Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кантип тиленишибиз керек?

Кантип тиленишибиз керек?

КӨПТӨГӨН диндерде тиленгенде денесин кандай абалда кармаганына, кандай сөздөрдү айтканына, кандай диний жөрөлгөлөрдү аткарганына жана башка ушул сыяктуу нерселерге маани беришет. Бирок Ыйык Китеп тиленгенде андай нерселерге эмес, алардан алда канча маанилүү нерсеге — кантип тиленишибиз керектигине — көңүл бурууга үндөйт.

Ыйык Китепте Кудайдын берилген кызматчыларынын ар кайсы жерде тиленгени жазылган. Алар ар кандай абалда, башкача айтканда, отуруп да, туруп да тиленишкен. Жагдайга жараша кээде ичинен тиленишсе, кээде үнүн чыгарып тиленишкен. Алардын асманды карап же башын ийип тиленген учурлары да болгон. Тиленгенде сөлөкөттөрдү, теспелерди же тиленүүлөр жазылган китептерди колдонушкан эмес. Алар чын жүрөктөн, өз сөзү менен тиленишкен. Кудай эмне үчүн алардын тилегин кабыл кылган?

Мурунку макалада айтылгандай, алар тиленгенде бир эле Кудайга, Жахабага, кайрылышкан. Бирок эске алчу дагы бир маанилүү нерсе бар. 1 Жакан 5:14тө: «Биз Кудайдын эркине ылайык эмне сурабайлы, анын бизди угарына шектенбейбиз»,— деп жазылган. Ооба, Кудайдын эркине ылайык, тактап айтканда, ага жаккандай тиленишибиз керек. Бул эмнени билдирет?

Кудайдын эркине ылайык тилениш үчүн ага эмне жагарын билишибиз керек. Ошондуктан Кудай тилегибизди кабыл кылышы үчүн, Ыйык Китепти окуп-изилдегенибиз маанилүү. Бул Ыйык Китепти жакшы билбесек, Кудай бизди укпай коёт дегенди билдиреби? Жок. Бирок Кудай анын эркин таанып-билишибизди, түшүнүшүбүздү жана ага ылайык иш кылышыбызды күтөт (Матай 7:21—23). Биз Ыйык Китептен окуп-билгендерибизге ылайык тиленишибиз керек.

Кудай тилегибизди кабыл кылышы үчүн, анын эркине ылайык, ишеним менен, Исанын атынан тиленишибиз керек.

Жахаба жана анын эрки жөнүндө көбүрөөк билген сайын, ишенимибиз өсө берет. Ишеним — тиленүүдө эске алчу дагы бир маанилүү нерсе. Иса пайгамбар: «Эмне жөнүндө ишеним менен тиленбегиле, баарын аласыңар»,— деген (Матай 21:22). Албетте, ишенүү деген ишенчээк болууну билдирбейт. Тескерисинче, көзгө көрүнбөгөн нерсеге ишенүү анын бар экенине айкын далилдерди көрө билүүнү билдирет (Еврейлер 11:1). Ыйык Китепте Жахабанын көзгө көрүнбөсө да, бар экенине, ага толук таянса болоруна жана ага ишенген адамдардын тиленүүсүн угууга даяр экенине көптөгөн далилдер бар. Биз Жахабадан: «Ишенимибизди арттыра көр»,— деп тиленсек да болот. Ал болсо бизге керектүү нерсени бергенге дайым даяр (Лука 17:5; Жакып 1:17).

Тиленүүгө байланыштуу дагы бир маанилүү нерсе бар. Иса Машаяк: «Атама мен аркылуу гана барууга болот. Менсиз эч ким бара албайт»,— деген (Жакан 14:6). Ырас, асмандагы Атабыз Жахабага Иса аркылуу гана кайрыла алабыз. Ошон үчүн ал шакирттерине анын атынан тилениши керектигин айткан (Жакан 14:13; 15:16). Бирок бул Исадан тиленишибиз керектигин билдирбейт. Биз тиленгенде Кудайга Исанын атынан кайрылабыз. Анткени асмандагы жеткилең, ыйык Атабызга Иса аркылуу гана жакындай аларыбызды түшүнөбүз.

Исаны дайыма коштоп жүргөн шакирттери бир жолу андан: «Мырзам, бизге тиленгенди үйрөтчү»,— деп суранышкан (Лука 11:1). Алардын биз жогоруда талкуулаган нерселер жөнүндө сурабаганы шексиз. Алар андан, мындайча айтканда: «Эмне жөнүндө тиленсек болот?» — деп сурашкан.