Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын батасын алууга тырыш

Жахабанын батасын алууга тырыш

Жахабанын батасын алууга тырыш

«[Кудай] аны тырышчаактык менен издегендерге сыйлык берет» (ЭВР. 11:6).

1, 2. а) Көптөр Кудайдын батасына ээ болуу үчүн эмне кылышат? б) Эмне үчүн Жахабанын батасына ээ болууга умтулушубуз керек?

«КУДАЙ батасын берсин!» Айрым жерлерде адамдар аларга жакшылык кылган бирөөгө ыраазычылык билдиргенде же каалоо-тилек айтканда ушинтип коюшат. Ар кайсы диндердеги диний жетекчилердин адамдарга, жаныбарларга, жансыз нерселерге батасын бергени да жат көрүнүш эмес. Башкалар Кудайдан бата алам деген үмүттө ат арытып, жол карытып дүйнөнүн чар тарабындагы диний жайларга сапар тартышат. Саясатчылар да Кудайдан өз элине бата тилешет. Алар Кудайга жаккыдай тиленишеби? Кудай аларды угабы? Чынында кимдер Кудайдын батасын алышат жана эмне үчүн?

2 Жахаба акыркы күндөрү жек көрүүчүлүккө, каршылыкка карабай Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды жердин учу-кыйырына чейин жарыялай турган таза жана тынчтыкты сүйгөн эли болорун алдын ала айткан (Ыш. 2:2—4; Мт. 24:14; Аян 7:9, 14). Кудайдын элинин мүчөсү болуу жоопкерчилигин алгандар катары биз анын батасына ээ болгубуз келет жана ээ болууга зарбыз, анткени ансыз эч качан ийгиликке жете албайбыз (Заб. 126:1). Анда кантип Кудайдын батасына ээ боло алабыз?

Тил алчаактарга Кудай батасын төгөт

3. Ысрайылдыктар тил алчаак болушса, кандай пайда алышмак?

3 Оку: Накыл сөздөр 10:6, 7. Ысрайыл эли Убадаланган жердин босогосун аттаарда, Жахаба эгер алар анын тилин алышса, гүлдөп-өсөрүн жана анын канаты астында болорун айткан (Мыйз. 28:1, 2). Жахаба өз элине батасын бермек эле эмес, төкмөк. Ырас, анын тилин алгандар сөзсүз мол батага ээ болушмак.

4. Кудайга чын жүрөктөн тил алуу деген эмнени билдирет?

4 Ысрайылдыктар кандай маанай менен тил алчаактык көрсөтүшү керек эле? Кудай өзүнүн Мыйзамында эгер анын эли ага «кубанып, шаттанып кызмат кылбаса», аны капалантарын айткан (Оку: Мыйзамды кайталоо 28:45—47). Жахаба биздин анын талаптарын, жаныбарлардай же жин-перилердей болуп, милдеттүү болгондуктан эмес, чын жүрөктөн аткарышыбызга татыктуу (Мр. 1:27; Жкп. 3:3). Кудайга чын жүрөктөн тил алуу — сүйүүнүн белгиси. Жахабага чын дилден тил алган киши анын осуяттарын аткаруу оор эмес экенине жана «аны тырышчаактык менен издегендерге сыйлык берерине» бекем ишенүүдөн кубаныч алат (Эвр. 11:6; 1 Жкн. 5:3).

5. Жахабанын убадасына ишенүү менен тил алчаактык көрсөтүү Мыйзамды кайталоо 15:7, 8де жазылган мыйзамды аткарууга кандайча жардам берет?

5 Кудайдын аны тырышчаактык менен издегендерге сыйлык берерине толук ишенүү менен тил алчаактык көрсөтүү Мыйзамды кайталоо 15:7, 8-аяттардагы мыйзамды аткарууга кандайча жардам берерин карап көрөлү (Аяттарды оку.). Бул мыйзамды кыйылып аткаруу жакырларга бир аз жеңилдик алып келиши мүмкүн, бирок бул Кудайдын элинин арасында ынак мамилелердин жана жылуу маанайдын болушуна өбөлгө түзөт беле? Андан да маанилүүсү, бул Жахабанын өзүнүн кызматчыларына кам көрөрүнө ишенерибизди жана анын берешендигин чагылдыруу мүмкүнчүлүгүн баалаарыбызды көрсөтөт беле? Кайдан! Кудай чындап берешен кишинин жүрөгүн көрүп тургандыктан, анын иш-аракеттеринин баарына батасын берерин убадалайт (Мыйз. 15:10). Ушул убадага ишеним артуу тийиштүү иш-аракет кылууга түрткү берет, бул болсо көптөгөн баталарга ээ кылат (Накыл 28:20).

6. Эврейлер 11:6дагы сөздөр бизди эмнеге ынандырат?

6 Кудайдын батасына ээ болуу үчүн Жахабанын Сыйлык Берүүчү экенине ишенгенден тышкары, Эврейлер 11:6да баса белгиленгендей, дагы бир сапатты чагылдыруу маанилүү. Жахабанын «аны тырышчаактык менен издегендерге сыйлык берерине» назарыңарды бурсаңар. Бул жерде колдонулган түп нускадагы сөз бүт көңүлүн коюп, тыным албай күч-аракет жумшоону билдирет. Бул сөздөр тырышчаактык менен аракет кыла берсек, сөзсүз Жахабанын батасына ээ болорубузга ынандырат. Муну «жалган сүйлөй албаган» чыныгы Кудай айткан (Тит 1:2). Ал убадаларын сөзсүз орундатарын миңдеген жылдардан бери далилдеп келет. Анын сөзү эки болбойт — дайыма айтканы айтканындай болот (Ыш. 55:11). Ошондуктан, эгер чыныгы ишеним көрсөтсөк, анын бизди сыйлыксыз калтырбай турганына кымындай да күмөн санабасак болот.

7. Ыбрайымдын «тукуму» бизге бата алууга кандайча жардам берет?

7 Иса Машаяк — Ыбрайымдын «тукумунун» негизги бөлүгү. Ал эми Исанын майланган жолдоочулары — убадаланган «тукумдун» экинчи даражадагы бөлүгү. Аларга «караңгылыктан өзүнүн ажайып жарыгына Чакыргандын „укмуш сонун сапаттарын бардык жерде жарыялоо“» тапшырмасы берилген (Гал. 3:7—9, 14, 16, 26—29; 1 Пет. 2:9). Иса өзүнүн мүлкүнө кам көрүүгө дайындагандарды баркка албасак, Жахаба менен жакшы мамиледе боло албайбыз. «Ишенимдүү жана акылдуу кулдун» жардамысыз биз Кудайдын Сөзүнөн окугандарыбызды эч качан толук түшүнө албайт болчубуз, аларды кантип колдонушту билбейт да болчубуз (Мт. 24:45—47). Ырас, Жазмадан билгендерибизди иш жүзүндө колдонуу Кудайдын батасына ээ кылат.

Кудайдын эркин аткаруу көңүлүбүздүн борборунда болсун

8, 9. Уруу башчысы Жакып кантип Кудайдын убадасына ылайык иш кылган?

8 Кудайдын батасына ээ болууга талыкпай күч-аракет жумшоо керек дегенде дароо эле уруу башчысы Жакып эсибизге түшөт. Ал Кудайдын Ыбрайымга берген убадасы кантип аткарыларын билбесе да, Жахабанын анын чоң атасынын тукумун көбөйтүп, алардан улуу эл чыгарарына бекем ишенген. Ошентип, Жакып б.з.ч. 1781-жылы колукту издеп, Харанга жол тарткан. Ал тек гана көңүлүнө төп келген жан шерикти эмес, балдарына жакшы эне боло ала турган, Жахабага кызмат кылып, рухийликти баалаган колукту табууга ынтызар болгон.

9 Биз билгендей, Жакып тууганы Рахелди жолуктуруп, сүйүп калган. Ошондуктан ага үйлөнүү үчүн атасы Лабанга жети жыл иштеп берүүгө макул болгон. Бул тек гана бири бирине ашык болуп калган эки кишинин окуясы болгон эмес. Анткени Жакып чоң атасы Ыбрайымга берилген Кудуреттүү Кудайдын убадасын жакшы билген; ал убада кийинчерээк атасы Ыскакка да айтылган (Башт. 18:18; 22:17, 18; 26:3—5, 24, 25). Ыскак болсо Жакыпка мындай деген: «Кудуреттүү Кудай сага батасын берсин, сени укум-тукумдуу кылсын, сенден көптөгөн элдер тарасын. Кудай Ыбрайымга берген батасын сага да, сенин укум-тукумуңа да берсин. Кудай Ыбрайымга берген, азыр сен жашап жаткан жерди мураска ал» (Башт. 28:3, 4). Арийне, Жакыптын бала-бакыралуу болуу үчүн жакшы жар табууга күч-аракет жумшаганы Жахабанын ошол убадасына бекем ишенгенин көрсөтүп турат.

10. Жахаба эмне үчүн Жакыптын суранычын орундатып, ага батасын берген?

10 Жакып өз үй-бүлөсү үчүн байлык-дөөлөт топтоого умтулган эмес. Анын көңүлүнүн борборунда Жахабанын анын урпактарына байланыштуу убадасы турган. Ал Жахабанын эркинин аткарылышына абдан кызыкдар болгон. Ооба, Жакып Кудайдын батасына ээ болуу үчүн эч бир тоскоолдукка карабай колунан келгендин баарын кылууга чечкиндүү болгон. Ал карылыкка баш койгондо да ошол чечкиндүүлүгүнөн жазган эмес, ошон үчүн Жахаба ага батасын берген (Оку: Башталыш 32:24—29).

11. Кудайдын ачылып берилген эркине ылайык, кандай күч-аракет жумшашыбыз керек?

11 Жакыптай болуп, биз да Жахабанын эркинин кандайча аткарыларын ийне-жибине чейин билбейбиз. Ошентсе да Кудай Сөзүн изилдөө менен «Жахабанын күнү» тууралуу жалпы түшүнүк ала алабыз (2 Пет. 3:10, 17). Мисалы, ал күндүн качан келерин так билбесек да, анын жакын калганын билебиз. Ошондой эле аз калган убакытты туура пайдаланып, кылдат күбөлөндүрүү менен өзүбүздү да, угуучуларыбызды да куткара аларыбыз жөнүндөгү Ыйык Жазмадагы сөздөргө бекем ишенебиз (1 Тим. 4:16).

12. Эмнеден шектенбесек болот?

12 Бизге дүйнөнүн акыры күтүлбөгөн учурда келип калышы мүмкүн экени маалым. Анын үстүнө, Жахабанын күнүнүн келиши дүйнө жүзүндөгү ар бир кишиге жекече күбөлөндүрүү беришибизден көз каранды эмес (Мт. 10:23). Ошентсе да бизге кабар айтуу ишин натыйжалуу жүргүзүүгө карата мыкты жетекчилик берилүүдө. Биз ошол ишке колубузда болгондун баарын арнап, бүт шык-жөндөмүбүздү колдонуп катышабыз. Аймагыбыздагы адамдар жарыялаган кабарыбызга кулак кагышабы? Муну алдын ала айта албайбыз (Оку: Насаатчы 11:5, 6). Биздин милдетибиз — Жахабанын батасын берерине ишенип, кабар айта берүү (1 Кор. 3:6, 7). Жахабанын биздин талыкпай күч-аракет жумшап жатканыбызды көз далдаасында калтырбасына жана ыйык руху аркылуу зарыл жетекчилик берерине эч шектенбесек болот (Заб. 31:8).

Ыйык рух алууга умтулалы

13, 14. Ыйык рухтун Кудайдын кызматчыларына жөндөмдүүлүк берерин эмнеден көрүүгө болот?

13 Эгер алган тапшырмабызды аткарууга же кабар айтуу ишине катышууга өзүбүздү жөндөмсүз сезсекчи? Анда Жахабадан ага кызмат кылууда зарыл шык-жөндөмдүүлүктөрдү өрчүтүшүбүз үчүн ыйык рухун сурашыбыз керек (Оку: Лука 11:13). Кудайдын руху адамдарды, мурун жагдай-шарты, тажрыйбасы кандай болбосун, кайсы бир ишти же жоопкерчиликти аркалоого жарактуу кылат. Мисалы, ысрайылдыктар Мисирден чыккандан кийин, Кудайдын руху согуш ишинде эч кандай тажрыйбасы жок койчулар менен кулдарды кара жоону талкалап, жеңишке ээ болууга жардам берген (Чыг. 17:8—13). Андан көп өтпөй ошол эле рух Бетселел менен Алыйапты жыйын чатырын курууга байланыштуу Жахабанын жетекчилиги менен түзүлгөн жана чебердикти талап кылган архитектордук долбоорлорду жүзөгө ашырууга жөндөмдүү кылган (Чыг. 31:2—6; 35:30—35).

14 Дал ошол кубаттуу күч Кудайдын биздин күндөрдөгү кызматчыларына адабияттарды өздөрү басып чыгарышы керек болгондо уюмдун муктаждыктарына кам көрүүгө көмөк кылган. Ошол учурдагы басмакананын көзөмөлчүсү Роберт Мартин бир тууган 1927-жылга чейин аткарылган иштер жөнүндө мындай деп жазган: «Так өз убагында Мырзабыз эшикти ачты; биздин колубузга килейген ротациялык басма машине тийди, анын түзүлүшү жана кандайча иштээри жөнүндө кенедей да түшүнүгүбүз жок эле. Бирок Мырзабыз ага жан-дилин арнагандарга ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгүн жакшыртууга кантип жардам берүү керектигин билген... Бир нече жумадан кийин эле биз ал басма машинени шакылдатып иштете баштадык, ал азыр да шакылдап, атүгүл аны жасагандардын оюна келбеген ишти аткарып жатат». Жахаба бүгүнкү күндө да кызматчыларынын тырышчаактык менен кылган аракеттерине батасын берүүдө.

15. Кандайча Римдиктер 8:11деги сөздөр азгырыктар менен күрөшүп жаткандарга кубат берет?

15 Жахабанын руху ар кандай жолдор менен иш-аракет кылат. Ал рухка Кудайдын кызматчыларынын баары ээ боло алышат жана ал аларга опол тоодой тоскоолдуктарды жеңүүгө жардам берет. Эгер кайсы бир азгырык менен күрөшүп жатсакчы? Анда Пабылдын Римдиктер 7:21, 25-аяттарда жана 8:11де жазылган сөздөрүнөн кубат алсак болот. Ооба, «Исаны өлгөндөрдүн арасынан тирилткен Кудайдын руху» бизге дене кумарларын жеңүүгө дем-күч берет. Бул аяттар Исанын майланган жолдоочуларына арналып жазылса да, андагы принциптерди Кудайдын кызматчыларынын баары колдоно алышат. Машаякка ишеним көрсөтүп, туура эмес каалоолорду «өлтүрүүгө» бүт күчүбүздү жумшоо менен жана рухтун жетегине ылайык жашоо менен баарыбыз өмүргө ээ боло алабыз.

16. Кудайдан ыйык рух алуу үчүн эмне кылышыбыз керек?

16 Эч кандай күч-аракет жумшабай эле Кудайдан ыйык рух ала алабызбы? Жок. Аны сурап тиленгенден тышкары, биз Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган сөздөр менен азыктанышыбыз керек (Накыл 2:1—6). Мындан сырткары, Кудайдын руху жыйналышта болот. Жолугушууларга үзбөй катышуу менен «ыйык рухтун жыйналыштарга эмне деп жатканын угууга» куштар экенибизди көрсөтөбүз (Аян 3:6). Ошондой эле үйрөнүп-билгендерибизди момундук менен колдонушубуз керек. Накыл сөздөр 1:23тө («ЖД») Жахаба бизге: «Мага кулак салып, оңолгула. Ошондо силерге рухумду төгөм, сөздөрүмдү жарыялайм»,— деген кеңеш берет. Ырас, «Кудай өзүнө баш ийгендерге» ыйык рухун берет (Элч. 5:32).

17. Эмненин аркасында аракеттерибиздин акыбети кайтып, Кудайдын батасын алып жатабыз? Мисал менен түшүндүр.

17 Ооба, Кудайдын батасын алуу үчүн тырышчаактык менен аракет кылганыбыз маанилүү. Анткен менен Жахабанын эли күч-аракет жумшагандыктан эле мол баталарды алып жатат деп айтууга болбойт. Себеби Жахаба бизге анын батасына ээ болууга жардам бербесе, аракеттерибизден эч кандай майнап чыкпайт болчу. Муну түшүнүү үчүн организмибиздин тамак-аштан кандайча пайда аларын карап чыгалы. Кудай денебизди ырыскы-насиптен ырахат алышыбызга өбөлгө түзгүдөй жана андан пайдалуу азык-заттарды сиңирип алгыдай кылып жараткан. Ал бизге тамак-ашты да караштырып койгон. Биз тамак-аштын керектүү азык-заттарга кандайча ээ болорун толук билбейбиз, ошондой эле көбүбүз организмибиздин жеп жаткан тамагыбызды кантип энергияга айлантарын түшүндүрүп бере албайбыз. Болгону, ошол процесстин жүрүп жатканын жана тамактануу менен анын тийиштүү түрдө жүрүшүн шарттай аларыбызды билебиз. Ал эми пайдалуу тамак-аш менен азыктансак, натыйжасы андан да жакшы болот. Ошо сыяктуу эле, Жахаба түбөлүк өмүр алышыбыз үчүн белгилүү бир талаптарды койгон жана ошол талаптарга жооп бере алышыбыз үчүн кайра эле өзү зарыл жардам көрсөтөт. Арийне, Жахаба иштин көбүн өзү кылат, ошондуктан ал даңкталууга татыктуу. Ошентсе да анын батасына ээ болуу үчүн анын эркине ылайык иш кылып, аны менен кызматташышыбыз керек (Акай 2:18, 19).

18. Сен эмне кылууга чечкиндүүсүң жана эмне үчүн?

18 Андыктан Кудайдан алган ар бир тапшырмаңды бүт жүрөгүңдү берип аткар. Ийгиликке жетүү үчүн дайыма Жахабага таян (Мр. 11:23, 24). Ошондо Кудай аракеттериңе сөзсүз батасын берет (Мт. 7:8). Исанын рух менен майланган жолдоочулары асманда «өмүр таажысын» алышат (Жкп. 1:12). Ал эми Ыбрайымдын тукуму аркылуу бата алууга умтулган «башка койлор» Машаяктын: «Атамдан бата алгандар, келгиле, дүйнө негизделгенден бери силер үчүн даярдалган падышалыкты мурастагыла»,— деген сөздөрүн угуп шаттыкка бөлөнүшөт (Жкн. 10:16; Мт. 25:34). Ооба, «Кудайдын батасын алгандар... жерди мурастап, анда түбөлүк жашашат» (Заб. 36:22, 29).

Түшүндүрө аласыңарбы?

• Чын жүрөктөн тил алуу деген эмне?

• Кудайдын батасына ээ болуу үчүн эмне талап кылынат?

• Кудайдын ыйык рухун кантип ала алабыз жана ал бизге кантип жардам берет?

[Изилдөө суроолору]

[9-беттеги сүрөт]

Жакып Жахабанын батасын алыш үчүн периште менен күрөшкөн.

Сен да бата алыш үчүн күч-аракет жумшап жатасыңбы?

[10-беттеги сүрөт]

Кудайдын ыйык руху Бетселел менен Алыйаптын жөндөмдүүлүктөрүн арттырган