Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эмнелер жөнүндө тиленсек болот?

Эмнелер жөнүндө тиленсек болот?

ИСА ПАЙГАМБАР үйрөткөн тиленүүнү көптөр сөзмө-сөз кайталашат. Бирок аны көбүнчө туура эмес түшүнүшөт. Миллиондогон адамдар аны күн сайын, атүгүл күнүнө бир нече жолу кайталашат. Бирок Иса пайгамбар ушундай болушун каалаган эмес. Муну кайдан билебиз?

Иса шакирттерине ошол тиленүүнү үйрөтөрдүн алдында: «Тиленгенде... окшош эле нерселерди кайталай бербегиле»,— деп айткан (Матай 6:7). Ал жаттап алып кайталай турган тиленүүнү үйрөтүп, өзүнө өзү каршы чыкмак эмес, туурабы? Ал эмнелер жөнүндө тиленсек болорун жана Кудайдан биринчи кезекте эмнелерди сурашыбыз керектигин үйрөткөн. Анда ошол тиленүүгө кененирээк токтололу. Ал Матай 6:9—13-аяттарда жазылган.

«Асмандагы Атабыз, ысмың ыйыкталсын».

Иса пайгамбар шакирттерине асмандагы Атасынан, Жахабадан, гана тилениши керектигин айткан. Кудайдын ысмы эмне үчүн маанилүү? Ал эмне себептен ыйыкталышы керек деп ойлойсуңар?

Тээ алмустактан бери эле Кудайдын ысмы караланып келет. Жахаба Кудайдын душманы Шайтан аны жалганчы, өзү жараткандардын үстүнөн бийлик жүргүзгөнгө укугу жок өзүмчүл Башкаруучу деп айткан (Башталыш 3:1—6). Көптөр Шайтан тарапты ээлеп, Кудайды таш боор, мерез, кекчил дешет же анын баарын жаратканын четке кагышат *. Башкалар «Жахаба» деген ысымдын өзүнө каршы чыгып, аны Ыйык Китептин котормолорунан алып салышкан жана колдонгонго да тыюу салышкан.

Ыйык Китепте Кудайдын ушундай адилетсиздиктин баарын жок кылары айтылат (Жезекиел 39:7). Мунун аркасында ал бардык көйгөйлөрүңөрдү чечип, эмнеге муктаж болсоңор, ошонун баарын берет. Кандайча? Буга Иса үйрөткөн тиленүүдөгү кийинки сөздөрдөн жооп алабыз.

«Падышалыгың келсин».

Бүгүнкү күндө диний жетекчилер Кудайдын Падышалыгын ар кандайча түшүнүшөт. Бирок Исаны угуп отургандар жакшы билгендей, Кудайдын пайгамбарлары Машаяктын, башкача айтканда, Кудай тандаган Куткаруучунун келерин тээ байыртан эле айтып келишкен. Ал Кудайдын Падышалыгында бийлик жүргүзүп, бүт дүйнөнү өзгөртмөк (Ышая 9:6, 7; Даниел 2:44). Ошол Падышалык, тактап айтканда, өкмөт Шайтандын жалганчы экенин далилдеп, аны жана бардык иштерин кыйратып, Кудайдын ысмын ыйыктайт. Кудайдын өкмөтү согушту, ачарчылыкты токтотот, ооруну, атүгүл өлүмдү жок кылат (Забур 46:9; 72:12—16; Ышая 25:8; 33:24). Жахабадан: «Падышалыгың келсин»,— деп тиленгенде ушул убадалардын баары аткарылса экен деп тиленген болосуңар.

«Асмандагыдай эле, жерде да сенин эркиң аткарылсын».

Иса пайгамбардын сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, Кудайдын эрки ал жашаган жакта — асманда — аткарылгандай эле, жерде да аткарылышы керек. Кудайдын эркинин асманда аткарылышына эч нерсе тоскоолдук кыла алган эмес. Анын Уулу Иса Машаяк Шайтан жана анын жин-перилери менен согушуп, аларды жерге кууп түшүргөн (Аян 12:9—12). Иса үйрөткөн тиленүүдөгү ушул үчүнчү өтүнүч, буга чейинки эки өтүнүчтөй эле, маанилүү нерсеге — өзүбүздүн эмес, Кудайдын эркинин аткарылышына — көңүл топтогонго жардам берет. Анын эркинин аткарылышы ал жараткан нерселердин баарына пайда гана алып келет. Ошондуктан атүгүл жеткилең киши Иса да Атасына: «Мен каалагандай эмес, сен каалагандай болсун»,— деп айткан (Лука 22:42).

«Бүгүнкү күнгө керектүү наныбызды бере көр».

Исанын ушул сөздөрү өзүбүзгө керектүү нерселерди сураганыбыз да туура экенин көрсөтүп турат. Кудайдан күнүмдүк нерселерди сураганыбыздын эч жаман жери жок. Бул «өмүрдү да, демди да жана бүт баарын бардыгына» Жахаба берерин эсибизге салып турат (Элчилер 17:25). Ыйык Китептен анын балдарына керектүү нерселердин баарын бергиси келген мээримдүү Ата экенин биле алабыз. Бирок ал, жакшы атадай эле, балдарынын өтүнүчү өздөрүнө зыян алып келиши мүмкүн болсо, аларды орундатпайт.

«Күнөөлөрүбүздү кечире көр».

Силер Кудайдын кечиришине муктажсыңарбы? Бүгүнкү күндө көптөр күнөө деген эмне экенин, анын канчалык олуттуу экенин түшүнүшпөйт. Бирок Ыйык Китепте күнөөнүн бардык көйгөйлөрүбүздүн тамыры жана өлүмдүн негизги себеби экени айтылат. Баарыбыз тең эле көп күнөө кетиребиз. Андыктан келечекте түбөлүк жашашыбыз үчүн Кудайдын кечиришине муктажбыз (Римдиктер 3:23; 5:12; 6:23). Ыйык Китептеги: «Оо, Жахаба, сен жакшылык кыласың, кечирүүгө даярсың»,— деген сөздөр кандай гана соороторлук! (Забур 86:5).

«Кара өзгөйдөн сакта».

Кудайдын силерди коргошу ушунчалык зарыл экенин сезип жатасыңарбы? Көптөр «кара өзгөйдүн» — Шайтандын — бар экенине ишенишпейт. Бирок Иса пайгамбар Шайтандын бар экенин айткан. Атүгүл аны бул «дүйнөнүн башкаруучусу» деп атаган (Жакан 12:31; 16:11). Шайтан уучунда кармап турган дүйнөнү ыймансыздыкка батыргандай эле, силерге да терс таасир этип, Жахаба Атаңар менен ынак мамиле өрчүтүшүңөргө тоскоолдук кылгысы келет (1 Петир 5:8). Бирок Жахаба Шайтандан алда канча күчтүү. Ал өзүнүн кызматчыларын коргогусу келет.

Ошентип, Иса үйрөткөн тиленүүдөгү негизги ойлорду кыскача карап чыктык. Бирок биз эмне жөнүндө тиленсек болорунун баарына токтолгон жокпуз. 1 Жакан 5:14тө жазылган сөздөрдү эсибизде сактап жүрөлү. Ал жерде: «Кудайдын эркине ылайык эмне сурабайлы, анын бизди угарына шектенбейбиз»,— деп жазылган. Андыктан: «Менин кыйынчылыктарым Кудайга айтканчалык чоң эмес»,— деп ойлобогула (1 Петир 5:7).

Качан жана каяктан тиленишибиз керектиги жөнүндө эмне десек болот? Мындай нерселер чындап эле маанилүүбү?

^ 7-абз. Бул тозок оту, эволюция теориясы жана башка ушул сыяктуу нерселерден көрүнүп турат (Насаатчы 9:5, 10; Башталыш 1:1).