Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Билесиңерби?

Билесиңерби?

Билесиңерби?

Элчи Пабыл «жеңиш жүрүшү» жөнүндө жазганда эмнени айткысы келген?

Элчи Пабыл мындай деп жазган: «Бизди Машаяк менен бирге дайыма жеңиш жүрүшүндө жетектеп жүргөн жана өзү жөнүндөгү билимдин жыпар жытын биз аркылуу бардык жерде таратып жаткан Кудайга алкыш! Анткени Кудай үчүн биз куткарыла тургандардын жана өлүмгө дуушар боло тургандардын арасында Машаяк жөнүндөгү кабардын жагымдуу жытыбыз. Өлүмгө дуушар боло тургандар үчүн өлүмгө алпаруучу өлүм жыты болсок, куткарыла тургандар үчүн өмүргө алпаруучу өмүр жытыбыз» (2 Корунттуктар 2:14—16).

Элчи Пабылдын бул сөздөрү римдиктердин жеңишти майрамдоодогу салтанаттуу жүрүшүн эске салат. Андай учурларда римдиктер олжосун да, туткундарды да салтанаттуу жүрүштө алып өтүшчү. Эл жеңишке жеткен аскер башы менен жоокерлерди даңктап-даңазалап жаткан маалда букаларды курмандык чалуучу жерге алып барышчу. Жүрүштүн аягында букаларды курмандыкка чалып, туткундардын көбүн, кыязы, өлтүрүшчү.

Айрымдар үчүн өмүрдү, ал эми кээ бирөөлөр үчүн өлүмдү билдирген «Машаяк жөнүндөгү кабардын жагымдуу жыты» деген каймана мааниде айтылган сөз, бир энциклопедияда айтылгандай, «кыязы, римдиктердин салтанаттуу жүрүштө жыпар жыттуу зат түтөтүү каадасынан алынган. Жеңүүчүлөрдүн урматына түтөтүлгөн жыпар заттын жыты туткундарга алдыда күтүп турган өлүмдү эске салып турган» * («The International Standard Bible Encyclopedia»).

Эврей Жазмаларындагы көп кездешкен «бийик жерлер» деген эмнени билдирген?

Ысрайылдыктар Убадаланган жердин босогосунда турганда Жахаба Кудай аларга Канаан жериндеги жалган кудайларга сыйынган жерлердин баарын жок кылууну буйруп: «Ал жерде жашагандардын... жасалма кудайларынын сүрөттөрүн, куюлган жасалма кудайларын, бутканаларын талкалагыла»,— деген (Сандар 33:52). Канаандыктар жалган кудайларга бийик жерлерде жайгашкан үстү ачык сыйынуу жайларында, бактардын түбүндө же шаарларда жайгашкан имараттарда сыйынышчу (1 Падышалар 14:23; 2 Падышалар 17:29; Жезекиел 6:3). Андай жерлерде курмандык чалуучу жайлар, ыйык мамылар, буркандар, жыпар жыттуу заттарды түтөтүүдө жана сыйынууда колдонула турган башка нерселер боло турган.

Иерусалимдеги ибадаткана курулганга чейин ысрайылдыктар Жахаба Кудай туура көргөн, Ыйык Жазмада «бийик жерлер» деп аталган жерлерде сыйынышчу. Шемуел пайгамбар да Зуп жериндеги аты аталбаган шаардагы «бийик жерге» курмандык чалган (1 Шемуел 9:11—14). Бирок ибадаткана курулгандан кийин Жахаба Кудайга берилгендикте кызмат кылган падышалар Ысрайыл жериндеги эл сыйынуу үчүн колдонуп келген «бийик жерлерди» жок кылууга аракет кылышкан (2 Падышалар 21:3; 23:5—8, 15—20; 2 Жылнаама 17:1, 6).

[Шилтемелер]

^ 5-абз. Элчи Пабылдын мисалы тууралуу көбүрөөк билүү үчүн «Күзөт мунарасынын» (ор.) 1990-жылдын 15-ноябрындагы санынын 27-бетин карагыла.

[23-беттеги сүрөт]

РИМДИКТЕРДИН ЖЕҢИШ ЖҮРҮШҮ ЧЕГИЛИП ТАРТЫЛГАН РЕЛЬЕФТИН БИР БӨЛҮГҮ, Б.З. 2-КЫЛЫМЫ

Photograph taken by courtesy of the British Museum

ЫЙЫК МАМЫЛАРДЫН КАЛДЫКТАРЫ, ГЕЗЕР