Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Бир эле жолбашчыңар бар. Ал — Машаяк»

«Бир эле жолбашчыңар бар. Ал — Машаяк»

«Бир эле жолбашчыңар бар. Ал — Машаяк»

«„Жолбашчы“ деп да аталбагыла, анткени бир эле Жолбашчыңар бар. Ал — Машаяк» (МТ. 23:10).

1. Жахабанын Күбөлөрү өзүнүн Жол башчысы катары кимди кабыл алышат жана эмне үчүн?

РИМ папасы, Чыгыш православие чиркөөлөрүнүн патриархтары, митрополиттери жана башка диндердин төбөлдөрү христиан дүйнөсүнүн чиркөөлөрүнүн жол башчылары болуп эсептелишет. Ал эми Жахабанын Күбөлөрү эч бир адамды өздөрүнүн жол башчысы катары кабыл алышпайт. Алар кайсы бир кишинин шакирттери же жолдоочулары эмес. Бул Жахабанын өз Уулуна карата айткан: «Мына, Мен Аны элдер үчүн күбө кылып бердим, элдерге жол башчы жана насаатчы кылып бердим»,— деген пайгамбарлык сөзүнө ылайык келет (Ыш. 55:4). Исанын майланган жолдоочуларынын эл аралык жыйналышы жана алардын шериктери «башка койлор» Жахаба бергенден башка жол башчыны каалашпайт (Жкн. 10:16). Алар Исанын: «Бир эле Жолбашчыңар бар. Ал — Машаяк»,— деген сөздөрүнө кошулушат (Мт. 23:10).

Ысрайылдын рухий Төрөсү

2, 3. Кудайдын Уулу ысрайыл эли үчүн ким болгон?

2 Исанын жолдоочуларынын жыйналышы негизделгенден жүздөгөн жылдар мурун Жахаба бир периштени ысрайыл элине жол башчы кылып дайындаган. Өзүнүн элин Мисирден алып чыккандан кийин Жахаба мындай деген: «Мен даярдап койгон жерге сени жолдо сактап жеткириш үчүн, алдыңа бир периштени жиберип жатам. Анын алдында абайлап жүр, анын үнүнө кулак сал, ага каршы чыкпа. Эгерде каршы чыксаңар, ал силердин күнөөңөрдү кечирбейт, анткени Менин ысымым анда» (Чыг. 23:20, 21). Жахабанын ысмын алып жүргөн ошол периште Кудайдын тун Уулу болгон деп тыянак чыгарсак болот.

3 Адам болуп төрөлөрдөн мурун Кудайдын Уулу, кыязы, Микеил деген ысымга ээ болгон. Даниел китебинде Микеилдин ысрайыл элинин «төрөсү» болгону айтылат (Дан. 10:21). Шакирт Жүйүттүн сөздөрү Даниел жашагандан көп убакыт мурун эле Микеилдин ысрайыл элинин жыргалчылыгына кызыкдар болгонун көрсөтүп турат. Муса өлгөндөн кийин, Шайтан анын сөөгүн өз кызыкчылыгына колдонууга аракеттенген көрүнөт. Балким, ал ысрайылдыктарды бурканга сыйынууга түртүүнү көздөгөндүр. Бирок Микеил буга жол берген эмес. Жүйүт мындай деп жазган: «Башкы периште Микеил Ибилистин оюн туура көрбөй, Мусанын сөөгү тууралуу талашканда, ага кемсинтерлик сөздөр менен өкүм чыгарууга батынган эмес, тескерисинче: „Сени Жахаба соттосун“,— деген» (Жүй. 9). Ошондон көп өтпөй, Жерихо курчоого алынарда, Жашыяга көрүнүп, Кудайдын аны колдооруна ынандырган «Теңир кошуунунун жол башчысы» да Микеил болгону шексиз (Оку: Жашыя 5:13—15). Бир жолу күчтүү жин-пери бир периштеге Даниел пайгамбарга маанилүү кабар жеткирүүгө тоскоолдук кылганда, башкы периште Микеил ага жардамга келген (Дан. 10:5—7, 12—14).

Алдын ала айтылган Жол башчынын келиши

4. Машаяктын келишине байланыштуу кандай пайгамбарлык айтылган?

4 Ошого чейин Жахаба өзүнүн периштеси Жебирейилди Даниел пайгамбарга Жол башчы Машаяктын келишине байланыштуу пайгамбарлык айтууга жиберген (Дан. 9:21—25) *. Так белгиленген убакта, б.з. 29-жылы күзүндө, Иса Жакан тарабынан чөмүлтүлгөн. Үстүнө ыйык рух төгүлүп, ал Майланган — Машаяк — болгон (Мт. 3:13—17; Жкн. 1:29—34; Гал. 4:4). Ырас, Машаяк катары Иса теңдешсиз Жол башчы болмок.

5. Иса жерде кызмат кылып жүргөндө Жол башчы катары эмне кылган?

5 Жерде кызмат кыла баштагандан тартып эле Иса өзүнүн Жол башчы Машаяк экенин далилдеген. Бир нече күн өтпөй, ал шакирттерин чогулта баштаган жана өзүнүн алгачкы кереметин жасаган (Жкн. 1:35—2:11). Шакирттерин ээрчитип алып, Иса бүтүндөй аймакка Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды тараткан (Лк. 8:1). Ал мыкты үлгүсү менен аларды кабар айтууга, ошондой эле кабар айтуу жана окутуу ишинде жетекчиликти колго алууга үйрөткөн (Лк. 9:1—6). Жыйналыштын аксакалдары бул жагынан андан үлгү алышы керек.

6. Машаяк өзүнүн Койчу жана Жол башчы экенин кантип көрсөткөн?

6 Иса өзүн мээримдүү койчуга салыштыруу менен Жол башчы катары аткарган ролунун дагы бир жагын ачып берген. Чыгыш өлкөлөрүндө койчу сөздүн түз маанисинде оторуна жол башчы болот. Уильям Томсон «Жер жана Ыйык Китеп» аттуу эмгегинде мындай деп жазган: «Койчу жол көрсөтүү үчүн эле эмес, койлору жүрө ала турган, коопсуз жол тандоо үчүн жол баштайт... Ал таягы менен койлорду оттуу жерге айдап барат жана душмандарынан коргойт». Иса өзүнүн чыныгы Койчу жана Жол башчы экенин көрсөтүп: «Мен жакшы койчумун. Жакшы койчу койлору үчүн жанын берет. Менин койлорум үнүмө кулак салышат. Мен аларды билем, алар мени ээрчишет»,— деген (Жкн. 10:11, 27). Иса өзүнүн сөзүнө туруп, койлору үчүн өз жанын курмандыкка берген, бирок Жахаба анын «зоболосун көтөрүп, жол башчы жана Куткаруучу кылган» (Элч. 5:31, «Жаңы Иерусалим Ыйык Китеби»; Эвр. 13:20).

Жыйналыштын Көзөмөлчүсү

7. Иса өзүнүн жыйналышын кантип көзөмөлдөйт?

7 Иса тирилтилгенден кийин асманга көтөрүлөр алдында шакирттерине: «Асмандагы жана жердеги бийликтин баары мага берилди»,— деп айткан (Мт. 28:18). Жахаба Исага өзүнүн шакирттерин чындык жолунда бекемдеши үчүн ыйык рухун берген (Жкн. 15:26). Б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында Иса ошол рухту өзүнүн алгачкы шакирттерине төккөн (Элч. 2:33). Ыйык рух төгүлгөндө, Исанын жолдоочуларынын жыйналышы негизделген. Жахаба өзүнүн Уулун асмандан жердеги ошол жыйналышка башчылык кылууга дайындаган (Оку: Эфестиктер 1:22; Колосалыктар 1:13, 18). Иса өзүнүн жолдоочуларынын жыйналышын Жахабанын руху жана ага «баш ийдирилген» периштелер аркылуу жетектейт (1 Пет. 3:22).

8. Машаяк 1-кылымда шакирттерин жетектөө үчүн кимди колдонгон жана бүгүн кимди колдонууда?

8 Андан сырткары, Машаяк ыйык рух аркылуу жыйналышка «адам түрүндөгү белектерди», алардын айрымдарын «койчу жана окутуучу катары берген» (Эф. 4:8, 11). Элчи Пабыл жыйналыштын көзөмөлчүлөрүнө: «Өзүңөргө жана бүт оторго сак болгула. Кудайдын... жыйналышын кайтарышыңар үчүн, ыйык рух силерди оторго көзөмөлчү кылып дайындаган»,— деген (Элч. 20:28). Исанын жолдоочуларынын жыйналышы уюшулганда, ошол көзөмөлчүлөрдүн баары рух менен майланган кишилер болчу. Ал убакта Иерусалимдеги жыйналыштагы элчилер менен аксакалдар жетектөөчү кеңешти түзүшкөн. Машаяк ал жетектөөчү кеңешти жердеги майланган бардык «биртуугандарын» жетектөө үчүн колдонгон (Эвр. 2:11; Элч. 16:4, 5). Азыркы акыркы мезгилде Машаяк «өзүнүн бүт мүлкүн» — Падышалыкка тиешелүү жердеги нерселердин, иштердин баарын — «ишенимдүү жана акылдуу кулга» жана анын өкүлү Жетектөөчү Кеңешке, майлангандардан турган топко, тапшырган (Мт. 24:45—47). Майлангандар жана алардын шериктери башка койлор азыркы убактагы Жетектөөчү Кеңештин жетекчилигине баш ийүү менен чынында Жол башчысы Машаякка баш ийип жатканын түшүнүшөт.

Машаяк кабар айтуу ишин жетектейт

9, 10. Машаяк Падышалык жөнүндөгү жакшы кабардын таратылышын кантип жетектеген?

9 Дүйнө жүзү боюнча кабар айтуу жана окутуу ишин Иса башынан эле өзү жетектеген. Ал шакирттерине Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды кандай тартип менен айтуу керектигин көрсөткөн. Жерде кызмат кылып жүргөндө ал элчилерине мындай көрсөтмө берген: «Башка элдерге алып бара турган жолго түшпөгүлө, самариялыктардын шаарына кирбегиле. Анын ордуна, Ысрайыл үйүнүн жоголгон койлоруна баргыла. Баратканыңарда: „Асман падышалыгы жакындап калды“,— деп кабар айткыла» (Мт. 10:5—7). Шакирттер анын көрсөтмөсүнө ылайык иш кылып, айрыкча, б.з. 33-жылынын Элүүнчү күн майрамынан кийин жүйүттөр менен прозелиттерге ынталуу кабар айта башташкан (Элч. 2:4, 5, 10, 11; 5:42; 6:7).

10 Кийинчерээк Иса ыйык рух аркылуу Падышалык жөнүндө кабар айтуу ишин кеңейтип, самариялыктарга жана башка жүйүт эмес кишилерге кабар айтылышына чара көргөн (Элч. 8:5, 6, 14—17; 10:19—22, 44, 45). Жакшы кабар бардык элдерге кеңири жайылышын каалагандыктан Иса тарстык Шабылга өзүнүн жолдоочусу болууга түрткү берген. Ал өзүнүн шакирти Ананияга мындай көрсөтмө берген: «Ордуңан тур да, Түз деп аталган көчөгө барып, Жүйүттүн үйүнөн тарстык Шабыл деген кишини сура... Баргын, анткени мен аны өзүмдүн атымды башка элдерге, падышаларга жана Ысрайыл уулдарына жарыялаш үчүн идишим катары тандап алдым» (Элч. 9:3—6, 10, 11, 15). Шабыл кийинчерээк элчи Пабыл болгон (1 Тим. 2:7).

11. Машаяк кабар айтуу ишин ыйык рух аркылуу кандайча кеңейткен?

11 Падышалык жөнүндө кабардын жүйүт эместердин арасында кеңири таралышына убакыт келип жеткенде, ыйык рух Пабылды Кичи Азияга жана Европага миссионердик сапарга чыгууга багыттаган. Элчилер китебинде Лука мындай деп билдирет: «Алар [Сирия Антиохиясындагы жыйналыштагы Исанын жолун жолдогон пайгамбарлар менен окутуучулар] Жахабага кызмат кылып, орозо тутуп жүрүшкөндө, ыйык рух: „Барнаба менен Шабылды мен дайындаган кызматты аткарууга бөлүп бергиле“,— деди. Ошондо алар орозо тутуп, тиленгенден кийин ал экөөнүн үстүнө колдорун коюп, жолго узатышты» (Элч. 13:2, 3). Иса тарстык Шабылды өзү чакырып, тандап алган «идиши» катары анын атын башка элдерге жарыялоого дайындаган. Ошентип, жыйналыштын Жол башчысы Машаяк күбөлөндүрүү ишинин кеңири масштабда жүргүзүлүшүнө түрткү берген. Исанын кабар айтуу ишин ыйык рух аркылуу жетектээри Пабылдын экинчи миссионердик сапарынан айкын көрүнгөн. Билдирүүдө айтылгандай, «Иса рух аркылуу» Пабыл менен анын шериктерине качан жана каякка барууга байланыштуу жетекчилик берген; Пабыл көрүнүш көргөндөн кийин, алар Европага барышы керектигин түшүнүшкөн (Оку: Элчилер 16:6—10).

Иса — жыйналыштын Жол башчысы

12, 13. Аян китеби Машаяктын ар бир жыйналышка кылдат байкоо саларын кандайча көрсөтүп турат?

12 Иса б.з. 1-кылымындагы майланган жолдоочуларынын жыйналыштарында эмне болуп жатканына кылдат байкоо салган. Ага ар бир жыйналыштын рухий абалы алаканга салгандай айкын болгон. Муну Аян китебинин 2, 3-бөлүмдөрүнөн көрүүгө болот. Ал Кичи Азия чөлкөмүндө жайгашкан жети жыйналышты атап өткөн (Аян 1:11). Иса ошол учурдагы башка жыйналыштардын да рухий абалын жакшы билген деп ишенимдүү айта алабыз (Оку: Аян 2:23).

13 Иса кээ бир жыйналыштарды сыноо учурунда туруктуулугун, ишенимдүүлүгүн сактаганы, анын сөзүнө берилгендик көрсөткөнү жана чындыктан четтөөчүлүктү четке какканы үчүн мактаган (Аян 2:2, 9, 13, 19; 3:8). Ошол эле учурда ал бир нече жыйналышка ага болгон сүйүүсүн муздатып койгону, бурканга сыйынуучулукка, бузуктукка жана сектантчылыкка көз жумду мамиле кылганы үчүн олуттуу кеңеш берген (Аян 2:4, 14, 15, 20; 3:15, 16). Мээримдүү рухий көзөмөлчү катары Иса андан олуттуу кеңеш алгандарга: «Мен жакшы көргөндөрүмдүн баарын ашкерелейм, жазалайм. Андыктан ынталуу бол, өкүн»,— деген (Аян 3:19). Ооба, ал асманда болсо да, ыйык рух аркылуу жердеги шакирттеринин жыйналышын жетектеген. Ошол жыйналыштарга айткан сөзүнүн соңунда ал: «Кулагы бар адам ыйык рухтун жыйналыштарга эмне деп жатканын уксун»,— деген (Аян 3:22).

14—16. а) Иса өзүнүн Жахабанын элинин эр жүрөк Жол башчысы экенин кантип көрсөтүп келет? б) Исанын «дүйнө түзүлүшү аяктаганга чейин», ар күнү шакирттери «менен» болгонунун натыйжасы кандай болууда? в) Кийинки макалада эмне талкууланат?

14 Ошентип, жогоруда карап өткөнүбүздөй, Башкы периште Микеил (Иса) Ысрайылдын күчтүү Жол башчысы болгон. Ал эми кийинчерээк ал өзүнүн алгачкы жолдоочуларынын эр жүрөк Жол башчысы жана мээримдүү Койчусу болгон. Жерде кызмат кылып жүргөндө ал кабар айтуу ишинде демилгени колго алган жана тирилтилгенден кийин Падышалык жөнүндөгү жакшы кабардын таратылышын кылдат көзөмөлдөгөн.

15 Акыры, Иса ыйык рух аркылуу күбөлөндүрүү ишинин жердин булуң-бурчуна чейин жүргүзүлүшүнө кам көрмөк. Асманга көтөрүлөр алдында ал шакирттерине: «Үстүңөргө ыйык рух түшкөндө, күч аласыңар да, Иерусалимде, бүт Жүйүт жеринде, Самарияда, ошондой эле жердин учу-кыйырына чейин менин күбөлөрүм болосуңар»,— деген (Элч. 1:8; оку: 1 Петир 1:12). Ырас, Машаяктын жетекчилиги алдында биринчи кылымда зор күбөлөндүрүү берилген (Кол. 1:23).

16 Бирок Иса ал иштин акыркы мезгилде да улантыларын айткан. Жолдоочуларына кабар айтууну жана башка элдерден шакирт даярдоону буйругандан кийин ал: «Дүйнө түзүлүшү аяктаганга чейин, мен ар күнү силер менен болом»,— деп убадалаган (Мт. 28:19, 20). 1914-жылы падышалык бийликти колуна алгандан тартып Машаяк шакирттери «менен» болуп, алардын Жол башчысы катары иш-аракет кылууда. Анын 1914-жылдан бери кандай зор иштерди аткарганы эмки макалада талкууланат.

[Шилтемелер]

^ 4-абз. Бул пайгамбарлык жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн «Даниелдин пайгамбарлыгына көңүл бургула!» (ор.) китебинин 11-бөлүмүн карагыла.

Кайталоо үчүн суроолор

• Кудайдын Уулу өзүнүн Ысрайылдын Жол башчысы экенин кантип көрсөткөн?

• Машаяк жердеги жыйналышын кантип көзөмөлдөйт?

• Машаяк жакшы кабардын таратылышын кантип жетектеп келет?

• Машаяктын ар бир жыйналыштын рухий абалына кылдат байкоо саларын эмнеден көрүүгө болот?

[Изилдөө суроолору]

[21-беттеги сүрөт]

«Алдыңа бир периштени жиберип жатам»

[23-беттеги сүрөт]

Байыркы убактагыдай эле, Машаяк оторун кайтаруу үчүн «адам түрүндөгү белектерди» колдонот