Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жардам сурап зарлагандарды ким куткарат?

Жардам сурап зарлагандарды ким куткарат?

Жардам сурап зарлагандарды ким куткарат?

«Оо Кудай! Падышага Өзүңдүн калыстыгыңды... бер. Анткени ал жардам сурап кыйкырып жаткан жакырды... куткарат» (ЗАБ. 71:1, 12).

1. Дөөтү менен болгон окуядан Кудайдын ырайымдуулугу жөнүндө эмнени биле алабыз?

КЫЯЗЫ, байыркы Ысрайылдын падышасы Дөөтү жазган бул сөздөр кандай гана жүрөк жылытарлык! Аны жазгандан бир канча жыл мурун ал Бат-Шеба менен ойноштук кылган эле. Бирок чын жүрөктөн өкүнүп, Кудайга мындай деп жалбарган: «Өзүңдүн улуу кайрымдуулугуң боюнча күнөөлөрүмдү өчүрүп сал... кылмышым көз алдымдан кетпейт... Мен бойго бүткөндөн тартып эле күнөөкөрмүн, энемден күнөөкөр болуп төрөлгөм» (Заб. 50:3—7). Бактыбызга жараша, Жахаба бизге күнөө тукум кууп өткөнүн эске алат.

2. 71-забурдан эмнени биле алабыз?

2 Жахаба биздин аянычтуу абалыбызды түшүнөт. Алдын ала айтылгандай, Кудайдын майланган Падышасы «жардам сурап кыйкырып жаткан жакырды жана жардам берүүчүсү жок эзилгенди куткарат. Кедей менен жакырга ырайым кылат, байкуш кедейлердин жанын куткарат» (Заб. 71:12, 13). Ал жардамды кантип көрсөтөт? Бул тууралуу 71-забурдан билүүгө болот. Дөөтүнүн уулу Сулаймандын падышалыгы жөнүндө жазылган бул забур Кудайдын Уулу Иса Машаяктын башкаруусу адамзатты азап-кайгыдан кандайча арылтарын көрсөтүп турат.

Иса Машаяктын башкаруусунун көлөкөсү

3. Сулайман эмне сураган жана Кудай ага эмне берген?

3 Жашы өр тартып калган Дөөтү Сулайманды падыша кылып дайындоону буйругандан кийин ага ишенимдүүлүк менен аткарышы керек болгон көрсөтмөлөрдү берген (1 Пад. 1:32—35; 2:1—3). Кийинчерээк Жахаба Сулаймандын түшүндө ага: «Сура, сага эмне берейин?» — дегенде, Сулайман бир эле нерсени сурап: «Сенин элиңди башкарууга, жаман-жакшыны ажырата билүүгө Өз кулуңа акылдуу жүрөк бер»,— деген. Сулайман момундук көрсөткөндүктөн, Кудай ага сураганынан да көптү берген (1 Пад. 3:5, 9—13).

4. Сулаймандын башкаруусу жөнүндө бир каныша эмне деген?

4 Жахаба батасын бергендиктен, Сулайман башкарган учурда жер жүзүндө бир да башкаруунун тушунда болбогон бейкуттук жана жыргалчылык өкүм сүргөн (1 Пад. 4:25). Сулаймандын падышалыгын көрүү үчүн төгөрөктүн төрт бурчунан көптөгөн кишилер келип турган. Бир топ кишинин коштоосунда Шебанын канышасы да келген. Ал Сулайманга мындай деген: «Өз жеримде... уккандарым чындык экен... Мага жарымы да айтылбаптыр. Сен мен уккандан да акылдуу экенсиң, байлыгың мен уккандан да көп экен» (1 Пад. 10:1, 6, 7). Бирок Иса Сулаймандыкынан да зор акылмандыкка ээ болгон. Ал өзү жөнүндө: «Бул жерде Сулаймандан да улук бирөө бар»,— деп таамай айткан (Мт. 12:42).

Улуу Сулайман азап-кайгыдан арылтат

5. 71-забур эмнени ачып берет жана эмнени алдын ала көрсөтүп турат?

5 Келгиле, 71-забурдун негизинде Иса Машаяктын, Улуу Сулаймандын, башкаруусу кандай баталарды алып келерин карап чыгалы (Оку: Забур 71:1—4). Бул забур Жахабанын өзүнүн Уулунун, «Тынчтыктын Төрөсү» Иса Машаяктын, бийлигине карата кандай сезимде экенин ачып берет (Ыш. 9:6, 7). Кудайдын жетекчилиги менен Улуу Сулайман эзилип-кыйналган бей-бечаралардын ишин калыс чечип берет жана «кедейлердин балдарын сактайт». Анын башкаруусунда тынчтык менен адилдик өкүм сүрөт. Иса жерде жүргөндө Миң жылдык башкаруусунун убагында төгүлө турган баталардын четин көрсөтүп кеткен (Аян 20:4).

6. Иса Падышалыктын башкаруусунда адамзат ээ боло турган баталарды алдын ала кантип көрсөтүп кеткен?

6 Эмесе, Иса Машаяктын жерде жүргөндө жасаган айрым иштерине токтололу. Алар анын 71-забурдагы пайгамбарлыктарды аткарып, адамзаттын жыргалчылыгы үчүн эмнелерди кыларынан кабар берип турат. Ооба, биз анын кыйналгандарга боор ачып, жан тартканына таасирленбей койбойбуз (Мт. 9:35, 36; 15:29—31). Мисалы, бир жолу пес оорулуу киши Исага келип, жалынып-жалбара: «Кааласаң эле мени айыктыра аласың»,— деп кайрылганда, Иса ага: «Каалайм. Айык»,— дейт. Ал ошол замат айыгат! (Мр. 1:40—42). Кийинчерээк Иса жалгыз уулунан айрылган жесир аялды жолуктурат. Ага «боору ооруп», анын өлүм уйкусунда жаткан уулуна: «Ордуңан тур!» — дейт. Ошондо ага жан кирип, ордунан турат! (Лк. 7:11—15).

7, 8. Иса оорулууларды айыктырууга кудуреттүү экенин кантип көрсөткөн?

7 Жахаба Исага кереметтерди жасоого күч берген. Муну «он эки жылдан бери кан агуудан азап чегип келаткан бир аял» менен болгон окуя далилдеп турат. «Ал улам бир дарыгерге көрүнүп, аябай кыйналган болчу. Колундагы каражатынын баарын жумшаса да,.. абалы начарлагандан начарлай берген». Иса жөнүндө укканда ал аял көпчүлүктү аралап өтөт да, Исага колун тийгизет. Ошентип, «көп күнгө чейин кан аккан» кишиге тыюу салынган нерсени кылып, Мыйзамды бузат (Леб. 15:19, 25). Иса өзүнөн күч чыкканын сезгенде ага ким тийгенин сурайт. Ошол саамда «аял коркконунан калтырап-титиреп, Исанын алдына келип жыгылат» да, «болгонун болгондой айтып берет». Жахабанын ал аялды айыктырганын билип, Иса ага жылуу-жумшак кайрылып: «Кызым, сени ишенимиң айыктырды. Тынчтык менен бара бер. Азаптуу ооруңдан айыгып, дениң сак болсун»,— дейт (Мр. 5:25—27, 30, 33, 34).

8 Исанын Кудайдан алган күч менен оорулууларды айыктырганы буга күбө болгондорго зор таасир эткен. Маселен, ал өзүнүн белгилүү Тоодогу насаатын айтар алдында адамдарды айыктырганда, көптөрдүн таңыркаганы шексиз (Лк. 6:17—19). Чөмүлдүрүүчү Жакан Исанын Машаяк экенине ынануу үчүн эки кабарчыны жибергенде, алар анын «көптөрдү ооруларынан, катуу илдеттеринен айыктырып», «жиндердин бийлигинен бошотуп», «көптөгөн сокурлардын көзүн ачып» жатканын көрүшкөн. Иса ал экөөнө мындай деген: «Баргыла да, Жаканга уккан-көргөнүңөрдү айтып бергиле: сокурлардын көзү ачылып, аксактар басып, пес оорулуулар айыгып, дүлөйлөр угуп, өлгөндөр тирилип жатышат жана жакырларга жакшы кабар жарыяланууда» (Лк. 7:19—22). Бул кабар Жаканды аябай бекемдеген чыгар!

9. Исанын кереметтери эмнени учкай сүрөттөп турат?

9 Иса жерде кызмат кылып жүргөндө адамдарды азап-кайгыдан убактылуу эле арылтканы чын. Ал айыктырган же тирилткен кишилер кийинчерээк баары бир деле өлүмгө моюн сунушкан. Ошентсе да Исанын жерде жүргөндө жасаган кереметтери келечекте Падышалыктын бийлиги алдында адамзат азап-кайгыдан биротоло арыла турган заманды учкай сүрөттөп турат.

Жакында бүт жер жүзү Бейишке айланат!

10, 11. а) Падышалыктын баталары канчага созулат жана Исанын башкаруусу кандай болот? б) Бейиште Машаяк менен бирге ким болот жана ал канткенде түбөлүк өмүргө ээ боло алат?

10 Жер Бейишке айланганда жашоо кандай болорун ойлоп көрсөңөр (Оку: Забур 71:5—9). Жападан жалгыз чыныгы Кудайдын кызматчылары Бейиште күн менен ай бар болуп турганда — түбөлүккө — кубаныч алып жашашат! Падыша Иса Машаяк, «шалбаага жааган жамгырдай», «жер сугарган тамчылардай» болуп, жаныбызды сергитет.

11 Ушул забурдун жүзөгө ашышын көз алдыңарга элестеткенде жер бетиндеги бейиште түбөлүк өмүр сүрүүгө болгон жаркын үмүт жүрөгүңөрдү толкутпайбы? Арийне, Исанын: «Сен мени менен Бейиште болосуң»,— деген сөздөрү устунга кадалган кылмышкердин көңүлүн кубанычка толтурган (Лк. 23:43). Ал киши Исанын Миң жылдык башкаруусунда тирилтилет. Эгер ал Машаяктын бийлигине баш ийсе, жер жүзүндө чың ден соолукта, чексиз бакытка бөлөнүп түбөлүк жашай алат.

12. Машаяктын Миң жылдык башкаруусунда тирилтилген адил эмес адамдар кандай мүмкүнчүлүк алышат?

12 Улуу Сулайман, Иса Машаяк, башкарган учурда «адил адам гүлдөйт», башкача айтканда, албан ийгиликтерге жетип, жыргап-куунап жашайт (Заб. 71:7). Машаяк ал убакта, жерде жүргөн кезиндегидей эле, адамдарга мээримин төгүп, назиктик менен кам көрөт. Кудай убадалаган жаңы дүйнөдө тирилтилген «адил эмес адамдар» да Жахабанын нормаларына үйрөтүлүп, өмүр алууга сонун мүмкүнчүлүк алышат (Элч. 24:15). Албетте, Кудайдын талаптарына ылайык жашагысы келбегендерге жаңы дүйнөдө жашай берүүгө, ал жерде өкүм сүргөн тынчтыкты жана бейкуттукту бузууга жол берилбейт.

13. Падышалыктын бийлиги канчалык деңгээлде кулач жаят жана эмне үчүн анын башкаруусунда тынчтык эч качан бузулбайт?

13 Улуу Сулаймандын бийлиги бүтүндөй жер бетине кулач жаярын төмөнкү сөздөрдөн көрүүгө болот: «Ал деңизден деңизге чейинки жерди жана дарыядан жердин акырына чейинки аймактарды ээлейт. Анын алдына чөл эли жыгылып таазим кылат, анын душмандары топурак жалашат» (Заб. 71:8, 9). Ырас, Иса Машаяк бүт жер жүзүнө бийлик кылат (Зах. 9:9, 10). Анын башкаруусун кабыл алып, анын аркасында тийчү баталарды баалагандар ага даярдуулук менен баш ийип, «таазим кылышат». Ал эми өкүнбөгөн күнөөкөрлөр, мындайча айтканда, «жүз жашында» жок кылынышат (Ыш. 65:20). Алар «топурак жалашат».

Иса бизге боорукердик менен кам көрөт

14, 15. Исанын адамдардын сезимдерин түшүнөрүн жана «жардам сурап кыйкырып жаткан жакырды куткарарын» кайдан билебиз?

14 Учурда күнөөлүү адамзат жардамга зар болуп айласы кетип, аянычтуу абалда турат. Бирок биз үмүтсүз эмеспиз (Оку: Забур 71:12—14). Иса, Улуу Сулайман, бизге боорукердик менен мамиле кылат, анткени жеткилеңсиз абалыбызды, сезимдерибизди жакшы түшүнөт. Анын үстүнө, ал адилдик үчүн азап чегип, сыноолорду өз башынан кечирген. Ушунчалык жаны кыйналгандыктан, «анын тери кан тамчыларындай жерге тамган»! (Лк. 22:44). Кийинчерээк жаза устунунда кадалып турганда ал: «Кудайым, Кудайым, мени эмне үчүн таштап койдуң?» — деп кыйкырган (Мт. 27:45, 46). Бирок Иса канчалык азап чексе да, Шайтан аны Жахабадан баш тарттырууга бүт күч-аракетин жумшаса да, Жахаба Кудайга болгон ишенимдүүлүгүнөн жазган эмес.

15 Биз Исанын кайгы-капабызды көз жаздымында калтырбасына жана «жардам сурап кыйкырып жаткан жакырды жана жардам берүүчүсү жок эзилгенди куткарарына» эч шектенбесек болот. Иса Атасыныкындай сүйүү көрсөтүп, «жакырларды угат», «жүрөгү жаралангандарды айыктырат, аларды кайгысынан арылтат» (Заб. 68:34; 146:3). Ал «биз сыяктуу бардык жагынан сыналгандыктан», «алсыздыктарыбызга боор ооруйт» (Эвр. 4:15). Падышабыз Иса Машаяктын азыр асманда бийлик жүргүзүп жатканын жана адамзатты азап-кайгыдан арылтууга ынтызар экенин билүү бизди кандай гана жубатат!

16. Сулайман эмне себептен өз элине боор ооруй билген?

16 Сулайман даанышман жана кыраакы болгондуктан бей-бечараларды аяган. Анын үстүнө, анын өзүнүн жашоосунда да каргашалуу окуялар көп болгон. Алсак, агасы Амнон карындашы Тамарды зордуктап салганда, дагы бир агасы Абышалом Амнонду кылмышы үчүн көзүн тазалаган (2 Шем. 13:1, 14, 28, 29). Абышалом атасы Дөөтүнүн ордосун басып алса да, төңкөрүш жасоого болгон аракети оңунан чыкпай, Жойаптын колунан өлүм тапкан (2 Шем. 15:10, 14; 18:9, 14). Ал эми кийинчерээк Сулаймандын агасы Адония андан падышалыкты тартып алууга далалат кылган. Эгер анын ою ишке ашса, Сулайман аман калмак эмес болуш керек (1 Пад. 1:5). Сулайман адамдардын азап-кайгысын сезе билген. Бул анын Жахабанын ибадатканасын арноо аземинде айткан тиленүүсүнөн да айкын көрүнүп турат. Ал «ысрайыл эли башына түшкөн кырсык менен кайгысын сезерин» айтып, Кудайдан алардын «күнөөсүн кечиришин», «ар кимге жүргөн жолуна жараша тиешесин беришин» суранган (2 Жылн. 6:29, 30).

17, 18. Кудайдын айрым кызматчылары кандай кыйынчылыкка туш болушат жана аларга аны көтөрүп кетүүгө эмне жардам берет?

17 Башыбыздан өткөн окуялар бизди кайгыга салышы мүмкүн. 30дан ашып калган Мэри * аттуу Күбө мындай дейт: «Менде бактылуу болууга бардык себептер бар, бирок мурунку жашоомду эстегенде уялып, өзүмөн өзүм жийиркенип кетем. Ошондон улам жүрөгүм муңайым кайгыга толуп, өткөндү ойлоп эле ыйлай берем. Көкөйдөн кеткис эскерүүлөрдөн улам дагы деле өзүмдү эч нерсеге татыксыз, күнөөлүү сезем».

18 Ушу сыяктуу сезимдер Кудайдын көптөгөн кызматчыларына тааныш. Алар мындай кыйынчылыктарды көтөрүп кетүүгө кайрат-күчтү кайдан алышат? «Чыныгы досторум жана жыйналыштагы бир туугандарым мага бакыт тартуулайт,— дейт Мэри.— Ошондой эле мен Жахабанын келечекке байланыштуу убадаларына көңүл топтоого аракет кылам жана жардам сурап төккөн көз жашым кубанычтын көз жашына айланарына толук ишенем» (Заб. 125:5). Биз Кудайдын Уулуна, дайындалган Башкаруучуга, үмүт артышыбыз керек. Ал тууралуу мындай пайгамбарлык айтылган: «Кедей менен жакырга ырайым кылат, байкуш кедейлердин жанын куткарат. Алардын жанын кара ниеттерден, зордук-зомбулуктан куткарат, анын көз алдында алардын каны кымбатка турат» (Заб. 71:13, 14). Бул кандай гана жүрөк жылытарлык сөздөр!

Алдыда молчулук заман

19, 20. а) 71-забурда көрсөтүлгөндөй, Падышалык кайсы көйгөйдү чечет? б) Машаяктын башкаруусу алып келе турган баталар үчүн эң алды ким даңкталууга татыктуу жана ал баталарга карата кандай сезимдесиң?

19 Улуу Сулайман падышалык кыла турган жаңы дүйнөдө адил адамдардын жашоосу кандай болорун дагы бир ирет көз алдыңарга тартып көрсөңөр. Кудай бизге: «Жерде да, тоодо да түшүм [«эгин», «ЖД»] мол болот»,— деп убадалайт (Заб. 71:16). Адатта, тоого эгин эгилбейт. Демек, бул сөздөр ошол убакта жердин канчалык мол түшүм берерин көрсөтүп турат. Жердин түшүмү «Лебанон токоюндагыдай», Сулаймандын башкаруусунун учурунда мол түшүм берген аймактагыдай, көп болот. Ойлоп көрсөңөр, тамак-аш эч качан жетишсиз болбойт, эч ким чала тоют болбойт, эч ким ачарчылыктан жапа чекпейт! Ошондо адамдардын баары «дасторкон жайып, тамактын майлуусун» жешет (Ыш. 25:6—8; 35:1, 2).

20 Бул баталар үчүн ким даңкталууга татыктуу? Эң алды, Түбөлүктүү Падыша жана ааламдын Эгедери Жахаба Кудай. Ооба, баарыбыз даңктоо ырынын соңундагы көркөм жана жүрөк козгоорлук төмөнкү сөздөрүнө үн кошкубуз келет: «Анын [Падыша Иса Машаяктын] ысымы түбөлүккө сакталат. Асмандагы күн жок болгончо, анын ысымы муундан муунга айтыла берет. Ал аркылуу элдер бата алышат. Бардык элдер ага алкыш айтышат. Кудай-Теңир, Ысрайылдын Кудайы, кереметтерди жасаган жалгыз Өзү даңктала берсин! Анын даңктуу ысымы даңкталсын, бүт жер жүзү Анын даңкына толсун. Оомийин, оомийин!» (Заб. 71:17—19).

[Шилтемелер]

^ 17-абз. Ысмы өзгөртүлүп берилди.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• 71-забурдагы пайгамбарлыкта эмне алдын ала көрсөтүлгөн?

• Улуу Сулайман деген ким жана анын башкаруусу канчалык деңгээлде кулач жаят?

• 71-забурда пайгамбарлык кылынган баталардын өзгөчө кайсынысы көңүлүңдү эргитет?

[Изилдөө суроолору]

[29-беттеги сүрөт]

Сулаймандын башкаруусундагы жыргалчылык эмненин көлөкөсү болгон?

[32-беттеги сүрөт]

Улуу Сулаймандын башкаруусу алдындагы Бейиште жашоо үчүн жумшаган бардык күч-аракетибиздин акыбети кайтат