Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Каяктан жана качан тиленгенибиз маанилүүбү?

Каяктан жана качан тиленгенибиз маанилүүбү?

КӨПТӨГӨН диндердин тилене турган атайын кооз имараттарга өзгөчө басым жасашарын, белгилүү бир сааттарда тилениш керектигин талап кылышарын байкагандырсыңар. Ыйык Китепте каяктан жана качан тиленишибиз керектигине байланыштуу белгилүү бир чектөөлөр коюлганбы?

Андан кандай жагдайларда тиленгенибиз туура болорун биле алабыз. Мисалы, Иса пайгамбар шакирттери менен тамак ичердин алдында Кудайга ыраазычылык билдирип тиленген (Лука 22:17). Анын шакирттери Кудайга сыйынуу үчүн чогулганда да тиленишчү. Ошондойчо алар ата-бабаларынын үлгүсү боюнча иш кылышкан. Анткени мурун жүйүттөр да синагогаларда жана Иерусалимдеги ибадатканада Кудайга сыйынуу үчүн чогулганда тиленишчү. Кудай ошол ибадаткананын «бардык элдер үчүн тилене» турган үй болушун каалаган (Марк 11:17).

Кызматчылары чогулуп, бирге тиленишкенде, Кудай алардын тилегин кабыл кылат. Эгер алар бир ойдо болуп, Ыйык Китепте жазылгандарга ылайык тиленишсе, бул Кудайга жагат. Алардын тиленүүсү атүгүл Кудайга кылам деп ниет кылбаган нерсени кылганга түрткү берип коюшу мүмкүн (Еврейлер 13:18, 19). Жахабанын Күбөлөрү жыйналышка чогулган сайын тиленишет. Биз силерди алардын жакын жерде өткөрүлгөн жыйналышына барып, кантип тиленишерин угуп көрүүгө чакырабыз.

Бирок Ыйык Китепте белгилүү бир убакта же атайын бир жерде тиленгиле деген чек жок. Андан Кудайга кызмат кылган адамдардын ар кандай убакта, ар кайсы жерден тиленгенин окуй алабыз. Иса пайгамбар: «Сен болсо тиленерде өз бөлмөңө кирип, эшикти жап да, көрүнбөгөн жайдагы Атаңан тилен. Ошондо көрүнбөгөн жайдан баарын көрүп турган Атаңдан сыйлык аласың»,— деп айткан (Матай 6:6).

Биз каалаган жерден, каалаган убакта тилене алабыз

Исанын бул сөздөрүндө маанилүү бир чакырык камтылган. Ааламдын Эгедеринен каалаган убакта, жапжалгыз да тиленсеңер болот. Анын кунт коюп угарынан эч шектенбегиле. Ошол себептен Иса Машаяк да Кудайдан тилениш үчүн көбүнчө жалгыз болгонго мүмкүнчүлүк издечү. Бир жолу атүгүл түнү бою тиленип чыккан. Сыягы, ал ошондо Кудайдан маанилүү чечим чыгарганга жардам беришин суранган (Лука 6:12, 13).

Ыйык Китепте олуттуу чечим чыгарарда же оор жагдайга кабылганда Кудайдан тиленген эркектер менен аялдар жөнүндө да жазылган. Алар кээде ичинен, кээде үнүн чыгарып тиленген. Айрым учурларда жалгыз тиленсе, башка учурларда эл менен чогуу тиленген. Эң негизгиси, алар тиленишкен. Кудай кызматчыларын: «Үзгүлтүксүз тиленгиле»,— деп чакырат (1 Тесалоникалыктар 5:17). Ал анын эркин аткаргандарды уккандан эч качан тажабайт. Ооба, Кудай кандай гана мээримдүү!

Баарына сын көз караш менен караган көптөгөн адамдар тиленүүнүн пайдасы бар экенине шектенишет. Силер да: «Тиленүү чындап эле мага жардам береби?» — деп ойлонушуңар мүмкүн.