Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын элинин биримдиги ага даңк алып келет

Жахабанын элинин биримдиги ага даңк алып келет

Жахабанын элинин биримдиги ага даңк алып келет

«Рух биримдигин сактоого умтулгула» (ЭФ. 4:3).

1. Биринчи кылымдагы эфестиктер кандайча Кудайга даңк алып келишкен?

БАЙЫРКЫ Эфестеги жыйналыштын биримдиги чыныгы Кудайга, Жахабага, даңк алып келген. Гүлдөп-өсүп жаткан ал соода борборунда Исанын жолдоочуларынын кээ бирлери кол алдында кулдары бар бай кишилер болсо, башкалары кедей-кембагал кулдар болгонуна күмөн жок (Эф. 6:5, 9). Ал жыйналыштын айрым мүчөлөрү элчи Пабыл үч ай бою алардын синагогасында сөз сүйлөгөндө чындыкты тааныган жүйүттөр болгон. Дагы бирөөлөрү мурда Артемида кудайына сыйынып, сыйкырчылык менен алектенип келишкен (Элч. 19:8, 19, 26). Арийне, чындык тек-жайы ар кандай кишилерди бириктирген. Пабыл ал жыйналыштын биримдиги Жахабага даңк алып келгенин билгендиктен: «Жыйналыш... аркылуу [Кудайга] даңк»,— деп жазган (Эф. 3:21).

2. Эфес жыйналышынын биримдигине эмне коркунуч туудурган?

2 Бирок Эфес жыйналышынын Кудайдын батасынын аркасында өкүм сүргөн биримдигине айрым нерселер коркунуч туудурган. Пабыл аксакалдарды: «Шакирттерди ээрчитип кетүү үчүн өзүңөрдүн эле араңардан чындыкты бурмалап сүйлөгөн адамдар чыгат»,— деп эскерткен (Элч. 20:30). Мындан сырткары, айрым бир туугандар Пабыл айткан «тил албаган адамдарга таасир этип жаткан» бөлүп-жаруучу рухтан толук арыла элек болчу (Эф. 2:2; 4:22).

Биримдиктин маанилүүлүгүн баса белгилеген кат

3, 4. Пабылдын эфестиктерге жазган катында биримдик кандайча баса белгиленген?

3 Пабыл Исанын жолдоочулары ынтымакта кызмат кылышы үчүн, биримдикти чыңдоого ар бири күч-аракет жумшашы керектигин билген. Ал Кудайдын ыйык рухунун жетеги менен эфестиктерге биримдиктин маанилүүлүгүн баса белгилеген кат жазган. Маселен, Пабыл Кудайдын «баарын кайрадан Машаяктын башчылыгы астында бириктирүүнү» ниет кылганын жазган (Эф. 1:10). Ошондой эле ал Исанын жолдоочуларын имаратты түзгөн ар кандай таштарга салыштырып: «Бүт имарат, бардык бөлүктөрү кыналып бириктирилип, Жахабанын ыйык ибадатканасы болуу үчүн бийиктеп баратат»,— деген (Эф. 2:20, 21). Андан тышкары, Пабыл жүйүттөр менен Исанын башка улуттагы жолдоочуларынын биримдикте болушу керектигин баса көрсөткөн жана аларга баары бир Кудайдын колунан бүткөнүн эскерткен. Ал Жахабаны «Ата» деп атап, «асмандагы жана жердеги ар бир үйбүлө өзүнүн аты үчүн Ага милдеттүү» экенин айткан (Эф. 3:5, 6, 14, 15).

4 Эфестиктер 4-бөлүмдү изилдеп чыгуу менен биз биримдик эмне себептен күч-аракетти талап кыларын, Жахабанын бизге биримдикте болууга кандай көмөк көрсөтөрүн жана аны сактоого кайсы сапаттар жардам берерин билебиз. Изилдөөдөн көбүрөөк пайда алуу үчүн ал бөлүмдү толугу менен окуп чыгууга эмне үчүн болбосун?

Эмне үчүн биримдик күч-аракетти талап кылат?

5. Периштелер эмне үчүн Кудайга биримдикте кызмат кылышат жана эмне себептен бул бизге кыйла оор болушу мүмкүн?

5 Пабыл эфестик бир туугандарынан: «Тынчтык түйүнү аркылуу рух биримдигин сактоого умтулгула»,— деп өтүнгөн (Эф. 4:3). Биримдикти сактоо күч-аракетти талап кыларын түшүнүү үчүн периштелерди мисалга алалы. Жер жүзүндө толугу менен опокшош эки жан жок болгонун эске алганда, Жахаба өзүнүн миллиондогон периштелеринин ар бирин өзүнө гана таандык өзгөчөлүктөрү менен жараткан деген тыянак чыгарууга болот (Дан. 7:10, «ЖД»). Ошентсе да алар Жахабанын тилин алып, анын эркин аткаргандыктан, ага биримдикте кызмат кылышат (Оку: Забур 102:20, 21). Ишенимдүү периштелер бири-биринен өзгөчөлүктөрү менен айырмаланып турушса, биздин өзгөчөлүктөрүбүз эле эмес, кемчиликтерибиз да бар. Ушундан улам биримдикти сактоо бизге кыйла оор болушу мүмкүн.

6. Кемчиликтери биздикинен айырмаланган бир туугандар менен кубанычта кызматташууга кайсы сапаттар жардам берет?

6 Кызматташа келгенде, жеткилеңсиз адамдардын ортосунда кыйынчылыктар оңой эле пайда болушу ыктымал. Мисалы, мүнөзү жумшак, бирок көп кечиккен бир тууган так, бирок ачуусу чукул бир тууган менен кызматташат дейли. Экөө тең өзүнөн да кеткенин эске албай, биринин жүрүм-турумун бири туура эмес көрүшү мүмкүн. Бул эки бир тууган кантип ынтымакта кызматташа алат? Пабылдын төмөнкү сөздөрүндө кеңеш кылынган сапаттардын аларга кандайча жардам бермектиги тууралуу ойлонуп көрсөңөр. Анан ал сапаттарды өрчүтүү менен биримдикке кантип өбөлгө түзө аларыбыз жөнүндө ой жүгүртүп көргүлө. Пабыл мындай деп жазган: «Силерден суранам: чакырылууңарга ылайык жашагыла; дайыма момун, жумшак, чыдамкай болгула жана сүйүү көрсөтүү менен бири-бириңерге көтөрүмдүү болгула; тынчтык түйүнү аркылуу рух биримдигин сактоого умтулгула» (Эф. 4:1—3).

7. Жеткилеңсиз бир туугандарыбыз менен биримдикте болууга умтулуу эмне үчүн маанилүү?

7 Чыныгы сыйынуучулар бир эле «денени» түзгөндүктөн, Кудайга жеткилеңсиз адамдар менен биримдикте сыйынууга үйрөнүү абдан маанилүү. «Өзүңөр ээ болууга чакырылган үмүт бирөө болгондой эле, бир дене, бир рух, бир Мырза, бир ишеним, бир чөмүлтүлүү бар. Ошондой эле... бардыгынын Атасы болгон бир Кудай бар»,— делет Ыйык Китепте (Эф. 4:4—6). Жахаба Кудай ыйык рухун жана батасын өзү колдонуп жаткан бир гана бир туугандыкка берет. Жыйналыштан кимдир бирөө көңүлүбүздү оорутса, каякка бармак элек? Түбөлүк өмүргө алып баруучу сөздөрдү башка эч бир жерден уга албайбыз (Жкн. 6:68).

Биримдикти чыңдаган «адам түрүндөгү белектер»

8. Машаяк биримдигибизди бекемдөөгө жардам берүү үчүн кимдерди колдонот?

8 Исанын жыйналыштын биримдигин чыңдоо үчүн «адам түрүндөгү белектерди» кандайча колдонорун көрсөтүү максатында Пабыл байыркы учурда аскерлер арасында салтка айланган нерсени мисал кылган. Жеңишке жеткен аскер кээде туткунга түшкөн чет жерлик кишини аялына күнүмдүк иштерде жардам берсин деп үйүнө алып келчү (Заб. 67:2, 13, 19, «ЖД» [68:18]). Ошо сыяктуу эле, Иса бул дүйнөнү жеңгенде даярдуулук менен кызмат кылгысы келген көптөгөн кулдарга ээ болгон (Оку: Эфестиктер 4:7, 8). Ал, мындайча айтканда, туткундалган кишилерди кантип колдонгон? «Ал бирөөлөрдү элчи, бирөөлөрдү пайгамбар, бирөөлөрдү жакшы кабар таратуучу, дагы бирөөлөрдү койчу жана окутуучу катары берди. Алар ыйыктарды туура жолго салуу үчүн, башкаларга кызмат кылуу үчүн, Машаяктын денесин бекемдөө үчүн берилди. Ал муну баарыбыз... биримдикке... жетишибиз үчүн кылды»,— делет Жазмада (Эф. 4:11—13).

9. а) «Адам түрүндөгү белектер» биримдигибизди сактоого кандай жардам беришет? б) Эмне себептен жыйналыштын ар бир мүчөсү анын биримдигин чыңдашы керек?

9 Мээримдүү койчулар катары ал «адам түрүндөгү белектер» биримдигибизди сактоого жардам беришет. Мисалы, жыйналыштын аксакалы эки бир туугандын бири бирине атаандашып жатканын байкаса, аларды «жумшактык менен туура жолго салуу» максатында жекече кеңеш берүү менен жыйналыштын биримдигин сактоого чоң салым кошот (Гал. 5:26—6:1). Ошондой эле «адам түрүндөгү белектер» окутуучулар катары бизге ыйык китептик билимге негизделген бекем ишеним өрчүтүүгө жардам көрсөтүшөт. Ошентип, алар биримдик түйүнүн чыңдап, бизге рухий жактан жетилүүгө көмөк кылышат. Ал эми жетилүү, Пабыл айткандай, «наристелердей болбошубуз» үчүн жана «адамдык амалкөйлүк аркылуу, куулук менен ойдон чыгарылган калп аркылуу ар кандай окуулардын шамалына айдалып, толкун сыяктуу ары-бери чайпалбашыбыз үчүн» абдан маанилүү (Эф. 4:13, 14). Денебиздин ар бир мүчөсү башка мүчөлөрдү зарыл нерселер менен камсыздап, чыңдагандай эле, Исанын ар бир жолдоочусу бир туугандыктын биримдигин чыңдашы керек (Оку: Эфестиктер 4:15, 16).

Жаңы табиятка кийингиле

10. Адеп-ахлаксыз жүрүм-турум кандайча биримдикке доо кетирет?

10 Пабылдын эфестиктерге жазган катынын 4-бөлүмүнөн Исанын жетилген жолдоочулары катары биримдикти сактоонун сыры сүйүүдө жатканын баамдадыңарбы? Ал катта сүйүү көрсөтүү деген эмне экени да ачылып берилет. Алсак, сүйүү жолу менен жүрүү бузуктуктан жана «бузуку жүрүм-турумга берилип» кетүүдөн сактайт. Пабыл бир туугандарын: «Башка элдердин жолу менен жүрбөгүлө»,— деп үндөгөн. Андай адамдар «уят-сыйытты жыйыштырып», «бузуку жүрүм-турумга берилип кетишкен» (Эф. 4:17—19). Биз жашап жаткан адеп-ахлаксыздыкка баткан дүйнө биримдигибизге коркунуч туудурат. Адамдар бузуктук туурасында тамашалашат, ырдашат, көңүл ачуу максатында аны көрүшөт жана жашыруун же ачыктан-ачык эле кылышат. Бирок атүгүл тийишүү, атап айтканда, баш кошууга ниеттенбеген эле бирөөгө ага ашык болгондой же кызыгып жаткандай мамиле кылуу адамды Жахабадан жана жыйналыштан алыстатышы мүмкүн. Эмне себептен? Себеби ал оңой эле бузуктукка алып барат. Мындан тышкары, тийишүү никелүү кишини ойноштукка эле түртпөстөн, балдарды ырайымсыз түрдө ата-энесинен, бейкүнөө жубайды өмүрлүк жарынан ажыратат. Бул чынында эле бөлүп-жаруу эмеспи?! Ошондуктан Пабылдын: «Силер Машаяктан андай жолдо жүрүүгө үйрөнгөн эмессиңер»,— дегени таң калыштуу эмес (Эф. 4:20, 21).

11. Ыйык Китеп Исанын жолдоочуларын кандай өзгөрүү жасоого үндөйт?

11 Пабыл залакалуу ой жүгүртүүнү акылыбыздан сүрүп чыгарууга жана башкалар менен ынтымакта жашоого өбөлгө түзө турган сапаттарды өрчүтүшүбүз керектигин баса көрсөткөн. Ал мындай деген: «Мурдагы жашоо мүнөзүңөргө ылайык калыптанган жана өзүнүн алдамчы кумарларынан улам чирип бараткан эски табиятты чечип, акылыңарга түрткү берүүчү күч менен жаңыланып туруу керектигин, ошондой эле Кудайдын эркине ылайык жаратылган жана чыныгы адилдик менен берилгендиктин талаптарына жооп берген жаңы табиятты кийүү керектигин үйрөнгөнсүңөр» (Эф. 4:22—24). Канткенде биз акылыбызга «түрткү берүүчү күч менен жаңылана» алабыз? Эгер Кудайдын Сөзүнөн билгендерибизди жана Исанын жетилген жолдоочуларынын мыкты үлгүсү жөнүндө ыраазычылык менен ой жүгүртсөк, үйрөнүп-билгендерибизди иш жүзүндө колдонууга түрткү алабыз. Бул болсо «Кудайдын эркине ылайык жаратылган» жаңы табиятка кийинүүгө жардам берет.

Тилди жаңыланткыла

12. Чындыкты сүйлөө кандайча биримдикке өбөлгө түзөт жана эмне үчүн айрымдарга чындыкты сүйлөө кыйынга турат?

12 Үй-бүлөдөгүлөр жана жыйналыштагылар бири бирине мүчө болгондуктан, бири бирине чындыкты сүйлөгөнү абдан маанилүү. Чын ыкластан, ачык, жылуу-жумшак сүйлөө адамдарды бири бирине жакындатат (Жкн. 15:15). Бирок кимдир бирөө бир тууганына жалган айтсачы? Бир тууганы муну билип калганда, экөөнү бириктирип турган ишенимге доо кетет. Андыктан Пабылдын эмне себептен: «Ар бириңер жакыныңарга чындыкты сүйлөгүлө, анткени биз бир дененин мүчөлөрүбүз»,— деп айтканын түшүнүү кыйын эмес (Эф. 4:25). Калп айтып көнүп калган, балким, муну кичинекейинен эле адат кылып алган кишиге чындыкты сүйлөй баштоо кыйынга турушу ыктымал. Бирок Жахаба анын өзгөрүү үчүн жасаган аракеттерин баалап, жардам берет.

13. Кемсинтерлик сөздөрдөн арылууга эмне кирет?

13 Жахаба бизге тилибизди ооздуктоого байланыштуу көрсөтмөлөрдү берүү менен жыйналышта жана үй-бүлөдө бири-бирибизди кадырлап-сыйлоого жана биримдикте болууга үйрөтөт. Жазмада: «Оозуңардан бир да чириген сөз чыкпасын... Ар кандай жамандык менен бирге жаалдан, ачуудан, каардан, кыйкырыктан, кемсинтерлик сөздөрдөн арылгыла»,— делет (Эф. 4:29, 31). Кемсинтерлик сөздөрдөн качуунун бир жолу — башкаларга терең урмат-сый менен мамиле кылууга үйрөнүү. Мисалы, зайыбына орой сүйлөгөн күйөө Жахабанын аял затына урмат-сый менен мамиле кылары жөнүндө окуп-билгендерине ылайык иш кылып, жубайына болгон мамилесин өзгөртүшү керек. Кудай атүгүл айрым аялдарды ыйык рух менен майлап, аларга Машаяк менен бирге падышалар катары бийлик жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн берген (Гал. 3:28; 1 Пет. 3:7). Ошо сыяктуу эле, күйөөсүнө кыйкырып көнгөн аял башкалар ачуусуна тийгенде өзүн кармай билген Исанын үлгүсүнө карманып, өзгөрүлүшү керек (1 Пет. 2:21—23).

14. Эмне үчүн ачууга алдыруу кооптуу?

14 Кемсинтерлик сөздөрдү сүйлөө ачууга алдыруу менен тыгыз байланышта. Бул да бири-бири менен жакшы мамиледеги адамдарды бөлүп-жарат. Ачуу от сыяктуу. Ал тез эле ээ-жаа бербей кетип, каргашага алып келиши мүмкүн (Накыл 29:22). Нааразычылыгын билдирүүгө негизи бар киши да баалуу мамилелерин бузуп албашы үчүн ачуусун тыя билиши кажет. Исанын жолдоочулары көкүрөгүнө кек түйбөшү жана эски жараны козгой бербеши керек, тескерисинче, кечиримдүү болууга үйрөнүшү зарыл (Заб. 36:8; 102:8, 9; Накыл 17:9). Пабыл эфестиктерге: «Ачууланганыңарда күнөө кетирбегиле. Ачууңарды күн батканча баскыла жана Ибилиске орун бербегиле»,— деген кеңеш берген (Эф. 4:26, 27). Ооба, ачуубузду тизгиндей билбесек, Ибилиске жыйналыштын арасына от жагууга, атүгүл чыр-чатак чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүп берип коймокпуз.

15. Бизге таандык эмес нерсени алуунун кесепети кандай болушу мүмкүн?

15 Башкаларга таандык нерсени уруксатсыз албоо менен да жыйналыштын биримдигине салым кошо алабыз. Ыйык Китептен: «Ким уурулук кылып жүрсө, мындан ары уурулук кылбасын»,— дегенди окуйбуз (Эф. 4:28). Жахабанын кызматчылары бири бирине ишенишет. Эгер Исанын жолдоочусу ошол ишенимди кыянат пайдаланып, өзүнө таандык эмес нерсени алса, Кудайдын элине кубаныч тартуулаган биримдикти бузмак.

Кудайга болгон сүйүү бизди бириктирет

16. Бекемдей турган кандай сөздөр биримдигибизди чыңдоого жардам берет?

16 Исанын жолдоочуларынын баары Кудайга болгон сүйүүсүнөн улам башкаларга сүйүү менен мамиле кылууга түрткү алгандыктан, алардын ортосунда биримдик өкүм сүрөт. Жахабанын боорукердигине болгон ыраазычылык сезими төмөнкү кеңешти колдонууга бүт күч-аракетибизди жумшоого түрткү берет: «Уккандарга пайда алып келиши үчүн, зарыл болгондо, аларды бекемдей турган сөздөрдү сүйлөгүлө. Бири-бириңерге кайрымдуу, өзгөчө боорукер болгула. Кудай силерди Машаяк аркылуу айкөлдүк менен кечиргендей, силер да бири-бириңерди айкөлдүк менен кечиргиле» (Эф. 4:29, 32). Жахаба биздей жеткилеңсиз адамдарды боорукердик менен кечирет. Башкалардын кемчилик-каталарын көргөнүбүздө биз да аларды боорукердик менен кечиришибиз керек эмеспи?

17. Эмне үчүн биримдикти сактоо үчүн бүт күчүбүздү жумшашыбыз керек?

17 Жахабанын элинин биримдиги Ага даңк алып келет. Анын руху биримдигибизди сактоого ар кандай жолдор менен жардам берет. Биз рухтун жетекчилигине каршы иш кылгыбыз келбейт. «Кудайдын ыйык рухун капалантпагыла»,— деп жазган Пабыл (Эф. 4:30). Чынында, биримдигибиз — көздүн карегиндей сактай турган кенч. Ал баарыбызды кубанычка бөлөп, Жахабага даңк алып келет. Ошондуктан Кудайдын сүйүктүү балдары катары аны туурагыла жана «сүйүү жолунда жүргүлө» (Эф. 5:1, 2).

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Кайсы сапаттар Кудайдын элинин биримдигин чыңдайт?

• Жүрүм-турумубуз менен кандайча жыйналыштын биримдигин бекемдей алабыз?

• Сүйлөгөн сөзүбүз башкалар менен кызматташууга кандай жардам берет?

[Изилдөө суроолору]

[17-беттеги сүрөт]

Тек-жайы ар кандай адамдар биримдикте кызмат кылууда

[18-беттеги сүрөт]

Тийишүүнүн канчалык кооптуу экенин түшүнөсүңбү?