Чыныгы досторду кантип тапса болот?
Жаш окурмандарга
Чыныгы досторду кантип тапса болот?
Көрсөтмө: бул көнүгүүнү тынч жерде аткар. Төмөндө берилген аяттарды окуп жатканда андагы каармандардын үнүн угуп, кандай сезимде болушканы жөнүндө ойлонуп, өзүңдү окуяга катышып жаткандай элестет.
Негизги каармандар: Жонатан, Дөөтү, Шабул
Кыскача маалымат: Дөөтү Голийатты өлтүргөндөн кийин, Жонатан экөө кан достордон болуп калышкан.
1 ОКУЯНЫ ТАЛДА. 1 ШЕМУЕЛ 17:57—18:11; 19:1; 20:1—17, 41, 42-АЯТТАРДЫ ОКУ.
Шабулду сүрөттөп бер (Жардам: 1 Шемуел 10:20—23-аяттарды кара).
․․․․․
Дөөтү Жонатан менен биринчи жолу жолукканда өспүрүм курактагы бала болсо керек. Дөөтүнү сүрөттөп бере аласыңбы? (Жардам: 1 Шемуел 16:12, 13-аяттарды кара).
․․․․․
1 Шемуел 20-бөлүмдөгү окуяны элестет. Дөөтү менен Жонатан коштошуп жатканда кандай сезимде болушкан деп ойлойсуң?
․․․․․
2 ТЕРЕҢ ОЙ ЖҮГҮРТ.
Ыйык Китепте: «Жонатан Дөөтүгө бүт жүрөгү менен тартылып, аны жанындай жакшы көрүп калды»,— деп айтылат (1 Шемуел 18:1). Жонатанга Дөөтүнүн кайсы сапаттары жаккан деп ойлойсуң? (Жардам: 1 Шемуел 17:45, 46-аяттарды кара).
․․․․․
Жонатан Дөөтүдөн 30 жаштай улуу болгон. Ушуга карабай эмне үчүн экөө жакшы достордон болуп калышкан?
․․․․․
Бул билдирүүдөн көрүнүп тургандай, чыныгы дос кандай болот? (Жардам: Накыл сөздөр 17:17; 18:24-аяттарды кара).
․․․․․
Жонатан Дөөтүгө атасына караганда эмне үчүн көбүрөөк берилгендик көрсөткөн?
․․․․․
3 БИЛГЕНДЕРИҢДИ ИШ ЖҮЗҮНДӨ КОЛДОН. ТӨМӨНКҮЛӨРГӨ БАЙЛАНЫШТУУ ЭМНЕЛЕРГЕ ҮЙРӨНГӨНҮҢДҮ ЖАЗ.
Достук.
․․․․․
Берилгендик.
․․․․․
Улуулар менен дос болуу.
․․․․․
Канткенде жакшы досторду таба аласың?
․․․․․
4 БУЛ БИЛДИРҮҮДӨН САГА ӨЗГӨЧӨ КАЙСЫ ОЙ ЖАКТЫ ЖАНА ЭМНЕ ҮЧҮН?
․․․․․
ЭГЕР ЫЙЫК КИТЕБИҢ ЖОК БОЛСО, ЖАХАБАНЫН КҮБӨЛӨРҮНӨН СУРАСАҢ БОЛОТ