Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудай көрбөйбү?

Кудай көрбөйбү?

Кудай көрбөйбү?

2001-жылы 11-сентябрда эртең мененки саат 8.46да Нью-Йорктогу Эл аралык соода борборунун түндүк тарабындагы мунарасына террордук чабуул жасалган. Көз ачып-жумганча экинчи чабуул жасалып, баш-аягы, 102 мүнөттүн ичинде эле 3 000дей киши өмүрү менен кош айтышкан.

2004-жыл, 26-декабрь

Инди океанындагы 9 баллга жеткен жер титирөөдөн кийин болгон цунамиден 11 өлкө, анын ичинде 5 000 километрдей алыс жайгашкан Африка өлкөлөрү да жабыр тарткан. Бир эле күндүн ичинде 150 000 киши набыт болгон же дайынсыз жок болгон, ал эми бир миллиондон ашуун киши үй-жайсыз калган.

2009-жылы 1-августта 42 жаштагы киши 5 жашар уулу экөө суу мотоцикли менен келе жатып, кеме токтоочу жайга келип урунган. Ал ошол жерден эле кайтыш болгон. Уулу болсо катуу жаракат алып, кийинки күнү каза болгон. «Биз аны керемет болуп айыгып кетет деп үмүттөнгөнбүз»,— деп кейийт жакын тууганы.

Террордук чабуул же табигый кырсыктар жөнүндө окуганда же өзүң кандайдыр бир кырсыкка кабылганда: «Ушундай кырсык-каргашалардын болуп жатканын Кудай көрбөйбү? Ага биздин кыйналганыбыз баары бирби?» — деп ойлондуң беле? Ыйык Китепте бул суроолорго жубатарлык жооптор бар. Муну кийинки макалалардан билебиз.

[3-беттеги сүрөттүн булагы]

© Dieter Telemans/Panos Pictures

PRAKASH SINGH/AFP/Getty Images

© Dieter Telemans/Panos Pictures