Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эсиңердеби?

Эсиңердеби?

Эсиңердеби?

Силерге «Күзөт мунарасынын» акыркы сандары жактыбы? Төмөнкү суроолорго жооп бере аласыңарбы?

• Адамзат өлүмгө татыктуу болсо, Кудай эмне үчүн түбөлүк өмүр сүрүүгө мүмкүнчүлүк берүүдө?

Түбөлүк өмүр Кудайдын белеги болуп эсептелет. Бул — анын зор, чексиз сүйүүсүнүн жана ырайымдуулугунун белгиси. Баарыбыз өлүмгө татыктуу болсок да, Кудай аны сүйгөндөргө жана анын нормаларына ылайык жашагандарга түбөлүк өмүр берүүнү чечкен. Кудай: «Кайрымдуулук кылгым келгенге кайрымдуулук кылам, боорукердик көрсөткүм келгенге боорукердик көрсөтөм»,— деп айткан (Рим. 9:15) (янв.—март, 15-б.).

• Кудай эмне үчүн Арунду алтын музоо жасаганы үчүн жазалаган эмес?

Арун Кудайдын бурканга сыйынуучулукка байланыштуу мыйзамын бузган (Чыг. 20:3—5). Бирок Муса Арун үчүн Кудайга жалынып-жалбарган; анын жалындуу тиленүүсү «зор күчкө» ээ болгон (Жкп. 5:16). Арун Кудайга көп жыл бою ишенимдүү кызмат кылган. Ал кысымга алдырып, музоонун айкелин куюп берсе да, жүрөгүндө бутка табынуучулукту колдогон эмес, анткени Леби уулдары менен бирге Жахаба тарапты ээлеген (Чыг. 32:25—29) (15.5. 21-б.).

• Биз эмне үчүн жыйналыштагы бир туугандардын жардамына муктажбыз?

Азыркы «өзгөчө оор мезгилде» сен — жыйналыштагы бир туугандарыңдын, алар сенин жардамыңа муктаж (2 Тим. 3:1). Исанын жолдоочулары кездешип жаткан кыйынчылыктарын кантип ийгиликтүү чечсе болорун дайыма эле биле бербеши мүмкүн, бирок Жахаба билет. Ошондуктан ал аларга туура жолдон чыкпоого жардам берүү үчүн жыйналыштагы ар кандай бир туугандарды, алардын ичинде сени да колдонушу мүмкүн (Ыш. 30:20, 21; 32:1, 2) (15.6. 14-б.).

• Өмүрлүк жары ойноштук кылган бир тууганга кыйынчылыкты көтөрүп кетүүгө эмне жардам берет?

Күнөөсүз тарап ыйык китептик принциптерге ылайык жашап жатса, жубайынын ойноштук кылганы үчүн өзүн күнөөлөбөшү керек. Кудай анын жубатууга, сооротууга муктаж болуп жатканын жакшы билет. Ал ага жардамды ишенимдештери аркылуу бериши мүмкүн (15.6. 30, 31-б.).

• Балдарыңарды окуганды жакшы көрүүгө кантип үйрөтсөңөр болот?

Жылуу маанай жана ата-эненин үлгүсү алардын жүрөгүндө окууга болгон сүйүүнү өрчүтүүгө жардам берет. Балдарды китепке жакын болууга үйрөткүлө. Үн чыгарып окуп бергиле. Аларды өз оюн айтууга үндөгүлө жана окугандарыңарды талкуулагыла. Балдарыңарды окуп берүүгө жана суроо берүүгө үндөгүлө (15.7. 26-б.).

• Кудайдын башталышы болбогонун кайдан билебиз?

Бул жөнүндө Муса пайгамбар тиленүүсүндө айткан (Заб. 89:3). Ооба, Жахаба «Түбөлүктүктүн Падышасы» деген теңдешсиз наамды алып жүрөт (1 Тим. 1:17) (июль—сент. 13-б.).

• Ооруп жаткан кишиге кантип жардам берсең болот?

Аны кунт коюп ук (Нас. 3:1, 7). Боорукер бол жана абалын түшүнө бил (Рим. 12:15). Бекемде жана жардам берүүгө даяр бол (Кол. 4:6; 1 Жкн. 3:18). Аны менен дайыма байланышта бол (Накыл 17:17) (июль—сент. 20—23-бб.).

• Иса шаарда күнөөкөр катары таанымал болгон аялды эмненин негизинде кечирген?

Түпкү ата-энебиз Жахабага каршы чыккандан кийин айтылган эң биринчи пайгамбарлыкта Жахабанын Тукумга, Машаякка, байланыштуу ой-ниети камтылган. Жахабанын ой-ниетинин ишке ашышына эч нерсе бөгөт боло албай тургандыктан, Башталыш 3:15теги сөздөр айтылгандан кийин эле, Кудайдын көз алдында кун төлөнгөндөй эле болгон. Кун келечекте төлөнө турган болсо да, анын төлөнөрүнө эч кандай шек жок болгондуктан, анын баасы ошол күнөөгө баткан аял сыяктуу өкүнгөн адамдарга колдонула берген (15.8. 6-б.).