Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Жыгач уста»

«Жыгач уста»

Исанын алгачкы жолдоочуларынын жашоосу

«Жыгач уста»

«Бул жыгач устанын эле уулу эмеспи?» (МАТАЙ 13:55).

ИСА жыгач устанын уулу катары эле эмес, жыгач уста катары да таанымал болгон (Марк 6:3). Ал устачылыкка аны асырап алган атасы Жусуптан үйрөнсө керек.

Иса жыгач уста катары кандай жөндөмдүүлүктөргө ээ болушу керек эле жана кандай шаймандарды колдонгон? Ал кандай буюмдарды жасаган жана Назарет шаарынын тургундарына эмнелерди жасап бериши мүмкүн эле? Бала кезинде үйрөнгөн жыгач усталык өнөрүн кийин кандайча колдонгон?

Атадан балага өткөн өнөр. Төмөндөгү сүрөттө атасынын улуу баласына жаа сымал көзөгүчтү кантип туура колдонуу керектигин көрсөтүп жатканы тартылган. Ал эми кичүү баласы көңүл коюп карап, атасынын айткандарын кунт коюп угуп турат.

Адатта, эркек балдарды устачылыкка 12—15 жашында үйрөтө башташчу. Балдар, негизинен, бул өнөрдү атасынан үйрөнүшө турган. Бирок үйрөнүүгө көп жылдар кетчү. Чебер уста болууну каалаган баладан көп күч-аракет жумшоо талап кылынган. Жусуптун Исаны үйрөтүп жатып, көп убакыт аны менен пикир алышып, жагымдуу убакыт өткөргөнүн элестетсең. Ал Исанын чебер уста болгонун көрүп, аябай сыймыктанса керек.

Билим, күч жана жөндөмдүүлүк талап кылынган өнөр. Жыгач уста колдоно турган жыгачтардын түрүн жакшы билиши керек эле. Ал буюм-тайым жасоо үчүн өзү жашаган жерде өскөн эмен, кипарис, кедр, сикамор жана зайтун бактары сыяктуу бактардан тандачу. 1-кылымда керектүү өлчөмдө даярдалган жыгачтар сатылган дүкөндөр болгон эмес. Андыктан жыгач уста токойго барып, ылайыктуу бакты кыйып, андан соң аны устаканасына сүйрөп келчү.

Ал токойдон кыйып келген бактардан эмнелерди жасачу? Балким, кимдир бирөөгө үй курууга жардам берип, көп убакыт эшикте иштечү. Же үйдүн чатырын тиреп турган устундарды, үйдүн ичиндеги тепкичтерди, эшик-терезелерди жасаса керек.

Андан тышкары, ал эмеректерди да жасачу. Төмөндөгү сүрөттө андай буюмдардын айрымдары көрсөтүлгөн: (1) суурмалары, текчелери жана эшиги бар шкафтар, (2) отургучтар, (3) жөлөнгүчү бар отургучтар, (4) түзүлүшү жана көлөмү ар кандай болгон үстөлдөр жана бала жата турган керебеттер. Уста айрым эмеректерди кооздош үчүн жакшы жыгач тандап, аны жонуп, оюп, ар кандай сүрөттөрдү түшүрчү. Ал эми эмерек жакшы сакталышы үчүн жана аны кооздош үчүн сыртын момдоп, лактап же майлап койчу.

Ошондой эле жер иштеткен дыйкандар үчүн: (5) каамыт (моюнтурук), (6) катуу жыгачтан айры, тырмоо жана күрөктөрдү жасачу. Ал эми (7) сокону катуу жыгачтан жасап, таштак жерди да айдай алыш үчүн учуна темир бекитчү. Булардан тышкары, (8) кол арабаларды, малга чегиле турган арабаларды жана арабаларга тагыла турган дөңгөлөктөрдү жасачу. Ошондой эле устачылыкка эмеректерди, эмгек шаймандарын жана арабаларды оңдоо иши да кирчү.

Иса жыгач уста болуп иштегендиктен сырткы көрүнүшү кандай болгонун элестете аласыңбы? Ортоңку Чыгыштын мээ куйкалаган ысыгында иштегендиктен анын күнгө күйгөнүн, канчалаган жылдар бою жыгач менен алек болгондуктан күчкө толгон булчуңдарын, одуракай жыгач жана балта-чот менен иштегендиктен колдорунун катуу болуп калганын элестетсең.

Иса мисалдарды кайдан алган? Иса адамдарды Ыйык Китептеги терең чындыктарга окутууда турмуштан алынган жөнөкөй, тааныш мисалдарды чебер колдонгон. Ал жыгач уста болгондуктан ошого байланыштуу мисалдарды колдонгонбу? Келгиле, айрым мисалдарга токтололу. Бир жолу ал топ элге: «Эмнеге өз көзүңдөгү дөңгөчтү көрбөйсүң да, биртууганыңдын көзүндөгү кыпынды көрөсүң?» — деген сөздөрдү айткан. Ал жыгач уста болгондуктан устундун канчалык чоң жана оор болгонун жакшы билген (Матай 7:3). Дагы бир жолу элге: «Сокону кармап баратып, артындагы нерселерди карай берген адам Кудайдын падышалыгына жарабайт»,— деп айткан. Ооба, ал көптөгөн соколорду жасаса керек (Лука 9:62). Иса шакирттерине кайрылып: «Менин моюнтуругумду алып, менден үйрөнгүлө... менин моюнтуругум ыңгайлуу, жүгүм жеңил»,— деп айтканда жыгач устанын колунан бүткөн моюнтурукту мисал келтирген (Матай 11:29, 30). Иса моюнтурукту малдын мойнун өйкөбөгүдөй, ыңгайлуу кылып жасашты билгенине шек жок.

Исанын каршылаштары аны «жыгач устанын эле уулу» деп атоо менен баркка албаганын көрсөтүшкөн. Ошондой болсо да, анын 1-кылымдагы жолдоочуларындай болуп, бүгүнкү күндөгү жолдоочулары мурун жыгач уста болгон момун Мырзасынын жолун жолдоону сыймык катары көрүшөт.

[25-беттеги сүрөт]

Жыгач устанын жашиги

Исага окшогон 1-кылымдагы жыгач усталар бул жерде көрсөтүлгөн шаймандарды кантип колдонуу керектигин жакшы билиши керек болгон. Жыгач уста (1) сабы жыгачтан, тиштери темирден болгон араны колдончу. Ал (2) бурч чыгарыш үчүн бурчтукту, (3) тиктикти белгилөө үчүн жипке асма салмоорду колдончу. Ошондой эле анын жашигинде (4) жыгачтын бетинин түз же түз эмес экенин белгилей турган шайман, (5) сызгыч жана (6) темирин өйдө же ылдый жылдырып коюуга мүмкүн болгон, жыгачтын бетин жылмалай турган сүргүч, (7) бактарды кыюу үчүн балта боло турган.

Жыгач уста (8) жыгачты жонуп иштетүүчү шайманды, (9) кескичти колдонуп, жыгачты ар кандай формага келтирчү. Жашиктин үстүнөн жыгач мыктарды жана (10) тешкичти ура турган жыгач балканы көрүүгө болот. Ошондой эле (11) кол арааны, (12) жыгачтын одуракай жерлерин түздөөдө колдонулган жазы миздүү бычакты жана (13) мыктарды да көрө аласың. Жашиктин капталында (14) темир балка жана (15) жыгачтын кабыгын аарчууда колдонулган шайман турса, үстүндө (16) бычак жана (17) ар кандай көлөмдөгү тешкичтер жатат. Ал эми анын бурчунда (18) жаа сымал көзөгүч жөлөнүп турат.