Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Исанын жолун так жолдоп жатасыңарбы?

Исанын жолун так жолдоп жатасыңарбы?

Исанын жолун так жолдоп жатасыңарбы?

«Силер ага ылайык жашап келатасыңар. Бирок бул жагынан дагы да ийгилик кыла бергиле» (1 ТЕС. 4:1).

1, 2. а) Исанын күндөрүндө көптөр кандай улуу иштерге күбө болушкан? б) Эмне үчүн биздин доорду да өзгөчө доор деп айтууга болот?

ЭГЕР сен Иса жерде жүргөн убакта жашасаң, жашооң кандай сонун болмоктугу жөнүндө ойлонуп көрдүң беле? Балким, Иса сени ооруларыңдан айыктырганда канчалаган азап-кайгыдан арылмактыгың тууралуу ойлонгондурсуң. Же болбосо Исаны өз көзүң менен көрүп, өз кулагың менен угуудан жана андан акыл-насаат алып, кереметтерине күбө болуудан ырахат алып жатканыңды элестеткендирсиң (Мр. 4:1, 2; Лк. 5:3—9; 9:11). Исанын ошол иштеринин баарына күбө болуу кандай гана чоң сыймык болмок! (Лк. 19:37). Ошондон бери бир да муун андай нерселерди көргөн эмес, Исанын «өзүн курмандыкка берүүнүн» аркасында жерде аткарган иштери да эч качан кайталанбайт (Эвр. 9:26; Жкн. 14:19).

2 Бирок биз да өзгөчө доордо жашап жатабыз. Эмне үчүн минтип айтууга болот? Биз Жазмада алдын ала айтылган «акыркы мезгилде», «акыркы күндөрдө» жашап жатабыз (Дан. 12:1—4, 9; 2 Тим. 3:1). Ушул мезгил аралыгында Шайтан асмандан кулатылган. Кийинчерээк ал байланып, «түпсүз туңгуюкка» ыргытылат (Аян 12:7—9, 12; 20:1—3). Андан сырткары, ушул убакытта биз эч качан кайталанбай турган ишке — дүйнө жүзү боюнча адамдарга жакында орной турган Бейиш жөнүндө айтып, «падышалык жөнүндөгү... жакшы кабарды» жарыялоо ишине — катышуу сыймыгына ээбиз (Мт. 24:14).

3. Асманга көтөрүлөр алдында Иса өзүнүн жолдоочуларына эмне кылууну буйруган жана ал өз ичине эмнени камтымак?

3 Асманга көтөрүлөр алдында Иса өзүнүн жолдоочуларына: «Иерусалимде, бүт Жүйүт жеринде, Самарияда, ошондой эле жердин учу-кыйырына чейин менин күбөлөрүм болосуңар»,— деген (Элч. 1:8). Ошол иш өз ичине бүтүндөй жер шарында жүргүзүлө турган окутуу ишин камтымак. Ал кандай максатта жүргүзүлмөк? Дүйнө түзүлүшүнүн аягы келгиче, шакирттерди, атап айтканда, Исанын жолдоочуларын даярдоо максатында жүргүзүлмөк (Мт. 28:19, 20). Машаяктын тапшырмасын ийгиликтүү аткаруу үчүн биз эмне кылышыбыз керек?

4. а) 2 Петир 3:11, 12деги күчтүү сөздөр эмне кылышыбыз керектигин баса белгилейт? б) Эмнеден сак болушубуз керек?

4 Элчи Петирдин төмөнкү күчтүү сөздөрүнө көңүл бурсаңар: «Силер жүрүм-туруму ыйык жана Кудайга берилген адамдардан болушуңар керек эмеспи! Ошондой эле Жахабанын күнүнүн келишин күтүп, аны эсиңерде бек сактагыла» (2 Пет. 3:11, 12). Петирдин сөздөрү акыркы күндөрдө сергек болуп, Кудайга болгон берилгендигибизди сактоо биз үчүн баарынан маанилүү экенин иштерибиз менен көрсөтүшүбүз керектигин баса белгилейт. Андай иштерге жакшы кабар айтуу кирет. Ошондуктан дүйнө жүзүндөгү бир туугандарыбыздын Машаяк тапшырган кабар айтуу ишин ынталуулук менен аткарып жатканын көрүү кандай гана кубанычтуу! Ошону менен бирге биз Шайтандын дүйнөсүнүн күнүмдүк кысымы жана күнөө кылууга болгон жакындыгыбыз Кудайга кызмат кылууда ынтабызды суутуп койбошу үчүн, сак болушубуз керектигин түшүнөбүз. Андыктан, келгиле, Исанын жолун так жолдоп жатканыбызга кантип ынансак болорун карап көрөлү.

Кудай берген жоопкерчиликтерди даярдуулук менен кабыл алгыла

5, 6. а) Пабыл Иерусалимдеги ишенимдештерин эмне үчүн мактаган жана эмнеден сак болууну эскерткен? б) Кудай тапшырган жоопкерчиликтерибизге эмне себептен жеңил ойлуу карабашыбыз керек?

5 Иерусалимдеги ишенимдештерине жолдогон катында элчи Пабыл аларды куугунтуктарга карабай туруктуу, ишенимдүү бойдон калганы үчүн мактаган. «Мурунку күндөрүңөрдү эстегилечи: чындыкты таанып-билгенден кийин силер азап чегип, улуу күрөштө туруктуу болгонсуңар»,— деген ал. Ооба, Жахаба алардын берилгендигин унуткан эмес (Эвр. 6:10; 10:32—34). Пабылдын мактап, жылуу сөздөрдү айтканы Исанын ал эврей жолдоочуларын бир топ эле бекемдесе керек. Бирок ошол эле катында Пабыл адамдар ийкемдүү келген алсыздыкты башкара билбесе, ал Кудайга кызмат кылууда ынталуулукту басаңдатышы мүмкүн экенин эскерткен. Ал Исанын жолдоочуларынын Кудайдын осуяттарына «баш ийбей коюудан» сак болушу керектигин айткан. Түп нускада бул сөздөр сөзмө-сөз «баш ийбөөгө шылтоо издөө» дегенди билдирет (Эвр. 12:25).

6 Кудай тапшырган жоопкерчиликтерди аткарбоого шылтоо издөөдөн сак болууга байланыштуу ал эскертүү Исанын бүгүнкү күндөгү жолдоочуларына да тиешелүү. Биз Исанын жолдоочулары катары аткарышыбыз керек болгон милдеттерибизге жеңил ойлуу карабоого жана Кудайга кызмат кылууда жигердүүлүгүбүздөн жазбоого чечкиндүү болушубуз керектигин түшүнөбүз (Эвр. 10:39). Анткени ыйык кызмат кылуу өмүр менен өлүм маселесине байланыштуу (1 Тим. 4:16).

7, 8. а) Кудайга кызмат кылууда ынталуулугубуздан жазбоого эмне жардам берет? б) Баштапкы ынтабыздын сууп баратканын байкасак, Жахаба менен Иса жөнүндө эмнени эсибизден чыгарбашыбыз керек?

7 Бизге Кудайдын алдындагы милдеттерибизди аткарбоого шылтоо издөөдөн сак болууга эмне жардам берет? Ал алсыздык менен күрөшүүнүн маанилүү бир жолу — арналуу убадасынын мааниси жөнүндө дайыма ой жүгүртүү. Чын-чынында, биз Жахабага анын эркин аткарууну жашообузда эң негизги орунга коёрубузду убадалаганбыз. Ошол убадабызга тургубуз келет (Оку: Матай 16:24). Андыктан мезгил-мезгили менен ой токтотуп, өзүбүзгө: «Жаңы чөмүлтүлгөндө Кудайга арналуума ылайык жашоого кандай чечкиндүү болсом, дагы деле ошондой чечкиндүүмүнбү? Же жылдар айланган сайын баштапкы ынтам сууп баратабы?» — деген суроолорду берип турушубуз зарыл.

8 Өзүбүздү чынчылдык менен текшергенден кийин мурдагыдай күйүп-жанбай калганыбызды баамдасак, Сепания пайгамбардын кайраттандырарлык сөздөрүн эстесек болот. Ал мындай деген: «Сенин колуңдан күч кетпесин! Сенин Кудай-Теңириң сени менен. Анын сени куткарганга күчү жетет. Ал сен үчүн абдан кубанат» (Сеп. 3:16, 17). Алгач бул бекемдээрлик сөздөр Бабыл кулчулугунан Иерусалимге кайтып келген байыркы ысрайылдыктарга айтылган. Бирок ал убада Кудайдын бүгүнкү күндөгү кызматчыларына да тиешелүү. Биз аткарып жаткан иш Жахабанын иши болгондуктан, бизге ал тапшырманы толугу менен аткарууга Жахаба менен анын Уулунун күч берерин жана колдоо көрсөтөрүн эсибизден чыгарбашыбыз кажет (Мт. 28:20; Флп. 4:13). Эгер биз Кудайдын ишин жүрөк жалыны менен берилип аткара берсек, ал батасын төгүп, рухий жактан алга илгерилей беришибизге жардам берет.

Ынталуулук менен «биринчи кезекте Кудайдын падышалыгын... издегиле»

9, 10. Исанын конок чакырган киши жөнүндөгү мисалында кандай ой камтылган жана андан кандай сабак ала алабыз?

9 Фарисейлердин башчысынын үйүндө конокто отурганда Иса чоң дасторкон жайып, көп конок чакырган бир киши жөнүндө мисал айтып берет. Ошол мисалында ал асман Падышалыгына кирүү мүмкүнчүлүгү ар кандай адамдарга берилерин көрсөткөн. Ошондой эле шылтоо издөө деген эмнени билдирерин сүрөттөп берген (Оку: Лука 14:16—21). Исанын мисалындагы чакырылган меймандар конокко келбеш үчүн ар нерсени шылтоо кылышат. Бири жаңы эле сатып алган жерин көрүп келиши керектигин айтса, экинчиси бир нече өгүз сатып алганын жана аларды сынагысы келип жатканын айтат. Дагы бири: «Мен жаңы эле үйлөндүм, ошондуктан бара албайм»,— дейт. Бирок, чынында, булардын баары жөн эле шылтоо болчу. Жер же мал ала турган киши, адатта, аларды сатып алардан мурун сынап-текшерип көрөт, андыктан аларды сатып алгандан кийин текшерүү өтө деле шашылыш иш эмес болчу. Адам жаңы үйлөнсө эле андай маанилүү чакырыкты кабыл албай коюшу керек беле? Ырас, мисалдагы кожоюндун каарданганы таң калыштуу эмес.

10 Кудайдын кызматчыларынын баары Исанын ошол мисалынан кандай сабак ала алышат? Биз мисалда айтылып өткөн сыяктуу жеке иштерибизди өтө эле маанилүү көрүп, алардын айынан Кудайга кызмат кылууну кийинкиге жылдырып койбошубуз керек. Эгер Исанын жолдоочусу жеке иштерин тийиштүү орунга койбосо, анын кызматтагы ынталуулугу бара-бара басаңдап калат (Оку: Лука 8:14). Буга жол бербөө үчүн биз Исанын: «Мындан ары да биринчи кезекте Кудайдын падышалыгын жана адилдигин издегиле»,— деген чакырыгына ылайык жашашыбыз кажет (Мт. 6:33). Кудайдын бардык кызматчыларынын — жаштардын да, карылардын да — ошол даанышман кеңешке кулак кагып жатканын көрүү кандай гана бекемдээрлик! Көптөр кызматка көбүрөөк убакыт бөлүү үчүн жашоосун жөнөкөйлөтүп жатышат. Алар биринчи кезекте Кудайдын Падышалыгын издөө чыныгы бакыт жана зор канааттануу тартуулаарына өз тажрыйбасынан ынанууда.

11. Кайсы ыйык китептик билдирүү Кудайга бүт жүрөгүбүз, ынтабыз менен кызмат кылуунун маанилүүлүгүн көрсөтүп турат?

11 Кудайга кызмат кылууда ынталуу болуу канчалык маанилүү экенин Ысрайыл падышасы Жааштын жашоосундагы бир окуядан көрүүгө болот. Ал Сирия аскери ысрайыл элине кыргын салып кетет деп бушайман болуп, Элиша пайгамбарга ыйлап келет. Пайгамбар Жахабанын ал элдин үстүнөн жеңишке жеткирерин көрсөтүп, терезеден Сирияны көздөй жаа тартууну буйрат. Бул падышаны кайраттандырганы шексиз. Анан Элиша Жаашка жебелерин алып, жерге урууну айтканда, ал үч жолу урат. Элиша буга ачууланат, себеби ал беш же алты жолу урса, «сириялыктарды таптакыр талкаламак». Эми Жааш үч эле жолу жеңишке жетмек; аларды биротоло жеңмек эмес. Ынталуулук менен иш кылбагандыктан Жааштын ийгилиги чектелүү болгон (2 Пад. 13:14—19). Бул билдирүүдөн кандай сабак алсак болот? Биз бүт жүрөгүбүз, ынтабыз менен иш кылганда гана Жахаба батасын мол берет.

12. а) Кыйынчылыктарга карабай Кудайга ынталуу кызмат кыла берүүгө эмне жардам берет? б) Дайым кызмат менен алек болуудан кандай пайдаларды алып жатасыңар?

12 Жашоодогу кыйынчылыктарда Кудайга кызмат кылууга болгон ынталуулугубуз жана берилгендигибиз сыналат. Көптөгөн бир туугандар экономикалык кыйынчылыктар менен күрөшүп келишет. Башкаларынын олуттуу оорусу Жахабага кызмат кылууда мүмкүнчүлүктөрүн чектеп жатканына көңүлү чөгөт. Ошентсе да ар бирибиз жүрөгүбүздөгү жалынды өчүрбөй, Машаяктын жолун так жолдой беришибиз үчүн иш-аракет кыла алабыз. «Сага дайыма Машаяктын изи менен жүрүүгө эмне жардам берет?» деген кутучада айрым кеңештер жана аяттар келтирилди. Аларды жашоодо кантип мүмкүн болушунча натыйжалуу колдонсоңор болору тууралуу ойлонуп көргүлө. Ошентсеңер, көп пайда аласыңар. Дайыма кызмат менен алек болуу бизге тең салмактуу, туруктуу болууга жардам берет, жашообузду байытат, зор тынчтык жана бакыт тартуулайт (1 Кор. 15:58). Андан тышкары, Кудайга жан-дилден кызмат кылуу Жахабанын күнүн эсибизде бек сактоого көмөк кылат (2 Пет. 3:12).

Жагдай-шартыңарды чынчылдык менен таразалап көргүлө

13. Кудайга жан-дилден кызмат кылуу жеке биз үчүн эмнени билдирерин кантип аныктасак болот?

13 Бирок жан-дилден кызмат кылуу кызматка канча убакыт жумшап жатканыбыз менен аныкталбасын эске алуу маанилүү. Ар кимдин жагдай-шарты ар кандай болот. Эгер адам айына бир-эки эле саат кабар айта алса да, анын ден соолугу чынында ушунча эле убакыт бөлүүгө жол берсе, анда анын кызматы Жахабага абдан жагымдуу болот (Салыштыр: Марк 12:41—44). Демек, Кудайга жан-дилден кызмат кылуу жеке биз үчүн эмнени билдирерин аныктоо үчүн мүмкүнчүлүктөрүбүздү жана жагдай-шартыбызды чынчылдык менен таразалап көрүшүбүз зарыл. Андан сырткары, биз Машаяктын жолдоочулары катары аныкындай көз карашта болууга умтулабыз (Оку: Римдиктер 15:5; 1 Кор. 2:16). Иса жашоосунда эмнени биринчи орунга койгон? Капернаумдан келгендерге ал: «Кудайдын падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды башка шаарларга да жарыялашым керек, анткени мен ошол үчүн жиберилгем»,— деп айткан (Лк. 4:43; Жкн. 18:37). Исанын кызматка болгон ынтасын эске алып, көбүрөөк кызмат кыла алар-албасыңарды аныктоо үчүн жагдай-шартыңарды таразалап көргүлө (1 Кор. 11:1).

14. Кандай жолдор менен кызматыбызды кеңейтсек болот?

14 Жагдай-шартыбызды кылдат карап чыккандан кийин кызматка мурдагыдан көбүрөөк убакыт арнай аларыбызды байкашыбыз мүмкүн (Мт. 9:37, 38). Мисалы, жакында эле мектепти бүтүргөн миңдеген жаштарыбыз кызматын кеңейтип, пионер болуп ынталуу кызмат кылуунун аркасында келүүчү кубанычка ээ болуп жатышат. Андай кубанычты силер да татып көргүңөр келеби? Айрым бир туугандар жагдай-шартын таразалап көрүп, өз өлкөсүндөгү, атүгүл чет өлкөдөгү Падышалыктын жарчыларына муктаждык көбүрөөк жерлерге көчүп бара аларын баамдашууда. Ал эми башкалары чет өлкөлүк кишилерге жардам берүү үчүн чет тилин үйрөнүп жатышат. Кызматыбызды кеңейтүү оңой болбошу мүмкүн, бирок ал мол баталарга ээ кылат жана ошонун аркасында биз көптөгөн адамдарга «чындыкты так таанып-билүүгө» көмөк кыла алабыз (1 Тим. 2:3, 4; 2 Кор. 9:6).

Ыйык Китепте жазылган үлгүлөр

15, 16. Машаяктын ынталуу жолдоочулары болушубуз үчүн кимдерден үлгү алсак болот?

15 Айрым элчилер, Машаяк аларды өзүнүн жолдоочусу болууга чакырганда, кандай жооп кайтарышкан? Матай жөнүндө: «Ал бардыгын таштап, ордунан турду да, Исанын артынан жөнөдү»,— делет (Лк. 5:27, 28). Балык уулап жаткан Петир менен Андрес тууралуу: «Алар ошол замат торлорун таштап, анын артынан жөнөштү»,— дегенди окуйбуз. Андан кийин Иса атасы менен торлорун оңдоп жаткан Жакып менен Жаканды көрөт. Исанын чакырыгын укканда алар эмне кылышкан? «Ошол замат... кайыкты жана атасын калтырып, анын артынан ээрчип жөнөшкөн» (Мт. 4:18—22).

16 Кийин элчи Пабыл болгон Шабыл да сонун үлгү калтырган. Мурда Машаяктын жолдоочуларын ырайымсыздык менен куугунтуктаса да, ал жаман жолунан бурулган жана Машаяктын ысмын алып жүрө турган «идиш» катары тандалган. Пабыл «Исанын Кудайдын Уулу экенин синагогаларда токтоосуз түрдө жарыялай баштаган» (Элч. 9:3—22). Оор кыйынчылыктарга, катуу куугунтуктарга кабылса да, ал эч качан ынталуулугун жоготкон эмес (2 Кор. 11:23—29; 12:15).

17. а) Машаяктын жолун жолдоого байланыштуу эмне кылууга чечкиндүүсүңөр? б) Жахабанын эркин бүт жүрөгүбүз, бүт күчүбүз менен аткарсак, кандай баталарга ээ болобуз?

17 Биз ал шакирттердин мыкты үлгүсүнө карманып, Машаяктын жолдоочусу болуу чакырыгына дароо жана эч шарт койбой жооп кайтаргыбыз келет (Эвр. 6:11, 12). Машаяктын жолун ынталуу жана так жолдой берсек, кандай баталарды алабыз? Кудайдын эркин аткаруудан чындап ырахат табабыз, кызматта жана жыйналышта кошумча сыймыктуу жоопкерчиликтерге ээ болуудан канааттануу алабыз (Заб. 39:9; оку: 1 Тесалоникалыктар 4:1). Ооба, бүт ынтабыз менен Машаяктын жолун жолдой берсек, Кудайдын жактыруусу, жан дүйнө бейкуттугу, канааттануу, ыраазы болуп жашоо жана түбөлүк өмүр сүрүү үмүтү сыяктуу мол жана узакка созулуучу баталарга ээ болобуз (1 Тим. 4:10).

Эсиңердеби?

• Бизге кандай маанилүү иш тапшырылган жана ага кандай карашыбыз керек?

• Адамдар ийкемдүү келген кайсы алсыздык менен күрөшүшүбүз керек жана эмне себептен?

• Эмнени чынчылдык менен таразалап көрүшүбүз керек?

• Машаяктын жолун жолдой берүүгө эмне жардам берет?

[Изилдөө суроолору]

[27-беттеги кутуча]

Сага дайыма Машаяктын изи менен жүрүүгө эмне жардам берет?

▪ Кудай Сөзүн күнүгө окуп, окугандарың жөнүндө ой жүгүрт (Заб. 1:1—3; 1 Тим. 4:15).

▪ Дайыма Кудайдын рухунун жардамын жана жетекчилигин сурап тилен (Зах. 4:6; Лк. 11:9, 13).

▪ Жан-дилден кызмат кылган бир туугандар менен пикир алыш (Накыл 13:20; Эвр. 10:24, 25).

▪ Убакыттын аз калганын аңдай бил (Эф. 5:15, 16).

▪ Шылтоо издөөнүн кесепеттүү экенин түшүн (Лк. 9:59—62).

▪ Арналуу убадаң жөнүндө жана жан-дилден Жахабага кызмат кылуунун, Машаяктын жолун жолдоонун аркасында келчү баталар жөнүндө дайыма ой жүгүрт (Заб. 115:3—5; 132:3; Накыл 10:22).