Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Зор өсүш учурунда кызмат кылуу

Зор өсүш учурунда кызмат кылуу

Зор өсүш учурунда кызмат кылуу

Айтып берген: Харли Харрис

1950-жыл, 2-сентябрь. АКШнын Миссури штатындагы Кеннет шаары. Райондук жыйын. Жыйын өтүп жаткан залды сүрмө топ курчап алгандыктан, шаардын мэри бизди жаалданган топтон коргоо үчүн Улуттук гвардияны алып келди. Аскерлер найзалуу мылтыктары менен көчөнү аркы өйүзүнөн тороп турушту. Жыйындын калган бөлүгү бөлөк жерде өтмөй болуп, биз машинелерибизге отуруп кеткиче, чогулган кишилер жаман сөздөрдү болушунча жаадырды. Ошентип, биз Миссуридеги Кейп-Жирардого бет алдык. Мен 14 жашымда ошол жерде чөмүлтүлдүм. Ушундай баш аламан учурда кантип Жахабага кызмат кыла баштаганымды айтып берейин.

ЧОҢ АТАМ менен чоң апам жана алардын сегиз баласы 1930-жылдардын башында Рутерфорд бир туугандын жаздырылган баяндамаларын укканда чындыкты тапканын түшүнүшкөн. Ата-энем Бей жана Милдред Харрис 1935-жылы Вашингтондогу жыйында чөмүлтүлүшкөн. Так ошол жыйында айкын болгон «эбегейсиз көп адамдардын» катарына кирерине алар кандай гана кубанып-шаттанышкан! (Аян 7:9, 14).

Кийинки жылы мен жарык дүйнөгө келгем. Бир жылдан кийин ата-энем Миссисипидеги бир да Күбө жашабаган, бир да жыйналыш жок аймакка көчүп барды. Ал жакта турганыбызда, бизге атүгүл кыдыруучу көзөмөлчү да келчү эмес. Биздин үй-бүлө Бейтел менен кат алышып, жыйындарга барып турчу. Ошол учурда бул бир туугандык менен байланышуунун жалгыз жолу эле.

Куугунтукта туруктуулук көрсөтүү

Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Жахабанын Күбөлөрү бейтараптуулук сактаганы үчүн катуу куугунтукка алынды. Биз Арканзастагы Маунтин Хоум шаарына көчүп бардык. Бир жолу атам экөөбүз көчөдө кабар айтып жүрсөк, бир киши атамдын колунан журналдарды жулуп алып, ошол жерден өрттөп жиберсе болобу. Согушка катышпаганыбыз үчүн ал бизди «коркок коёнсуңар» деп тилдеди. Ошондо беш эле жашта болгондуктан ыйлап жибердим. Ал киши кетип калгыча, атам аны үндөбөй карап турду.

Бирок бизге жакшы мамиле кылгандар да болбой койгон жок. Бир жолу машинебизди топ киши курчап алганда, жергиликтүү прокурор ошол жерден өтүп баратып: «Биякта эмне болуп жатат?» — деп сурады. Бир киши: «Мына бу Жахабанын Күбөлөрү өз өлкөсү үчүн согушуудан баш тартып жатышат!» — деп жооп кайтарды. Ошондо прокурор машиненин эшигинин астындагы тепкичке секирип чыгып: «Мен Биринчи дүйнөлүк согушка катышкам, экинчисине да катышам! Бу кишилерди коё бергиле. Булар эч кимге зыян келтирген жок!» — деп кыйкырды. Чогулган кишилер сөз кайтарбай тарап кетишти. Бизге боорукердик көрсөткөн андай кишилерге терең ыраазы болдук! (Элч. 27:3).

Кайрат берген жыйындар

1941-жылы Сент-Луисте (Миссури штаты) өткөн жыйын накта биз муктаж болуп турган жыйын болду. Бир эсептөөгө ылайык, ал жыйынга 115 000 киши катышты. Ал эми чөмүлтүлгөндөрдүн саны 3903тү түздү! Рутерфорд бир туугандын «Падышанын балдары» деген баяндамасы дале болсо эсимде. Ал сөзүн бизге, жаштарга, багыттап айтты. Анан ар бирибиз «Балдар» деп аталган жакшынакай көк китепти бир нускадан алдык. Ошол жыйын мени кайраттандырып, кийинки жылы башталгыч мектептин босогосун аттагандан кийин башталган сыноолорго даярдады. Мени жана аталаш агамдын кыздарын желекке таазим кылбаганыбыз үчүн мектептен чыгарып салышты. Мектеп жетекчилеринин жүрөгү жибип калабы деген үмүттө мектепке күн сайын бара бердик; күнүгө эртең менен токой аралап барабыз — кайра үйгө айдап ийишет. Бирок ошентүү менен мен Кудайдын Падышалыгына берилгендик көрсөтүп жатканыбызды билчүмүн.

Бактыбызга жараша, көп өтпөй Кошмо Штаттардын Жогорку соту желекке таазим кылуу милдеттүү талап эмес деген бүтүм чыгарды. Ошентип, акыры, бизге мектептин эшиги ачылды. Мугалимибиз абдан боорукер киши болгондуктан бизге программадан артта калбай, башка окуучуларды кууп жетүүгө жардам берди. Классташтарыбыз да бизге урмат-сый менен мамиле кылышты.

1942-жылы Кливленд шаарында (Огайо штаты) өткөрүлгөн жыйын да эсимде. Ал жыйында Нейтан Норр «Тынчтык орнойбу?» деген баяндама айткан. Ал баяндамада Аян китебинин 17-бөлүмү талданып, Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин убактылуу тынчтык орноору ачылып берилген. Ошондуктан алдыда дагы өсүш болору күтүлгөн. Ал өсүшкө даярдык көрүү үчүн 1943-жылы Гилат мектеби ачылган. Ошондо ал мектептин менин жашоомо канчалык чоң таасир этерин элестеткен да эмесмин. Согуштан кийин чын эле тынчтык орноп, куугунтуктар басаңдай түштү. Анткен менен 1950-жылы Корея согушу башталганда, сөздүн башында айтылгандай, куугунтук кайрадан күч алды.

Өсүшкө көбүрөөк салым кошушум

1954-жылы орто мектепти бүтүрүп, бир айдан кийин пионердик кызматты баштадым. Миссуринин Кеннет шаарында, 1950-жылы сүрмө топ бизди курчап алган шаарда, кызмат кылгандан кийин 1955-жылдын март айында Бейтелге чакырылдым. Мен дайындалган жыйналыштын аймагына Нью-Йорк шаарынын так чордонунан орун алган Таймс-сквер кварталы да кирген. Бир эле өлкөнүн ичинде жашоомдо кандай гана чукул өзгөрүш болду! Мен Нью-Йорктун деле бошобогон тургундарынын көңүлүн таратып жүргөн журналымдагы ойлондурарлык бир макалага буруп: «Бул жөнүндө ойлонуп көрдүңүз беле?» — деп сураар элем. Журналды көптөр алышчу.

Норр бир тууган алпарган Бейтелдеги эртең мененки сыйынуу убагы мен үчүн эң бир сонун учурлардан эле. Атаганат, ал ыйык китептик аяттарга кандайдыр жан киргизип, аларды иш жүзүндө колдонорлук кылып ачып бере турган! Норр байке мендей бойдок жигиттерге атабыздай мамиле кылчу жана аял затына кандай мамиле кылуу керектигине байланыштуу мыкты кеңештерди көп берчү.

Жыл эсеби 1960ка таяп калганда, үйлөнүүнү чечтим. Ошондуктан жооптуу бир туугандарга 30 күндөн кийин Бейтелден кетеримди билдирдим, бирок эч кандай жооп алган жокмун. 30 күндүн соңунда канчалык уялсам да, кайрат байлап, байкелерге чалдым да, кетер күнүмө байланыштуу билдирүүмдү алган-албаганын сурадым. Телефонду Роберт Уолен бир тууган алды, анан иштеген жериме келип, менден атайын пионердик же кыдыруучулук кызматка карата кандай ойдо экенимди сурады. Ошондо ага: «Боб бир тууган, мен 24тө элемин, анын үстүнө менде эч кандай тажрыйба жок да»,— деп жооп бердим.

Райондук ишке киришишим

Ошол күнү кечинде бөлмөмө барсам, мени чоң конверт күтүп туруптур. Анда атайын пионердик кызматка жана райондук ишке анкета бар экен. Ошондо көргөн көзүмө ишенбей, нес болуп туруп калдым! Ошентип, Миссуринин түштүк-батышында жана Канзастын чыгыш тарабында райондук ишти аркалап, бир туугандарыма кызмат кылуу сыймыгына ээ болдум. Бирок Бейтелден кетерде кыдыруучу көзөмөлчүлөр үчүн өткөрүлгөн жолугушууга катыштым. Норр бир тууган сөзүнүн жыйынтыгында мындай деди: «Силердин райондук жана облустук көзөмөлчү болгонуңар жергиликтүү бир туугандардан көптү билериңерди билдирбейт. Айрымдар силерден алда канча тажрыйбалуу. Бирок алар жагдай-шартынан улам силердикиндей сыймыктуу жоопкерчиликтерге ээ боло алышпайт. Алардан көп нерсеге үйрөнсөңөр болот».

Бул сөздөр туптуура чыкты! Канзастагы Парсонс шаарынан болгон Фрэд Малохэн менен жубайынын жана агасы Чарлинин мыкты үлгүсү буга мисал. Алар чындыкты тээ 1900-жылдардын башында эле таанышыптыр. Алардын атүгүл мен төрөлө электе башынан өткөргөндөрү жөнүндө угуу кандай жагымдуу болду! Тажрыйбалуу бир туугандардын дагы бири Миссуринин Жоплин шаарынан болгон жашы өр тартып калган аябай боорукер бир тууган Жон Ристен эле. Ал ондогон жылдар бою пионер болуп кызмат кылган. Ал ардактуу бир туугандар теократиялык тартипке терең урмат көрсөтүшчү. Жаш болсом да, алар мени өздөрүнүн райондук көзөмөлчүсү катары баалап-баркташчу.

1962-жылы мен Клорис Кноук деген пионерге үйлөндүм, ал сары чачтуу жакшынакай кыз эле. Клорис экөөбүз райондук ишти уланттык. Кыдыруу маалында бир туугандар менен чогуу жашоо алар менен жакыныраак таанышууга өбөлгө түздү. Ошондой эле биз жаштарга Жахабага толук убакыттагы кызматты баштоого түрткү бере алдык. Райондогу Жэй Косински менен Жоанн Кресмэн деген бир туугандар ошондой түрткүнү эле күтүп турушуптур. Алар менен кызматка чыгуу жана жан аябастык көрсөтүп жашоодон алган кубанычыбыз менен бөлүшүү аларга рухий максаттарды коюуга көмөк кылды. Жоанн атайын пионер болду, ал эми Жэй Бейтелге чакырылды. Кийинчерээк экөө баш кошуп, 30 жылдан бери райондук ишти аткарып жатышат.

Миссионердик кызмат

1966-жылы Норр бир тууган бизден чет өлкөдө кызмат кылууну каалаар-каалабасыбызды сурады. «Бул жактагы кызмат бизге чоң кубаныч тартуулайт, бирок башка жерде муктаждык болуп жатса, биз даярбыз»,— деп жооп бердик. Бир жума өтүп-өтпөй, Гилат мектебине чакырылдык. Окуу маалында кайрадан Бейтелде болуу жана жакшы көргөн, сыйлаган бир туугандарым менен жолугушуу ушунчалык көңүл толкутарлык болду! Андан сырткары, биз бирге окуган бир туугандар менен ынак достордон болуп калдык; алар бүгүнкү күнгө чейин Жахабага ишенимдүү кызмат кылып жатышат.

Клорис экөөбүз жана Деннис менен Эдвина Кристи, Ана Родригес, Дайла Санчес болуп Түштүк Америкадагы Эквадорго жөнөтүлдүк. Крис бир туугандар өлкөнүн борбор калаасы Китодо кызмат кылмай болушту. Ал эми Ана, Дайла жана биз Эквадордун ири шаарлардын үчүнчүсү Куэнкага дайындалдык. Биздин аймакка эки провинция кирчү. Куэнкадагы эң алгачкы жыйналыш биздин үйдө өткөрүлө баштады. Жыйналышка төртөөбүздөн башка дагы эки киши келип жүрдү. Ошол учурда биз кабар айтуу ишин кантип илгерилетер экенбиз деп тынчсызданчубуз.

Куэнка чиркөөлөргө жык толгон шаар эле жана анын туш-тарабында диний майрамдар, салтанаттуу жүрүштөр өтүп турчу. Ошентсе да анын тургундарынын көптөгөн суроолору бар болчу. Мисалы, велосипед тебүү боюнча Куэнканын чемпиону Марио Полону биринчи жолу жолуктурганымда, ал мени таң калтырып: «Аян китебинде айтылган сойку кимди билдирет?» — деп сураган.

Бир күнү кечинде Марио биздин үйгө келиптир, аябай тынчсызданып алган. Көрсө, евангелиялык чиркөөнүн пастору ага Жахабанын Күбөлөрүнө карата ар кандай айыптар жазылган адабияттарды берген экен. Мен Мариого айып тагылган кишинин өзүн коргоого укуктуу экенин айттым. Ошондуктан эртеси Марио пастордун ырастоолорунун чын-төгүнүн аныктоо үчүн ал экөөбүздү үйүнө чакырды. Жолукканыбызда мен Троица тууралуу сүйлөшүүнү сунуштадым. Пастор Жакан 1:1ди окуганда, «Кудай» менен «кудайдын» ортосундагы айырманы Марио өзү эле түшүндүрүп койду. Андан кийин дагы башка аяттар келтирилгенде да так ошондой болду. Ошо себептен пастор Троицага эч кандай далил келтире албай, кетүүгө аргасыз болду. Бул болсо Мариону жана анын жубайын биздин чындыкка окутарыбызга ынандырды. Алар кийинчерээк ыйык китептик окуулардын мыкты жактоочуларынан болушту. Куэнка шаарындагы жыйналыштардын саны — 33кө, ал эми биз дайындалган аймакта жалпысынан 63кө жеткенине күбө болуу кандай кубанычтуу болду! Бул зор өсүш эмей эмне?!

Өсүшкө филиалдан көз чаптыруу

1970-жылы Аль Шюлло деген бир тууган экөөбүз Гуаякилдеги филиалда кызмат кылууга чакырылдык. Экөөбүз филиалда ар кандай иштерди аткарчубуз. Ал эми Жо Секэрак деген бир тууган толук эмес жумуш күн иштеп, бүт өлкөдөгү 46 жыйналышка адабияттарды салыштырчу. Мен Бейтелде кызмат кылып жаткан учурда Клорис бир нече убакытка миссионер катары талаада кызмат кылып жүрдү. Ал 55 кишиге чөмүлтүлүүгө жардам берди; көбүнчө бир жыйында аны менен изилдеген 3—5 киши чөмүлтүлүп турчу.

Маселен, Клорис Лукреция деген аял менен изилдечү. Күйөөсү чындыкка каршы болсо да, Лукреция убакыттын өтүшү менен чөмүлтүлүп, жалпы пионердик кызматты баштады. Ал балдарын Жахабанын жолунда жүрүүгө үйрөттү. Азыр анын эки уулу аксакал, бирөө атайын пионер, ал эми кыздары жалпы пионер болуп кызмат кылышат. Небереси болсо бир сонун бир тууганга турмушка чыгып, жолдошу менен бирге атайын пионер болуп кызмат кылууда. Бул үй-бүлө көптөргө чындыкты таанууга жардам берди.

1980-жылы Эквадордо жарчылардын саны 5 000ге жетти. Чакан офисибиз Бейтел үй-бүлөсүнө тардык кыла баштады. Бир бир тууган бизге Гуаякилдин чет-жакасында жайгашкан 32 гектар жерин сунуш кылды. 1984-жылы ошол жерге жаңы филиалдын имараты жана Жыйындар залы курула баштады, анан 1987-жылы аларды арноо аземи болуп өттү.

Даярдуулук көрсөтүп, өсүшкө өз үлүшүн кошкондор

Көп жылдар аралыгында башка өлкөлөрдөн канчалаган жарчылардын жана пионерлердин Эквадорго, Падышалыктын жарчыларына болгон муктаждык чоң жерге, жардам берүү үчүн келгенин көрүп жүрөгүбүз жылыбай койгон жок. Алардын бири ардактуу эс алууга чыккан канадалык мугалим Энди Кид бир тууган дароо эле эсиме түшөт. Ал Эквадорго 1985-жылы 70 жашында көчүп барып, 2008-жылы 93 жашында көз жумганга чейин Жахабага ишенимдүү кызмат кылды. Аны биринчи жолу көргөнүмдө, ал бир кичинекей жыйналышта жалгыз көзөмөлчү болчу. Испан тилинде кыйналып сүйлөсө да, ал жалпыга арналган баяндама айтып, «Күзөт мунарасын» изилдөөнү алып барчу. Ошондой эле Теократиялык кызмат мектебин жана кызмат жолугушуусунун көп бөлүгүн өткөрчү! Ал жакта азыр 200 жарчыдан жана көптөгөн жергиликтүү аксакалдардан турган дүркүрөп өсүп жаткан эки жыйналыш бар.

Кошмо Штаттардан үй-бүлөсү менен Эквадорго көчүп барган дагы бир ишенимдешибиз Эрнесто Диаз ал жакта сегиз ай жашагандан кийин мындай деген: «Үч балабыз тилди тез эле өздөштүрүп, чындык сөзүнүн мыкты окутуучуларынан боло алышты. Ата катары мен бул дүйнө түзүлүшүндө жетүү мүмкүн эместей туюлган максатка жеттим — үй-бүлөм менен бирге жалпы пионер болуп, толук убакыт кызмат кылуудамын. Учурда баарыбыз биригип 25 ыйык китептик изилдөө өткөрөбүз. Мунун баары үй-бүлөбүздүн биримдигин ого бетер чыңдады, баарынан маанилүүсү, бизди Жахабага мурдагыдан да жакындатты. Мындайды мен эч качан сезип көргөн эмесмин». Ал сүйүктүү бир туугандарыбыз биз үчүн кандай кымбат!

1994-жылы филиал эки эсе кеңейтилди. 2005-жылы жарчыларыбыздын саны 50 000ден ашып, филиалды дагы кеңейтүү керек болду. Ошентип, Жыйындар залы чоңойтулду, жаңы турак жайлар жана котормочулар үчүн офистер курулду. Бул жаңы курулган имараттар 2009-жылдын 31-октябрында Жахабага арналды.

1942-жылы мектептен чыгарылганымда, Кошмо Штаттарда 60 000дей Күбө бар болчу. Азыр алардын саны бир миллиондон ашат. 1966-жылы Эквадорго көчүп барганыбызда, ал жакта Падышалыктын 1 400дөн ашык жарчысы болсо, азыр 68 000ден көп. Ыйык Китепти изилдеп жаткан 120 000 кишинин жана 2009-жылы Машаяктын өлүмүн эскерүү кечесине келген 232 000 кишинин ичинен дагы көптөрү чындыкка келери шексиз. Арийне, Жахаба өз элине батасын биз элестеткенден да мол төктү. Зор өсүш болуп жаткан убакта, зор өсүш болуп жаткан жерде жашоо кандай гана жүрөк козгоорлук! *

[Шилтемелер]

^ 34-абз. Бул макала даярдалып жатканда, Харли Харрис бир тууган кайтыш болуп калды. Ал өмүрүнүн акырына чейин Жахабага ишенимдүү бойдон калды.

[5-беттеги сүрөт]

Сыртта өткөн жыйын (1981); ошол эле жердеги Гуаякиль Жыйындар залы (2009)