Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эркектер, Машаяктын башчылыгына баш ийип жатасыңарбы?

Эркектер, Машаяктын башчылыгына баш ийип жатасыңарбы?

Эркектер, Машаяктын башчылыгына баш ийип жатасыңарбы?

«Ар бир эркектин башчысы Машаяк» (1 КОР. 11:3).

1. Жахабанын тартиптин Кудайы экенин эмне көрсөтүп турат?

«КУДУРЕТТҮҮ Кудайыбыз Жахаба, сен даңкталууга, урматталууга татыктуусуң,— делет Аян 4:11де,— анткени баарын сен жараткансың, бардыгы сенин эркиң менен жаратылып, бар болуп турат». Жахаба Кудай көзгө көрүнгөн-көрүнбөгөндүн баарын жараткан, ошондуктан ал — ааламдын жана бүт жаратуулардын Эң Жогорку Эгедери. Анын «баш аламандыктын эмес, тынчтыктын Кудайы» экенин периштелерден турган үй-бүлөсүнүн кандайча уюшулганынан айкын көрүүгө болот (1 Кор. 14:33; Ыш. 6:1—3; Эвр. 12:22, 23).

2, 3. а) Жахабанын эң биринчи жаратуусу ким болгон? б) Кудайдын тун Уулу Атасына карата кандай абалды ээлейт?

2 Эч нерсе жаратыла электе эле, Кудай сан жеткис кылымдар мурун эле бар болчу. Ал эң алгач «Сөз» деп белгилүү болгон рухий жаратууну жараткан. Анын «Сөз» деп аталганынын себеби ал Жахабанын Өкүлү болгон. Сөз аркылуу бүт баары жаратылган. Кийин ал жеткилең адам болуп жерге келген жана Иса Машаяк деп аталган (Оку: Жакан 1:1—3, 14).

3 Жазмада Кудайдын жана анын тун Уулунун бири бирине карата кандай абалды ээлээри тууралуу эмне делет? Ыйык рухтун жетеги менен элчи Пабыл: «Ар бир эркектин башчысы Машаяк, аялдын башчысы эркек, Машаяктын башчысы Кудай экенин билишиңерди каалайм»,— деген (1 Кор. 11:3). Машаяк Атасынын башчылыгына баш иет. Башчылык кылуу жана баш ийүү аң-сезимдүү жаратуулардын ортосунда тынчтык, тартип өкүм сүрүшү үчүн абдан маанилүү. Атүгүл бардык нерсени жаратууга катышкан Исадан да Кудайдын башчылыгына баш ийүү талап кылынат (Кол. 1:16).

4, 5. Жахабага карата ээлеген абалына Иса кандай караган?

4 Иса Жахабага баш ийүүгө жана жерге келүүгө кандай караган? Жазмада мындай делет: «[Машаяк Исанын] бейнеси Кудайдыкындай болсо да, Кудайдын абалын ээлеп алуу, атап айтканда, аны менен тең болуу оюна да келген эмес. Тескерисинче, ал бардык нерсесин калтырган жана адамдарга окшош болуп, кул кейпин кийген. Ал адам болуп жашап, өзүн басынткан жана өлгөнгө чейин, жаза устунунда өлгөнгө чейин тил алчаак болгон» (Флп. 2:5—8).

5 Иса дайыма Атасынын эркине момундук менен баш ийген. Ал: «Мен өз алдымча эч нерсе кыла албайм... Мен жүргүзгөн сот туура, анткени өзүмдүн эмес, мени жибергендин эркин аткарууга умтулам»,— деп айткан (Жкн. 5:30). «Мен ар дайым ага [Атама] жакканды жасайм»,— деген ал (Жкн. 8:29). Жердеги жашоосунун аягында Иса Атасына: «Мага тапшырган ишиңди аягына чыгаруу менен мен сени жер үстүндө даңктадым»,— деп тиленген (Жкн. 17:4). Арийне, Исага Кудайдын башчылыгын кабыл алып, ага баш ийүү кымындай да кыйын болгон эмес.

Уулунун Атасына баш ийүүдөн пайда алышы

6. Иса кандай сонун сапаттарды чагылдырган?

6 Иса жерде жүргөндө көптөгөн сонун сапаттарды чагылдырган. Алсак, ал Атасына болгон күчтүү сүйүүсүн айгинелеген. Ал: «Атамды жакшы көрөм»,— деген (Жкн. 14:31). Ал адамдарга да зор сүйүү көрсөткөн (Оку: Матай 22:35—40). Иса орой, өктөм эмес, боорукер жана сылык-сыпаа болгон. «Мээнеттенгендер жана түйшүк тарткандар, баарыңар мага келгиле,— деп айткан ал.— Мен силерди сергитем. Менин моюнтуругумду алып, менден үйрөнгүлө, анткени мен жумшакмын жана жүрөгүм момун. Ошондо жаныңар сергийт. Себеби менин моюнтуругум ыңгайлуу, жүгүм жеңил» (Мт. 11:28—30). Исанын сонун сапаттары жана бекемдээрлик кабары ар кандай курактагы кой мүнөздүү адамдарды, айрыкча, кысымга алынып, басынтылгандарды сергитип-соороткон.

7, 8. Кан агуудан кыйналган аялга Мыйзам боюнча кандай чектөөлөр коюлган, бирок Иса ага кандай мамиле кылган?

7 Исанын аял затына кандай мамиле кылганын карап көрөлү. Кылымдар бою көптөгөн эркектер аялдарга аябай жаман мамиле кылып келишкен. Байыркы Ысрайылдагы диний жетекчилер да ошентишкен. Бирок Иса аялдарга урмат-сый менен мамиле кылган. Муну анын 12 жылдан бери кан агуудан азап чегип келген аялга жасаган мамилесинен көрүүгө болот. Айыгып кетүү үчүн «ал улам бир дарыгерге көрүнүп, аябай кыйналган» жана колунда болгон каражатынын баарын короткон. Бирок канча аракет кылбасын, «абалы начарлагандан начарлай берген». Мыйзам боюнча, ал таза эмес деп эсептелген. Эгер кимдир бирөө ага тийсе, таза эмес болуп калмак (Леб. 15:19, 25).

8 Исанын оорулууларды айыктырып жатканын укканда ал аял: «Сырт кийимине эле колумду тийгизсем айыгып калам»,— деп, аны тегеректеп жүргөн адамдарга аралай кирет. Ал Исага колун тийгизип, ошол замат дартынан айыгат. Иса ал аялдын анын кийимине колун тийгизбеши керектигин билген. Ошентсе да аны жемелебей, ага боорукердик көрсөткөн. Иса анын ошончо жылдар бою азап тартып келгендиктен өзүн кандай сезип жатканын түшүнгөн жана жардамга зар болуп турганын байкаган. Ал боорукердик менен ага: «Кызым, сени ишенимиң айыктырды. Тынчтык менен бара бер... дениң сак болсун»,— деген (Мр. 5:25—34).

9. Исанын шакирттери балдарга ага келүүгө тоскоолдук кылышканда, ал эмне кылган?

9 Жадагалса кичинекей балдар да Исанын жанында өздөрүн эркин сезишкен. Бир жолу эл ага балдарын алып келгенде, шакирттери аларды урушушкан. Сыягы, алар балдар Исанын тынчын алат деп ойлошсо керек. Бирок Иса андай ойдо болгон эмес. Жазмада мындай делет: «Муну көргөндө ал ачууланып, шакирттерине мындай деди: „Балдарды мага коё бергиле, аларга тоскоолдук кылбагыла, анткени Кудайдын падышалыгы ушуларга окшогондорго таандык“... Анан балдарды кучактап, алардын үстүнө колун коюп, батасын бере баштады». Иса балдарга өзүнө келүүгө уруксат берип эле койгон эмес, аларды жылуу тосуп алган (Мр. 10:13—16).

10. Иса жерде жүргөндө чагылдырган сапаттарын кантип өрчүткөн?

10 Иса жерде жүргөн кезинде чагылдырган сапаттарын кантип өрчүткөн? Жерге келгенге чейин ал сансыз жылдар бою асмандагы Атасын байкап, анын жолдорун өздөштүргөн (Оку: Накыл сөздөр 8:22, 23, 30). Асманда ал Жахабанын бардык жаратууларынын үстүнөн сүйүү менен башчылык жүргүзөрүн көрүп, өзү да ошентүүгө үйрөнгөн. Эгер Иса баш ийүүгө даяр болбосо, ушуларды кыла алат беле? Ал Атасына баш ийүүдөн ырахат алган, ал эми Жахаба ошондой Уулу бар экенине сыймыктанган. Жерде жүргөндө Иса асмандагы Атасынын кереметтүү сапаттарын жеткилең түрдө чагылдырган. Машаякка, асман Падышалыгынын Кудай дайындаган Башкаруучусуна, баш ийүү биз үчүн кандай чоң сыймык!

Машаяктын сапаттарын чагылдыргыла

11. а) Биз кимди тууроого талыкпай аракеттенишибиз керек? б) Эмне үчүн өзгөчө эркек бир туугандар Исаны тууроого умтулушу кажет?

11 Жыйналыштагылардын баары, айрыкча, эркектер Машаяктын сапаттарын чагылдырууга талыкпай аракеттене бериши керек. Жогоруда айтылгандай, Ыйык Китепте: «Ар бир эркектин башчысы Машаяк»,— делет. Машаяк өзүнүн Башчысы чыныгы Кудайды туурагандай эле, Исаны жолдогон эркектер өздөрүнүн башчысын — Машаякты — тууроого умтулушу зарыл. Исанын жолдоочусу болгондон кийин элчи Пабыл так ошондой кылган. Ал ишенимдештерин: «Мен Машаяктан үлгү алгандай, силер да менден үлгү алгыла»,— деп үндөгөн (1 Кор. 11:1). Ал эми элчи Петир: «Силер ушуга чакырылгансыңар. Анткени Машаяк да силер үчүн азап тартып, анын изи менен так жүрүшүңөр үчүн, силерге үлгү калтырган»,— деген (1 Пет. 2:21). Эркектер дагы бир маанилүү себептен улам Машаяктан үлгү алышы кажет. Алар — аксакалдар жана кызмат жардамчылары боло тургандар. Иса Жахабаны тууроодон кубаныч алгандай, Исаны жолдогон эркектер да Машаякты тууроодон жана анын сапаттарын чагылдыруудан кубаныч алышы керек.

12, 13. Аксакалдар аларга ишенип тапшырылган койлорго кандай мамиле кылышы керек?

12 Жыйналыштагы аксакалдар Машаяктай болууга үйрөнүшү керек. Петир аларга мындай кеңеш берген: «Кудайдын өзүңөргө тапшырылган оторун кайтаргыла; аргасыздан эмес, даярдуулук менен, арам жол менен пайда көрүү үчүн эмес, чын көңүлдөн, Кудайдын аманаты болгондорго үстөмдүк кылуу менен эмес, оторго үлгү көрсөтүү менен кайтаргыла» (1 Пет. 5:1—3). Исаны жолдогон аксакалдардын башкаларга үстөмдүк кылган, өкүмчүл, өз билгенин кылган, катаал кишилерден болбошу талап. Ооба, Машаяктын үлгүсүнө карманып, алар ишенип тапшырылган койлорго мээримдүүлүк, сылыктык, момундук жана боорукердик менен мамиле кылууга умтулушат.

13 Жыйналышта жетекчиликти колго алгандар жеткилеңсиз болгондуктан өз мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелүү экенин эстен чыгарбашы керек (Рим. 3:23). Андыктан алардын Иса жөнүндө көбүрөөк билүүгө жана анын сүйүүсүн чагылдырууга ынтызар болушу зарыл. Ошондой эле Кудайдын жана Машаяктын адамдарга кандай мамиле жасаары жөнүндө ой жүгүртүп, аларды тууроого умтулушу кажет. Петир бизге мындай кеңеш берген: «Бири-бириңерге мамиле кылууда баарыңар момундук менен курчангыла. Анткени Кудай бой көтөргөндөргө каршы турат, ал эми момундарга ырайым кылат» (1 Пет. 5:5).

14. Аксакалдар башкаларды канчалык урматташы керек?

14 Кудайдын оторуна мамиле кылууда жыйналыштагы ага-инилердин жакшы сапаттарды чагылдырышы талап. Римдиктер 12:10до: «Биртуугандык сүйүүңөрдү назиктик менен көрсөткүлө. Бири-бириңерге урмат көрсөтүүдө демилгени колго алгыла»,— деп жазылат. Аксакалдар жана кызмат жардамчылары башкаларга урмат көрсөтүшөт. Исанын бардык жолдоочуларындай эле, ал бир туугандар «эч нерсени тажаалдык же көйрөңдүк менен кылбашы», тескерисинче, момундук менен башкаларды өздөрүнөн жогору көрүшү кажет (Флп. 2:3). Жетекчиликти колго алгандар башкаларды өзүнөн жогору көрүшү керек. Ошондо алар Пабылдын төмөнкү кеңешине кулак каккан болот: «Биз, күчтүүлөр, алсыздардын алсыз жактарын көтөрүшүбүз керек. Өзүбүзгө гана жакканды кылбай, ар бирибиз жакыныбызга жакканды кылып, бекемдөө үчүн анын пайдасын көздөйлү. Анткени Машаяк да өзүнө гана жакканды кылган эмес» (Рим. 15:1—3).

Аялыңарга урмат көрсөткүлө

15. Күйөөсү аялына кандай мамиле кылышы керек?

15 Эми Петирдин үйлөнгөндөргө берген кеңешине токтололу. Ал мындай деп жазган: «Силер, күйөөлөр, мындан ары да аялыңарга алган билимиңерге жараша мамиле кылгыла... Аялзатынын морт идиштей алсызыраак экенин эске алуу менен аларга урмат көрсөткүлө» (1 Пет. 3:7). Кимдир бирөөгө урмат көрсөтүү деген аны кадырлап, жогору баалоону билдирет. Негизи, кимди кадырлап-сыйласаң, анын көз карашын, муктаждыктарын, каалоосун эске аласың жана олуттуу себеп болбосо эле, анын ою менен болууну чечесиң. Күйөөсү аялына мына ушундай мамиле кылышы керек.

16. Кудайдын Сөзүндө күйөөлөргө аялын урматтоого байланыштуу кандай эскертүү берилген?

16 Күйөөлөрдүн аялына урмат көрсөтүшү керектигин айтканда Петир: «Ошондо тиленүүлөрүңөргө тоскоолдук болбойт»,— деп эскерткен (1 Пет. 3:7). Бул Жахабанын эркектердин аялына кылган мамилесине олуттуу карай турганын айкын көрсөтүп турат. Эгер күйөө жарына урмат көрсөтпөсө, бул анын тиленүүлөрүнүн кабыл болушуна тоскоолдук кылышы мүмкүн. Анын үстүнө, күйөө аялына урмат-сый менен мамиле кылса, аялы да ага ошондой мамиле кылбайбы?

17. Күйөөсү аялын канчалык сүйүшү керек?

17 Күйөөсү аялын сүйүшү керектигине байланыштуу Кудай Сөзүндө мындай кеңеш берилет: «Күйөөлөр аялдарын өз денесин сүйгөндөй сүйүшү керек... Анткени эч ким эч качан өз денесин жек көрбөйт, тескерисинче, аны азыктандырып, бапестейт. Машаяк да жыйналышка ушундайча кам көрөт... Ар бириңер аялыңарды өзүңөрдү сүйгөндөй сүйгүлө» (Эф. 5:28, 29, 33). Күйөөсү аялын канчалык сүйүшү керек? «Күйөөлөр, аялыңарга болгон сүйүүңөрдү муздатпагыла. Машаяк да жыйналышты сүйүп, ал үчүн өмүрүн берген»,— деп жазган Пабыл (Эф. 5:25). Ооба, Машаяк башкалар үчүн өмүрүн берүүгө даяр болгондой эле, күйөөсү аялы үчүн өз өмүрүн берүүгө даяр болушу керек. Исаны жолдогон күйөө өмүрлүк жарына назиктик, сылыктык, камкордук жана жан аябастык менен мамиле кылганда, аялына анын башчылыгына баш ийүү оңой болот.

18. Күйөөгө аялына урмат көрсөтүүгө эмне жардам берет?

18 Зайыбына ушундайча урмат көрсөтүү күйөөлөр үчүн өтө эле катуу талап эмеспи? Жок, анткени Жахаба алардан колдон келбей турган нерсени эч качан талап кылбайт болчу. Андан тышкары, Жахабанын кызматчылары ааламдагы эң кубаттуу күчкө — Кудайдын ыйык рухуна — ээ боло алышат. Иса: «Силер күнөөкөр болуп туруп балдарыңарга жакшы белектерди бергенди билсеңер, анда ого бетер асмандагы Атаңар өзүнөн сурагандарга ыйык рухун бербейби?» — деген (Лк. 11:13). Күйөөлөр Жахабадан ыйык руху аркылуу аларга башкалар менен, анын ичинде жубайы менен болгон мамилесин жакшыртууга жардам беришин сурап тиленишсе болот (Оку: Элчилер 5:32).

19. Кийинки макалада эмне талкууланат?

19 Чынында эле, эркектердин Машаякка баш ийүүгө үйрөнүүгө жана анын башчылык кылганынан үлгү алууга байланыштуу чоң жоопкерчиликтери бар. Ал эми аял заты, айрыкча, зайыптар тууралуу эмне айтууга болот? Кийинки макалада алар Жахабанын түзүлүшүндөгү өздөрүнүн ролуна кандай карашы керектиги талкууланат.

Эсиңердеби?

• Исанын кайсы сапаттарын чагылдырышыбыз керек?

• Аксакалдар койлорго кандай мамиле кылууга тийиш?

• Күйөөсү аялына кандай мамиле кылышы керек?

[Изилдөө суроолору]

[10-беттеги сүрөт]

Исаны туурап, башкаларга урмат-сый көрсөт