Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кимден тиленишибиз керек?

Кимден тиленишибиз керек?

ТИЛЕНГЕНДЕ кимге же эмнеге кайрылбасын, бардык адамдардын тилеги кабыл болобу? Бүгүнкү күндө көптөр кабыл болот деп ойлошот. Буга диндердин биргелешип иш кылышын колдогон, ошондой эле, ар кандай болсо да, диндердин баары туура деп эсептеген көптөгөн адамдар кошулат. Бирок мындай көз караш туура болушу мүмкүнбү?

Ыйык Китептен көрүнүп тургандай, көптөр туура эмес тиленишет. Ыйык Китеп жазылып жаткан учурда жашаган көптөгөн адамдар буркандардан тиленишчү. Бирок Кудай мунун туура эмес экенин кайра-кайра эскерткен. Мисалы, Забур 115:4—6-аяттарда буркандар тууралуу: «Кулагы бар, бирок укпайт»,— деп айтылган. Демек, эч качан укпаган жалган кудайлардан тиленгенден эч кандай пайда жок.

Ыйык Китептеги бир окуя муну жакшыраак түшүнгөнгө жардам берет. Чыныгы Кудайдын пайгамбары Илияс «Баал» деген жалган кудайдын пайгамбарларына: «Өз кудайыңардан тиленгиле. Андан кийин мен да өз Кудайыман тиленем»,— деген. Ошондой эле кимиси жооп берсе, ошонусу чыныгы Кудай экенин айткан. Ошондо Баалдын пайгамбарлары макул болуп, өз кудайынан көпкө чейин жалбарып, атүгүл үнүн катуу чыгарып тиленишкен. Бирок эч ким жооп берген эмес. Ыйык Китепте: «Эч кандай үн угулган жок, эч кандай жооп да болгон жок»,— делет (1 Падышалар 18:29). Ал эми Илияс пайгамбар тиленгенде эмне болгон?

Анын Кудайы дароо жооп берген. Ошондо асмандан от түшүп, Илияс чалган курмандыкты жалмап кеткен. Эмне үчүн? Илияс пайгамбардын 1 Падышалар 18:36, 37де жазылган тиленүүсүнөн маанилүү бир нерсени байкасак болот. Ал кыска эле тиленген. Ыйык Китептин еврей тилиндеги түп нускасында анын тиленүүсү 30дай эле сөздөн турат. Ошол кыска эле тиленүүсүндө ал Кудайдын «Жахаба» деген атын үч жолу айткан.

Баал «кожоюн» же «мырза» дегенди билдирет. Байыркы учурда Канаан жеринде жашагандар ошол кудайга сыйынышчу. Ал жакта ар бир жердин өзүнүн Баалы бар болчу. Ал эми «Жахаба» деген — өзгөчө ысым. Бул ысым менен ааламда чыныгы Кудайдан башка эч ким аталбайт. Ал элине: «Мен Жахабамын. Бул — менин ысмым. Өзүмө таандык даңкты башка эч кимге... бербейм»,— деген (Ышая 42:8).

Эмне үчүн Баалдын пайгамбарларынын эмес, Илияс пайгамбардын тилеги кабыл болгон? Баалга табынгандар ага сыйынып жатканда бузуктук кылышчу, атүгүл адамдарды курмандыкка чалышчу. Ал эми Жахабага сыйынгандар, ысрайылдыктар, андай жийиркеничтүү иштерден алыс болушкан. Алар Жахабага таза жол менен сыйынышкан. Эми бул тууралуу ойлонуп көрсөңөр: эгер өзүңөр сыйлаган досуңарга кат жазсаңар, аны досуңардан таптакыр айырмаланган, ал жек көргөн иштерди кылган башка кишиге жөнөтөт белеңер? Албетте, антмек эмессиңер.

Илияс пайгамбардын Баалдын пайгамбарларын сынаганы тиленгенде кимге кайрылганыбыз маанилүү экенин көрсөтүп турат

Эгерде силер Жахаба Кудайдан тиленсеңер, Жаратканга — бүт адамзаттын Атасына — кайрылган болосуңар *. Ышая пайгамбар: «Сен, Жахаба, биздин Атабызсың»,— деп тиленген (Ышая 63:16). Иса пайгамбар да шакирттерине: «Менин Атама жана силердин Атаңарга, менин Кудайыма жана силердин Кудайыңарга кетип баратам»,— дегенде ошол Кудай тууралуу айткан (Жакан 20:17). Ооба, Жахаба — Иса Машаяктын Атасы. Иса дайыма андан тиленген, шакирттерин да андан тиленүүгө үйрөткөн (Матай 6:9).

Ыйык Китепте Исадан, Мариямдан, периштелерден же дагы башка бирөөлөрдөн тиленишибиз керектиги айтылабы? Жок. Жахабадан гана тиленишибиз керек. Мунун эки себебине токтолуп көрөлү. Биринчиси, тиленүү сыйынуунун бир бөлүгү болуп эсептелет. Ыйык Китепте болсо бир гана Жахабага сыйынышыбыз керектиги айтылат (Чыгуу 20:5). Экинчиси, Ыйык Китепте Жахаба «тиленүүлөрдү Угуучу» деп аталат (Забур 65:2). Ал башкаларга ар кандай жоопкерчиликтерди тапшырса да, тиленүүнү угууну эч кимге тапшырган эмес. Ал биздин тилегибизди өзү угарын убада кылган.

Эгерде Кудайдын тилегиңерди кабыл кылышын кааласаңар, Ыйык Китептеги: «Жахабанын ысмын чакырган ар бир адам куткарылат»,— деген сөздөрдү дайыма эстеп жүргүлө (Элчилер 2:21). Бирок Жахаба бардык эле тилектерди кабыл кыла береби? Же, ал бизди угушу үчүн, дагы бир нерсени билишибиз керекпи?

^ 9-абз. Айрым диндерде Кудайды атүгүл тиленгенде да атынан атоо туура эмес деп айтышат. Бирок анын аты Ыйык Китептин түп нускасында 7 000дей жолу кездешет. Көбүнчө ал ысым Кудайдын ишенимдүү кызматчыларынын аны даңктаган ырларында, тиленүүсүндө кезигет.