Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Көпчүлүктүн оюна алдырба

Көпчүлүктүн оюна алдырба

Көпчүлүктүн оюна алдырба

ЭМНЕ орундуу, эмне орунсуз жана эмне мактоого татыктуу, ал эми эмне айыпталууга тийиш экенине байланыштуу көз караштар ар кайсы жерде ар кандай болот. Алар убакыттын өтүшү менен да өзгөрүп турат. Андыктан биз Жазмадан байыркы убакта болуп өткөн окуялар жөнүндө окуп жатканда окугандарыбызды өзүбүздүн көз карашыбыз боюнча түшүнүп албаш үчүн ошол убакта кеңири таралган көз караштарды жана баалуулуктарды билип алганыбыз маанилүү.

Мисалга Грек Жазмаларында көп айтылган урмат-сый жана уят жөнүндөгү түшүнүктөрдү алалы. Булар туурасында айтылган аяттарды тереңирээк түшүнүү үчүн биз ошол учурда жашаган адамдардын ал нерселерге кандай көз карашта болгонун карап чыкканыбыз дурус.

Биринчи кылымдагы баалуулуктар

«Гректердин, римдиктердин жана жүйүттөрдүн маданиятында сый-урматка жана уятка өзгөчө маани берилчү. Адамдар кадыр-баркка, беделге, атак-даңкка, жакшы атка жана урмат-сыйга ээ болуу үчүн жашап, ал үчүн атүгүл өлүмгө баш байлоого даяр болушчу»,— дейт бир илимпоз. Мындай ой-түшүнүктөн улам алар башкалардын оюна оңой эле алдырып коюшчу.

Ээлеген абалга өзгөчө маани берилген коомдо кулдардан тартып ак сөөктөргө чейин статусту, даражаны жана урмат-сыйды эң эле маанилүү нерселердин катарына коюшкан. Урмат-сыйга ээ болуу деген өз кадырын билүүнү эле эмес, башкалардын көз алдында беделдүү болууну билдирген. Кимдир бирөөнү урматтап-сыйлоо аны эл ичинде ардактоого, барктоого татыктуу киши катары кабыл алууну туюнткан. Ошондой эле бирөөнү урматтоо деген анын байлыгына, кызматына же даражасына таасирленгендикти көрсөтүп, ошого жараша мамиле жасоону да билдирген. Андан сырткары, киши жакшылык кылуу менен же башкалардан өзгөчөлөнүү менен урмат-сыйга татыган. Ал эми уят же шылдың болуу эл алдында кемсинтилип, маскаралануу менен коштолгон. Андайда адамды абийири жемелегенден тышкары, ал коомчулук тарабынан да айыпка алынган.

Иса тойдогу «төр» жана «босого» тууралуу айтканда ошол учурдун маданиятындагы урмат-сый жана уят жөнүндө сөз кылган (Лк. 14:8—10). Исанын шакирттери, бери дегенде эле, эки ирет «кимиси баарынан чоң экени жөнүндө өз ара талашышкан» (Лк. 9:46; 22:24). Алар талашкан нерсе өздөрү жашаган коомдогу адамдарды түйшөлткөн негизги маселелердин бири болгон. Ошол учурдагы текебер, атаандашкан жүйүт диний жетекчилери Исанын кабары алардын кадыр-баркын, беделин түшүрөт деп эсептешкен. Бирок, элдин көзүнчө жүргөн талкууларда алар өздөрүн Исадан артык көрсөтүүгө канчалык аракет кылбасын, андан эч кандай майнап чыккан эмес (Лк. 13:11—17).

Биринчи кылымдагы жүйүттөрдүн, гректердин жана римдиктердин ой-түшүнүгү боюнча, «адамдын кармалганы жана ага элдин көзүнчө кылмыш кылды деген айып тагылганы» уят деп эсептелген. Себеби алар адамдын кишенделип-байланганын же абакка түшүрүлгөнүн маскара катары көрүшкөн. Андай адам кылмышкер деп табылабы, жокпу, досторунун, үй-бүлөсүнүн жана жалпы коомчулуктун алдында баш көтөрө албай калган. Аброюн жоготуп, уят болгону анын өзүн сыйлоо сезимине жана башкалар менен болгон мамилесине доо кетирген. Ал эми кишинин жылаңачталганы же уруп-сабалганы байланып-кишенделгенинен да уят болгон. Мындай мамиле анын кордолуп-мазакталышына, урмат-сыйдан таптакыр ажырашына алып келген.

Жаза устунунда жазалануу барып турган маскарачылык катары каралган. Мартин Хенгел деген окумуштуунун айтымында, бул жаза менен «кулдар жазаланган... Анткени ал абдан кемсинтилүүнү, маскара болууну жана азап чегүүнү билдирген». Ушундай жол менен уят кылынган адамдын үй-бүлөсүнө жана досторуна андан кечүүгө кысым көрсөтүлгөн. Машаяк жаза устунунда өлүмгө кыйылгандыктан, б.з. 1-кылымында коомчулук анын жолун жолдогусу келгендердин баарын шылдыңга алган. Адамдардын басымдуу бөлүгү устунга кадалган кишинин жолдоочусу болууну акылсыздык деп эсептесе керек. «Биз болсо устунга кадалган Машаяк жөнүндө кабар айтып жатабыз. Бул — жүйүттөр үчүн мүдүрүлүүгө себеп, ал эми башка элдер үчүн акылсыздык»,— деп жазган Пабыл (1 Кор. 1:23). Исанын алгачкы жолдоочулары мындай кыйынчылыкты кантип жеңишкен?

Таптакыр башка баалуулуктар

Исанын биринчи кылымдагы жолдоочулары мыйзамга баш ийишкен жана жаман иш кылып уятка калбоого аракет жасашкан. Элчи Петир: «Араңардан эч ким киши өлтүрүп же уурулук кылып, же жаман иш кылып, же башкалардын ишине кийлигишип азап тартпасын»,— деген (1 Пет. 4:15). Бирок Иса жолдоочуларынын анын ысмы үчүн куугунтукталарын алдын ала айткан (Жкн. 15:20). «[Адам] Машаяктын жолдоочусу болгону үчүн азап тартса, анда уялбасын,— деп жазган Петир.— Тескерисинче, анын ысмын алып жүрүү менен Кудайды даңктасын» (1 Пет. 4:16). Машаяктын жолдоочусу болуудан уялбоо ошол учурдагы коомдо калыптанып калган нормаларды четке кагууга тете болгон.

Исанын жолдоочулары башка адамдардын принцип-нормаларына жетектелбеши керек. Биринчи кылымдагы коом устунга кадалган Машаякты акылсыз киши катары көргөн. Ал коом Машаяктын жолдоочуларына да ошол кеңири таралган көз карашты таңуулаган. Ошентсе да Исанын жолдоочулары анын Машаяк экенине бекем ишенгендиктен шылдыңга алынганына карабай анын жолун жолдоого чечкиндүү болушкан. Иса мындай деген: «Ушул бузулган, күнөөкөр муундун алдында ким мага шакирт болуудан жана сөздөрүмө ишенүүдөн уялса, адам Уулу да ыйык периштелердин коштоосунда Атасынын даңкы менен келгенде аны шакирти катары кабыл алуудан уялат» (Мр. 8:38).

Бүгүнкү күндө бизге Кудайдын жолунан тайдыруу максатында кысым көрсөтүлүшү мүмкүн. Чогуу окугандар, кошуна-колоңдор же бирге иштегендер адеп-ахлаксыз, чынчылдыкка жатпаган же башка шектүү иштерге түртүшү ыктымал. Андай адамдар туура принциптерге карманганыбыз үчүн бизди уялтууга аракет кылышы мүмкүн. Биз буга кандай карашыбыз керек?

Шылдың болгонуна карабай актыгын сактагандарды туурагыла

Жахабанын алдында актыгын сактоо үчүн Иса эң эле шылдыңдуу өлүм менен өлгөн. «Ал... шылдың болгонуна карабай жаза устунунда өлгөн» (Эвр. 12:2). Исанын душмандары аны жаакка чабышкан, ага түкүрүшкөн, кийимин сыйрып алып сабашкан, устунга кадашкан, мазакташкан (Мр. 14:65; 15:29—32). Алар башкалардын алдында Исанын кадырын түшүрүп, уятка калтырууга аракет кылышкан. Бирок ал мунун баарына чыдап, Кудайга болгон берилгендигинен жазган эмес. Анткени ал Жахабанын көз алдында кадыр-баркын жоготпогонун билген жана адамдардан кымындай да даңк издеген эмес. Иса кулдун өлүмү менен өлсө да, Жахаба аны тирилтип, өзүнүн жанынан эң сыйлуу орун берүү менен ага урмат-сый көрсөткөн. Филипиликтер 2:8—11-аяттарда мындай делет: «[Иса Машаяк] өзүн басынткан жана өлгөнгө чейин, жаза устунунда өлгөнгө чейин тил алчаак болгон. Ошондуктан Кудай аны ого бетер жогорулатып, ага бардык ысымдардан жогору турган ысым берди. Исанын ысмынын алдында асмандагылардын, жердегилердин жана жер астындагылардын баары тизе бүгүшү үчүн жана ар бир адам Иса Машаяктын Мырзабыз экенин ачык таанып, Кудай Атабыз даңкталышы үчүн ошондой болду».

Иса өзүнүн өлүмүнүн аркасында кабыла турган маскарачылыкка кош көңүл караган эмес. Кудайга акарат келтирүүчү катары айыпталгандыктан, Атасына тил тийиши мүмкүн болгону аны абдан тынчсыздандырса керек. Иса Жахабадан ал шылдыңдан куткарышын суранып: «Бул чөйчөктү менден алыстата көр»,— деп тиленген. Бирок ал Кудайдын эркине баш ийген (Мр. 14:36). Андан тышкары, көрсөтүлгөн кысымга каршы туруп, шылдыңдалганына карабай уялган эмес. Ошол убактагы уятка байланыштуу кеңири таралган көз карашты кабыл алгандар гана уялып, өзүн басынтылгандай сезишмек. Бирок Иса, албетте, андай көз карашты кабыл алган эмес.

Исанын шакирттери да камакка алынып, сабалышкан. Мындай мамиле көпчүлүктүн алдында алардын кадыр-баркын түшүргөн. Алар кемсинтилип, жек көрүндү болушкан. Бирок Исанын чыныгы шакирттери буга көңүлүн чөгөрбөй, жалпынын оюна каршы туруп, эч уялышкан эмес (Мт. 10:17; Элч. 5:40; 2 Кор. 11:23—25). Алар «жаза устунун» көтөрүп, дайыма Исанын жолун жолдоого даяр болушу керектигин билишкен (Лк. 9:23, 26).

Ал эми биз тууралуу эмне айтууга болот? Бул дүйнөдө акылсыз, алсыз жана уяттуу деп эсептелген нерселер Кудайдын көз алдында акылдуу, күчтүү жана сыймыктуу деп эсептелет (1 Кор. 1:25—28). Анда көпчүлүктүн оюна алдыруу акылдуулукка жатабы?

Бул дүйнөдөгү адамдардын урмат-сыйына татыгысы келгендер алар жөнүндө башкалар кандай ойдо экенине тынчсызданышат. Бирок биз, Иса менен анын биринчи кылымдагы жолдоочуларындай болуп, Жахаба менен тыгыз мамиледе болгубуз келет. Ошондуктан биз Ал сыймык деп эсептеген нерселерди сыймык катары көрүп, уят деп эсептеген нерселерди уят деп эсептейбиз.

[4-беттеги сүрөт]

Иса дүйнөнүн уятка байланыштуу көз карашын кабыл алган эмес