-аяттарда «башкы төрөлөрдүн бири» жана «силердин төрөңөр» деп аталган Микеилдин Даниелге жиберилген периштеге жардам бергени айтылат. Ал эми Даниел 12:1де акыркы убакта «улуу төрө» Микеилдин келери жазылган.

Аян 12:7де болсо «Микеил жана анын периштелеринин» Шайтан Ибилиске жана каардуу периштелерге каршы согуш жүргүзүп, аларды асмандан кууп түшүргөнү айтылат.

Бул аяттарда Микеил Жахаба Кудайдын эли үчүн күрөшүп, аны коргогон, атүгүл Кудайдын башкы душманы Шайтанга каршы согушкан периште катары сүрөттөлөт.

Жүйүт китебинин 9-аятында Микеил «башкы периште» деп аталат. Ыйык Китепте «башкы периште» деген сөз айкашы көптүк санда колдонулбайт. Бул сөз айкашы 1 Тесалоникалыктар 4:16-аятта да кездешет. Ал жерде элчи Пабыл тирилтилген Иса жөнүндө: «Мырзабыз [Иса] өзү асмандан башкы периштенин үнү менен буйрук берип, Кудайдын сурнайы менен түшүп келет»,— деп жазган. Бул аяттан башкы периште Иса Машаяктын өзү экени айкын көрүнүп турат.

Жогоруда айтылгандардан кандай жыйынтык чыгарууга болот? Башкы периште Микеил Иса Машаяктын өзү. Микеил деген ысымдын мааниси «Ким Кудайдай?» дегенди билдирет, ал эми Иса деген ысым «Жахаба — куткаруу» деген маанини туюнтат. Бул эки ысым тең Жахабанын эгедерлигин жактоодо Иса негизги роль ойноорун баса белгилейт. Филипиликтер 2:9да: «Кудай аны ого бетер жогорулатып, ага бардык ысымдардан жогору турган ысым берди»,— деп жазылат.

Исанын жерге адам болуп келгенге чейин эле бар болгонун эске алуу маанилүү. Иса төрөлгөнгө чейин Мариямга периште келип, анын ыйык рух аркылуу боюна бүтүп, уул төрөөрүн жана анын атын Иса коёрун айтат (Лука 1:31). Иса өзү да жерде жүргөндө асмандагы жашоосу тууралуу көп айтчу (Жакан 3:13; 8:23, 58).

Демек, Микеил — Исанын жерге келгенге чейинки ысмы. Иса тирилтилип асманга баргандан кийин Кудайды даңкташ үчүн башкы периште Микеил катары кызматын уланткан (Филипиликтер 2:11).