Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ал Мырзасынан кечиримдүүлүккө үйрөнгөн

Ал Мырзасынан кечиримдүүлүккө үйрөнгөн

Ишенимдин үлгүсү

Ал Мырзасынан кечиримдүүлүккө үйрөнгөн

АНЫ менен Петирдин көздөрү бир ирмемге чагылыша түштү. Ошол көз караш Петирдин дилинде өчпөс элес болуп кала берди. Петир ошондо Исанын көзүнөн көңүл калуунун көлөкөсүн байкадыбы же жемелеген түрүн көрдүбү, айтыш кыйын. Ыйык Китепте тек гана: «Иса бурулуп, Петирди карады»,— деп айтылат (Лука 22:61). Бирок ошол көз караштан Петир өзүнүн канчалык олуттуу ката кетиргенин туйду. Ал эч качан кылбайм деген нерсени кылып, сүйүктүү Мырзасы алдын ала айткандай, андан баш тартканын түшүндү. Акылга сыйбаган бул алаамат иш өңүндө эмей эле, түшүндө болуп калсачы!

Бирок баарынан үмүт үзүүгө али эрте болчу. Анткени Петир ишеними бекем киши эле. Анын кетирген катасын оңдоп, Мырзасы Исадан кечиримдүүлүккө үйрөнүүгө мүмкүнчүлүгү болгон. Кечиримдүүлүккө ар бирибиз үйрөнүшүбүз керек. Андыктан, келгиле, Петирдин башынан өткөн окуяларга кененирээк токтололу.

Көп нерсеге үйрөнүшү керек эле

Жарым жылдай мурун Иса Капернаумда жүргөндө, Петир андан: «Мырзам, мага каршы күнөө кылган биртууганымды канча жолу кечиришим керек? Жети жолубу?» — деп сурайт. Ошол учурдагы диний жетекчилер үч эле жолу кечирүү керек деп окутушчу. Ошондуктан Петир өзүн айкөл киши эсептеген көрүнөт. Бирок Иса ага: «Жети жолу эмес, жетимиш жети жолу»,— деп жооп берет (Матай 18:21, 22).

Иса Петирге ким канча жолу жамандык кылганын эсептеп, жазып жүрүүнү кеңеш кылды беле? Жок, анын жетимиш жети жолу дегени башкаларды чексиз кечирүү керектигин билдирген. Иса Петирге ошол учурдагы кимди канча жолу кечиргенин эсептеген, мерез, ырайымсыз замандаштарынын таасири тийгенин айкын кылып, чыныгы кечиримдүүлүк айкөлдүк менен чексиз кечирүүнү билдирерин көрсөткөн.

Ошондо Петир Иса менен талашып-тартышкан эмес. Бирок Мырзасынын сөзү анын жүрөгүнө жетти беле? Кечиримдүүлүк эмне экенин өзүбүз башкалардын бизди кечиришине муктаж болуп турганда жакшы түшүнөбүз. Келгиле, кайрадан Исанын өлөр алдындагы түнү болгон окуяга кайрылалы. Петир ошол түнү Мырзасынын алдында көптөгөн каталарды кетирген.

Көп ката кетирген

Ошол түн Исанын жердеги жашоосунун акыркы түнү эле. Элчилер көп нерсеге, анын ичинде момундукка үйрөнүшү керек болчу. Иса алардын бутун жууп, кулдар кыла турган ишти кылуу менен момундуктун үлгүсүн көрсөткөн. Адегенде Петир Исага бутун жуудурбай каршы болот. Анан Исадан бутун эле эмес, башын да, колун да жууп беришин суранат. Бирок Иса сабырын салып, жумшактык менен ага кылып жаткан ишинин маанилүүлүгүн жана маанисин түшүндүрүп берет (Жакан 13:1—17).

Ошондон көп өтпөй эле элчилер арабыздан кимибиз чоң деп талаша кетишет. Текебердиктин айынан чыккан ал уяттуу жорукка Петирдин да катыштыгы болгон. Ошого карабай Иса жумшактык менен алардын жаңылыш көз карашын оңдоп, атүгүл ишенимдүү болушканы үчүн мактайт. Анан баары аны таштап качып кетерин айтат. Ошондо Петир өлүмгө баш байласа да, Исаны эч качан таштабай турганын айтат. Бирок Иса так Петирдин өзү ошол түнү короз эки жолу кыйкырганга чейин андан үч жолу баш тартарын пайгамбарлык кылат. Петир болсо Мырзасынын айткандарына түк макул болбой, атүгүл баары четтеп кетсе да, ал четтебей турганын айтып, мактана сүйлөйт (Матай 26:31—35; Марк 14:27—31; Лука 22:24—28).

Иса ошондо Петирге ачууланды беле? Ал өзү кыйналып турса да, жеткилең эмес элчилеринин жакшы жактарына көңүл топтогон. Петирдин таштап кетерин билсе да, ага: «Мен ишенимиңдин сууп калбашын сурап жалындуу тилендим. Өкүнгөнүңдөн кийин биртуугандарыңды бекемде»,— деп айтат (Лука 22:32). Ошентип, Иса анын өкүнүп, кызматын кайрадан ишенимдүүлүк менен улантарына шектенбей турганын көрсөткөн. Кандай гана айкөлдүк, кандай гана кечиримдүүлүк!

Гетсемани багында Петир дагы ката кетирет. Иса Петирден, Жакыптан жана Жакандан өзү тиленип жаткан маалда сергек болуп турушун суранат. Ал ошондо жан дүйнөсү кыйналып, колдоого муктаж болуп турган эле. Бирок Петир менен тигилер уктап калышат. Исанын ошондогу «рух сергек, ал эми дене алсыз» деген сөздөрү анын канчалык боорукер, сезимтал экенин көрсөткөн (Марк 14:32—38).

Аңгыча болбой колдоруна шамана кармаган, кылыч, союл көтөргөн топ киши келет. Андайда этияттык, баамчылдык менен иш кылуу керек эле. Бирок Петир далбастап, башкы дин кызматчынын кулу Малкостун башын көздөй кылыч шилтеп, кулагын шылый чабат. Иса Петирди сабырдуулук менен оңдоп, зордук-зомбулук көрсөтпөө керектигинин маанилүүлүгүн түшүндүрөт. Так ошол кеңешке Исанын бүгүнкү күндөгү жолдоочулары да карманып келет (Матай 26:47—55; Лука 22:47—51; Жакан 18:10, 11). Ооба, Петирди Мырзасы көп жолу кечирген. Петир менен болгон окуялар Ыйык Китептеги: «Баарыбыз тең көп жаңылабыз»,— деген сөздөрдү эске салат (Жакып 3:2). Баарыбыз тең күн сайын ката кетиребиз жана Кудайдын бизди кечиришине муктажбыз. Өкүнүчтүүсү, Петирди алдыда андан да жаман окуялар күтүп турган.

Петирдин эң чоң катасы

Иса өзүн кармаганы келген кишилерге элчилерин коё беришин айтат. Петир ошондо Мырзасын байлап жатышканын көрүп, өзүнүн канчалык алсыз экенин түшүнөт. Анан башка элчилер менен бирге качып кетет.

Петир менен Жакан качып баратып токтошот да, мурунку башкы дин кызматчы Анастын үйүн көздөй жөнөшөт. Ал жактан Иса суракка алынмак. Исаны ал үйдөн алып чыгып келе жатышканда, Петир менен Жакан анын артынан «белгилүү бир аралыкта» ээрчип жөнөшөт (Матай 26:58; Жакан 18:12, 13). Ырас, Петирди коркок деп айтууга болбойт, анткени Исанын артынан ээрчүү үчүн эр жүрөктүк керек эле. Исаны алып бараткандар куралданган болчу. Анын үстүнө, Петир алардын бирин жарадар кылган. Бирок ошол эле учурда ал, өзү башта айткандай, Мырзасы үчүн өлүп берүүгө даяр болгон эмес (Марк 14:31).

Бүгүн көптөр, Петирге окшоп, Исанын артынан «белгилүү бир аралыкта» ээрчишет, башкача айтканда, анын жолдоочусу экенин башкаларга ачык айтышпайт. Бирок, Петир өзү кийинчерээк жазгандай, Исанын жолун жолдоо деген, кандай гана кыйынчылыктар болбосун, анын изи менен так жүрүп, бардык жагынан аны тууроону билдирет (1 Петир 2:21).

Петир куралданган топ кишинин артынан акмалап жүрүп отуруп, Иерусалимдеги заңгыраган үйлөрдүн бирине келет. Ал бай жана таасирдүү башкы дин кызматчы Каяпанын үйү болчу. Андай үйлөрдүн, адатта, кенен короосу жана заңкайган дарбазасы болор эле. Петир дарбазага жакын келгенде, аны короого киргизбей коюшат. Жакан короонун ичинде жүргөн болчу. Ал дарбаза кайтарган күң менен сүйлөшүп, Петирди короого киргизет. Кыязы, Петир Жакандан оолак турса керек, ичкери кирип, Мырзасы тарапта экенин көрсөтүүгө да аракет кылбаса керек. Ал Исага жалган жалаа жабыш үчүн келгендерди карап, суук түндө отко жылынып турган кулдардын жанына келет (Марк 14:54—57; Жакан 18:15, 16, 18).

Петирди короого киргизген күң аял оттун жарыгынан анын жүзүн даана көрүп, таанып калат да: «Сен да галилеялык Иса менен чогуу жүргөнсүң!» — деп айтат. Андайды күтпөгөн Петир назареттик Исаны тааныбай турганын, ал аялдын эмне дегенин түшүнбөй жатканын айтып, танып коёт. Башкалар да таанып калбасын деп ал дарбазанын жанындагы кароолканага барат. Бирок ал жактан да башка күң аял аны көрүп: «Бул да назареттик Иса менен чогуу жүргөн»,— деп айтат. Петир ошондо: «Мен аны тааныбайм!» — деп дагы танат (Матай 26:69—72). Ал экинчи жолу танганда, короз кыйкырган көрүнөт. Бирок эмне кыларын билбей айласы кеткен Петир аны этибарга деле албаса керек.

Ал башкалардын көзүнө урунбаганга болушунча аракет кыла баштайт. Бирок короодо турган топ эл аны көздөй басып келет. Алардын арасында Петир жарадар кылган Малкостун тууганы да бар эле. Ал киши Петирге: «Сени бакта анын жанынан көрбөдүм беле»,— деп айтат. Петир аларды жаңылып жатканына ынандырууга аракет кылат. Ал атүгүл калп айтсам каргыш тийсин деп карганганга чейин барса керек. Айтып оозун жыйгыча, короз экинчи жолу кыйкырат (Жакан 18:26, 27; Марк 14:71, 72).

Иса үйдүн үстүнкү кабатынан короо тарапты карап турган болчу. Ошол маалда, жогоруда айтылгандай, Иса менен Петирдин көздөрү бир ирмемге чагылыша түшөт. Так ошондо Петир канчалык олуттуу ката кетиргенин түшүнөт. Ал өзөгүн өрдөп чыккан өкүнүчкө чыдабай короодон атып чыгып, батып бараткан айдын жарык шооласы себилген шаардын көчөсү менен белгисиз багытка бет алып жөнөйт. Анын көз алдынан жер көчүп, ичи уйгу-туйгу. Баятан топтолгон бугуна эрк берип, өпкө-өпкөсүнө батпай өксөп ыйлайт (Марк 14:72; Лука 22:61, 62).

Андайда тоодой күнөөм кечирилбейт деп өзүңө өзүң өкүм чыгарып коюш оңой эле. Петирди да ошондой ойлор кыйнаса керек. Анын күнөөсү такыр кечирилгис беле?

Петирдин күнөөсү кечирилгис беле?

Петирдин ошол күнү ичи туз куйгандай ачышып, канчалык кыйналганын элестетсек болот. Мырзасы азап чегип, түштөн кийин кыйналып өлгөндө, жүрөгү сыздап, өзүн өзү аябай жемелегени шексиз. Мырзасынын жердеги жашоосунун акыркы түнү аны ого бетер кыйнап койгонун ойлогон сайын жүрөгү тилингендей ачышса керек. Бирок аны жан кыйнаган кандай гана терс сезимдер чырмабасын, моюн сунуп берген эмес. Муну ишенимдүү түрдө айтууга болот, анткени Инжилде ошондон көп өтпөй эле анын бир туугандар менен чогуу болгону айтылат (Лука 24:33). Ошондо элчилердин эсинен ошол түндөгү каргашалуу окуя кетпей кыйналышса керек. Алардын аябай өкүнүп, бири-бирин жубатканы шексиз.

Петирдин обочолонбой бир туугандар менен чогуу болгону эң туура болгон. Кудайдын кызматчысы кандай гана олуттуу күнөө кетирбесин, кайраттанып, кайра бутуна турушу абдан маанилүү (Накыл сөздөр 24:16). Муңга басылып, кыйналып турса да, ишенимдештеринен алыстабаганы Петирдин чыныгы ишенимге ээ болгонун көрсөткөн. Адам күнөө кылып алганда кайгырып, башкалардан кача башташы мүмкүн, бирок бул өтө кооптуу (Накыл сөздөр 18:1, «ЖД»). Андайда ишенимдештерден четтебей, рухий жактан кайрадан күч топтоого умтулуу акылдуулукка жатат (Эврейлер 10:24, 25).

Петир ишенимдештери менен бирге болгондуктан Исанын сөөгү мүрзөдө жок деген кабарды уккан. Ошол замат Исанын сөөгү коюлган жерге Жакан экөө чуркап жөнөшөт. Кыязы, Жакан жашыраак болгон, ошондуктан мүрзөгө биринчи жетет. Ал мүрзөнүн оозу ачык экенин көрөт, бирок ичкери кирүүгө батынбайт. Петир болсо чуркап келген бойдон энтиккенине карабай, түз эле мүрзөнүн ичине кирип барат. Бирок мына кызык, мүрзө бопбош! (Жакан 20:3—9).

Исанын тирилтилгенине Петир дароо эле ишенди беле? Жок. Атүгүл ишенимдүү аялдар Исанын тирилгенин периштелердин өзүнөн укканын айтышса да, ишенбей койгон (Лука 23:55—24:11). Бирок ошол күнү кечинде Петирдин шек саноолору, өкүнүчү жел тийгендей тарап жок болгон. Анын Мырзасы Иса азыр тирүү, болгондо да күчтүү рухий жаратуу! Иса тирилгенден кийин элчилеринин баарына көрүнгөн. Бирок анын ага чейин кылган бир иши көңүл бурарлык. Ошол күнү, Ыйык Жазмада айтылгандай, элчилер бири бирине: «Мырзабыз, чын эле, тирилиптир! Ал Симонго көрүнүптүр!» — деп айтышат (Лука 24:34). Кийинчерээк элчи Пабыл да Исанын «Кейфага, кийин он эки элчиге көрүнгөнүн» жазган (1 Корунттуктар 15:5). Симон да, Кейфа да Петирдин башка ысымдары. Ошол күнү Иса Петирге жалгыз турганда көрүнсө керек.

Ошондо экөөнүн эмнелер жөнүндө сүйлөшкөнү Ыйык Китепте жазылган эмес. Ал экөөнүн ортосундагы купуя сыр болуп кала берген. Биз, болгону, Петирдин сүйүктүү Мырзасын кайрадан көргөнүнө чексиз кубанганын, өкүнүчүн айтып, андан кечирим сураганын гана элестете алабыз. Күнөөлүү пенде үчүн күнөөсү кечирилгенин билгенден артык эмне бар? Исанын Петирди айкөлдүк менен кечиргени шексиз. Биз да күнөө кетирип алсак, Петир менен болгон окуяны эстегенибиз жакшы. Кечирилгис күнөө кетирдим деп өзүбүзгө өзүбүз өкүм чыгарып койбошубуз керек. Ооба, Иса «өтө ырайымдуу» Кудайдын сапаттарын жеткилең түрдө чагылдырган (Ышайа 55:7).

Кечиримдүү Мырза

Иса элчилерине Галилеяга барышы керектигин жана тирилгенден кийин аларды ошол жактан тосуп аларын айткан. Алар Галилеяга барганда, Петир балык уулоону чечет. Аны коштоп, башкалар да барат. Ал кайрадан өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн өткөргөн баягы көлүнүн жээгинде. Кайыктын кыйчылдаган үнү, балык жыттанган тор, шарпылдап жээкке урунган толкундун дабышы — мунун баары ага аябай эле тааныш. Ошол түнү Петир Мырзасынын жердеги кызматы аяктаган соң андан ары кандай жашоо өткөрөрүн ойлонгонбу же аны баягы эле өзүнүн жөнөкөй жашоосу өзүнө тартканбы, ким билет? Канча аракет кылышпасын, ал түнү алар бир да балык кармай албай коюшат (Матай 26:32; Жакан 21:1—3).

Таң сүрүп келаткан маалда көлдүн жээгинен бирөөнүн карааны көрүнөт. Ал балыкчыларга: «Торду кайыктын оң жагына салгыла»,— деп айтат. Алар анын айтканындай кылып, 153 балык кармашат. Ошондо Петир ал кишинин ким экенин түшүнөт. Ал дароо сууга секирип, жээкти көздөй сүзүп жөнөйт. Иса элчилерине отко кактап, балык бышырып койгон эле. Анын көңүлү Петирге бурулган.

Иса андан: «Симон, буларга караганда мени көбүрөөк жакшы көрөсүңбү?» — деп сураганда жаңы эле кармалган балыктарды айтса керек. Петирдин жүрөгүндө балык уулоого болгон сүйүү менен Исага болгон сүйүүнүн ортосунда күрөш жүрдү беле? Иса өзүнөн үч жолу баш тарткан Петирге башкалардын алдында аны сүйөрүн үч жолу билдирүүгө мүмкүнчүлүк берген. Анан ал Петирге сүйүүсүн ыйык кызматты биринчи орунга коюу менен жана оторду кайтаруу менен көрсөтө аларын түшүндүргөн (Жакан 21:4—17).

Ошентүү менен Иса Петирди өзү жана Жахаба дагы деле баалаарына ынандырган. Кийинчерээк Петир жыйналышта абдан маанилүү иштерди аткарган. Ооба, Иса аны айкөлдүк менен кечирген. Бул, албетте, Петирдин жүрөгүн козгобой койгон эмес.

Петир Мырзасы тапшырган ишти ишенимдүүлүк менен аягына чыгарган. Ал ишенимдештерин бекемдөө менен Исанын өлөр алдында берген буйругун аткарган. Ал Машаяктын оторун кайтарууда боорукер жана чыдамкай болгон. Ошентип, Симон Исанын ага «аска таш» деген маанини билдирген Петир деп койгон атын актап, жыйналыш үчүн, чынында эле, ишенимдүү, туруктуу, бекем тирек болгон. Буга Ыйык Китепке кирген анын мээримдүүлүк менен жазган эки каты далил. Ал ошондой эле, каттарынан көрүнүп тургандай, Исадан кечиримдүүлүккө үйрөнгөнүн эч качан унуткан эмес (1 Петир 3:8, 9; 4:8).

Келгиле, биз да кечиримдүү болууга умтулалы. Көптөгөн каталарыбыз үчүн Кудайдан дайыма кечирим сурайлы. Анын бизди кечирерине жана таза абийирге ээ кыларына шектенбейли. Башкаларды да кечире билели. Ушундай кылсак, Петирдин ишенимин жана Исанын кечиримдүүлүгүн туураган болобуз.

[22-беттеги сүрөт]

Петирди Мырзасы көп жолу кечирген. Биз да күн сайын көп ката кетиргендиктен кечирилүүгө муктажбыз

[23-беттеги сүрөт]

«Иса бурулуп, Петирди карады»

[24-беттеги сүрөт]

Иса Петирге көрүнгөн